Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 7-октябры № 525
Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын
пайдалануу эрежелерин бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-ноябрындагы № 573, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17, 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 245, 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 637, 2025-жылдын 22-октябрындагы № 691 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Жеке жана юридикалык жактарга электрондук форматта көрсөтүлүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын сапатын жакшыртуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, "Электрондук башкаруу жөнүндө", "Электрондук колтамга жөнүндө", "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. "Түндүк" ачык акционердик коомуна" (мындан ары - оператор) Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын техникалык коштоого ыйгарым укук берилсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17, 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 245, 2025-жылдын 22-октябрындагы № 691 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
21. Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы же "Түндүк" мобилдик тиркемеси менен санариптик форматта берилген документтер өз колу менен кол коюлган жана мөөр менен күбөлөндүрүлгөн кагаз түрүндөгү документтер менен бирдей юридикалык күчкө ээ деп белгиленсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 637 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети эки жумалык мөөнөттө Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталына кошулуу тартибин бекитсин,
4. Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүчү министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор:
- 2020-жылдын аягына чейинки мөөнөттө Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу кызмат көрсөтүү боюнча зарыл чараларды көрүшсүн;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин бекитишсин.
5. Муниципалдык кызматтарды көрсөтүүчү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу кызмат көрсөтүү жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин бекитүү боюнча зарыл болгон чараларды көрүү сунушталсын.
6. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын техникалык тейлөөнү Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде тиешелүү жылга каралган финансы каражаттарынын чегинде өз убагында каржылоону камсыз кылсын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 14-мартындагы № 134 "Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын пайдалануунун убактылуу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
8. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын санариптик трансформациялоо бөлүмүнө жүктөлсүн.
9. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |