Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 329 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2021-жылдын 11-августу № 121

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн билим берүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-майындагы № 220 , 2024-жылдын 27-августундагы № 519 токтомунун редакциясына ылайык)

Билим берүүнүн сапатын камсыздоо, өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен офлайн окутууга этабы менен өтүү, ошондой эле туризмди өнүктүрүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-майындагы № 220 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-февралындагы № 53 "Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку жана орто кесиптик билим берүүчү уюмдарынын иш-аракеттерин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актыларын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Кесиптик орто билим берүүчү уюмдары жөнүндө жободо:

- 3.4-пунктундагы "1" деген цифра "15" деген цифралар менен алмаштырылсын.

3. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 519 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

 

4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин жана бул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар бөлүмүнө жүктөлсүн.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага

У.А. Марипов