Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Маданият жаатындагы кызматташуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Анкара шаары, 2021-жылдын 9-июну
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Түркия Республикасынын Өкмөтү (мындан ары "Тараптар" жана өзүнчө "Тарап" деп аталып),
эки мамлекеттин элдеринин ортосундагы достукту жана кызматташтыкты, ошондой эле өз ара түшүнүшүүнү маданият аркылуу орнотууну жана өнүктүрүүнү каалап,
өз ара билимдердин кеңейишинин жана бири-биринин маданиятын толук түшүнүүсүнүн жемиштүү натыйжасын, маданияттын маанисин, ошондой эле достук жана кызматташтык мамилелерин өнүктүрүүдө маданий диалогдун ролун таануу менен,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Тараптар эки мамлекеттин ортосунда маданият жана искусство жөнүндө билимдерди кеңейтүү жана мамилелерди чыңдоо үчүн материалдык жана материалдык эмес маданий мурастар, адабият, көркөм сүрөт, аткаруучулук өнөр, массалык маалыматтын аудиовизуалдык каражаттары, дизайн, ошондой эле маданий чыгармачылык индустрия жана таланттарды колдоо жаатында бири-бири менен кызматташууга бекем негиз түзүшөт.
2-берене.
Тараптар 1-беренеде баяндалган максаттарга төмөнкүлөр аркылуу жетишүү үчүн бири-бири менен кызматташат:
- маданият чөйрөсүндөгү кызматташтык;
- тажрыйба жана маалымат менен, ошондой эле маданият жаатындагы адистер менен алмашуу;
- ар бир мамлекеттин маданиятын, тилин, адабиятын, искусствосун жана мурастарын изилдөө;
- китепканалар ортосундагы кызматташуу;
- эки өлкөдө өз ара маданият жумалыктарын уюштуруу;
- Тараптардын макулдашуусу боюнча маданияттын бардык чөйрөсү.
3-берене.
Тараптар эки өлкө тең катышуучу болуп эсептелген маданият жаатындагы эл аралык макулдашууларды, анын ичинде Тараптардын колдонуудагы улуттук мыйзамдарына ылайык ишке ашырылуучу ушул Макулдашуунун 1-беренесинде көрсөтүлгөн жааттардагы макулдашууларды ишке ашырууга көмөк көрсөтүү максатында тажрыйба менен алмашат.
4-берене.
Тараптар өзүнүн компетенциясынын чегинде төмөнкүлөрдү колдошот:
- эки өлкөнүн маданият жаатында жооптуу адамдардын, жазуучулардын жана интеллигенциянын өкүлдөрүнүн иш сапарларын;
- эки өлкөнүн маданиятына арналган китептерди которууну;
- маданият жана көркөм иш-чараларга катышууну;
- китеп жана басылмалар менен, айрыкча электрондук китептер менен алмашууну;
- маданияттын ар түрдүү жааттарында көркөм чыгармалар менен алмашууну;
- эки өлкөнүн мурастарын, музыкасын жана искусствосун чагылдыруучу библиографиялык маалыматтар жана аудиовизуалдык жазуулар менен алмашууну;
- ушул Макулдашуунун максаттарына жетүү үчүн эки өлкөнүн тийиштүү органдары макулдашкан бардык маданий же көркөм иш-чаралар менен алмашууну.
5-берене.
Тараптар ушул Макулдашуунун алкагында жана улуттук мыйзамдарга, Тараптардын мамлекеттери катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо үчүн зарыл чараларды көрүшөт.
6-берене.
Тараптар көркөм чыгармаларды, илимий жана атайын адабиятты жана башка басма продукцияларды которуу жана жарыялоо жаатындагы кызматташтыкты колдошот.
7-берене.
Эгерде түздөн-түз же дипломатиялык каналдар боюнча Тараптар менен башкача макулдашылбаса, маданий иш-чараларга катышуу төмөнкү шарттарга ылайык жүргүзүлөт:
- жөнөткөн Тарап кабыл алуучу Тарапка келүүчүлөрдүн академиялык жана кесиптик квалификациясын жана кабыл алуучу Тарап сураган башка ар кандай деталдар жөнүндө баардык зарыл маалыматты берүүгө тийиш;
- жөнөткөн Тарап кабыл алуучу Тарапка келүүчүлөрдүн келүү күнү жана рейси жөнүндө так жана макулдашылган маалыматтарды билдирүүгө тийиш;
- Тараптар көргөзмөлөрдү уюштурууну түздөн-түз же дипломатиялык каналдар боюнча координациялашат;
- Тараптардын ортосундагы маданий алмашуу менен байланышкан финансылык маселелерди ар бир иш-чара үчүн Тараптар өзүнчө макулдашат.
8-берене.
Ушул Макулдашууну чечмелөөнүн жана ишке ашыруунун натыйжасында Тараптардын ортосунда пайда болгон бардык талаштар консультациялар жана сүйлөшүүлөр жолу менен чечилиши керек.
9-берене.
Бул Макулдашуу акыркы жазуу түрүндөгү билдирүүнү алган күндөн тартып күчүнө кирет, анын жардамы менен Тараптар тиешелүү документтин күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички укуктук юридикалык жол-жоболордун аяктагандыгы жөнүндө дипломатиялык каналдар боюнча бири-бирине билдиришет.
Бул Макулдашуу бир (1) жылга түзүлөт, эгерде Тараптардын бири экинчисин келишимди бузууга болгон өзүнүн ниети жөнүндө дипломатиялык каналдар боюнча жазуу жүзүндө аны колдонуу мөөнөтү аяктарына алты (6) ай мурда кабарлабаса, ошол эле мөөнөткө узартылат.
Тараптардын ар бири ушул Макулдашууну каалаган убакта башка Тарапка дипломатиялык каналдар боюнча жазуу жүзүндө билдирүү жөнөтүү менен буза алат. Мындай учурда ушул Макулдашууну колдонуу билдирүү алган күндөн тартып алты (6) ай өткөндөн кийин токтотулат.
Бул Макулдашууга Тараптардын өз ара жазуу жүзүндөгү макулдашуусу боюнча өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн. Түзөтүүлөр ушул берененин биринчи абзацында каралган укуктук жол-жоболорго ылайык күчүнө кирет.
Бул Макулдашууну колдонуунун токтолушу, эгер Тараптар жазуу жүзүндө башканы макулдашпаса, кандайдыр бир учурдагы иш-чараларды же долбоорлорду ишке ашырууга таасирин тийгизбейт.
Ушуну күбөлөндүрүп, өз өкмөттөрү (Министрлер Кабинети) тарабынан тийиштүү түрдө ыйгарым укук берилген төмөндөгү кол коюучулар ушул Макулдашууга 2021-жылдын 9-июнунда Анкара шаарында эки нускада, түрк, кыргыз, орус жана англис тилдеринде кол коюшту, бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Макулдашууну чечмелөөдө кандайдыр бир дал келбөөчүлүк болгон учурда, англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн |
| Түркия Республикасынын Өкмөтү үчүн |
_________________________________ |
| _________________________________ |