Загрузка документа…
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 3-августундагы № 104 токтомуна) |
1993-жылдын 13-январындагы Химиялык куралды иштеп чыгууга, өндүрүүгө, топтоого жана колдонууга тыюу салуу жана аны жок кылуу жөнүндө конвенцияны ишке ашыруу тууралуу жобо
1-глава. Негизги жоболор
1. Ушул Жобо 2003-жылдын 29-апрелиндеги № 89 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган 1993-жылдын 13-январындагы Химиялык куралды иштеп чыгууга, өндүрүүгө, топтоого жана колдонууга тыюу салуу жана аны жок кылуу жөнүндө конвенциянын (мындан ары - Конвенция ) жоболорун колдонууну регламенттейт.
Конвенцияны аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын аткаруучу органы болуп экспорттук контролдоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы эсептелет.
2. Ушул Жобонун таасири менчиктин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын аймагында турган бардык юридикалык, жеке жактарга, Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары турган Кыргыз Республикасынын жарандарына - жеке жактарга, ошондой эле Конвенцияны аткарууга тиешеси бар мамлекеттик бийлик органдарына жайылтылат.
3. Конвенциянын химикаттар боюнча тиркемесинин 1, 2 жана 3-тизмесинде көрсөтүлгөн химикаттарды өндүрүү, кайра иштетүү жана пайдалануу Конвенцияга, лицензиялоо, экспорттук контроль, экологиялык жана техникалык коопсуздук чөйрөсүндөгү мыйзамдарга жана ушул Жобого ылайык эл аралык инспекцияга жана мамлекеттик контролдоого жатат.
4. Ушул Жободо колдонулуучу негизги терминдер жана аныктамалар:
Уюм - Конвенциянын VIII беренесине ылайык бекитилген Химиялык куралга тыюу салуу боюнча уюм;
Техникалык катчылык - Химиялык куралга тыюу салуу боюнча уюмдун үч түзүмдүк органынын бири, ал Мүчө мамлекеттердин конференциясына жана Аткаруу кеңешине өз милдеттерин аткарууга жана Конвенцияда каралган текшерүү чараларын ишке ашырууга жардам берет, ошондой эле Мүчө мамлекеттердин конференциясы жана Химиялык куралга тыюу салуу боюнча уюмдун Аткаруу кеңеши тарабынан ыйгарылган функцияларды аткарат;
Аткаруучу орган - Конвенцияны аткаруу үчүн жана ушул Жобо менен Конвенциянын жоболорун колдонуу боюнча кызыкдар министрликтердин жана ведомстволордун иштерин координациялоочу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
химиялык курал - жалпысынан жана ар бири төмөнкүдөй мааниге ээ:
1) Конвенция боюнча тыюу салынбаган максаттарга колдонулган учурларды кошпогондо, түрү жана саны мындай максаттарга шайкеш келген учурда уулуу химикаттар жана алардын прекурсорлору;
2) өлүмгө алып келүү же мындай куралдар менен түзүлүштөрдү колдонуунун натыйжасында чыгуучу уулуу химикаттардын 1) пунктчасында көрсөтүлгөн уулуу өзгөчөлүктөрдүн эсебинен башка зыян келтирүү үчүн атайын дайындалган куралдар жана түзүлүштөр;
3) 2) пунктчасында көрсөтүлгөн куралдарды жана түзүлүштөрдү колдонууга байланыштуу түздөн-түз пайдалануу үчүн атайын арналган бардык жабдуулар;
уулуу химикат - пайда болушуна же өндүрүү ыкмасына карабастан жана объекттерде өндүрүлгөндүгүнө, бинардык куралда же башка жерде болгондугуна карабастан, өзүнүн биологиялык процесстерге карата тийгизген химиялык таасиринен улам өлүмгө, кандайдыр бир аракеттерди жасоого убактылуу жарамсыздыкка алып келүүчү же болбосо адамга же жаныбарга туруктуу зыян келтирүүчү бардык химикат;
прекурсор - уулуу химикатты кандай жол менен гана болбосун өндүрүүнүн кайсыл стадиясында болбосун катышуучу бардык химиялык реагент, анын ичинде Конвенциянын контролдук режимине туура келген жана Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдоо тизмеси менен Конвенциянын химикаттар боюнча тиркемесине киргизилген бинардык же көп компоненттүү химиялык системанын бардык негизги компоненти;
бинардык куралдар же химиялык куралдын көп компоненттүү химиялык системасы - ар бири өз алдынча уулуу эмес же уулуулугу аз химиялык заттардан болгон эки же андан көп баштапкы компоненттен турган жана курал (снаряд, бомба) атылган учурда ичиндеги компоненттер аралашып, химиялык реакциянын натыйжасында ууландыруучу затты пайда кылган жарак-жабдуулары бар химиялык курал;
коомдук баш аламандыктар менен күрөшүү үчүн колдонула турган химиялык каражаттар - Конвенциянын химикаттар боюнча тиркемесинин тизмесине жана Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдоо тизмесине киргизилбеген сезүү органдарын тез жабырланууга же физикалык бузууга алып келген бардык химиялык продукт, анын адамдын организмине таасир этүүсү токтогондон кийин кыска аралыктын ичинде таасир этүү белгилери жоголуп кетет;
химикаттарды өндүрүү - химиялык реакция жолу менен химикаттарды алуу;
химикаттарды кайра иштетүү - физикалык процесс, анын жүрүшүндө химикат башка химикатка айланбайт;
химикатты керектөө - химикатты химиялык реакция аркылуу башка химикатка айландыруу процесси;
КАС - "САS" англис аббревиатурасы "Chemical Abstracts Service" алынган жана химиялык кошулмалар боюнча жалпы маалыматтар базасын жүргүзүүчү Америкалык химиялык коомдун түзүмдүк бөлүмү болуп саналган химиялык реферативдик кызматты билдирет, ал химиялык кошулмалар боюнча бардыгын камтуучу маалымат базасын жүргүзөт, анда ар бир кошулмасы уникалдуу САS каттоо номерин алат жана химиялык кошулманын бирдей идентификацияланышы үчүн пайдаланылат;
конкреттүү органикалык химикат - химиялык аталышынын, түзүмдүк формуласынын (эгерде белгилүү болсо) жана САS каттоо номеринин (ыйгарылган болсо) жардамы менен идентификацияланган, көмүртектин оксиддерин, сульфиддерин жана металл карбонаттарын кошпогондо, анын бардык кошулмаларын камтыган химиялык кошулмалар классына тиешелүү болгон бардык химикат;
инспекция - Кыргыз Республикасы жарыялаган объекттерди текшерүү үчүн Уюмдун инспекциясы;
инспекциялык топ - Конвенциянын VI же IX беренесине, ошондой эле Конвенцияны текшерүү боюнча тиркемеге ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында конкреттүү инспекция жүргүзүү үчүн Техникалык катчылыктын Башкы директору тарабынан дайындалган инспекторлордон жана инспекторлордун жардамчыларынан турган топ;
инспектор - Конвенцияга ылайык инспекция жүргүзүү же баруу үчүн Конвенциянын тиркемесинин II бөлүгүндөгү А бөлүмүндө баяндалган жол-жоболорго ылайык Уюмдун Техникалык катчылыгы дайындаган адам.
объект - төмөнкү өнөр жай зоналарынын бири: өндүрүштүк зона (завод, фабрика), ишкана (өнөр жай объекти, цех) же орнотмо (өнөр жайлык орнотмо, технологиялык орнотмо);
инспекция өткөрүүгө мандат - Уюмдун Техникалык катчылыгынын Башкы директору тарабынан конкреттүү инспекцияны жүргүзүүгө карата инспекциялык топко берилген расмий юридикалык милдеттендирүүчү документ формасындагы көрсөтмө;
кирүү пункту/чыгуу пункту - Конвенциянын жоболоруна ылайык инспекцияларды жүргүзүү максатында уюмдун инспекциялык топторунун өлкөгө келүүсү же өзүнүн миссиясы бүткөндөн кийин кетүүсү үчүн көрсөтүлгөн жер;
химиялык синтез - жөнөкөй молекулалардан татаал молекулаларды түзүү же куруу процессин билдирет. Кеңири мааниде химиялык жана физикалык ыкмалар менен химиялык кошулмаларды алууну билдирет. Продукциянын жаратылышына жараша органикалык же органикалык эмес болушу мүмкүн.
2-глава. Тыюу салуулар
5. Ар бир адамга төмөнкүдөй аракеттерди ишке ашырууга тыюу салынат:
1) химиялык куралды иштеп чыгууга, өндүрүүгө, кандай жол менен болсо да сатып алууга, топтоого же сактоого;
2) химиялык куралдын импортуна, экспортуна, реэкспортуна, транзитине жана түз же кыйыр түрдө өткөрүп берүүгө;
3) химиялык куралды колдонууга;
4) химиялык куралды колдонууга карата бардык аскердик даярдыктарды жүргүзүүгө;
5) Конвенция боюнча катышуучу мамлекетке тыюу салынган иштин бардык түрүн өткөрүү үчүн кандайдыр бир жол менен башка жактарга жардам көрсөтүүгө, түрткү берүүгө же аларды колдоого;
6) согуш жүргүзүү каражаты катары коомдук баш аламандыктар менен күрөшүүдө химиялык күрөш каражатын колдонуу;
7) Конвенция боюнча катышуучу мамлекетке тыюу салынган иштин бардык башка түрлөрүн ишке ашырууга.
6. Эгерде бардык химиялык курал ушул Жобону бузуу менен иштелип чыкса, өндүрүлсө, башка жол менен сатылып алынса, топтолсо, сакталса, же экспорттолсо, импорттолсо, реэкспорттолсо же башка жакка өткөрүлүп берилсе, анда бул курал Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине ылайык белгиленген тартипте конфискацияланууга же жок кылынууга тийиш.
7. Конвенциянын химикаттар боюнча тиркемесинин 1-тизмесине жана Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдоо тизмесинин экинчи тизмесинин 1-бөлүгүнө киргизилген химикаттарга карата бардык жактарга төмөнкү аракеттерди ишке ашырууга тыюу салынат:
1) эгерде Конвенцияга катышкан башка мамлекеттин аймагында аталган химикаттар өндүрүлбөсө, сатылып алынбаса, сакталбаса жана пайдаланылбаса, Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары аларды өндүрүүгө, сатып алууга, сактоого жана пайдаланууга;
2) аталган химикаттарды Кыргыз Республикасынын аймагына/аймагынан Конвенциянын катышуучу болуп саналбаган мамлекетке экспорттоого жана импорттоого;
3) экспортко чейин 60 күндөн кечиктирбей, аталган химикаттарды Аткаруучу органга билдирбестен Конвенциянын башка катышуучу мамлекетине экспорттоого;
4) Кыргыз Республикасына мурда өткөрүп берилген аталган химикаттарды үчүнчү мамлекетке реэкспорттоого.
8. Конвенциянын химикаттар боюнча тиркемесинин 2-тизмесине жана Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдоо тизмесинин экинчи тизмесинин 2-бөлүгүнө киргизилген химикаттар боюнча бардык жактарга аталган химикаттарды, мындай химикаттарды камтыган бардык продуктуларды Конвенциянын катышуучусу болуп саналбаган мамлекеттен/мамлекетке экспорттоого/импорттоого тыюу салынат, төмөнкү учурларды кошпогондо:
- продуктулар Конвенциянын химикаттар боюнча тиркемесинин 2А же 2А* - тизмесинин химикатынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдоо тизмесинин 2-бөлүгүнүн 2.1-пунктундагы химикаттардын 1 же андан аз пайызын камтыса;
- продуктулар Конвенциянын химикаттар боюнча тиркемесинин 2В-тизмесинин химикатынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдоо тизмесинин 2-бөлүгүнүн 2.2-пунктундагы химикаттардын 10 же андан аз пайызын камтыса;
- продуктулар керектөө товарлары катары аныкталса, чекене сатуу, өздүк керектөө же жеке керектөө үчүн таңгакталса.
9. Продуктулардагы аталган химикаттардын курамы 30 пайызга барабар же андан аз болгон же продуктулар чекене сатуу, өздүк керектөө же жекече керектөө үчүн таңгакталган керектөө товары катары аныкталган учурларды кошпогондо, Конвенциянын химикаттар боюнча тиркемесинин 3-тизмесине жана Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдоонун экинчи тизмесинин 3-бөлүгүнө киргизилген химикаттар боюнча бардык жактарга аталган химикаттарды Конвенциянын катышуучусу болуп саналбаган мамлекеттен алдын ала акыркы керектөөчү сертификатын албастан, Конвенциянын катышуучусу болуп саналбаган мамлекетке экспорттоого тыюу салынат.
3-глава. Тизмеге киргизилген химикаттарга карата тыюу салынбаган иштер
10. Конвенция жана ушул Жобо менен тыюу салынбаган максаттарга төмөнкүлөр камтылган:
1) өнөр жай, айыл чарба, изилдөө, медициналык, фармацевттик же башка тынчтык максаттар;
2) коргонуу максаттары, тактап айтканда, уулуу химикаттардан жана химиялык куралдан коргонуу менен байланышкан максаттар;
3) химиялык куралды колдонуу менен байланышпаган жана согуш жүргүзүү каражаты катары химикаттардын уулуу касиеттерин пайдалануудан көз каранды болбогон аскердик максаттар;
4) мамлекеттин ичиндеги баш аламандык менен күрөшүүнү кошуп алганда, укук коргоо максаттары.
11. Уулуу химикаттарды жана алардын прекурсорлорун иштеп чыгууга, өндүрүүгө, сатып алууга, сактоого, берүүгө жана пайдаланууга 10-пунктта аныкталган тыюу салынбаган максаттарда гана уруксат берилет.
12. Конвенцияга карата Химикаттар боюнча тиркеменин 1-тизмесинде жана Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдоо тизмесинин экинчи тизмесинин 1-бөлүмүндө көрсөтүлгөн химикаттар төмөнкү учурларда гана сатылып алынышы, ээлигинде турушу, өткөрүп берилиши же колдонулушу мүмкүн:
1) изилдөө, медициналык, фармацевттик же коргоо максаттарында пайдаланылса;
2) алардын түрлөрү жана саны ушул максаттар үчүн керектөөгө так чектелсе;
3) бул максаттар үчүн өлкөдө туруктуу болгон жалпы саны 1 тоннадан ашпаса;
4) бир календардык жыл ичинде ушул максаттар үчүн өлкөдө өткөрүп берүү жолу менен сатылып алынган аталган химикаттардын жалпы саны 1 тоннадан ашпаса.
13. Конвенцияга карата Химикаттар боюнча тиркеменин 1-тизмесинде жана Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдоо тизмесинин экинчи тизмесинин 1-бөлүмүндө көрсөтүлгөн химикаттарды сатып алган, колдонгон же аларга ээ болгон адамдар төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) аталган химикаттарга ээлик кылгандан тартып 10 күндөн кечиктирбей, жүргүзүлгөн операцияларды эсепке алуунун өзгөчө ченемдерин жана алардын толук коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды тариздеп, аны Аткаруучу органга берүүгө;
2) аталган химикаттарды тыюу салынган максаттарда алып салуунун же пайдалануунун бардык мүмкүнчүлүктөрүн жокко чыгарууга.
