Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-майындагы № 288 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 23-ноябры № 275
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 “Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
“Санарип Кыргызстан 2019-2023” санариптик трансформациялоо концепциясын киргизүүнү активдештирүү жана жарандарга мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө инновациялык ыкмаларды колдонуу, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 17-декабрындагы № 64 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 “Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарында:
“Каттоо, маалымдама, күбөлүк жана башка документтерди, ошондой эле алардын көчүрмөлөрүн жана жуп нускаларын берүү тармагында” деген III бөлүмүнүн 3-главасында:
- 7-пунктунун биринчи абзацы “10 мүнөткө чейин” деген сөздөрдөн мурда “автоматтык түрдө Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы (portal.tunduk.kg) аркылуу” деген сөздөр менен толукталсын;
- 8-пунктунун биринчи абзацы “ЖАМКнын ведомстволук мекемелеринде” деген сөздөрдөн кийин “, ошондой эле Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталында (portal.tunduk.kg) жана ЖАМКнын расмий сайтында (www.gsin.gov.kg.)” деген сөздөр менен толукталсын;
- 9-пунктунун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
- “– Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталында (portal.tunduk.kg);”;
- 13-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Кызмат көрсөтүүнүн наркы тууралуу маалымат менен Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталында (portal.tunduk.kg), маалыматтык стендде жана расмий сайтта (www.gsin.gov.kg.) таанышууга болот. ”;
- 15-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 525 токтому менен бекитилген Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелерине ылайык кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн сурамды (арызды) кабыл алуу бөлүгүндө кызмат көрсөтүүлөр Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы (portal.tunduk.kg) аркылуу электрондук форматта ишке ашырылат. Эскертүү: кызмат көрсөтүүлөрдү алууга электрондук өтүнмөнү жиберүү үчүн арыз ээси Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталында (portal.tunduk.kg) катталууга тийиш. Онлайн интерактивдүүлүк стадиясы – 3 (веб-баракта өтүнмөнү электрондук формада толтуруу жана аны мамлекеттик орган тарабынан кароого кагаз жүзүндө чыгарбастан кабыл алуу функциялык мүмкүнчүлүгү бар) |
”.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага | А.У. Жапаров |