Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 329 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-февралындагы № 53 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүүчү уюмдары жөнүндө жобо
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-майындагы № 262, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 11-августундагы № 121 , 2022-жылдын 1-августундагы № 425, 2023-жылдын 23-июнундагы № 312 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1.1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүүнүн билим берүүчү уюмдарынын иш-аракеттерин жөнгө салат.
1.2. Кесиптик орто билим берүүнүн билим берүүчү уюмдары (мындан ары - коож) өздөрүнүн иш-аракеттеринде "Билим берүү жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин указдарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун, буйруктарын жана башка ченемдик-укук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алуу менен иш жүргүзүшөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 312 токтомунун редакциясына ылайык)
1.3. Коождордун негизги милдеттери:
а) адамдын интеллектуалдык, маданий жана адеп-аклектик талаптарын кесиптик орто билим алуу жолу менен канааттандыруу;
б) коомду кесиптик орто билимдүү адистер менен камсыз кылуу (канааттандыруу);
в) окуп жаткандарга жарандык позициялар менен эмгекчилдикти (мээнеткечтикти), жоопкерчиликти, өз алдынчалыкты жана чыгармачылык активдүүлүктөрүн калыптандырууну камсыз кылуу;
г) коомдун адеп-аклектик жана маданий байлыктарын сактоо жана көбөйтүү кирет.
1.4. Коождордун төмөнкүдөй:
техникум (окуу жайы жана адисдештирилген коождор) - базалык деңгээлдеги кесиптик орто билим берүүнүн негизги кесиптик билим берүү программаларын жүзөгө ашыруучу кесиптик орто окуу жайы;
колледж - базалык жана жогорулатылган деңгээлде кесиптик орто билим берүүнүн негизги кесиптик билим берүү программаларын жүзөгө ашыруучу кесиптик орто окуу жайы сыяктуу түлөрү белгиленет.
1.5. Кесиптик орто окуу жайынын аталышы аны түзүүдө белгиленет, кайра уюштурууда же аккредитациялоодо өзгөрүп кетиши жана адистерди даярдоонун профили менен түрү, уюштуруучулук-укуктук формасын сактоого көрсөтмө болууга мүмкүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 312 токтомунун редакциясына ылайык)
1.6. Коождордун структурасында өздөрүнүн филиалдары, бөлүмдөрү, даярдоочу курстары, окуу кабинеттери менен лабораториялары, окуу жана өндүрүштүк-окуу чеберканалары жана чарбалары, окуу полигондору, кесиптик кошумча билим берүүнүн структуралык бөлүмдөрү, жатаканалары ж.б. окуу жана чарбалык бөлүмдөрүнүн болушу мүмкүн.
1.7. Юридикалык тараптын бедели (статусу) бар структуралык бөлүмдөр менен коождордун филиалы түзүлөт, кайра уюштурулат, аты жана аталышы өзү баш ийген мамлекеттик башкаруу органынын макулдугу боюнча өзгөрөт. Кесиптик орто окуу жайынын филиалдары жөнүндө жобо билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-майындагы № 262 токтомунун редакциясына ылайык)
1.8. Коождордо жалпы орто, кесиптик башталгыч, кесиптик кошумча орто билим берүү программалары ишке ашырылышы мүмкүн. Аталган билим берүү программаларын (окууга кабыл алууну, билим жөнүндө документтерди берүү, окугандар менен кызматчыларга укуктук социалдык кепилдиктер менен жеңилдиктерди да кошкондо) ишке ашыруу боюнча коождордун иш-аракеттери билим берүүчү тийиштүү уюмдар жөнүндөгү жоболорго ылайык жүзөгө ашырылат.
1.9. Коождордо илим изилдөө жана конструктордук тажрыйба иштери, ошондой эле инновациялык иш-аракеттердин жүргүзүлүшү мүмкүн. Мындай учурларда кесиптик орто окуу жайынын структурасында тийиштүү бөлүмдөрдүн түзүлүшү мүмкүн.
