Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 22-октябры № 228
Кыргыз Республикасында 2022-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана жүргүзүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинети 2022-жылдын 24-марты №156 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасында 2022-жылы эл жана турак жай фондун каттоону өз убагында жана сапаттуу даярдык көрүүнү жана жүргүзүүнү камсыз кылуу максатында, "Эл жана турак жай фондун каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын аймагында 2022-жылдын 25-мартынан 3-апрелине чейинки мезгилде калкты сурамжылоо жолу менен 2022-жылдын 25-мартына карата абал боюнча эл жана турак жай фондун каттоо жүргүзүлсүн.
Республиканын алыскы аймактарында эл жана турак жай фондун каттоо 2022-жылдын 23-апрелинен 2-майына чейинки мезгилде ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык жүргүзүлсүн.
2. Төмөнкүлөр катталууга тийиш экендиги белгиленсин:
- Кыргыз Республикасынын бардык жарандары, Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган же убактылуу жашаган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, ошондой эле эл жана турак жай фондун каттоо учурунда убактылуу жок болгон Кыргыз Республикасынын жарандары;
- Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан бардык турак жайлар.
3. 2022-жылы эл жана турак жай фондун каттоо боюнча Кыргыз Республикасынын республикалык комиссиясы (мындан ары - Комиссия) 2-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
4. 2022-жылы эл жана турак жай фондун каттоо боюнча Кыргыз Республикасынын республикалык комиссиясы жөнүндө жобо 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасында 2022-жылы эл жана турак жай фондун каттоо боюнча маалыматтарды чогултуу жана жыйынтыгын иштеп чыгуу үчүн ишке тартылган персоналдын ишинин узактыгы жана компенсациянын өлчөмдөрү 4-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасында 2022-жылы эл жана турак жай фондун каттоо боюнча маалыматтарды чогултуу жана иштеп чыгуу үчүн ишке тартылган персонал үчүн алардын негизги иштеген жери боюнча орточо эмгек акысы жана кошумча төлөмдөрдүн бардык түрлөрү же окуган жери боюнча стипендиялары, ал эми убактылуу жумушсуздар үчүн алар жумушсуздук боюнча алган жөлөкпулдарынын сакталары;
3) Кыргыз Республикасында 2022-жылы эл жана турак жай фондун каттоо боюнча уюштуруу-методикалык иштерди камсыздоо үчүн ишке тартылган кызматкерлерге:
- эмгек акы төлөө өлчөмдөрү 5-тиркемеге ылайык;
- иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөктөрдүн өлчөмдөрү 6-тиркемеге ылайык;
- өргүүгө чыгууда иш жүзүндө 1 жыл жана андан көп иштеген мезгили үчүн ден соолугун чыңдоого эмгек акынын эки айлык фондунун өлчөмүндө жөлөкпул.
6. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча), жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын катышуусу менен (макулдашуу боюнча):
- 2022-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүшсүн жана жүргүзүү боюнча комиссияларды жер-жерлерде түзүшсүн;
- эл жана турак жай фондун каттоого өз убагында даярдык көрүүнү жана жүргүзүүнү, каттоо кызматкерин тандап алууну, каттоонун максаттары жана милдеттери жөнүндө эл арасында жалпыга маалымдоо-түшүндүрүү иштерин уюштурууну камсыз кылышсын;
- аймактык статистика органдары эл жана турак жай каттоого даярдык көрүү жана жүргүзүү, каттоонун материалдарын кабыл алуу жана текшерүү менен иштеген персоналды жайгаштыруу үчүн жайлар, байланыш каражаттары, эмерек жана шаймандар менен 2021-жылдын 1-ноябрына чейин камсыз кылышсын;
- 2021-жылдын 1-ноябрына карата облустардын, райондордун, шаарлардын, айылдык аймактардын, шаар тибиндеги айылдардын жана айылдардын административдик-аймактык чек араларын такташсын, алардагы көчөлөрдүн жана турак жай массивдеринин аталыштарын, үй чарбаларынын жана батирлердин номерленишин тартипке келтиришсин, курулуп жаткан кварталдардагы, турак жай массивдериндеги турак үйлөрдүн аныкталышын жана номерленишин, үйлөрдө номер белгилердин жана көчөлөрдүн аталыштары бар табличкалардын болушун камсыз кылышсын;
- 2022-жылдын 15-январына карата эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана жүргүзүү мезгилинде аймактык статистикалык органдар менен макулдашуу боюнча каттоо персоналын эмеректер, компьютердик техника, шаймандар, телефон байланыштары, автотранспорт жана жабдылган тийиштүү корголгон жайлар менен камсыз кылышсын;
- аймактык статистика органдары менен макулдашуу боюнча эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана жүргүзүү үчүн ишке тартылган каттоо персоналынын курамын бекитишсин жана аймактык статистика органдары менен биргеликте аларга күбөлүктөрдү беришсин;
- эл жана турак жай фондун каттоону жүргүзүүгө ишканалардын жана уюмдарды кызматкерлерин, мектеп мугалимдерин, окутуучуларды, жогорку жана орто атайын окуу жайларынын студенттерин жана он сегиз жаш куракка толгон окуучуларын, пенсионерлерди, ошондой эле иштебей жүргөн эмгекке жарактуу калкты ишке тартышсын;
- күбөлүктү көрсөткөндө шаардык транспорттун бардык түрлөрүңдө жана шаар четиндеги маршруттардагы автобустарга каттоодон өткөн персоналдын (координаторлор, инструктор-контролерлор, каттоочулар) акысыз жүрүүсүн камсыз кылышсын;
- Кыргыз Республикасынын аймактарында эл жана турак жай фондун толук каттоону камсыз кылуу чараларын көрүшсүн.
(КР Министрлер Кабинети 2022-жылдын 24-марты №156 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
- ушул токтомго кол коюлган учурдан тартып 2022-жылдын 31-декабрына чейин калктуу конуштарды жана көчөлөрдү кайра атоону токтотуп турушсун;
- 2021-2022-жылдары жергиликтүү бюджеттен жана республикалык бюджеттин максаттуу трансферттеринин эсебинен аймактык статистика органдары тарабынан берилген чыгымдар сметасына жана эсептөөлөргө ылайык эл жана турак жай каттоону даярдоого жана жүргүзүүгө катышкан эл каттоо персоналына каражат бөлүүнү сунушташсын.
(КР Министрлер Кабинети 2022-жылдын 24-марты №156 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине турак жай фонду жана даректер реестри боюнча маалыматтар базасынан керектүү маалыматты берүүгө көмөктөшсүн.
9. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринде камтылган маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине берсин;
- Кыргыз Республикасында эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин балансында болгон компьютердик техниканы (ноутбуктарды) Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине убактылуу пайдаланууга берсин.
(КР Министрлер Кабинети 2022-жылдын 24-марты №156 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу боюнча мамлекеттик кызматы, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, жабык объекттери бар башка мамлекеттик органдар эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү боюнча иштерди жүргүзүшсүн жана аскер кызматкерлерин, кызматкерлерин, калктын атайын контингенттерин, чет элдик жарандарды каттоону камсыз кылышсын.
Кыргыз Республикасынын дипломатиялык, соода, эл аралык уюмдарда жана Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү башка өкүлчүлүктөрүндө иштеген Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле алар менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрү элчиликтердин, өкүлчүлүктөрдүн жана консулдуктардын кызматкерлери тарабынан каттоого алынсын.
Ооруканаларда дарыланып жаткан, санаторийлерде, пансионаттарда жана эс алуу үйлөрүндө (бир жана эки күндөн башка) эс алып жүргөн адамдарды, төрөт үйлөрүндөгү, эне менен бала үйлөрүндөгү энелер менен балдарды, мектеп-интернаттарындагы жана балдар үйлөрүндөгү балдарды, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын убактылуу болуусу үчүн интернат-үйлөрүндө, карылар үйлөрүндө, мейманканаларда жана ушул сыяктуу мекемелерде жашаган адамдар атайын даярдалган каттоочулар тарабынан каттоодон өтүшсүн.
11. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коому Кыргыз Республикасынын эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана жүргүзүү мезгилинде каттоо бөлүмдөрүнүн жайларынын өрт коопсуздугун жана электр энергиясы менен үзгүлтүксүз жабдууну камсыз кылышсын.
12. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:
- эл жана турак жай фондун каттоо үчүн ишке тартылган адамдардын коопсуздугун жана каттоо материалдарынын сакталышын камсыз кылсын;
- эл жана турак жай фондун каттоо үчүн бөлүнүп берилген жайларды кайтарууну камсыз кылсын;
- эл жана турак жай фондун каттоонун материалдарын ташуу учурунда автотранспортту коштоону камсыз кылсын;
- статистика органдары менен биргеликте керектүү маалыматтарды берүүдөн баш тарткан же ишканалардын, уюмдардын аймагына кирүүгө тоскоолдук кылган адамдарга административдик таасир берүүчү чараларды көрсүн.
13. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы (макулдашуу боюнча) ведомствого караштуу мекемелерде жана уюмдарда эл жана турак жай фондун каттоонун максаттары жана мааниси жөнүндө калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү камсыз кылышсын.
14. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети менен макулдашуу боюнча жыл сайын 2021-2024-жылдарга республикалык бюджетте эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүүнү, жүргүзүүнү, иштетүүнү, аналитикалык жалпылоону жана жыйынтыктарын жарыялоону, анын ичинде тартылган кызматкерлерди күтүү үчүн каражаттарды бөлүүнү камсыз кылган бардык иш-чараларды каржылоого каражаттарды максаттуу бөлүүнү караштырсын.
15. Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы, "Эркин Тоо" гезитинин редакциясы жана "Кыргыз Туусу", "Слово Кыргызстана" басма үйлөрү эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүүнүн жана жүргүзүүнүн жүрүшүн кеңири чагылдырсын, атайын рубрикаларды өткөрсүн жана республиканын статистика органдарынын кызматкерлеринин, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен туруктуу негизде берүүлөрдү даярдоону камсыз кылышсын.
16. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитети жана администрациялык ведомстволору, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (макулдашуу боюнча), жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) Комиссияга квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 10уна чейин ушул токтомду аткаруунун жүрүшү тууралуу маалыматты берип турушсун.
17. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-октябрындагы № 690 "Кыргыз Республикасында 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана жүргүзүү жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-мартындагы № 124 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-октябрындагы № 690 "Кыргыз Республикасында 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана жүргүзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.
18. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
19. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага | А. У. Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
2022-жылдын 23-апрелинен 2-майына чейинки мезгилде эл жана турак жай фондун каттоо жүргүзүлүүчү алыскы аймактардын ТИЗМЕСИ
Райондордун аталышы | Айылдык аймактардын аталышы | Калктуу конуштардын аталышы |
Баткен облусу | ||
Кадамжай | Майдан | Кароол |
Көтөрмө | Кара-Шоро | |
Баткен | Кара-Бак | Зардалы |
Жалал-Абад облусу | ||
Аксы | Ак-Жол | Кызыл-Бейит |
Токтогул | Сары-Камыш | Бардык калктуу конуштар |
Аралбаев | Бардык калктуу конуштар | |
Ысык-Көл облусу | ||
Ак-Суу | Эңилчек | Бардык калктуу конуштар |
Жети-Өгүз | Ак-Шыйрак | Бардык калктуу конуштар |
Барскоон | Каракол, Кара-Сай, Сөөк | |
Тоң | Күн-Чыгыш | Арчалы |
Нарын облусу | ||
Ат-Башы | Ак-Сай өрөөнү |
|
Арпа өрөөнү |
| |
Жумгал | Миң-Куш | Миң-Куш, Кызыл-Сөөк |
Кабак | Кең-Суу, Котур-Суу, Табылгы | |
Нарын | Орток | Өрүк-Там |
Ош облусу | ||
Алай | Сары-Таш | Бардык калктуу конуштар |
Талды-Суу | Бардык калктуу конуштар | |
Сары-Могол | Сары-Могол | |
Араван | Алля-Анаров | Кара-Булак |
Керме-Тоо | Кичик-Алай, Күндөлүк, Майдан-Тал, Миң-Теке, Сары-Булак, Чөгөм | |
Кара-Кулжа | Алайку | Бардык калктуу конуштар |
Кызыл-Жар | Бардык калктуу конуштар | |
Ой-Тал | Бардык калктуу конуштар | |
Чалма | Буйга | |
Капчыгай | Бардык калктуу конуштар | |
Карагуз | Насирдин, Алтын-Күрөк | |
Сары-Булак | Тогуз-Булак, Тегерек-Саз, Конокбай-Талаа, Кызыл-Булак | |
Ноокат | Исанов | Жаңы-Базар, Кожоке |
Көк-Бел | Кайыңды | |
Кыргыз-Ата | Таш-Булак, Кара-Ой | |
Т.Зулпуев атындагы | Коммунизм | |
Мирмахмудов | Капчыгай, Будайлык | |
Жаңы-Ноокат | Жаңы-Ноокат | |
Ынтымак | Ынтымак | |
Өзгөн | Кара-Таш | Бардык калктуу конуштар |
Жалпак-Таш | Туз-Бел, Үч-Каптал, Ак-Терек, Карл-Маркс | |
Ийри-Суу | Орказган | |
Ак-Жар | Семиз-Көл | |
Чоң-Алай | Жекенди | Бардык калктуу конуштар |
Кашка-Суу | Бардык калктуу конуштар | |
Чоң-Алай | Бардык калктуу конуштар | |
Чүй облусу | ||
Жайыл | Суусамыр | Бардык калктуу конуштар |
|
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасында 2022-жылы эл жана турак жай фондун каттоо боюнча республикалык комиссиянын КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары, Комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы, Комиссиянын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;
Кыргыз Республикасынын коргоо министри;
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министри;
Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;
Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри;
Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;
Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри;
Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
Ош шаарынын мэри (макулдашуу боюнча).
|
| 4-тиркеме |
Кыргыз Республикасында 2022-жылы эл жана турак жай каттоонун маалыматтарын чогултуу жана анын жыйынтыктарын иштетүү үчүн ишке тартылган персоналдын ишинин узактыгы жана компенсациянын өлчөмдөрү
№ | Персоналдын аталышы | 1 кызматкердин иштөө мөөнөтү | Бир айга төлөө өлчөмү (сом.) |
Каттоо персоналы | |||
1 | Каттоочу | 1 ай | 7656 |
2 | Инструктор-контролдоочу | 1,5 ай | 7656 |
3 | Каттоо бөлүмүнүн координатору | 3 ай | 9187 |
Иштеп чыгуу боюнча персонал | |||
4 | Код коюучу | 5 ай | 7750 |
5 | Түзөтүп киргизүүчү | 5 ай | 7750 |
Эскертүү:
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан бекитилген Календардык планга ылайык маалыматты чогултуу, эл жана турак жай фондун каттоонун жыйынтыктарын иштеп чыгуу үчүн тартылган персоналдын иштөө мезгили аныкталат.
|
| 5-тиркеме |
Кыргыз Республикасында 2022-жылы эл жана турак жай фондун каттоо боюнча уюштуруу-методикалык иштерди камсыздоо үчүн ишке тартылган кызматкерлердин эмгек акысынын ӨЛЧӨМДӨРҮ
№ | Аталышы | Иш мезгили | Айлык акынын өлчөмү, сом |
1 | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин борбордук аппаратынын эл жана турак жай фондун каттоо боюнча методологиялык топтун жетекчиси | 2021-жылдын 1-октябрынан тартып 2024-жылдын 31-декабрына чейин | 16875 |
2 | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин борбордук аппаратынын эл жана турак жай фондун каттоо ресурстары менен камсыздоо тобунун жетекчиси | 2021-жылдын 1-октябрынан тартып 2024-жылдын 31-декабрына чейин | 16875 |
3 | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин борбордук аппаратынын эл жана турак жай фондун каттоону уюштуруу тобунун жетекчиси | 2021-жылдын 1-октябрынан тартып 2024-жылдын 31-декабрына чейин | 16875 |
4 | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин борбордук аппаратынын эл жана турак жай фондун каттоо боюнча башкы адиси | 2021-жылдын 1-октябрынан тартып 2024-жылдын 31-декабрына чейин | 13972 |
5 | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин борбордук аппаратынын эл жана турак жай фондун каттоо боюнча жетектөөчү адиси | 2021-жылдын 1-октябрынан тартып 2024-жылдын 31-декабрына чейин | 12758 |
6 | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин борбордук аппаратынын эл жана турак жай фондун каттоо боюнча адиси | 2021-жылдын 1-октябрынан тартып 2024-жылдын 31-декабрына чейин | 11543 |
7 | Облустук (шаардык) статистика башкармалыгынын эл жана турак жай фондун каттоо боюнча өкүлү | 2021-жылдын 1-ноябрынан 2022-жылдын 31-августуна чейин | 14500 |
8 | Облустук (шаардык) статистика башкармалыгынын эл жана турак жай фондун каттоо боюнча башкы адиси | 2021-жылдын 1-ноябрынан 2022-жылдын 31-июлуна чейин | 12006 |
9 | Облустук (шаардык) статистика башкармалыгынын эл жана турак жай фондун каттоо боюнча жетектөөчү адиси | 2021-жылдын 1-ноябрынан тартып 2022-жылдын 31-июлуна чейин | 10962 |
10 | Райондук (шаардык) статистика бөлүмүнүн эл жана турак жай фондун каттоо боюнча өкүлү | 2021-жылдын 1-ноябрынан 2022-жылдын 31-июлуна чейин | 12485 |
11 | Райондук (шаардык) статистика бөлүмүнүн эл жана турак жай фондун каттоо боюнча башкы адиси | 2021-жылдын 1-ноябрынан тартып 2022-жылдын 31-июлуна чейин | 11385 |
12 | Райондук (шаардык) статистика бөлүмүнүн эл жана турак жай фондун каттоо боюнча жетектөөчү адиси | 2021-жылдын 1-ноябрынан тартып 2022-жылдын 31-июлуна чейин | 10395 |
13 | Эл жана турак жай фондун каттоону программалык камсыздоону коштоо боюнча башкы инженер | 2021-жылдын 1-октябрынан тартып 2024-жылдын 31-декабрына чейин | 16250 |
14 | Эл жана турак жай фондун каттоону программалык камсыздоону коштоо боюнча инженер - маалыматтар базасынын системалык администратору | 2021-жылдын 1-октябрынан тартып 2024-жылдын 31-декабрына чейин | 15600 |
15 | Техникалык коштоо боюнча инженер | 2022-жылдын 1-январынан тартып 2022-жылдын 31-июлуна чейин | 15600 |
16 | Айдоочу | 2024-жылдын 31-декабрына чейин | 11116 |
Эскертүү:
Кыргыз Республикасында 2022-жылы эл жана турак жай фондун каттоо боюнча уюштуруу-методологиялык ишти камсыздоо үчүн ишке тартылган кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы аймактарында жашаган жана иштеген адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" 1997-жылдын 25-июнундагы № 377 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы аймактарында жашаган жана иштеген адамдардын эмгек акысына үстөк акылардын райондук коэффициенттери белгиленсин.
|
| 6-тиркеме |
Кыргыз Республикасында 2022-жылы эл жана турак жай фондун каттоо боюнча уюштуруу-методикалык ишти камсыз кылуу үчүн ишке тартылган кызматкерлерге иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акылардын ӨЛЧӨМДӨРҮ
№ | Иш стажы | Пайыздык үстөк (%) |
1 | 1 жылдан 3 жылга чейин | 5 |
2 | 3 жылдан 5 жылга чейин | 10 |
3 | 5 жылдан 10 жылга чейин | 15 |
4 | 10 жылдан 15 жылга чейин | 20 |
5 | 15 жылдан 20 жылга чейин | 25 |
6 | 20 жылдан 25 жылга чейин | 30 |
7 | 25 жылдан жогору | 40 |