14. Аткаруучу орган контроль жүргүзөт жана 12-пунктунун 3) жана 4) пунктчаларында каралган чектөөлөрдү сактоо боюнча зарыл болгон чараларды көрөт.
4-глава. Тизмедеги химикаттар менен импорттук-экспорттук операциялар
15. Конвенциянын химикаттар боюнча тиркемесинин тизмесинде (Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдоо тизмесинин экинчи тизмеси) көрсөтүлгөн химикаттар өзгөчө товарлардан болуп саналат жана импортту, экспортту, реэкспортту жана транзитти караган тышкы экономикалык операциялар милдеттүү түрдө лицензияланууга тийиш.
Бул операцияларды лицензиялоо экспорттук контроль жана лицензиялоо жаатындагы мыйзамдарга ылайык ишке ашырылат.
5-глава. Жеке жана юридикалык жактардын Уюмга жарыяларды жана билдирүүлөрдү даярдоо үчүн зарыл болгон маалыматтарды берүүсү
16. Химикаттарды, уулуу химикаттарды же алардын прекурсорлорун же конкреттүү органикалык химикаттарды иштеп чыккан, экспорттогон, импорттогон, реэкспорттогон, транзит жүргүзгөн, өткөрүп берген, өндүргөн, кайра иштеткен, пайдаланган же башка жол менен сатып алган, сактаган бардык жактар төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш:
1) химикат жана объект же өндүрүштүк зона жана бул химикаттарды пайдалануу максаты боюнча эсептик документтерди жүргүзүүгө; жана
2) бул эсептик документтердин негизинде жылдык отчет даярдоого жана төмөнкүлөрдү Аткаруучу органга жиберүүгө:
- жыл сайын 1-мартка чейин ар бир өндүрүлгөн, сатылып алынган, керектелген же объектте сакталган 1-тизмедеги химикаттын ар бири боюнча объекттин өткөн жылдагы иши жөнүндө жарыя;
- жыл сайын 1-мартка чейин Конвенциянын химикаттар боюнча тиркемесинин тизмесинде 2 жана 3-тизмеге киргизилген, ошондой эле так органикалык химикаттардын өткөн календардык жыл аралыгында бардык өндүрүштүк зоналарда өндүрүлүшү, кайра иштетилиши, керектелиши, импорту же экспорттогон бардык өнөр жай зоналарынын иши жөнүндө жарыя;
- жыл сайын 1-мартка чейин 2, 3-тизмеге кирген химикаттардын ошондой эле так органикалык химикаттардын өткөн календардык жыл аралыгында бардык өндүрүштүк зоналарда өндүрүлүшү, кайра иштетилиши, керектелиши, импорту же экспортунун ар биринин саны, ошондой эле тиешелүү өлкө боюнча импорттун жана экспорттун сандык параметрлери жөнүндө жарыя;
- жыл сайын 1-сентябрга чейин объектте ошол жылга пландалган Конвенциянын химикаттар боюнча 1-тизмесине кирген химикаттарды алуу, керектөө, өндүрүү иштери жөнүндө жарыя;
- жыл сайын 1-октябрга чейин объектте кийинки календардык жылга болжолдонгон иштер жөнүндө жарыя, анда 2 жана 3-тизмеге кирген химикаттарды өндүрүү, кайра иштетүү же керектөө каралат;
- пайдаланууга берүүгө чейин 180 күндөн кечиктирбей - жаңы объекттер жөнүндө баштапкы жарыя.
17. Туура эмес маалымат берген же маалыматты жашырган бардык жак Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине ылайык жоопкерчилик тартат.
6-глава. Ички текшерүүлөр
18. Конвенциянын химикаттар боюнча тиркемелеринин тизмесинде көрсөтүлгөн химикаттарды импорттоону/экспорттоону, импорттоочулар (акыркы пайдалануучулар) тарабынан кепилдик милдеттенмелердин аткарылышын контролдоо максатында, Аткаруучу орган зарыл болгон учурда Аткаруучу органдын, экологиялык жана техникалык коопсуздук маселелери боюнча мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду ишке ашыруу чөйрөсүндөгү, саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн жана ички текшерүүлөрдү жүргүзүү үчүн ушул тармактагы башка эксперттердин тобун түзөт.
Ички текшерүүлөр лицензиялоо, экспорттук контроль, экологиялык жана техникалык коопсуздук чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.
19. Топтун мүчөлөрү өз функцияларын ишке ашыруу үчүн объекттерге, орнотмолорго, жабдууларга, документтерге жана маалыматтарга чектелбеген түрдө жетүү мүмкүндүгүнө ээ болушат.
Текшерүүлөрдү жүргүзүүдө зарыл болгон химиялык талдоолорду ишке ашыруу үчүн Аткаруучу орган тиешелүү аппаратура менен жабдылган химиялык лабораторияларды аныктайт. Жеринде текшерүүлөрдү жүргүзүүдө топтун мүчөлөрү маалыматты коргоо жөнүндө мыйзамдардын жоболорун сактоо менен айрым негизги элементтерди сүрөткө тартып, видео жазууну жүргүзө алышат.
7-глава. Эл аралык инспекциялар
20. Катышуучу мамлекет тарабынан жарыяланган, Конвенциянын аракетине туура келген объекттерге текшерүү жүргүзүү максатында Уюм ушул объекттерге инспекция жүргүзүүнү демилгелеши мүмкүн.
Мындан тышкары катышуучу мамлекеттин аймагында объекттерге же башка жерлерге инспекция жүргүзүү Уюм тарабынан башка катышуучу мамлекеттин суроо-талабы боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн.
Аталган учурларда Уюм Кыргыз Республикасынын аймагында так инспекцияны жүргүзүү үчүн инспекциялык топту дайындайт, ал ушул Жобонун 25-27-пункттарына ылайык кабыл алуучу тарапты кабарлоо жана макулдашуу жол-жоболорунан өтөт.
21. Уюмдун инспекциялык тобуна инспекция объектиси үчүн чоң мааниге ээ болгон инспекция жүргүзүү мандатында көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын аймагындагы каалаган объектиге же орнотмого, ошондой эле каалаган башка жерге уруксат берилет.
22. Мамлекеттик органдар жана текшерүүчү жактар Уюмдун инспекциялык тобуна өз ыйгарым укуктарын аткарууда жардам берүүгө укуктуу жана милдеттүү.
23. Объекттин текшерилүүчү жактары инспекциялоо предметине тиешелүү болбогон жашыруун мүнөздөгү орнотмолорду, маалыматтарды коргоо боюнча чараларды көрүүгө укуктуу.
8-глава. Эл аралык инспекцияларды жүргүзүү
24. Аткаруучу орган Кыргыз Республикасынын аймагында инспекциялоо жөнүндө кабарлоону жана инспекциялык топтун курамына кирген инспекторлордун тизмесин кабыл алат жана ырастайт.
25. Инспекторлордун талапкерлиги улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылат.
26. Аткаруучу орган инспекторлордун тизмесин алгандыгын ырастагандан кийин 30 күндүн ичинде Уюмга сунушталган талапкерлерди Кыргыз Республикасынын аймагында инспекторлор катары пайдалануу мүмкүндүгүнө макулдугу же макул эместиги тууралуу маалымат берет.
Аткаруучу орган Уюмдун Техникалык катчылыгына баш тартуу жөнүндө жазуу жүзүндө кабар берүү жолу менен мурда дайындалган инспектордон же инспектордун жардамчысынан каалаган убакта баш тартууга укуктуу. Мындай баш тартуу Уюмдун Техникалык катчылыгы аны алгандан кийинки 30 күндүн ичинде күчүнө кирет.
27. Уюмдун инспекциялык тобунун Кыргыз Республикасынын аймагына кириши жана аймагынан чыгышы тышкы саясат чөйрөсүндөгү, бажы иштери чөйрөсүндөгү жана чек ара контролу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашуу боюнча чыгуу пункттары/кирүү пункттары аркылуу ишке ашырылат.
28. Автомобиль, темир жол, суу жана аба транспорту чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы ар жыл сайын 1 -октябрга чейин Аткаруучу органга Кыргыз Республикасынын аймагында Уюмдун инспекцияларын жүргүзүү үчүн зарыл болгон инспекциялык топторду жана жабдууларды ташууга пайдаланылышы мүмкүн болгон рейстик эмес учактар үчүн дипломатиялык уруксаттын туруктуу номерин Аткаруучу органга сунуштайт жана берилишин камсыз кылат.
29. Автомобиль, темир жол, аба, электр жана суу транспорту чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы Аткаруучу органдын суроо-талабы боюнча инспекциялык топторду жана инспекция жүргүзүүгө зарыл болгон жабдууларды ташуу үчүн Уюм ээлик кылган же ижарага алган аба кемелеринин Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигинен артыкчылыктуу өтүшү же Кыргыз Республикасынын эл аралык аэропортторунан учушу жана конушу жөнүндө уруксатты берет.
Инспекциялоо алдындагы иштер
30. Аткаруучу орган Уюмдан Кыргыз Республикасынын аймагында боло турган инспекция жөнүндө билдирүүнү алгандан кийин тышкы саясат чөйрөсүндөгү, улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү, бажы иши чөйрөсүндөгү, чек ара контролу чөйрөсүндөгү, коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарды жана инспекциялануучу объектти маалымдайт.
31. Аткаруучу орган Кыргыз Республикасынын коргоо, жарандык коргоо, укуктук тартип жана коомдук коопсуздук, улуттук коопсуздук, айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздукту камсыздоо чөйрөлөрүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын өкүлдөрүнөн турган коштоочу топту түзөт.
32. Чек ара контролу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы Уюмдун инспекциялык тобунун кирүү/чыгуу пунктунун аймагына коштоочу топтун кирүүсүнө уруксат берүүнү камсыздайт.
33. Кирүү пунктуна келгенде Уюмдун инспекциялык тобунун жетекчиси коштоочу топтун жетекчисине Кыргыз Республикасынын аймагында инспекция жүргүзүүгө мандатты тапшырат.
34. Коштоочу топ инспекциялык топ тарабынан ташылып кирген жабдуунун инспекциянын милдеттерине шайкеш келүүсүн инспекциялык топтун катышуусунда карап чыгууга милдеттүү.