II. Кесиптик орто окуу жайына кабыл алуу.
2.1. Республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен студенттерди коождорго окууга кабыл алуунун көлөмү жана түзүмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 312 токтомунун редакциясына ылайык)
2.2. Коождорго кабыл алуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-майындагы № 262, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 312 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2.3. Негизги жалпы же жалпы орто билими барлардын коождорго кирүү сыноолорунун жыйнтыктар боюнча конкурстук негизде ишке ашырылат. Конкурсту жүргүзүүнүн тартиби эгерде, Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан башка шарттар эскертилбеген болсо, анда башкаларга салыштырганда жөндөмдүү жана кесиптик орто билим берүүнүн негизги кесиптик билим берүү программаларын өздөштүрүүгө даярдыгы бар кирүүчүлөрдүн кабыл алынышы камсыз болууга тийиш.
2.4. Кирүү сыноолорунун саны, тизмеси, аларды өткөрүүнүн формасы жана баа коюу системасы коожго кабыл алуунун эрежелери менен аныкталат, алардын адистигине, окутуу формасына, кесиптик негизги билим берүүчү программанын, кесиптик орто билим берүүнүн (базалык же жогорулатылган) деңгээли менен билимине жараша айырмаланып, ишке ашырылуучу ар түрдүүлүктүн жана билим берүүнүн базасында (негизги жалпы же жалпы орто) ишке ашырылат.
2.5. Коождун студенттери курамына киргизүү билим жөнүндөгү документтин түп нускасы тапшырылганда гана жүргүзүлөт.
III. Кесиптик орто окуу жайынын билим берүү иш-аракеттери
3.1. Кесиптик орто билим берүүнүн негизги кесиптик билим берүү программалары күндүзгү, күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан жана экстернат окуу формаларында ишке ашырылат. Коождо экстернат катарында окуу жөнүндөгү жобо билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-майындагы № 262 токтомунун редакциясына ылайык)
3.2. Коождордо кесиптик орто билим берүү программалары боюнча окутуунун мөөнөтү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген ченем мөөнөттөрүнө ылайык белгиленет. Өтө зарыл өзгөчө учурларда кесиптик орто билим берүүнүн конкреттүү кесиптик орто билим берүү программалары боюнча окутуунун мөөнөтү окутуунун ченемдик мөөнөттөрүнө салыштыруу боюнча өзгөртүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 312 токтомунун редакциясына ылайык)
3.3 Билим берүү процессин уюштуруу билим берүүнүн мамлекеттик стандарты менен кесиптик орто окуу жайынын болжолдуу окуу планынын негизинде иштелип чыккан жана коож тарабынан өз алдынча бекитилген ар бир адистик жана окутуунун формасы үчүн түзүлгөн окуу планы менен окуу сабактарынын расписаниеси тарабынан жөнгө салынат.
3.4. Коождордо окуу жылы 1-сентябрда башталып, окуу жылы адистик жана окутуу формасынын конкретүү окуу планына ылайык аяктайт. Окуу жылынын жүрүшүндө студенттер үчүн бир окуу жылында жалпы убактысы 10 аптадан кем эмес эки жолу, анын ичинде кыш мезгилинде 2 аптадан кем эмес каникул белгиленет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 11-августундагы № 121, 2022-жылдын 1-августундагы № 425 токтомунун редакциясына ылайык)
3.5. Коождордо төмөнкүдөй: сабак, лекция, практикалык көнүгүү, лабораториялык көнүгүү, текшерүү иштери, консультациялар, өз алдынча иштөө, өндүрүштүк (кесиптик) практикалык, курстук (курстук долбоорлоо), квалификациялык бүтүрүү (дипломдук долбоор) иштерди аткаруу, ошондой эле окуу сабактарынын башка иштери жүргүзүлөт.
Аудитордук сабактардын бардык түрлөрү үчүн 45 мүнөткө созулган академиялык саат белгиленет.
Окутуучулар тарабынан өткөрүлүүчү милдетүү сабактар студенттер үчүн апталык окуу жүгү академиялык 36 сааттан ашпоо керек.
3.6. Бюджеттик каражаттардын эсебинен каржылануучу коождордо күндүз окутуу формасындагы окуу топторундагы студенттердин саны 25-тен, күндүз-сырттан (кечкисин) жана сырттан окуу формасындагы топтордогу студентердин саны - 15-тен кем болбоо керек. Лабораториялык, практикалык сабактарды, дене тарбия ж.б. сабактарды өткөрүү учурунда коож тарабынан өз алдынча аныкталуучу тизме, ошондой зле курстук ишти (курстук долбоорлоо) жана чеберкана-өнөрканаларда (полигондордо, чарбаларда) окутуу учурунда окуу топтору 8-ден кем эмес кишиден турган топточолорго бөлүнүшү мүмкүн. Коождун өзгөчөлүгүнө жараша, сабактар студенттердин аз сандагы топтору же топточолору, атүгүл айрым студенттер менен өзүнчө сабак өткөрүлүшү да мүмкүн.
Окуу топторундагы күндөлүк окуу-тарбия иштерине жетекчиликке кылуу кураторлор (класс жетекчилери) тарабынан ишке ашырылат.
3.7. Адистик коож студенттеринин профиль (технологиялык) боюнча өндүрүштүк (кесиптик) практика менен диплом алдындагы өндүрүштүк (кесиптик) практикалары, эреже катарында, ишканаларда, мекемелерде жана башка уюмдарда коождор менен ошол уюмдардын ортосунда түзүлүүчү келишимдердин негизинде жүргүзүлөт.
Кесиптик орто билим берүүчү уюмдарда өткөрүлүүчү студенттердин кесиптик өндүрүштүк практикасм жөнүндөгү жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-майындагы № 262, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 312 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3.8. Студеттердин курс аралык аттестациясынын баа коюу фомасынын тартиби менен мезгилдүүлүгүн талдоодо коож өз алдынчалыкка ээ.
Студенттердин алып жаткан билимдерин текшерүү жана курс аралык аттестациялары жөнүндөгү жобо коождун өзү тарабынан иштелип чыгат. Күндүз, күндүз-сырттан (кечкисин) окуу жана сырттан окуу формалары боюнча студенттердин курс аралык процессинде өтүп жаткан сыноолордун (экзамендердин) саны окуу жылында 8ден, ал эми эсепке алуунун (зачеттук) саны - 10дон ашпоого тийиш. Бул аталган сандарга дене тарбия жана факультативдик сабактар боюнча сыноолор менен эсепке алуунун (зачеттун) саны кошулбайт.
Аккредитациясы бар коождордун бүтүрүүчүлөрүнүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясы мамлекеттик аттестациялоо комиссиясы тарабынан ишке ашырылат. Кесиптик орто билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын Мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациясынын жобосу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-майындагы № 262, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 312 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3.9. Аккредитациясы бар коож билим берүүнүн тийиштүү программасын толук өлчөмдө өздөштүргөн жана жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациядан өткөн бүтүрүүчүлөргө кесиптик орто билим жөнүндө мамлекеттик үлгүдө диплом берет.
Бүтүрүүчүлөрдүн билими менен билгичтиги "эң жакшы" (5), "жакшы" (4), "канаттандыраарлык" (3), "эсепке алынды" (зачет), (зачтено) деп аныкталат да, кесиптик орто билим жөнүндөгү дипломдун тиркемесинде: көрсөтүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 312 токтомунун редакциясына ылайык)
3.10. Коождон чыгарылган студентке билими жөнүндө документтин түп нускасы жана белгиленген үлгүдөгү академиялык маалымкат финансылык жана материалдык карыздары жоюлгандан, анын ичинде билим берүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда бюджеттик негизде окуу наркынын орду толтурулгандан кийин берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 312 токтомунун редакциясына ылайык)
3.11. Кесиптик орто билим жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документтердин формасы, ошондой эле аларды толтуруунун жана берүүнүн тартиби билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-майындагы № 262 токтомунун редакциясына ылайык)
3.12. Коожго өтүүдө көрсөтүлүп берилген билим жөнүндөгү документтер коожду бүтүргөндөргө же бүтпөстөн коождон чыгып кеткендерге арыздары боюнча алардын өздүк иш кагаздарынан алынып берилет. Мындай учурда, ал өздүк иш кагазда билим жөнүндөгү документтин мөөр менен бекемделген көчүрмөсү калат.
IV. Кесиптик орто окуу жайын башкаруу
4.1. Коожду башкаруу иштери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына анын уставына ылайык педагогикалык тутумдун, көмөк көрсөтүүчү кеңештин жана каржылоо комитетинин катышуу принциптеринин негизинде алып иш-аракеттеринин маалилүү принциптерин чечүү (окуу процессин уюштуруу, билим берүүнүн сапаты жана мазмуну, окуу процессин методикалык жактан камсыз кылуу ж.б.) менен ишке ашырылат.
4.2. Коождун уставы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитилет жана катталат. Устав коождун иш-аракетинин максаты менен милдеттерин, анын структурасын, башкаруунун формасы менен уюштуруусун, кадрлар менен комплекттөөсүн жана эмгек акынын төлөнүшүнүн тартибин, даярдоо адистекрин, окуу процессин уюштуруусун жана башкаруусун, чарбалык-каржыллоо иштерин, төлөмдүү билим тейлөөлөрүнүн бар экендигин жана анын тартибин, кызматчылар менен студенттердин укуктары менен милдеттерин, ички көзөмөл менен ички тартиптии ченемдери жана эрежелеринин механизмдерин тастыктайт.
4.3. Коождо шайлоо жолу өкүлдүктөрдүн органы - коождун кеңеши (мындан ары - кеңеш) түзүлөт.
Кеңештин тутумуна коождун директору, кызматчылары менен окуп жаткандардын, ошондой эле кызыкчылыктары бар ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын өкүлдөрү кирет. Анын төрагасы - директор болуп эсептелет. Кеңештин мүчөлөрү жамааттын жалпы чогулушу (конференция) тарабынан шайланышат. Кеңештин полномочиелеринин мөөнөтү 3 жылдан ашык болууга мүмкүн эмес. Кеңешти мөөнөтүнөн мурда шайлоо анын теңинен көп мүчөлөрү, ошондой эле коождун уставы тарабынан каралган талаптар боюнча жүргүзүлөт.
Коождо өз алдынча башкаруунун: педагогикалык жана методикалык, камкордук кылуучу кеңештер ж.б.у.с. башка органдардын түзүлүшү мүмкүн.
Коождун филиалында анын уставына ылайык шайлануучу өкүлдүк орган-филиалдын кеңеши түзүлүшү мүмкүн.
Өз алдынча башкаруу органдарынын шайлоолорунун тартиби, иш-аракеттери менен полномочиелери коождун уставына ылайык аныкталат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 312 токтомунун редакциясына ылайык)
4.4. Коожго түздөн-түз жетекчиликти Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте уюштуруучу тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана бошотулуучу директор жүзөгө ашырат. Директор кеңештин төрагасы болуп саналат.
Коождун директору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана окуу жайынын уставына ылайык коождун атынан аракеттенет, бардык уюмдарда анын атынан келишимдерди, анын ичинде эмгек келишимдерин (контракттарды) түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда эсеп-кысаптарды ачат, өзүнүн компетенциясынын чегинде буйруктарды чыгарып, бардык кызматчылар менен окуп жаткандарга көрсөтмө берет.
Директордук кызматтан башка аны төлөмдүү жетекчилик кызматта (илимий жана илимий-методикалык жетекчиликтен башкаларында), коождун өзүндө же андан тышкаркы жерде иштөө уруксат берилбейт.
Директор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматчыларды кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот, кызматчылардын кызмат милдеттерин аныктайт.
Кеңеш менен директордун ортосундагы полномочиелерди чектөө коождун уставы тарабынан аныкталат.
Коождун директору кызмат ордуна беш жылдык мөөнөткө дайындалат. Бир эле адам бир эле коождо он жылдан ашык директордун ишин жүзөгө ашыра албайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 312 токтомунун редакциясына ылайык)
4.5. Мамлекеттик коож Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан түзүлөт, кайра уюштурулат жана жоюлат. Мамлекеттик эмес коож уюштуруучу тарабынан түзүлөт, кайра уюштурулат жана жоюлат. Коож аккредитациянын жыйынтыктары боюнча да белгиленген тартипте кайра уюштурулат жана жоюлат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 312 токтомунун редакциясына ылайык)
V. Кесиптик орто окуу жайында окуп жаткандар
5.1. Коождо окуп жаткандарга студенттер (курсанттар) жана окуп жаткандардын башка категориялары кирет.
Негизги билим берүүчү программалар боюнча окуу үчүн директордун буйругу менен кабыл алынган адам коождун студенти (курсанты) (мындан ары - студент) болуп зсептелет.
Даярдоо курстарында же кесиптик кошумча программа боюнча билим алуу үчүн директордун буйругу менен кабыл алынган адам коождун угуучусу (мындан ары - угуучу) болуп эсептелет.
Билим алуу жаатында тейленип жаткан угуучунун укуктук абалы окутуунун, ошондой эле формасындагы студенттин беделине (статусуна) барабар болот.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 312 токтомунун редакциясына ылайык)
5.2. Коождо окуп жаткандардын укуктары менен милдеттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана коождун уставы тарабынан аныкталат.
5.3. Студенттерге белгиленген үлгүдө студенттик билет берилет.
5.4. Окуусу менен иштеген иштерин студенттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык айкалыштырышат.
5.5. Студенттер:
- коождун иш-аракеттерин, анын ичинде өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар аркылуу талкуулоого жана чечим кабыл алууга катышууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте коождун администрациясынын буйруктары менен өкүм кагаздарына доомат коюуга;
- китепканалардан, маалымат ресурстарынан, окуу, социалдык-тиричилик, дарылануу окуу жайынын уставы тарабынан белгиленген ж.б. тартипте коождун бөлүмдөрүнүн кызматынан акысыз пайдаланууга укуктуу.
5.6. Бюджеттик каражаттын эсебинен окутуунун күндүзгү формасында окуган студенттер белгиленген тартипте стипендия менен камсыз кылынат.
Студенттер жеке адамдар же юридикалык тараптар төлөөчү ж.б. стипендияларды алууга укуктуу.
5.7. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коож өзүнүн бюджеттик жана бюджеттен тышкаркы каражаттардын чегинде өз алдынча студенттерди социалдык жактан колдоонун иш-чараларын, алардын ичинде студенттердин материалдык абалын жана алардын академиялык ийгиликтерин эске алуу менен башка пособиелер менен жеңилдиктерди иштеп чыгып, аларды жүзөгө ашырат.
Билим берүү программаларын өздөштүргөндүгү, тажрыйбалык-конструктодук иштерде жетишкен ийгиликтери үчүн студенттерге моралдык жана материалдык ар кандай көмөктөрдүн формалары белгиленет.
5.8. Жатаканага муктаж студенттер тиешелүү турак-жай фондунун шарттарына ылайык жатаканадан орун менен камсыз кылынат.
5.9. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте медициналык көрсөтмөлөр боюнча жана башка өзгөчө кырдаал шарттарда студентке академиялык отпуск берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-майындагы № 262, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 312 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5.10. Коождон чыгарылгандарды, ошондой эле мурда башка коождо окуп, андан окуу мөөнөтү бүтө электе чыгарылгандарды окуусун улантуу үчүн кайра кабыл алуунун тартиби менен шарттары коождун уставы тарабынан аныкталат.
5.11. Студенттерди бир коождон экинчи коожго же жогорку окуу жайынан коожго которуу Министрлер Кабинети белгиленген тартипте ишке ашырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-майындагы № 262, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 312 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5.12. Белгиленген мөөнөткө адистиги боюнча окуу программасын жана өз милдеттерин себепсиз аткарбай калгандыгы үчүн коождун уставы тарабынан каралган ички тартип-талаптарды бузгандыгы үчүн студентке коождон чыгарууга чейинки тартип жазалары колдонулат. Студеттердин оорулуу, каникул, академиялык отпуск же кош бойлуу же төрөт мезгилдеринде администрациянын демилгеси менен студенттерди чыгарууга жол берилбейт. Студенттерди окуудан чыгаруунун тартиби коождун уставы тарабынан аныкталат.
VI. Кесиптик орто окуу жайларынын кызматкерлери
6.1. Коождун кызматчыларынын анын жетекчиси жана педагогикалык кызматкерлери менен окутуунун кошумча (көмөкчү ж.б. персоналдары кирет).
6.2. Коождун кызматчылары:
а) өздөрүнүн кадыр-баркы менен сыймыгын коргоого;
б) окуу жайдын уставы тарабынан аныкталуучу тартипте коожду башкаруу ишине катышууга;
в) кеңешти шайлоого жана башка шайлоо органдарына шайланууга коождун иш-аракет маселелерин, анын ичинде өз алдынча башкаруу органдары менен коомдук уюмдарга, талкууларга жана чечим кабыл алууга катышууга;
г) коождун администрациясынын буйруктарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте доомат коюуга;
д) өзүнүн кесиптпк иш-аракеттерине зарыл болгон уюштуруучулук, окуу-методикалык жана материалдык камсыздоолорду алууга, китепканалардан, маалымат ресурстарынан окутуунун, окуу-методикалык, социалдык-тиричилик, дарылоо жана башка бөлүмдөрдөн, коождун уставына же (жана) жамаатчылыктын келишимдерине ылайык тейлөө кызматтарынан акысыз пайдаланууга укуктуу.
Педагогикалык кызматкерлер билим берүү процесстеринин жогорку сапатын камсыз кылуучу окутуунун ыкмасы менен каражаттарын тандап алууга укуктуу.
Окуп жаткандарды күч жана психикалык кысымга алууга байланышкан тарбиянын антипедагогикалык ыкмаларын пайдаланууга, ошондой эле окуп жаткандардын ден-соолугуна жана өмүрүнө коркунуч келтирүүчү антигумандуулук ыкмаларга жол берилбейт.
6.3. Коождун кызматчылары коождун уставы менен ички тартиптерин, кесиптик этиканы бекем сактоого, аларга жүктөлгөн функционалдык милдеттерди сапаттуу аткарууга милдеттүү.
Педагогикалык кызматкерлер билим берүү процессинин жогорку натыйжалуулугун камсыз кылып, өзүнүн квалификациясын жогорулатуунун үстүндө ар дайым иштөөгө милдеттүү.
6.4. Кызматчылардын квалификациясын жогорулатуу максатында коождун жетекчилик зарыл шарттарды түзөт. Кызматчылардын квалификациясын жогорулатуу маселеси коождун бюджеттик жана бюджеттен тышкаркы каражатынын эсебинен ишке ашырылат. Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясынын жогорулатуу ар бир беш жылда бирден кем эмес мөөнөттө кесиптик кошумча билим берүү мекемелеринде, жогорку окуу жайларында, илимий, илимий-методикалык ж.б. мекемелер менен уюмдарда стажировкалоо, диссертацияларды даярдоо жана жактоо ыкмасында жана башка реформада өткөрүлөт.
6.5. Коождун жетекчи жана педагогикалык кызматчылары билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте аттестациядан өтүшөт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-майындагы № 262 токтомунун редакциясына ылайык)
6.6. Окутуу, методикалык, илимий жана тарбия берүүчү иштерде жетишкен ийгиликтери жана башка уставдык иш-аракеттери үчүн ал кызматчыларга ар түрдүү моралдык жана материалдык сыйлыктар белгиленет.
