Загрузка документа…
1-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө
жобо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-февралындагы № 47, 2023-жылдын 23-августундагы № 425, 2024-жылдын 24-январындагы № 19, 2024-жылдын 4-мартындагы № 91, 2024-жылдын 7-мартындагы № 98, 2024-жылдын 12-июлундагы № 386, 2025-жылдын 5-августундагы № 467, 2025-жылдын 10-октябрындагы № 658, 2026-жылдын 5-февралындагы № 63, 2026-жылдын 16-февралындагы № 105 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (мындан ары - Министрлик) Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин Жарандык коргонуу, өрт коопсуздугу, суу объекттеринде адамдардын коопсуздугу, гидрометеорология, мамлекеттик материалдык резерв тутумун, токой чарбасын башкаруу жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы болуп саналат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 91 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Министрлик Жарандык коргонуу, токой чарбасын башкаруу жаатында, өрт коопсуздугун жана суу объекттеринде адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу жаатында башкарууну, координациялоону, контролдоону жана чара көрүүнү ишке ашырат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 91, 2025-жылдын 5-августундагы № 467 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Министрлик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле мыйзамдарда же Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде белгиленген эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Министрлик өз ишин аткаруу бийлигинин башка органдары, мамлекеттик бийликтин аймактык органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдар менен түздөн-түз жана анын ведомстволук органдары аркылуу өз ара аракеттенүүдө жүзөгө ашырат.
5. Министрлик аскердик мекеме болуп саналат, аскер кызматчылары, мамлекеттик кызматчылар, кызматчылар, кенже жана техникалык тейлөөчү персонал менен комплекттелет. Министрликтин өздүк курамы символикасы жана айырмалоо белгилери бар атайын жана ведомстволук форма жана айырмалоо белгилери менен камсыздалат. Атайын техника Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген символика жана атайын белгилер менен жабдылат.
6. Министрлик юридикалык жак статусуна ээ, анын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдердеги өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штампы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналык системасында алыш-бериш жана башка эсептери болот.
Министрликтин юридикалык дареги: 720033, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Манас проспекти, 101/1, Жумабек көчөсү, 203/1; 723510, Кыргыз Республикасы, Ош шаары, Э.Алиев көчөсү, 172.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 386 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Министрликтин толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги";
- расмий тилде: "Министерство чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики".
8. Кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "КР ӨКМ";
- расмий тилде: "МЧС КР".
2. Министрликтин максаттары жана милдеттери
9. Министрликтин ишинин максаты Жарандык коргонуу, өрт коопсуздугу, токой чарбасы, суу объекттеринде адамдардын коопсуздугу жана гидрометеорология жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, Жарандык коргонуу, өрт коопсуздугу, токой чарбасы жаатындагы ченемдердин жана талаптардын сакталышын камсыздоого мамлекеттик көзөмөл жана контроль жүргүзүү, мамлекеттик материалдык резерв тутумунун туруктуу иштөөсүн камсыз кылуу болуп саналат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 91 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Министрликтин милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- кооптуу табигый, техногендик процесстерге жана кубулуштарга мониторинг жүргүзүү жана болжолдоо, Жарандык коргонуу, өрт коопсуздугу, суу объекттеринде адамдардын коопсуздугу жана гидрометеорология жаатындагы иш-чараларды пландоо, башкаруу органдарын, Жарандык коргонуунун күчтөрүн жана калкты өзгөчө кырдаалдардагы иш-аракеттерге даярдоо;
- алдын алуу, өзгөчө кырдаалдардан алдын ала коргоочу иш-чараларды жүргүзүү;
- Жарандык коргонуу жаатында мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тармактар аралык, аймактык координациялоо;
- издөө-куткаруу, авариялык-калыбына келтирүү жана башка кечиктирилгис жумуштарды уюштуруу жана жүргүзүү, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу, алардын масштабдарын баалоо;
- продукцияга (объекттерге) жана/же аларга байланышкан өндүрүш, курулуш, монтаждоо, жөндөө, эксплуатациялоо, сактоо, ташуу, пайдалануу, сатуу, көмүү, жайгаштыруу жана утилдештирүү процесстерине карата өрт коопсуздугу боюнча ченемдик укуктук актылардын, техникалык регламенттердин талаптарын сактоону мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде радиациялык кооптуу объекттердин зыяндуу таасиринен калкты жана аймактарды коргоону камсыз кылуу;
- мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын башкаруу;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген мобилизациялык пландарда белгиленген тапшырмаларды, ошондой эле өзгөчө кырдаалдар, өзгөчө жана согуштук абал киргизилген жана согуш убагында мобилизациялоо учурларында мобилизациялык тапшырмаларды аткарууну камсыз кылуу;
- мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын түзүүнү, топтоону, сактоону, жаңылоону жана чыгарууну уюштуруу;
- мамлекеттик материалдык резервдин негизги фонддорун кеңейтүү, реконструкциялоо жана техникалык жактан кайра жабдуу, мамлекеттик материалдык резерв тутумун экономикалык жана социалдык өнүктүрүү боюнча чараларды жүзөгө ашыруу.
- токой чарбасын башкаруу, токойлорду сактоо, калыбына келтирүү жана пайдалануу чөйрөсүндө саясатты ишке ашыруу жана жөнгө салуу, ошондой эле токой ресурстарын, анын ичинде токой аңчылык жайгаштырууну эсепке алуу, алардын абалын баалоо.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 91 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Министрликтин функциялары
11. Министрлик төмөнкүдөй негизги функцияларды жүзөгө ашырат:
1) тармактык саясат функцияларын:
- Жарандык коргонуу, токой чарбасы, өрт коопсуздугу, суу объекттеринде адамдардын коопсуздугу жана гидрометеорология жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;
- Кыргыз Республикасынын Президенти жана Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жарандык коргонууну уюштуруу жана киргизүү боюнча чараларды ишке ашырат;
- Жарандык коргонуу, өрт коопсуздугу, суу объекттеринде адамдардын коопсуздугу жана гидрометеорология, мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын түзүүнү, топтоону, сактоону, жаңылоону жана чыгарууну уюштуруу тутуму, алдын ала коргоочу иш-чараларды жана авариялык-калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүү жаатындагы ченемдик укуктук актылардын жана ченемдик эмес укуктук эмес актылардын долбоорлорун иштеп чыгууну уюштурат жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизет;
- тейлеген тармактарына инвестицияларды тартуу боюнча сунуштарды киргизет;
- мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын топтоонун номенклатурасы жана ченемдери боюнча, ошондой эле мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын түзүү жана сактоо боюнча чыгымдардын көлөмү, түзүмү боюнча республикалык бюджеттин долбооруна сунуштарды белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин бекитүүсүнө киргизет;
- мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын жооптуу сактоочулардын тизмегин түзүү боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна белгиленген тартипте киргизет;
- Кыргыз Республикасынын тынчтык жана согуш мезгилине карата Жарандык коргонуу планын иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына кароо жана бекитүү үчүн киргизет;
- Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жана административдик ведомстволорунун, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тынчтык жана согуш мезгилине карата Жарандык коргонуу пландарын макулдашат;
- Жарандык коргонуунун жана Министрликтин аймактык башкаруу органдарынын аскерлеринин күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыгын камсыз кылат;
- Кыргыз Республикасындагы өзгөчө жана кризистик кырдаалдарда Кыргыз Республикасынын Бирдиктүү маалыматтык-башкаруу тутумун, өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу коркунучу же келип чыгышы жөнүндө кабарлоо тутумун түзөт жана дайыма даярдыкта кармайт;
- калкты жана аймактарды коргоону камсыз кылуу үчүн радиоактивдүү жана уулуу калдык сактоочу жайларда аварияларды алдын алуу боюнча программаларды иштеп чыгат жана ишке ашырат;
- Жарандык коргонуу, өрт, радиациялык коопсуздук, суу объекттеринде адамдардын коопсуздугу жана гидрометеорология жаатындагы эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырат;
- чет мамлекеттердин окуу жайларында Министрликтин адистерин даярдайт;
- Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди ишке ашырат жана аткарууну камсыз кылат;
- Министрликтин карамагында турган консервацияланган калдык сактоочу жайларды, кен калдыктарын жана радиоактивдүү калдыктарды коопсуз кармоо боюнча чаралардын комплексин ишке ашырат;
- Жарандык коргонуу жаатындагы концепцияларды, стратегияларды, максаттуу программаларды иштеп чыгууну жана жүзөгө ашырууну уюштурат жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин бекитүүсүнө киргизет;
- тейлеген тармак чөйрөсүндө укуктук пропагандалоо боюнча иш-чараларды жүргүзөт;
- Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) менен радиоактивдүү калдыктар менен иштөө, уран калдыктарынын объекттеринин коопсуздугу, объекттерге радиоэкологиялык мониторинг жүргүзүү, радиациялык коопсуздук чөйрөсүндө калкты жана аймактарды коргоону камсыз кылуу, радиациялык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу, мүмкүн болуучу радиациялык аварияларга карата комплекстүү чараларды керүү, изилдөө жана кесепеттерин болжолдоо, кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу жаатында техникалык кызматташтыкты жүзөгө ашырат;
- өзүнүн өндүрүшүндө күчтүү таасир этүүчү уулуу заттарды кармаган объекттерди текшерет жана эсебин жүргүзөт;
