Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 8-октябры № 202
Асман экологиялык таза шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекцияны түзүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы № 150 токтомунун редакциясына ылайык)
Ысык-Көл облусунун аймагында "Асман экологиялык таза шаар" пилоттук долбоорун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Асман экологиялык таза шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекция түзүлсүн (мындан ары - Мамлекеттик дирекция).
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы № 150 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Мамлекеттик дирекция "Асман экологиялык таза шаар" пилоттук долбоорун ишке ашыруу мезгилине түзүлөрү белгиленсин.
4. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында Мамлекеттик дирекцияга зарыл болгон маалыматты берсин;
- Мамлекеттик дирекциянын ишине зарыл болгон көмөк көрсөтсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Балыкчы шаарынын мэриясы менен биргеликте (макулдашуу боюнча) Мамлекеттик дирекцияны зарыл болгон жайлар менен камсыз кылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын курулуш, транспорт, жол жана коммуникациялар бөлүмүнө, стратегиялык өнүктүрүү саясаты жана пландоо бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 12-октябрындагы № 105 (3284) жарыяланды
Төрага | У.А. Марипов |