Эгер коштоочу топ жабдуу предметтерин кошкондо, кайсы бир жабдуу инспекциялоо милдеттерин ишке ашырууга байланышпаган башка функцияларды аткарышы мүмкүн экендиги жөнүндө корутундуга келсе, анда мындай жабдууга инспекция жүргүзүү жерине уруксат берилбейт.
35. Кармалган жабдуулар же жабдуу предметтери инспекция аяктагандан кийин инспекциялык топ тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгарылууга тийиш.
36. Кыргыз Республикасынын бажы иштери чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы:
1) Конвенцияга, Кыргыз Республикасы үчүн белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге жана Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзгөн актыларга ылайык инспекциялык топтун мүчөлөрүндөгү убактылуу ташылып келген жабдууга, аппаратураларга жана үлгүлөргө, ошондой эле алардын жеке буюмдарына карата бажы ааымдарын жана жыйымдарын төлөөдөн бошотот;
2) ЕАЭБдин Бажы кодексине жана Кыргыз Республикасынын бажы иштери чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык инспекциялык топтун мүчөлөрүндө болгон жабдууларга, аппаратураларга жана үлгүлөргө, ошондой эле алардын жеке буюмдарына карата бажы операцияларын жүргүзөт;
3) инспекциялык топтордун жана байкоочулардын жолугушууларын уюштурууга жана инспекциялык топтордун жабдууларын жана камсыздоо предметтерин кароого катышат.
Инспекциялануучу объекттеги инспекциялоо иши
37. Коштоочу топ инспекциялануучу объекттин жетекчиси же ээси менен биргеликте Уюмдун инспекциялык тобуна төмөнкүдөй инспекциялоо милдеттерин аткарууда жардам берет жана көмөк көрсөтөт:
1) инспекциялык топ жүргүзгөн текшерүүлөргө катышат, алардын Уюм берген мандатты сакташына жана орнотмодо же инспекциялануучу периметрде иш режимин мүмкүн болушунча бузбашына көз салат;
2) инспекциялык топ менен инспекция өткөрүүнү макулдашат;
3) инспекциялык топту текшерүү объектине келиши үчүн транспорт менен камсыздайт жана кирүү пунктуна келгенден кийин 12 сааттан кечиктирбестен, инспекция жүргүзгөн жерге келүүсүнө жардам берет.
38. Инспекцияны баштоого чейин инспекциялык топ картаны жана объект, анда жүргүзүлө турган иштер, коопсуздук чаралары, инспекция жүргүзүү үчүн зарыл болгон административдик чаралар жөнүндө башка документтерди пайдалануу менен инспекцияга алына турган объекттин өкүлү менен инструктаж өткөрөт. Инструктаждын убактысы үч сааттан ашпашы керек.
Инспекция жүргүзүүдө коштоочу топ инспекциялануучу объекттин иштешине тоскоол болбоо, ошондой эле инспекция предметине тийиштүү эмес орнотмолорду, маалыматтарды коргоо боюнча чараларды көрүү жагында объекттин кызыкчылыктарын эске алат.
39. Инспекция жүргүзүүдө коштоочу топтун өкүлдөрүнө жеке пайда табуу максатында кандай гана болбосун кесиптик же коммерциялык иш менен алектенүүгө тыюу салынат.
40. Уюмдун инспекциялык тобу Конвенцияга ылайык төмөнкүдөй укуктарга ээ болот:
1) инспекция жүргүзүүгө мандатта көрсөтүлгөн аймакка, имаратка, өндүрүш жайларына жана башка курулуштарга кирүүгө жана аларды иш убактысында инспекциялоого;
2) Уюм бекиткен жана инспекциялануучу тарап менен алдын ала макулдашылган жабдууну пайдаланууга;
3) өлкөдө болгон мезгилде өзүнүн жеке, талаптагыдай аттестацияланган жана бекитилген байланыш каражаттарын пайдалануу менен Уюмдун Техникалык катчылыгынын штаб-квартирасы менен байланышта болууга;
4) инспекция тобунун периметрди кайтарган мүчөлөрүнүн жана/же инспекциялоо тобунун башка мүчөлөрүнүн ортосунда эки тараптуу радио байланышынын жеке системасын пайдаланууга;
5) инспекциялануучу иштин чегинде инспекциялануучу объекттин персоналын суроого;
6) коштоочу топтун жетекчиси жана объекттин жетекчилиги менен макулдашуу боюнча инспекциялануучу объекттин документтерин жана материалдарын кароого;
7) коштоочу топтун жетекчиси жана объекттин жетекчилиги менен макулдашуу боюнча үлгүлөрдү тандоого;
8) Уюм жана инспекциялануучу тарап бекиткен жабдууну пайдалануу менен инспекциялоочу жердин чегинде үлгүлөргө талдоо жүргүзүүгө же үлгүлөрдү Уюм бекиткен, инспекциялоо объектинин чегинен тышкары лабораторияга талдоо жүргүзүүгө өткөрүп берүүгө;
9) инспекциянын жүрүшүндө алынган маалыматтарды сактоого.
