Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 28-сентябры № 189
2021-жылдын 28-июнунда Ашхабад шаарында кол коюлган, 2000-жылдын 6-мартындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркмөнстан Өкмөтүнүн ортосунда граждандардын өз ара барып-келүүлөрү тууралуу макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2021-жылдын 28-июнунда Ашхабад шаарында кол коюлган, 2000-жылдын 6-мартындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркмөнстан Өкмөтүнүн ортосунда граждандардын өз ара барып-келүүлөрү тууралуу макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө тиркелген протокол бекитилсин (мындан ары - Протокол).
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги түркмөн тарапка жогоруда аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | У.А. Марипов |