Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2021-жылдын 23-апрели № 169
Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн Кыргыз Республикасына репатриациялоо менен байланышкан чыгымдарды жабуу боюнча чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн Кыргыз Республикасына репатриациялоо тартибин жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 22-февралындагы ПЖ № 56 "Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн Кыргыз Республикасына репатриациялоо тартиби жөнүндө" Жарлыгына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн репатриациялоо боюнча чыгымдарды жабууга бир жолку төлөм берүүнүн тартиби жөнүндө нускама ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн репатриациялоо боюнча чыгымдарды жабууга бир жолку төлөм берүүнүн өлчөмү ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык белгиленсин.
3. Ушул токтом күчүнө киргенден кийин орун алган учурларга карата ушул токтом колдонула тургандыгын белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн Кыргыз Республикасына репатриациялоо менен байланышкан бир жолку төлөмдөрдү берүү максатында салыктык эмес кирешелердин кошумча түшүүлөрүнүн эсебинен 30,0 (отуз) миллион сомду Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жана анын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине бөлүп берсин;
- "Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 11Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун даярдоодо ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү өзгөртүүлөрдү караштырсын.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготуу деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-майындагы № 236 "Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн Кыргыз Республикасына жеткирүү менен байланышкан чыгымдарды компенсациялоо боюнча чаралар жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 26-августундагы № 450 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-майындагы № 236 "Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн Кыргыз Республикасына жеткирүү менен байланышкан чыгымдарды компенсациялоо боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнө, экономика жана финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| У.Марипов |
|
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн репатриациялоо боюнча чыгымдарды жабууга бир жолку төлөмдүн ӨЛЧӨМҮ
№ | Өлкөнүн, региондун аталышы | Чет өлкөлүк валютанын аталышы | Сумма |
1 | Австрия Республикасы | евро | 6000 |
2 | Австралия союзу | АКШ доллары | 12000 |
3 | Азербайжан Республикасы | АКШ доллары | 3800 |
4 | Алжир Элдик Демократиялык Республикасы | АКШ доллары | 15000 |
5 | Антигуа жана Барбуда | АКШ доллары | 16000 |
6 | Египет Араб Республикасы | АКШ доллары | 5000 |
7 | Аргентина Республикасы | АКШ доллары | 14000 |
8 | Барбадос | АКШ доллары | 16000 |
9 | Белиз | АКШ доллары | 16000 |
10 | Венесуэла Боливар Республикасы | АКШ доллары | 14000 |
11 | Босния жана Герцеговина | евро | 7500 |
12 | Буркина-Фасо | АКШ доллары | 14000 |
13 | Люксембург Улуу Герцогдугу | евро | 4000 |
14 | Венгрия | АКШ доллары | 3500 |
15 | Уругвай Чыгыш Республикасы | АКШ доллары | 16000 |
16 | Габон Республикасы | АКШ доллары | 16000 |
17 | Гвинея Республикасы | АКШ доллары | 8000 |
18 | Бруней-Даруссалам Мамлекети | АКШ доллары | 5000 |
19 | Израиль Мамлекети | АКШ доллары | 6000 |
20 | Катар Мамлекети | АКШ доллары | 4500 |
21 | Кувейт Мамлекети | АКШ доллары | 14500 |
22 | Ливия Мамлекети | евро | 16000 |
23 | Палестина Мамлекети | АКШ доллары | 5000 |
24 | Эритрея Мамлекети | АКШ доллары | 5000 |
25 | Гренада | АКШ доллары | 16000 |
26 | Греция Республикасы | евро | 7500 |
27 | Грузия | АКШ доллары | 5000 |
28 | Чыгыш Тимор Демократиялык Республикасы | АКШ доллары | 5000 |
29 | Конго Демократиялык Республикасы | АКШ доллары | 12000 |
30 | Сан-Томе жана Принсипи Демократиялык Республикасы | АКШ доллары | 8000 |
31 | Шри-Ланка Демократиялык Социалисттик Республикасы | АКШ доллары | 2500 |
32 | Доминикан Республикасы | АКШ доллары | 16000 |
33 | Иордан Хашимит Королдугу | АКШ доллары | 12700 |
34 | Афганстан Ислам Республикасы | АКШ доллары | 4500 |
35 | Иран Ислам Республикасы | АКШ доллары | 2000 |
36 | Пакистан Ислам Республикасы | АКШ доллары | 1000 |
37 | Италия Республикасы | евро | 5000 |
38 | Йемен Республикасы | АКШ доллары | 5000 |
39 | Канада | АКШ доллары | 8000 |
40 | Кытай Эл Республикасы | АКШ доллары | 15000 |
41 | Андорра Княздыгы | евро | 4000 |
42 | Лихтенштейн Княздыгы | швейцар франкы | 8000 |
43 | Монако Княздыгы | евро | 4000 |
44 | Гайана Кооперативдик Республикасы | АКШ доллары | 16000 |
45 | Бахрейн Королдугу | АКШ доллары | 15000 |
46 | Бельгия Королдугу | евро | 4000 |
47 | Бутан Королдугу | АКШ доллары | 2800 |
48 | Дания Королдугу | евро | 4500 |
49 | Испания Королдугу | евро | 4000 |
50 | Камбоджа Королдугу | АКШ доллары | 5000 |
51 | Лесото Королдугу | АКШ доллары | 8000 |
52 | Марокко Королдугу | АКШ доллары | 15000 |
53 | Нидерланды Королдугу | евро | 4000 |
54 | Норвегия Королдугу | евро | 4500 |
55 | Сауд Арабия Королдугу | АКШ доллары | 3500 |
56 | Таиланд Королдугу | АКШ доллары | 5000 |
57 | Тонга Королдугу | АКШ доллары | 12000 |
58 | Швеция Королдугу | евро | 4500 |
59 | Эсватини Королдугу | АКШ доллары | 8000 |
60 | Латвия Республикасы | евро | 2000 |
61 | Литва Республикасы | евро | 2000 |
62 | Ливан Республикасы | АКШ доллары | 15600 |
63 | Лаос Элдик Демократиялык Республикасы | АКШ доллары | 5000 |
64 | Малайзия | АКШ доллары | 10000 |
65 | Мальдив Республикасы | АКШ доллары | 3000 |
66 | Мексика Кошмо Штаты | АКШ доллары | 14000 |
67 | Боливия Көп улуттуу Мамлекети | АКШ доллары | 16000 |
68 | Монголия | АКШ доллары | 5000 |
69 | Бангладеш Эл Республикасы | АКШ доллары | 2500 |
70 | Самоа Көз карандысыз Мамлекети | АКШ доллары | 12000 |
71 | Папуа-Жаңы Гвинея Көз карандысыз Мамлекети | АКШ доллары | 12000 |
72 | Жаңы Зеландия | АКШ доллары | 12000 |
73 | Улуу Британии жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугу | фунт стерлинги | 4000 |
74 | Бириккен Араб Эмираттары; | АКШ доллары | 5000 |
| Дубай Эмиратынан тышкары | АКШ доллары | 5000 |
75 | Танзания Бириккен Республикасы | АКШ доллары | 18000 |
76 | Португалия Республикасы | евро | 4000 |
77 | Албания Республикасы | евро | 1900 |
78 | Ангола Республикасы | АКШ доллары | 15000 |
79 | Армения Республикасы | россия рубли | 120000 |
80 | Беларусь Республикасы | АКШ доллары | 1900 |
81 | Бенин Республикасы | АКШ доллары | 16000 |
82 | Болгария Республикасы | евро | 3500 |
83 | Ботсвана Республикасы | АКШ доллары | 8000 |
84 | Бурунди Республикасы | АКШ доллары | 14000 |
85 | Вануату Республикасы | АКШ доллары | 12000 |
86 | Гаити Республикасы | АКШ доллары | 16000 |
87 | Гамбия Республикасы | АКШ доллары | 16000 |
88 | Гана Республикасы | АКШ доллары | 15000 |
89 | Гватемала Республикасы | АКШ доллары | 16000 |
90 | Гвинея Бисау Республикасы | АКШ доллары | 16000 |
91 | Гондурас Республикасы | АКШ доллары | 16000 |
92 | Жибути Республикасы | АКШ доллары | 5000 |
93 | Замбия Республикасы | АКШ доллары | 16000 |
94 | Зимбабве Республикасы | АКШ доллары | 8000 |
95 | Индия Республикасы | АКШ доллары | 1400 |
96 | Индонезия Республикасы | АКШ доллары | 5000 |
97 | Ирландия Республикасы | евро | 4000 |
98 | Исландия Республикасы | АКШ доллары | 4800 |
99 | Ирак Республикасы | АКШ доллары | 15000 |
100 | Кабо-Верде Республикасы | АКШ доллары | 8000 |
101 | Казакстан Республикасы | АКШ доллары | 600 |
102 | Камерун Республикасы | АКШ доллары | 16000 |
103 | Кения Республикасы | АКШ доллары | 14000 |
104 | Кипр Республикасы | евро | 3500 |
105 | Кирибати Республикасы | АКШ доллары | 12000 |
106 | Колумбия Республикасы | АКШ доллары | 14000 |
107 | Конго Республикасы | АКШ доллары | 16000 |
108 | Корея Республикасы | АКШ доллары | 6000 |
109 | Коста-Рика Республикасы | АКШ доллары | 16000 |
110 | Кот-д-Ивуар Республикасы | АКШ доллары | 16000 |
111 | Куба Республикасы | АКШ доллары | 16000 |
112 | Лаос Республикасы | АКШ доллары | 5000 |
113 | Либерия Республикасы | АКШ доллары | 16000 |
114 | Мавритания Республикасы | евро | 16000 |
115 | Маврикий Республикасы | АКШ доллары | 8000 |
116 | Мадагаскар Республикасы | АКШ доллары | 15000 |
117 | Малави Республикасы | АКШ доллары | 8000 |
118 | Мали Республикасы | АКШ доллары | 15000 |
119 | Мальта Республикасы | евро | 6000 |
120 | Маршал аралдары Республикасы | АКШ доллары | 12000 |
121 | Мозамбик Республикасы | АКШ доллары | 8000 |
122 | Молдова Республикасы | АКШ доллары | 3000 |
123 | Намибия Республикасы | АКШ доллары | 8000 |
124 | Науру Республикасы | АКШ доллары | 12000 |
125 | Нигер Республикасы | АКШ доллары | 15000 |
126 | Нигерия Республикасы | АКШ доллары | 16000 |
127 | Никарагуа Республикасы | АКШ доллары | 16000 |
128 | Руанда Республикасы | АКШ доллары | 15000 |
129 | Палау Республикасы | АКШ доллары | 12000 |
130 | Панама Республикасы | АКШ доллары | 14000 |
131 | Парагвай Республикасы | АКШ доллары | 16000 |
132 | Перу Республикасы | АКШ доллары | 16000 |
133 | Польша Республикасы | евро | 3000 |
134 | Сан-Марино Республикасы | евро | 4500 |
135 | Түндүк Македония Республикасы | евро | 1900 |
136 | Сенегал Республикасы | АКШ доллары | 15000 |
137 | Сербия Республикасы | АКШ доллары | 1000 |
138 | Словакия Республикасы | евро | 2300 |
139 | Словения Республикасы | евро | 2300 |
140 | Сингапур Республикасы | АКШ доллары | 12000 |
141 | Мьянма Бирлигинин Республикасы | АКШ доллары | 3000 |
142 | Судан Республикасы | АКШ доллары | 5000 |
143 | Суринам Республикасы | АКШ доллары | 16000 |
144 | Сьерра-Леоне Республикасы | АКШ доллары | 15000 |
145 | Тажикстан Республикасы | АКШ доллары | 1000 |
146 | Того Республикасы | АКШ доллары | 16000 |
147 | Тринидад жана Тобаго Республикасы | АКШ доллары | 16000 |
148 | Уганда Республикасы | АКШ доллары | 15000 |
149 | Өзбекстан Республикасы | АКШ доллары | 300 |
150 | Филиппин Республикасы | АКШ доллары | 5000 |
151 | Фижи Республикасы | АКШ доллары | 12000 |
152 | Чад Республикасы | АКШ доллары | 16000 |
153 | Эль-Сальвадор Республикасы | АКШ доллары | 16000 |
154 | Эквадор Республикасы | АКШ доллары | 14000 |
155 | Экватордук Гвинея Республикасы | АКШ доллары | 16000 |
156 | Сейшель аралдары Республикасы | АКШ доллары | 8000 |
157 | Түштүк Судан Республика | АКШ доллары | 16000 |
158 | Чили Республикасы | АКШ доллары | 16000 |
159 | Хорватия Республикасы | евро | 7500 |
160 | Россия Федерациясы |
|
|
1) Борбордук федералдык округ | россия рубли | 70000 | |
2) Приволжье федералдык округу | россия рубли | 70000 | |
3) Урал федералдык округу | россия рубли | 70000 | |
4) Сибирь федералдык округу | россия рубли | 70000 | |
5) Түштүк федералдык округу | россия рубли | 80000 | |
6) Түндүк-Кавказ федералдык округу | россия рубли | 80000 | |
7) Түндүк-Батыш федералдык округу | россия рубли | 80000 | |
8) Ыраакы чыгыш федералдык округу | россия рубли | 120000 | |
161 | Румыния | евро | 3500 |
162 | Сент-Винсент жана Гренадины | АКШ доллары | 16000 |
163 | Сент-Люсия | АКШ доллары | 16000 |
164 | Сирия Араб Республикасы | АКШ доллары | 10000 |
165 | Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Кошмо Королдугу | фунт стерлинги | 4000 |
166 | Багам Аралдары Шериктештиги | АКШ доллары | 16000 |
167 | Доминика Шериктештиги | АКШ доллары | 16000 |
168 | Пуэрто-Рико Шериктештиги | АКШ доллары | 16000 |
169 | Соломон аралдары | АКШ доллары | 12000 |
170 | Вьетнам Социалистик Республикасы | АКШ доллары | 8000 |
171 | Комор Аралдарынын Бирлиги | АКШ доллары | 8000 |
172 | Америка Кошмо Штаттары | АКШ доллары | 8000 |
173 | Оман Султандыгы | АКШ доллары | 6000 |
174 | Тувалу | АКШ доллары | 12000 |
175 | Тунис Республикасы | АКШ доллары | 16000 |
176 | Түркия Республикасы | АКШ доллары | 1300 |
177 | Түркмөнстан | АКШ доллары | 2000 |
178 | Украина | АКШ доллары | 3000 |
179 | Непал Федеративдик Демократиялык Республикасы | АКШ доллары | 2800 |
180 | Эфиопия Федеративдик Демократиялык Республикасы | АКШ доллары | 14000 |
181 | Бразилия Федеративдик Республикасы | АКШ доллары | 14000 |
182 | Германия Федеративдик Республикасы | евро | 3000 |
183 | Сомали Федеративдик Республикасы | АКШ доллары | 5000 |
184 | Сент-Китс жана Невиса Федерациясы | АКШ доллары | 16000 |
185 | Финляндия Республикасы | евро | 7500 |
186 | Микронезия Федеративдик Штаттары | АКШ доллары | 12000 |
187 | Франция Республика | евро | 3500 |
188 | Борбордук Африка Республикасы | АКШ доллары | 18000 |
189 | Черногория | евро | 7500 |
190 | Чехия Республикасы | АКШ доллары | 4000 |
191 | Швейцария Конфедерациясы | швейцар франкы | 8000 |
192 | Эстония Республикасы | евро | 2000 |
193 | Түштүк-Африка Республикасы | АКШ доллары | 8000 |
194 | Ямайка | АКШ доллары | 16000 |
195 | Япония | АКШ доллары | 5000 |