41. Сурам боюнча инспекция жүргүзүүдө Уюмдун инспекциялык тобу белгиленген ыйгарым укуктан тышкары төмөнкүлөргө укуктуу:
1) инспекциялануучу объектке үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүү үчүн жабдууну пайдаланууга;
2) инспекциялануучу объекттен транспорттун чыгышы боюнча бардык иш жөнүндө маалыматты коштоочу топтон алууга;
3) транспорттук каражаттардын инспекциялануучу объекттин чегинен тышкары чыгышына байкоо жүргүзүүгө жана аларды текшерүүгө.
42. Инспекциялануучу объекттин жетекчилиги же ээси жалпыга маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө инспекциялануучу объекттин аймагына киришине уруксат бербөөгө укуктуу.
Инспекциядан кийинки жол-жоболор
43. Уюмдун инспекциялык тобу инспекция аяктагандан кийин 24 сааттын аралыгында коштоочу топко жана инспекциялануучу объекттин жетекчилигине жазуу жүзүндө баяндалган алдын ала тыянактарды, үлгүлөрдүн тизмесин жана объекттен тышка алынып чыга турган маалыматтардын жана башка материалдардын көчүрмөлөрүн берет. Алдын ала тыянакка Уюмдун инспекциялык тобунун жана коштоочу тобунун жетекчилери кол коюшат.
44. Инспекциядан кийинки жол-жоболор аяктагандан кийин Уюмдун инспекциялык тобу коштоочу топ тарабынан чыгуу пунктуна жеткирилет.
45. Уюмдун жүргүзүлгөн инспекциянын жыйынтыгы боюнча акыркы баяндамасын алгандан кийин бул документ Аткаруучу орган жана инспекциялануучу объекттин жетекчилиги тарабынан каралууга тийиш. Зарылдыкка жараша Аткаруучу орган инспекцияны кабыл алгандан кийин 30 күндүн ичинде Уюмдун дарегине жазуу жүзүндөгү сын пикирин жөнөтө алат.
Инспекцияны материалдык-техникалык жана финансылык камсыздоо
46. Аткаруучу орган инспекциялык топту кирүү пунктунан инспекциялоочу жерге чейин жана инспекциялоочу жерден чыгуу пунктуна чейин жеткирүүдө, ошондой эле инспекциялык топтун жайгашуусун, тамактануусун жана медициналык камсыздоону уюштурууга көмөк көрсөтөт, алардын орду кийин Уюм тарабынан толтурулат.
47. Аткаруучу орган инспекциялоо тобун инспекциялоочу жерде зарыл болгон жумушчу жайлар, байланыш каражаттары жана транспорт, котормочунун кызмат көрсөтүүсү жана биринчи медициналык жардам менен камсыз кылат, алардын орду кийин Уюм тарабынан толтурулат.
48. Инспекциянын жүрүшүндө Аткаруучу орган тарткан чыгымдар жөнүндө жыйынды маалымат Уюмга жиберилет.
Эгер Уюм келтирилген чыгымдардын ордун толтурбаса, Аткаруучу орган чыгымдардын ордун толтуруу жөнүндө өтүнүчтү Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жиберет. Зарылдыгына жараша финансылык дооматтарды жөнгө салуу максатында Уюм менен кошумча консультациялар өткөрүлөт.
9-глава. Аткаруучу органдын жана айрым мамлекеттик башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары
49. Аткаруучу орган:
1) Конвенциянын жобосунун жана ушул Жобонун сакталышын камсыз кылат, Тизмеде аталган химикаттарды өндүрүүнү, кайра иштетүүнү, керектөөнү, колдонууну, импорттоону, экспорттоону, реэкспорттоону жана транзиттөөнү контролдоону камсыздоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ишин координациялайт, мындай иштерге байланышкан орнотмолорду жана объекттерди инспекциялоону кошкондо;
2) Конвенциянын жана ушул Жобонун предметине тиешеси бар, каалаган жеке же юридикалык жактан Конвенцияны ишке ашыруу үчүн зарыл болушу мүмкүн болгон химикаттарды өндүрүү, керектөө, кайра иштетүү, ошондой эле ташып келүү жана ташып чыгуу боюнча кандай гана болбосун маалыматтарды берүүнү талап кылууга укуктуу;
3) Кыргыз Республикасынын аймагында Конвенцияга ылайык жарыяланууга тийиш болгон объектти аныктайт;
4) белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине Конвенцияны ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштарды берет;
5) Уюмга алгачкы жана жыл сайын бериле турган жарыяларга киргизүү үчүн маалыматтарды топтойт, Конвенциянын III, IV жана VI беренелерине жана Текшерүү боюнча тиркемеге ылайык жарыяларды даярдайт жана Уюмга берет;
6) маалыматтардын негизинде жана Конвенциянын Химикаттар боюнча тиркемесинин тизмесинде аталбаган, синтез жолу менен конкреттүү органикалык заттарды өндүргөн ишканаларды жеринде инспекциялоо аркылуу текшерет, бул ишканалар жөнүндө жылдык декларацияларды тариздейт жана Уюмга берет;
7) Конвенциянын Химикаттар боюнча тиркемесинин тизмесинде жана Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдоо тизмесинде аталган химикаттарды импорттоо үчүн импортко/экспортко, реэкспортко жана транзитке лицензияны жана уруксаттарды, ошондой эле акыркы колдонуучунун сертификатын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берет;
8) Уюмдун Техникалык катчылыгына төмөнкүлөрдү жөнөтөт:
- жыл сайын 1-апрелге чейин - Конвенциянын Химикаттар боюнча тиркемесинин 1-тизмесиндеги өндүрүлгөн, сатып алынган, керектелген же объектте сакталган химикаттын ар бири боюнча объекттин өткөн жылдагы иши жөнүндө жарыяны;
- жыл сайын 1-апрелге чейин - өткөн календардык жыл бою Конвенциянын Химикаттар боюнча тиркемесинин 2 жана 3-тизмесиндеги химикаттарды, ошондой эле конкреттүү органикалык химикаттарды өндүргөн, кайра иштеткен же керектеген бардык өндүрүштүк зоналардын иши жөнүндө жарыяны;
- жыл сайын 1-апрелге чейин - Конвенциянын Химикаттар боюнча тиркемесинин 2 жана 3-тизмелериндеги өндүрүлгөн, кайра иштетилген, керектелген, импорттолгон жана экспорттолгон химикаттын ар биринин саны жөнүндө улуттук маалыматтардын жыйындысы тууралуу өткөн календардык жыл үчүн жарыяны, ошондой эле ар бир тийиштүү өлкө боюнча импорттун жана экспорттун сандык параметрлерин;
- жыл сайын 1-октябрга чейин - келерки жылы объектте пландалган иштер жана Конвенциянын Химикаттар боюнча тиркемесинин1-тизмесине кирген химикаттарды болжолдуу өндүрүү, керектөө же сактоо жөнүндө жарыяны;
- жыл сайын 1-ноябрга чейин - Конвенциянын Химикаттар боюнча тиркемесинин 2 жана 3-тизмесине киргизилген химикаттарды, ошондой эле конкреттүү органикалык химикаттарды кийинки календардык жылда өндүрүү, кайра иштетүү же керектөө болжолдонгон объекттеги пландалган иштер жөнүндө жарыяны;
- жыл сайын 1-апрелге чейин - химиялык куралдардан коргонуу максатына байланышкан улуттук программалар жөнүндө маалыматты;
- жыл сайын 1-апрелге чейин - колдо бар экендиги жана колдонуу жөнүндө маалыматты кошкондо, массалык баш аламандыктарды жана коомдук тартипти топтордун бузуусун токтотууда колдонулуучу химиялык заттарга карата (ар бир химикаттын химиялык аталышы, түзүмдүк формуласы жана КАС боюнча каттоо номери (эгер мындай ыйгарылган болсо) маалыматты;
- эксплуатациялоо башталганга чейин 180 күндөн кечиктирбестен - 1-тизмедеги жаңы объекттер жөнүндө алгачкы жарыяны.
50. 49-пунктунун 7) пунктчасына ылайык ар жылдык жарыяны жана маалыматтарды даярдоо жана берүү үчүн:
- Кыргыз Республикасынын коргоо чөйрөсүндөгү, Жарандык коргоо жаатындагы, укук коргоо жана коомдук коопсуздук чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары ар жыл сайын 1-мартка чейин химиялык куралдардан коргоо максаттарына байланышкан улуттук программалар жөнүндө маалыматты Аткаруучу органга беришет;
- укук коргоо жана коомдук коопсуздук чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы массалык баш аламандыктарды жана коомдук тартипти топтордун бузуусун токтотууда колдонулуучу химиялык каражаттардын болушу жана номенклатурасы жөнүндө кайсыл гана болбосун өзгөртүүдөн кийин 30 күндөн кечиктирбестен, колдонуу жөнүндө маалыматты кошкондо, аталган өзгөртүүлөр жөнүндө маалыматты (ар бир химикаттын химиялык аталышы, түзүмдүк формуласы жана КАС боюнча каттоо номери (эгер ыйгарылган болсо) Аткаруучу органга берет;
- бажы иштери жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы ар жыл сайын 1-мартка чейин өткөн календардык жылда Конвенциянын Химикаттар боюнча тиркемесинин 1, 2 жана 3-тизмесиндеги ар бир химикаттын Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекети болбогон өлкөлөргө/өлкөлөрдөн импорттолгон жана экспорттолгон саны, ошондой эле ар бир тийиштүү өлкө боюнча импорттун жана экспорттун сандык параметрлери жөнүндө маалыматты Аткаруучу органга жиберет.
10-глава. Купуя маалыматты коргоо
51. Аткаруучу органдын, аткаруу бийлик органдарынын кызматкерлерин кошкондо, купуя маалымат менен таанышкан адамдар анын купуялуулугун сактоого милдеттүү.
52. Купуя маалымат алардын ишине тийиштүү адамдардын макулдугу менен гана же төмөнкүдөй максаттарда ачыкталат:
1) Конвенцияга ылайык өз милдеттенмелерин аткарууда Кыргыз Республикасынын мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылуу;
2) ушул жобону укуктук колдонуу;
3) коомдук коопсуздукка байланышкан өзгөчө кырдаалды чечүү.
11-глава. Жоопкерчилик
53. Конвенциянын жана ушул Жобонун жоболорун бузуу Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине ылайык административдик жана жазык жоопкерчилигине алып келет.