ЖарлыкКүчүндө

КР Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы ПЖ № 425 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жөнүндө» жарлыгы

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2021-жылдын 12-октябры ПЖ № 425

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жөнүндө

 

(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 25-октябрындагы № 481, 2021-жылдын 5-ноябрындагы ПЖ № 520, 2021-жылдын 17-ноябрындагы ПЖ № 523, 2022-жылдын 26-февралындагы ПЖ № 64, 2022-жылдын 25-апрелиндеги ПЖ № 127, 2023-жылдын 22-февралындагы ПЖ № 34, 2023-жылдын 25-декабрындагы ПЖ № 354, 2025-жылдын 11-февралындагы ПЖ №42, 2025-жылдын 17-мартындагы ПЖ № 91, 2025-жылдын 12-майындагы ПЖ № 145, 2026-жылдын 10-февралындагы № 36, 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 154, Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төмөнкүдөй түзүмү аныкталсын:

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри;

- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги;

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги;

- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги;

- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги;

- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги;

- Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги;

- Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги;

- Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги;

- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги;

- Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги;

- Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги;

- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, жана жаштар саясаты министрлиги;

- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги;

- Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги;

- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги;

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги;

– (абзац КР Президентинин 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 154 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

- Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги;

- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети.

- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы.

(КР Президентинин 2021-жылдын 25-октябрындагы ПЖ № 481, 2021-жылдын 5-ноябрындагы ПЖ № 520, 2021-жылдын 17-ноябрындагы ПЖ № 523, 2022-жылдын 26-февралындагы ПЖ № 64, 2023-жылдын 25-декабрындагы ПЖ № 354, 2025-жылдын 11-февралындагы ПЖ №42 , 2025-жылдын 17-мартындагы ПЖ № 91, 2025-жылдын 12-майындагы ПЖ № 145, 2026-жылдын 10-февралындагы № 36, 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 154, Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин курамы 1-тиркемеге ылайык аныкталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин курамы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кецешине макулдашуу учун киргизилсин.

4. (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 22-февралындагы ПЖ № 34 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

5. Бул Жарлык кол коюлгап учурдан баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

          Президенти

 

С.Н. Жапаров

 

1-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин курамы

(КР Президентинин 2021-жылдын 5-ноябрындагы ПЖ № 520 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

- ЖАПАРОВ Акылбек Үсөнбекович — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси;

- КОЖОШЕВ Арзыбек Орозбекович — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары;

- ААЛИЕВ Азиз Кубанычбекович - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары;

- БАЙСАЛОВ Эдиль Жолдубаевич - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары;

ТАШИЕВ Камчыбек Кыдыршаевич - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин терагасы;

- АМАНГЕЛЬДИЕВ Данияр Джолдошевич - Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри;

- БАКЕТАЕВ Алмаз Кушбекович - Кыргыз Республикасынын финансы министри;

- КАЗАКБАЕВ Руслан Айтбаевич - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;

- БАЕТОВ Аяз Батыркулович - Кыргыз Республикасынын юстиция министри;

- ОСОЕВ Эркинбек Арстанбекович - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;

- ДЖАНЫБЕКОВ Аскарбек Сапарбекович - Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри;

- БЕКМУРЗАЕВ Доскул Джумагулович - Кыргыз Республикасынын энергетика министри;

- КУТМАНОВА Динара Асиевна - Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри;

- БЕЙШЕНАЛИЕВ Алымкадыр Савирдинович - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;

- КУПЕШОВ Болотбек Душекович - Кыргыз Республикасынын билим беруу жана илим министри;

- ЖАМАНКУЛОВ Азамат Капарович - Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;

- БАЗАРБАЕВ Кудайберген Базарбаевич - Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри;

- БЕКБОЛОТОВ Бактыбек Асанкалиевич - Кыргыз Республикасынын коргоо министри;

- НИЯЗБЕКОВ Улан Омоканович - Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;

- АЖИКЕЕВ Бообек Эргешевич - Кыргыз Республикасынын өзгөче кырдаалдар министри.