Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 221 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 15-ноябры № 256
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-июнундагы № 44 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 425 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-июнундагы № 44 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1)аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура,курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жөнүндө жободо:
- 15-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“15. Мамкурулушта директордун биринчи орун басарынын жана директордун орун басарларынын кызмат орундары каралган.
Директордун орун басарлары, анын ичинде директордун биринчи орун басары директордун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат, түздөн-түз директорго баш иет жана аларга жүктөлгөн милдеттердин чегинде Мамкурулуштун ишин уюштурат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы директордун сунушу жок директордун биринчи орун басарын жана директордун орун басарларын бошотууга укуктуу.
Директор жок учурда анын милдеттерин аткаруу анын биринчи орун басарына же орун басарларынын бирине жүтөлөт.”;
16-пунктунда:
үчүнчү абзацындагы “статс-катчынын жана Мамкурулуштун иш багыты боюнча директордун орун басарларынын” деген сөздөр “Мамкурулуштун ишинин багыты боюнча директордун орун басарларынын, анын ичинде директордун биринчи орун басарынын” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
алтынчы абзацындагы “статс-катчы менен директордун орун басарларынын” деген сөздөр “директордун орун басарларынын, анын ичинде директордун биринчи орун басарынын” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
он үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте борбордук аппараттын кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот, ошондой эле сыйлоо жана тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонот;”;
Төмөнкүдөй мазмундагы он төртүнчү абзац менен толукталсын:
“- борбордук аппараттын техникалык жана тейлөөчү персоналынын кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот, ошондой эле сыйлоо жана тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонот;”;
-17-пунктундагы “Статс-катчы жана директордун орун басарлары” деген сөздөр “Директордун орун басарлары, анын ичинде директордун биринчи орун басары” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
-18-пунктундагы “статс-катчы, директордун орун басарлары” деген сөздөр “директордун орун басарлары, анын ичинде директордун биринчи орун басары” деген сөздр менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги бир айлык мөөнөттө:
-ушул токтомдон келип чыгуучу чечимдердин долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизсин;
-ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага | А.У. Жапаров |
|
|
|