Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 19-октябры № 225
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун Ленин айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун Ленин айыл аймагында социалдык объекттерди куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясынын 2021-жылдын 5-мартындагы № 68-т тескемесин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2021-жылдын 24-мартындагы № ТЭ-05-206 корутундусун көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун Ленин айыл аймагында жайгашкан, мамлекеттин менчигинде турган № 1348 контурдагы 0,97 га сугат айдоо жери жалпы билим берүү мектебин жана саламаттык сактоо объектин куруу үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которулсун (трансформациялансын).
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруу суммасынын наркын төлөө үчүн каражаттарды бөлүп берүү боюнча иштерди белгиленген тартипте жүргүзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- жерлерди эсепке алуучу документтерге тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- бул токтомдун 1-пунктунда аталган жерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана расмий жарыяланууга тийиш.
Төрага | А.У. Жапаров |