Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 16-сентябры № 172
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 242 "Шайлоо жана референдумду өткөрүү мезгилине Кыргыз Республикасынын аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын төрагаларына, катчыларына, мүчөлөрүнө сый акынын өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Шайлоо жана референдумду өткөрүү мезгилинде шайлоо комиссияларынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 5 жана 6-бөлүктөрүнө, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 242 "Шайлоо жана референдумду өткөрүү мезгилине Кыргыз Республикасынын аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын төрагаларына, катчыларына, мүчөлөрүнө сый акынын өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) токтомдун аталышы "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин «округдук,» деген сөз менен толукталсын;
2) 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Сый акынын өлчөмү төмөнкүдөй белгиленсин:
- шайлоо жана референдумду өткөрүү мезгилине аймактык, участкалык шайлоо комиссияларынын төрагаларына, катчыларына, мүчөлөрүнө жана ишке тартылган операторлорго 1-тиркемеге ылайык;
- округдук шайлоо комиссияларынын төрагаларына, катчыларына, мүчөлөрүнө 2-тиркемеге ылайык.";
3) токтомдун тиркемеси бул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
4) бул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда 2-тиркеме менен толукталсын.
2. Бул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар шайлоо комиссияларынын ишинин мөөнөтүн оптималдаштыруунун натыйжасында бошотулган каражаттардын эсебинен ишке ашырылары белгиленсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | У. А. Марипов |
|
| 1-тиркеме |
|
|
Шайлоо жана референдумду өткөрүү мезгилине аймактык, участкалык шайлоо комиссияларынын төрагаларына, катчыларына, мүчөлөрүнө жана ишке тартылган операторлорго сый акынын ӨЛЧӨМДӨРҮ
№ | Аталышы | Сый акынын өлчөмү (сом менен) | Төлөө мөөнөтү |
1 | Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы | 5000 | Ай сайын |
2 | Аймактык шайлоо комиссиясынын катчысы | 4000 | Ай сайын |
3 | Аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү | 3000 | Ай сайын |
4 | Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы | 4000 | Ай сайын |
5 | Участкалык шайлоо комиссиясынын катчысы | 3500 | Ай сайын |
6 | Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү | 2000 | Ай сайын |
7 | Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү (автоматтык эсептөөчү урналардын оператору) | 3000 | Ай сайын |
8 | Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү (шайлоо жана референдумду өткөрүү мезгилинде жарандарды идентификациялоо боюнча жабдуулардын оператору) | 3000 | Ай сайын |
9 | Шайлоо жана референдумду өткөрүү мезгилине жарандарды идентификациялоо боюнча техникалык кызмат көрсөтүүлөрдү камсыз кылуучу, ишке тартылган операторлор (участкалык шайлоо комиссиясы үчүн) | 3000 | Иштөө мезгилинде |
».
|
| 2-тиркеме |
|
|
Округдук шайлоо комиссияларынын төрагаларына, катчыларына, мүчөлөрүнө сый акынын ӨЛЧӨМДӨРҮ
№ | Аталышы | Сый акынын өлчөмү (сом менен) | Төлөө мөөнөтү |
1 | Округдук шайлоо комиссиясынын төрагасы | 7000 | Ай сайын |
2 | Округдук шайлоо комиссиясынын катчысы | 5000 | Ай сайын |
3 | Округдук шайлоо комиссиясынын мүчөсү | 4000 | Ай сайын |
».