Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 22-марты № 150
Асман экологиялык таза шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекцияны Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын карамагына өткөрүп берүү жөнүндө
Ысык-Көл облусунун аймагында "Асман экологиялык таза шаар" пилоттук долбоорун ишке ашыруу үчүн оперативдүү чечимдерди кабыл алуунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана тездетүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. "Асман экологиялык таза шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекция" мекемеси тиешелүү штаты менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын карамагына өткөрүп берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы:
- "Асман экологиялык таза шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекция" мекемесин юстиция органдарында белгиленген тартипте мамлекеттик кайра каттоодон өткөрсүн;
- ушул токтомдон келип чыгуучу уюштуруучулук жана башка чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 8-октябрындагы № 202 "Асман экологиялык таза шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекцияны түзүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |