Загрузка документа…
|
| 3-тиркеме |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 22-октябрындагы № 228 токтому менен бекитилди |
Кыргыз Республикасында 2022-жылы эл жана турак жай фондун каттоо боюнча республикалык комиссия жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо 2022-жылы эл жана турак жай фондун каттоо боюнча Кыргыз Республикасынын республикалык комиссиясын (мындан ары - Комиссия) уюштуруу жана иштөө тартибин белгилейт.
2. Комиссия Кыргыз Республикасында 2022-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана жүргүзүү боюнча ишти жетекчиликке алуу жана координациялоо максатында түзүлгөн ведомстволор аралык орган болуп эсептелет.
3. Комиссия өз ишин кызыкдар министрликтер, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте жүргүзөт.
2. Комиссиянын милдеттери жана функциялары
4. Комиссиянын милдеттери Кыргыз Республикасында 2022-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана жүргүзүү менен байланышкан иштерди уюштурууну камсыз кылуу болуп эсептелет.
5. Комиссия төмөнкү функцияларды аткарат:
- эл жана турак жай фондун каттоону жүргүзүүнү уюштуруу принциптерин, методологиясын, календардык планын карайт жана бекитет;
- эл жана турак жай фондун каттоону уюштурууга жана жүргүзүүгө катышкан министрликтерден, мамлекеттик комитеттен жана администрациялык ведомстволордон иш-чаралардын планында каралган иштердин жүрүшү жөнүндө отчетторду кабыл алат;
- эл жана турак жай фондун каттоону жүргүзүү боюнча иштерге мониторинг жүргүзүү жана маалыматтарды иштеп чыгуунун этаптары жөнүндө маалыматтарды угат.
3. Комиссиянын укуктары
6. Комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
- мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ошондой эле ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан эл жана турак жай фондун каттоону уюштуруу жана жүргүзүү менен байланышкан иш-чаралардын аткарылышы жөнүндө зарыл болгон маалыматтарды белгиленген тартипте суроого жана алууга;
- айрым көйгөйлөр боюнча сунуштарды даярдоо үчүн убактылуу жумушчу топторду белгиленген тартипте түзүүгө, илимий мекемелерди, мамлекеттик жана мамлекеттик эмес органдарда, ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иштеген тиешелүү эксперттерди белгиленген тартипте ишке тартууга;
- эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана жүргүзүү менен байланышкан чыгымдарды жабуу үчүн финансылык каражаттарды ишке тартуу жагынан эл аралык уюмдар менен кызматташууга;
- Комиссиянын алдында турган максаттарга жетишүү үчүн зарыл болгон башка аракеттерди жүргүзүүгө.
4. Комиссиянын ишин уюштуруу
7. Комиссиянын аткаруучу органы болуп Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети саналат, ал Комиссиянын чечимдеринин долбоорлорун, керектүү маалымдама жана маалыматтык материалдарды даярдайт, ошондой эле Комиссиянын уюштуруучулук жана методикалык ишин камсыз кылат.
8. Комиссиянын жыйналыштарын өткөрүү мөөнөттөрү Комиссиянын төрагасынын, ошондой эле Комиссия мүчөлөрүнүн жарымынан кем эмесинин демилгеси боюнча аныкталат.
9. Комиссиянын жыйналыштары протокол менен таризделет жана эгерде ага Комиссия мүчөлөрүнүн жарымынан кем эмеси катышса, укуктуу болуп эсептелет.
10. Комиссиянын чечимдери Комиссиянын жыйналышына катышкан анын мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең чыккан учурда, төрага добуш берген чечим кабыл алынды деп эсептелет.
11. Комиссиянын өз компетенциясынын чегинде кабыл алган чечимдери аткаруу бийлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн милдеттүү болуп саналат.
12. Комиссиянын төрагасы:
- Комиссиянын ишине жалпы жетекчилик жүргүзөт;
- Комиссиянын иш планын, жыйналыштарды өткөрүүнүн графигин жана ар бир жыйналыштын күн тартибин бекитет;
- Комиссиянын жыйналыштарын өткөрөт;
- Комиссия кабыл алган чечимдердин аткарылышын контролдоону уюштурууну камсыз кылат.