Загрузка документа…
| 1-тиркеме | |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 23-апрелиндеги № 169 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн репатриациялоо боюнча чыгымдарды жабууга бир жолку төлөм берүүнүн тартиби жөнүндө НУСКАМА
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Нускамага ылайык Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн репатриациялоо боюнча жакын туугандарынын же башка адамдардын чыгымдарын жабууга бир жолку төлөм берүүнүн тартиби аныкталат.
2. Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн Кыргыз Республикасына жеткирүү менен байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрине караштуу Тышкы миграция департаментинин алдындагы Маалыматтык-консультациялык борборуна (мындан ары - МКБ) жана Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө/консулдук мекемелерине республикалык бюджеттен тийиштүү жылга каралган каражаттардын эсебинен каржыланат.
3. Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн репатриациялоо боюнча жакын туугандарынын же башка адамдардын чыгымдарын жабууга бир жолку төлөм бекитилген өлчөмгө ылайык берилет:
- Кыргыз Республикасынын аймагында МКБ тарабынан улуттук валютада, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөө күнүндөгү курсу боюнча, алыш-бериш эсебине которуу жолу менен;
- Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерде Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү/консулдук мекемелери тарабынан чет өлкөлүк валютада алыш-бериш эсебине которуу жолу менен, ал болбогон учурда накталай эсептешүү менен.
4. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү/консулдук мекемелери Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн репатриациялоо чыгымдарын жабуу үчүн бир жолку төлөм алууга арызды (мындан ары - арыз) Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн репатриациялоо боюнча чыгымдарды тарткан адамдардан же жакын туугандарынан кабыл алган учурдан тартып, ушул арыздын көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын жарандарынын сөөгүнүн репатриациялангандыгы жөнүндө маалыматтар базасында киргизүү үчүн тез арада МКБга жиберет.
2. Бир жолку төлөм алуу укугу
5. Жакын тууганынын атынан нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн ишеним каттын негизинде иш-аракет жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө кайтыш болгон жаранынын сөөгүн репатриациялоо менен түздөн-түз байланышкан чыгымдарды тарткан адам же жакын тууганы (мындан ары - алуучу) бир жолку төлөм алууга укуктуу.
6. Алуучу болуп бир гана адам саналышы мүмкүн.
7. Арыз Кыргыз Республикасынын жараны кайтыш болгон күндөн тартып алты айдан кечиктирбестен МКБга же Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнө/консулдук мекемесине берилүүгө тийиш.
8. Кыргыз Республикасынын аймагында же анын айрым жерлеринде өзгөчө кырдаал режими жана/же өзгөчө абал режими киргизилген мезгилде бир жолку төлөмдү алуу үчүн МКБга арыз берүү мөөнөтү режим аяктаганга чейин узартылат.
Алуучу Кыргыз Республикасынын аймагында же анын айрым жерлеринде өзгөчө кырдаал режими жана/же өзгөчө абал режими жокко чыгарылган күндөн тартып эки айдын аралыгында МКБга арыз берет.
3. Алуучунун бир жолку төлөмдү алуу үчүн кайрылуу тартиби
9. Бир жолку төлөмдү алуу үчүн алуучу Кыргыз Республикасынын аймагында МКБга, ал эми Кыргыз Республикасынын чегинен сыртта - Кыргыз Республикасынын жараны убактылуу же туруктуу жашаган жердеги Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнө/консулдук мекемесине паспортун көрсөтүү менен ушул Нускаманын тиркемесине ылайык формада арыз берет.
10. Арызга төмөнкү документтер тиркелет:
- алуучунун паспортунун көчүрмөсү;
- туугандыгын тастыктаган документтердин (никеси тууралуу күбөлүк, төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүк) көчүрмөсү;
- эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, анда кайтыш болгондугу тууралуу күбөлүктүн же консулдук легалдаштыруу жөнүндө белги же белгиленген тартипте апостиль коюлган өлгөндүгү тууралуу маалым каттын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү.
11. Берилген документтердин тууралыгы үчүн жоопкерчиликти Кыргыз Республикасынын жоруктар жана бузуулар жөнүндө кодекстерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине ылайык алуучу тартат.
12. Арыз берилген жери боюнча МКБда же Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүндө/консулдук мекемесинде өзүнчө журналда, алуучунун аты-жөнүн (толугу менен), каттоодо турган дарегин, иш жүзүндө жашаган дарегин жана берилген документтердин тизмегин көрсөтүү менен катталат.
4. Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн репатриациялоо боюнча чыгымдарды жабууга арызды кароонун жана бир жолку төлөм берүүнүн тартиби
13. МКБ же Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү/консулдук мекемеси арыздарды кароо үчүн аталган органдардын башчыларынын жетекчилигинде комиссия түзөт. Комиссиянын курамы жана иштөө тартиби тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен аныкталат.
Комиссиянын чечимдери тиешелүү протоколдор менен таризделет.
14. Ушул Нускаманын 13-пунктунда аталган комиссия үч жумуш күндүн ичинде арызды, тиркелген документтерди карайт, алардын аныктыгын текшерет жана төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:
1) бир жолку төлөм берүү жөнүндө (оң чечим);
2) төлөм берүүдөн баш тартуу жөнүндө (терс чечим), эгерде:
- кайтыш болгон адам Кыргыз Республикасынын жараны болбосо;
- ушул Нускаманын 10-пунктунда каралган, зарыл болгон документтер тапшырылбаса;
- ушул Нускаманын 7-пунктунда каралган документтерди берүү мөөнөтү өтүп кетсе;
- репатриациялоонун максаты Кыргыз Республикасынын аймагында кайра көмүү болсо.
Комиссия бир күндүк мөөнөттө кабыл алынган чечим тууралуу алуучуга жазуу жүзүндө кабарлайт.
15. Алуучуга бир жолку төлөм берүү жөнүндө комиссия оң чечим кабыл алынган учурда МКБ же Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү/консулдук мекемеси үч жумуш күндүн ичинде арызда көрсөтүлгөн алуучунун банктагы алыш-бериш эсебине акча каражаттарын которот.
Эгерде Кыргыз Республикасынын чегинен сыртта жүргөн же барган алуучунун банкта алыш-бериш эсеби болбосо, бир жолку төлөм накталай эсептешүү менен берилет.
16. Комиссиянын чечимине административдик иш жана административдик жол-жоболор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте даттанууга болот.
|
| Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн репатриациялоо боюнча чыгымдарды жабууга бир жолку төлөм берүүнүн тартиби жөнүндө нускаманын тиркемеси |
Форма
Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн репатриациялоо боюнча чыгымдарды жабууга бир жолку төлөм алууга АРЫЗ
Мага, _________________________________________________________________________ (алуучунун аты-жөнү) _______________________________________________________________________________ (алуучунун паспортундагы маалыматтар) Кыргыз Республикасынын кайтыш болгон жаранынын сөөгүн, _______________________________________________________________________________ (кайтыш болгон жарандын аты-жөнү) _______________________________________________________________________________ (жаран кайтыш болгон өлкө) мекенине репатриациялоо менен байланышкан чыгымдарды жабууга бир жолку төлөм алуу мүмкүндүгүн карап берүүңүздү суранам.
Төлөө ыкмасын көрсөтүү (белги коюлсун): □ Накталай эмес эсептешүү _______________________________________________________________________________ _______________________________________________________________________________ (банктын реквизитин көрсөтүү) □ Накталай эсептешүү (кассадан) Алуучунун жашаган дареги: ______________________________________________________ Алуучунун катталган дареги: _____________________________________________________ _______________________________________________________________________________ Алуучунун иштеген жери: ________________________________________________________ _______________________________________________________________________________ Алуучунун байланыш маалыматтары: ______________________________________________ _______________________________________________________________________________ (үй, жумушчу, мобилдик телефондорунун номерлери, e-mail) Төмөнкү документтерди тиркейм: □ алуучунун паспортунун көчүрмөсүн; □ туугандыгын тастыктаган документтердин көчүрмөлөрүн: (никеси тууралуу күбөлүк, төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүк); □ эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, анда Кыргыз Республикасынын жаранынын кайтыш болгондугу тууралуу күбөлүктүн же консулдук легалдаштыруу жөнүндө белги же белгиленген тартипте апостиль коюу менен өлгөндүгү тууралуу маалым каттын нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү. _______________________________________________________________________________ (аты-жөнү) Берилген документтердин аныктыгын жана камтылган маалыматтардын тууралыгын тастыктайм. _______________________________________________________________________________ Колу, аты-жөнү кызмат адамынын көз алдында коюлат жана жазылат. Арызды кабыл алдым жана берилген документтерди текшердим _______________________________________________________________________________ (кызматкердин кызмат орду жана колу) 20___-жылдын "___" ________________ |