Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 182 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 15-ноябры № 425-б
Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо кеңешинин курамын оптималдаштыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып:
1. Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо кеңеши төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы Мамлекеттик байланыш агенттигинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын жеңил өнөр жай ишканаларынын «Жеңил өнөр жай» ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча);
«Бишкек Стандарт» жоопкерчилиги чектелген коомунун продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү сертификациялоо боюнча органынын жетекчиси (макулдашуу боюнча);
«Газпром нефть Азия» жоопкерчилиги чектелген коомунун сапатты контролдоо жана метрология бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча);
«ДНК-Технологиялар-Манас» лабораториясы жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин «Профилактикалык медицина» илимий-өндүрүштүк бирикмесинин жетекчиси (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунун сыноо, сертификациялоо жана метрология боюнча Бишкек борборунун жетекчиси (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясын автоматташтыруу жана маалыматтык технологиялар институтун метрология жана стандартташтыруу бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
Бишкек шаардык «Манас» керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо коомунун төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Кыргыз аккредитациялоо борборунун жетекчиси.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 21-февралындагы № 61-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Ушул буйрук 2020-жылдын 22-февралынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |