Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-сентябрындагы № 189 токтому менен бекитилген)
2000-жылдын 6-мартындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркмонистандын Өкмөтүнүн ортосунда граждандардын өз ара барып-келүүлөрү тууралуу макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
ПРОТОКОЛ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Түркмөнстандын Өкмөтү, мындан ары Тараптар деп аталып.
2000-жылдын 6-мартындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркмөнстандын Өкмөтүнүн ортосунда граждандардын өз ара барын-келүүлөрү тууралуу макулдашуунун (мындан ары -- Макулдашуу) 18-беренесине ылайык,
төмөндөгүлөр тууралуу макулдашты:
1 -берене
Макулдашуунун 2-беренеси төмөнкүдөй редакция да баяндалсын:
“Ушул Макулдашууга ылайык чет элге баруу үчүн жарактуу документтер болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1. Кыргыз Республикасынын граждандары үчүн:
- Кыргыз Республикасынын дипломаттык паспорту:
- Кыргыз Республикасынын кызматтык паспорту:
- Кыргыз Республикасынын гражданынын жалпы граждандык паспорту;
- аба кемесинин экипаж мүчөсүнүн учуу күбөлүгү (экипаждын курамында болгон убакта);
- Кыргыз Республикасына кайтып келүү күбөлүгү (Кыргыз Республикасына кайтып келүү үчүн гана).
2. Түркмөнстандын граждандары үчүн:
- Туркмөнстан гражданынын дипломаттык паспорту:
- Туркмөнстан гражданынын кызматтык паспорту :
- Туркмөнстандан чыгуу жапа Туркмөнстанга кирүү үчүн Түркмөнстандын гражданынын паспорту;
- жарандык аба кемесинин экипаж мүчөсүнүн күбөлүгү (экипаждын курамында болгон убакта);
- Туркмөнстандын морягынын паспорту:
- Туркмөнстанга кайтып келүү күбөлүгү (Туркмөнстанга кайтып келүү үчүн гана).”.
2 берене
Ушул Протокол Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Тараптар аткаргандыгы жөнүндө билдирүүлөр менен алмашкан күндөн тартып күчүнө кирет жана Макулдашуунун колдонуу мөөнөтүнүн ичинде колдонулат.
2021-жылдын, 28-июнунда Ашхабад шаарында, эки түп нускада ар бири кыргыз, түркмөн жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Ушул Протоколдун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда, Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылышат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн |
| Түркмөнстандын Өкмөтү үчүн |
_________________________________ |
| _________________________________ |