Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 11-октябры № 214
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 197 “Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматынын кызматкерлеринин эмгегине дем берүү жана кадрдык потенциалын сактоо жана күчтөндүрүү, ошондой эле соттук экспертизалардын сапатын жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 197 “Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 61-пунктундагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтомдун 232-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги “Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо тиешелүү өзгөртүүлөрдү караштырсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө, экономика жана финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирүүчү 2-пунктту кошпогондо, 2022-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Төрага | У.А. Марипов |
Тиркеме
"232-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматынын соттук эксперттеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрү
№ | Кызмат ордунун аталышы | Кызматтык маяналарынын өлчөмдөрү (сом менен) |
1 | Башкармалыктын начальниги | 18500 |
2 | Башкармалыктын начальнигинин орун басары | 17500 |
3 | Бөлүмдүн начальниги | 18500 |
4 | Бөлүмдүн начальнигинин орун басары | 17500 |
5 | Эксперт | 17000 |