Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2021-жылдын 15-ноябрындагы № 258

токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

 

 

7-тиркеме

 

 

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтомуна)

Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Аймактык өнүгүү мамлекеттик агенттиги жөнүндө ЖОБО

1-глава. Жалпы жоболор

1. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Аймактык өнүгүү мамлекеттик агенттиги (мындан ары - Агенттик) аймактык өнүгүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин ведомстволук бөлүмү болуп саналат.

2. Агенттик этностор аралык мамилелер чөйрөсүндөгү укуктарды жана милдеттерди кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин укук улантуучусу болуп саналат.

3. Агенттик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин (мындан ары - Министрлик) чечимдерин жана ушул Жобону жетекчиликке алат.

4. Агенттик юридикалык жак болуп саналат, анын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин казыналык системасында жана банк-агенттерде алыш-бериш жана башка эсептери, ошондой эле тийиштүү мөөрлөрү, штамптары жана бланктары бар.

5. Агенттиктин расмий аталышы:

- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Аймактык өнүгүү мамлекеттик агенттиги" мамлекеттик мекемеси.

- расмий тилде: "Государственное агентство регионального развития при Министерстве сельского, водного хозяйства и развития регионов Кыргызской Республики".

Кыскартылган аталышы:

- мамлекеттик тилде: "АӨМА";

- расмий тилде: "ГАРР".

Агенттиктин юридикалык дареги: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Киев көчөсү, 96 "Б".

6. Агенттик өз ишин Министрликтин жетекчилигинде жүзөгө ашырат, өз компетенциясынын чектеринде мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик, коомдук, илимий уюмдар жана башка юридикалык жана жеке жактар менен өз ара аракетте иштейт.

7. Ушул Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жүзөгө ашырылат.

2-глава. Агенттиктин максаты

8. Агенттиктин максаты болуп аймактарды жана жергиликтүү өз алдынча башкарууларды туруктуу өнүктүрүү боюнча чараларды ишке ашыруу эсептелет.

3-глава. Агенттиктин милдеттери

9. Агенттиктин милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:

- аймактарды жана жергиликтүү өз алдынча башкарууларды өнүктүрүүнүн бирдиктүү мамлекеттик саясатын иштеп чыгууга катышуу жана аны ишке ашыруу;

- аймактардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;

- жергиликтүү жамааттардын потенциалын күчтөндүрүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муктаждыктарына мониторинг жүргүзүү;

- аймактарды өнүктүрүү программаларын жана долбоорлорун жүзөгө ашыруу боюнча ишти уюштуруу.

4-глава. Агенттиктин функциялары

10. Агенттик төмөнкүдөй функцияларды ишке ашырат:

1) тармактык саясат функциялары:

- аймактык өнүгүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышат;

- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын бөлүү боюнча Министрликке сунуштарды киргизет;

- аймактык өнүгүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу, анын ичинде жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын жана тескемелеринин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорунун жана тескемелеринин талаптарынын жана берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аткарылышына мониторинг жүргүзөт;

- аймактык өнүгүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясаттын негизги багыттары боюнча программаларды жана долбоорлорду иштеп чыгууга катышат жана иш-чараларды жүзөгө ашырат;

- жергиликтүү жамааттардын экономикалык жана финансылык өз алдынчалыгына жетишүүгө багытталган мамлекеттик, муниципалдык жана башка ресурстарды натыйжалуу пайдалануу боюнча сунуштарды иштеп чыгат;

- Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшү боюнча Министрликке сунуштарды киргизет жана аларды ишке ашырууга катышат;

- Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарын өнүктүрүү жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашырат;

- аймактарды өнүктүрүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча аналитикалык маалыматты даярдоо үчүн материалдарды чогултат;

2) координациялоо жана мониторинг жүргүзүү функциялары:

- аймактарды өнүктүрүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча мамлекеттик программалардын аткарылышына мониторинг жана талдоо жүргүзөт;

- аймактык өнүгүүнүн пландоо процессине катышат;

- муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрин өркүндөтүү жана реестрге кирген кызматтарды стандартташтыруу боюнча сунуштарды Министрликке киргизет;

- аймактарды жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү максатында мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жарандык коом жана коммерциялык эмес уюмдар, эл аралык уюмдар, жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара аракеттенет;

- мамлекеттик органдардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара мамилелерине мониторинг жана талдоо жүргүзөт, алардын өз ара аракеттенүүсүнө жана биргелешип иштөөсүнө көмөк көрсөтөт;

3) колдоо функциялары:

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына уюштуруучулук, усулдук жана консультациялык, анын ичинде жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жана жергиликтүү жамааттардын жоопкерчилигин жогорулатууга көмөк көрсөтөт;

- саясий муниципалдык кызматтарды ээлеген адамдарга класстык чендерди ыйгаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилген функцияларды жүзөгө ашырат;

- аймактык өнүгүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча алдыңкы тажрыйбаны изилдөө, жалпылоо жана жайылтуу боюнча иштерди жүргүзөт;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айыл аймактарынын жана шаарлардын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтөт;

аймактык өнүгүү жана жергиликтүү жамааттар үчүн инвестицияларды, техникалык жана гранттык жардамдарды тартууга катышат;

- мамлекеттик менчикти муниципалдык менчикке өткөрүп берүү боюнча иштерге катышат;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин негизги багыттары боюнча маалымат базасын түзөт жана алып барат, "Санарип аймак" автоматташтырылган системасы аркылуу мамлекеттик органдарга жана башка юридикалык жана жеке жактарга маалыматтарды берет;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына алардын ишмердүүлүгүн санариптештирүүгө көмөк көрсөтөт жана аймактык өнүгүүдө санарип технологияларын колдонууну өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизет;

- жарандардын даттанууларын жана кайрылууларын чечүү маселелери боюнча мыйзамдарда белгиленген тартипте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана алардын кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттери жөнүндө жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн даттанууларын жана кайрылууларын карайт, алардын жыйынтыгы боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына сунуштарды жана рекомендацияларды берет;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен мамлекеттик башкаруу органдарынын ортосунда, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү жана аткаруу органдарынын ортосунда пайда болгон талаш жагдайларды карайт;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү жана аткаруу органдарынын кадрларынын, анын ичинде саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын квалификациясын жогорулатуу боюнча кызыкдар тараптар менен бирдикте иш чараларды жүзөгө ашырат;

- жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууну ишке ашырууга укуктарын камсыз кылуу жана коргоо боюнча чараларды көрөт.

5-глава. Агенттиктин укуктары

11. Агенттик төмөнкүлөргө укуктуу:

- өзүнүн компетенциясынын чегинде ведомстволук актыларды кабыл алууга;

- өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча эксперттик, кеңеш берүүчү жана башка органдарды түзүүгө;

- өз ишмердүүлүгүнүн чөйрөсүндө мыйзамда тыюу салынбаган каражаттардын эсебинен келишимдик негизде жогорку квалификациялуу адистерди (анын ичинде чет өлкөлүк адистерди да) ишке тартууга;

- аймактарды жана жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүү үчүн инвестицияларды, техникалык жана гранттык жардамдарды тартуу үчүн чет өлкөлүк мамлекеттик органдар жана эл аралык уюмдар менен кызматташууга, Министрликтин макулдугу боюнча белгиленген тартипте эл аралык келишимдерди түзүүгө;

- мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга;

- мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан ишканалардан, уюмдардан жана мекемелерден Агенттиктин иши үчүн зарыл болгон маалыматтарды суроого жана алууга;

- өзүнүн компетенциясынын чегинде кеңешмелерди, семинарларды, конференцияларды (анын ичинде эл аралык), сынактарды уюштурууга жана өткөрүүгө;

- белгиленген тартипте Агенттиктин ведомстволук сыйлыктарын уюштурууга, мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого көрсөтүүгө өтүнүч жолдоого;

- өз компетенциясынын алкагында басма ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө;

- ченемдик укуктук актыларда каралган башка укуктарды жүзөгө ашырууга.

6-глава. Агенттиктин ишин уюштуруу

12. Агенттикти Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин (мындан ары - министр) сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы кызматка дайындоочу жана кызматтан бошотуучу директор жетектейт.

13. Агенттикте директордун эки орун басарынын кызмат орду каралат.

Директордун орун басарлары министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулушат, директорго түздөн-түз баш иет жана аларга жүктөлгөн милдеттеринин чегинде Агенттиктин ишин уюштурушат.

14. Директор:

- Агенттиктин ишине жалпы жетекчилик кылат жана Агенттикке жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;

- директордун орун басарларынын ортосунда иш милдеттеди бөлүштүрөт;

- бекитилген ченемдердин чегинде Агенттиктин аппаратынын түзүмүн, штаттык расписаниесин жана чыгымдар сметасын министрге бекитүүгө киргизет;

- Агенттиктин аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитет;

- мамлекеттик жарандык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамда жана эмгек мыйзамдарында белгиленген тартипте кызматкерлерди кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот, алар тарабынан эмгек тартибинин сакталышын көзөмөлдөйт, аларга сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот;

- министрдин макулдугу менен Агенттиктин кызматкерлерине белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, ардак наамдарын ыйгаруу жана Кыргыз Республикасына өзгөчө эмгек сиңиргендиги үчүн пенсияны аныктоо боюнча сунуш киргизет, ведомстволук сыйлыктар менен сыйлайт;

- ченемдик укуктук актыларда аныкталган тартипте Агенттиктин кызматкерлеринин кызматтык маянасына үстөктөрдү белгилейт;

- Агенттиктин кызматкерлеринин профсоюздук уюму менен жамааттык келишимди түзөт жана эмгек шарттарын андан ары жакшыртуу чараларды көрөт;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ишканалары жана уюмдары, чет өлкөлөрдүн мамлекеттик органдары жана эл аралык уюмдар менен мамилелерде өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде Агенттиктин атынан чыгат, сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт;

- Агенттиктин иши жөнүндө буйруктарды чыгарат;

- бюджет жана бухгалтердик эсеп чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген чектерде Агенттиктин финансылык каражаттарын жана мүлкүн башкарат, бүтүмдөрдү түзөт;

- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына, министрдин чечимдерине ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.

15. Директордун орун басарлары директор тарабынан аныкталып, анын карамагына берилген маселелер боюнча чечимдерди өз алдынча кабыл алышат, иштин кураторлук кылган багыты боюнча ишти уюштурушат.

Директор жок болгон учурда, директордун буйругу менен анын милдеттерин аткаруу директордун орун басарларынын бирине жүктөлөт.

16. Агенттикте мамлекеттик кызматкерлердин этикасы боюнча комиссия иштейт.

7-глава. Агенттикти каржылоо

17. Агенттиктин бухгалтердик, статистикалык эсепти жана отчеттуулукту жүргүзүү боюнча иши бухгалтердик эсеп, салык жана статистика чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

18. Агенттикти каржылоо булактары болуп Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен түшүүчү каражаттар жана атайын эсептерде топтолгон каражаттар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактар эсептелет.

8-глава. Агенттикти кайра уюштуруу жана жоюу

19. Агенттикти кайра уюштуруу жана жоюу мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

20. Агенттиктин иши токтотулган учурда анын документтери "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат.