Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 3-августу № 104
1993-жылдын 13-январындагы Химиялык куралды иштеп чыгууга, өндүрүүгө, топтоого жана колдонууга тыюу салуу жана аны жок кылуу жөнүндө конвенцияны ишке ашыруу тууралуу жобону бекитүү жөнүндө
Тизмедеги химикаттарга карата экспорттук контролдоонун натыйжалуу системасын түзүү жана жапырт кыйратуучу куралдарды жайылтпоо жаатындагы Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдердин талаптарын аткаруу максатында, 1993-жылдын 13-январындагы Химиялык куралды иштеп чыгууга, өндүрүүгө, топтоого жана колдонууга тыюу салуу жана аны жок кылуу жөнүндө конвенциянын 7-беренесине, "Экспорттук контроль жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 1993-жылдын 13-январындагы Химиялык куралды иштеп чыгууга, өндүрүүгө, топтоого жана колдонууга тыюу салуу жана аны жок кылуу жөнүндө конвенцияны ишке ашыруу тууралуу жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 6-августундагы № 85 (3264) жарыяланды
Төрага | У.А. Марипов |