Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 178 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 27-сентябры № 186
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Салыктык башкарууну өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кошумча наркка салыктын суммасы ашып кеткенин изилдөө, ордун толтуруу жана бюджеттен кайтарып берүү тартиби жөнүндө жободо:
- 1-пунктунун бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 27-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"27. Ушул Жобонун 1-пунктунун 3-пунктчасына ылайык КНСтин ашып кетүү суммасынын ордун толтурууда салык салынуучу субъект ички керектөө үчүн чыгаруунун бажылык жол-жобосуна жайгаштыруу шартында Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан алынуучу импортко КНС төлөө боюнча милдеттенмелер пайда болгон товарларды Кыргыз Республикасындагы Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташып келүү фактысы жөнүндө ушул Жобонун № 1 тиркемесине ылайык бажылык тариздөө жүргүзүүчү бажы органынын белгиленген үлгүдөгү маалымкатын салык органына берүүгө милдеттүү.
Маалымкат Кыргыз Республикасындагы Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына товарлардын жана транспорт каражаттарынын иш жүзүндө келип түшүшүндө, аларга товар коштоочу документтер болгондо жана ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан алынуучу импортко КНС төлөө боюнча милдеттенме келип чыкканда № 11 тиркемеге ылайык салык салынуучу субъект бажы органына арыз берген учурдан тартып 2 календардык күндөн кечиктирбей берилет.
Орду толтурулган КНСтин ашып кетүү суммасынын колдонулушун контролдоо ички керектөө үчүн чыгаруунун бажылык жол-жобосуна жайгаштыруу шартында Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан алынуучу импортко КНС төлөө боюнча милдеттенмелер пайда болгон товарларды Кыргыз Республикасындагы Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташып келүү фактысы жөнүндө маалымкат берген бажы органы тарабынан жүргүзүлөт.
Орду толтурулган КНСтин ашып кетүү суммасы берилген маалымкатта көрсөтүлгөн ташып келинген товарларга карата гана колдонулат.";
- 30-пунктунун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- импортко КНС төлөөнүн эсебине КНСтин ашып кетүү суммасынын ордун толтурууда - ички керектөө үчүн чыгаруунун бажылык жол-жобосуна жайгаштыруу шартында импортко КНС төлөө боюнча милдеттенмелер пайда болгон товарларды Кыргыз Республикасындагы Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташып келүү фактысы жөнүндө бажылык тариздөө жүргүзүүчү бажы органынын маалымкатынын түп нускасын;";
- № 1 тиркеме ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- бул токтомдун 2-тиркемесине ылайык № 11 тиркеме менен толукталсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага | У.А. Марипов |
1-тиркеме |
|
|
Маалымкат
20__-жылдын "__" ____________ № ______
Ушул маалымкат ______________________________________________________________ (салык төлөөчүнүн толук аталышы, ИСН) берилди жана салык төлөөчүнүн арызында көрсөтүлгөн маалыматтардын негизиндеги өлчөмдө (төлөөгө тийиш болгон КНСтин суммасы)* КНС төлөө боюнча милдеттенме пайда болгон ______________________________________________________________________ (салык төлөөчүнүн толук аталышы, ИСН) товарларды __________________________________________________________________ (транспорттук документтин номери, инвойс/эсеп-фактура номери, товардын аталышы, ТЭИ ТН коду, саны) Кыргыз Республикасындагы Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташып келүү фактысын ырастайт. Жогоруда аталган товарлар 20___-жылдын "___" _______________ № ________ убактылуу сактоо документине ылайык 20___-жылдын "___" ___________ тартып _________________ _______________________________________ убактылуу сактоого жайгаштырылды. (убактылуу сактоо кампасынын дареги) Маалымкат ________________________________________________ району боюнча салык органына берүү үчүн берилди жана _________________________ күндүн ичинде жарактуу. (*) Маалымкат берилген күнгө карата валюта курсу жана бирдиктүү бажы тарифинин ставкасы боюнча эсептелген импортко КНСтин суммасы.
Бажы органынын М.О.". |
| |||||||
|
|
| ||||||
|
| 2-тиркеме |
|
|
Кыргыз Республикасындагы Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына товарларды ташып келүү фактысын ырастаган маалымкатты алууга АРЫЗ
___________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________
(аталышы, ИСН, ОКПО, уюмдун дареги же аты-жөнү, жеке жактын дареги)
Төмөндө көрсөтүлгөн товар коштоочу документтерге ылайык салык органына берүүгө жана андан ары бюджеттен КНСтин ашып кетүү суммасынын ордун толтурууга ички керектөө үчүн чыгаруунун бажылык жол-жобосуна жайгаштыруу шартында импортко КНС төлөө боюнча милдеттенмелер пайда болгон товарларды Кыргыз Республикасындагы Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташып келүү фактысы жөнүндө маалымкат берүүнү суранам:
____________________________________________________________________________________
____________________________________________________________________________________
(транспорттук документтин номери, инвойс/эсеп-фактура номери, товардын аталышы, ТЭИ ТН коду жана саны)
Аталган товарды _____________________________________________________________________ (салык төлөөчүнүн толук аталышы, ИСН)
ички керектөө үчүн чыгаруу жол-жобосуна жайгаштырууга милдеттенет.
_______________________________________ |
|
|
(Жетекчинин кызмат орду) | (колу) | (аты-жөнү) |
20___-жылдын "___" _________________
М.О.".