6.7. Коождун окуучулары менен кызматчыларынын санын кыскартууга байланышкан администрациянын демилгеси боюнча кызматтан бошотуу иштерине окуу жылы аяктагандан кийин гана жол берилет.
VII. Кесиптик орто окуу жайларын каржылоо
7.1. Коожго мүлктүн ээси (аларга ыйгарым укук берилген орган) имаратты, курулушту, жабдууларды, ошондой эле башка керек-жарак, социалдык, маданий ж.б. керектөөлөргө багытталган мүлктөдү имараттарды оперативдүү башкарууга бекитип берет.
7.2. Коожго жер үлүштөрү мөөнөтсүз жана акысыз пайдаланууга бекитилип берилет.
7.3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана коождун уставына ылайык ижарага берүүчү (арендачы) же (жана) ижарачы алуучу катарында чыгууга укуктуу.
7.4. Мүлк топтоонун жана коождун иш-аракети каржылоонун булактары болуп:
а) билим берүү программаларын ишке ашырууну камсыз кылуу, анын материалдык-техникалык базасын колдоо жана өнүктүрүү максатында бөлүнүүчү ар кандай деңгээлдеги бюджеттик каражаттар;
б) уюштуруучунун материалдык жана акчалай мүчөлүк акылары;
в) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган төлөмдүү билим берүүдөн, ишкердиктен ж.б. иштерден түшкөн акча каражаттары;
г) юридикалык тараптардан жана жеке адамдардан ыктыярдуу кайрымдуулук жана максаттуу мүчөлүк акылар, алардын ичинде чет өлкөлүк ж.б. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түшкөн акча каражаттары анын негизги булактары болуп зсептелет.
7.5. Жалпы негизги жана кесиптик билим берүү программаларын ишке ашырууга байланышкан кесиптик башталгыч билим берүү, кесиптик орто билим берүү, кесиптик кошумча билим берүү программаларын ишке ашыруу ошол тийиштүү билим берүүчү уюмдар үчүн каралган акча каражаттар коождордун иш-аракеттерин каржылоону ишке атырат.
7.6. Коождор тарабынан кошумча каражатарды тартуу маселеси анын өзүнө тийиштүү бюджеттен каржылоонун ченемдик азайышына же анын абсолюттук өлчөмүнө тескери таасирин тийгизбейт.
7.7. Төлөмдүү билим алуу кызматтарынын акы төлөө өлчөмү бекитилген чыгым сметасы менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет.
7.8. Өзүнүн уставы тарабынан каралган жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, коож ишкердик иш-аракеттерди жүргүзүүгө укуктуу.
7.9. Келишимдерди түзүүгө жана жагдайлар менен башка да шарттарды аныктап-тактоого байланышкан, бирок Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен коождун уставына карама-каршы келбеген маселелерди коож өз алдынча чечет.
7.10. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары белгиленген тартипте коож айлык акынын түрлөрү менен кошумча акы, үстөк жана башка төлөмдөрдүн өлчөмүн аныктап, каражаттын чегинде кызматчыларды стимулдаштырууга өбөлгө түзөт.
VIII. Кесиптик орто окуу жайынын эл аралык жана тышкы экономикалык иш-аракеттери
Кыргыз Республикасынын эл аралык келшимдерине ылайык билим, илим жана башка да иш-аракеттер жаатында эл аралык кызматташтыкты ишке ашырууга укуктуу.
Коождордун эл аралык кызматташтыгы эл аралык келишимдердин билим берүүнү башкаруунун мамлекеттик органдарынын жана чет өлкөлүк тийиштүү билим берүү органдарынын ортосундагы келишимдердин, ошондой эле коождордун чет өлкөлүк билим берүүчү мекемелери, чет өлкөлүк жеке адамдар менен юридикалык тараптардын ортосунда түзүлгөн келишимдердин негизинде ишке ашырылат.
8.2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коож тышкы экономикалык иш-аракеттерди ишке ашырууга укуктуу.