- Министрликтин карамагында турган токой чарбасын өнүктүрүү боюнча ишти уюштурат;
- токой экосистемаларын өнүктүрүү чөйрөсүндөгү эл аралык глобалдык конвенциялар жана келишимдер боюнча Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерин (анын ичинде башка кызыкдар министрликтер жана административдик ведомстволор менен биргеликте) жетекчиликке алат жана ишке ашырат, ошондой эле донорлордун жана эл аралык уюмдардын колдоосунда (финансылык, техникалык) долбоорлорду, программаларды ишке ашырат;
- токой чарбасынын субъекттеринин ишин уюштурат, токой аңчылык жайгаштырууну эсепке алууну жүргүзөт, токой экосистемаларынын тармагын өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине киргизет;
- кызыкдар министрликтер жана административдик ведомстволор менен биргеликте токой ресурстарын сарамжалдуу пайдалануунун жана коргоонун экономикалык механизмдерин иштеп чыгат;
- токой чарбасын жүргүзүүнүн, токой ресурстарын коргоонун, пайдалануунун жана калыбына келтирүүнүн, токойлорду өрттөн, өзүм билемдик менен кыюулардан коргоонун, токойду зыянкечтерден, оорулардан жана токойго зыян келтирүүчү башка иш-аракеттерден сактоонун бирдиктүү мамлекеттик саясатын ишке ашырат;
- токой чарбаларын башкаруу жаатында инвестицияларды тартуу боюнча сунуштарды киргизет;
- өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин алып коюуга уруксат берүүнү жүзөгө ашырат, ошондой эле атайын уруксат боюнча токой пайдалануу укугун (токой кыюу билети, жыгачты аз-аздан берүүгө ордер, токой билети) тариздейт;
- токой чарбасын башкаруу чөйрөсүндө мамлекеттик жөнгө салууну жүзөгө ашырат;
- токой чарбаларынын аймагына кирүүдөгү посттордун ишин белгиленген тартипте жөнгө салат;
- токойлордун кадастрын жүргүзөт;
- 2) жөнгө салуу функцияларын:
- кооптуу табигый процесстерге мониторинг жүргүзөт жана алардын активдешүүсүн болжолдойт;
- министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана менчигинин түрүнө карабастан уюмдар тарабынан милдеттүү аткарылууга тийиш болгон Жарандык коргонуу жаатындагы эскертүүлөрдү жана көрсөтмөлөрдү берет;
- мамлекеттик материалдык резерв тутумун башкарууну жүзөгө ашырат, мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын жайгаштырууда, сактоодо, алмаштырууда, жаңылоодо жана пайдаланууда "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын сактоону камсыз кылат;
- ведомстволук баш ийүүсүнө жана менчигинин түрүнө карабастан ишканаларда жана уюмдарда сакталган мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын сандык жана сапаттык жактан текшерет, аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча милдеттүү аткарылууга тийиш болгон көрсөтмөлөрдү берет, текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө актыларды түзөт;
- мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын башкаруунун тиешелүү эрежелерин иштеп чыгат, аларды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине бекитүүгө берет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын түзүү, жаңылоо, алмаштыруу, сактоо боюнча милдеттенмелердин ведомстволук баш ийүүсүнө жана менчигинин түрүнө карабастан жооптуу сактоочулар тарабынан аткарылышына контроль жүргүзөт;
- мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө маалыматты жогорку органдарга белгиленген тартипте берет;
- ведомстволук баш ийүүсүнө жана менчигинин түрүнө карабастан, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ишканалар, уюмдар жана мекемелер тарабынан мобилизациялык резервдин комплекттелишин контролдойт;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин негизинде материалдык баалуулуктарды кабыл алуу жөнүндө сактоо милдеттенмелеринин актыларына ылайык материалдык баалуулуктарды белгиленген тартипте түзүүнү, ошондой эле азайбас запастан башка мамлекеттик материалдык резервде турган материалдык баалуулуктардын көлөмүнүн 50 пайызына чейин сатуу же карызга алуу тартибинде материалдык баалуулуктарды мамлекеттик материалдык резервден бекитилген форма боюнча тапшырмалардын негизинде он эки айдан ашык эмес мөөнөткө брондон чыгарууну жана чыгарууну ишке ашырат;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин негизинде мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган белгилеген баа боюнча аларды сатып алууга республикалык бюджетте тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде бюджеттик мекемелер боюнча өз убагында жаңылоо максатында белгиленген тартипте биринчи кезекте бөлүштүрүүнү жүзөгө ашырат;
- мамлекеттик материалдык резервдин топтоо ченемдери, жеткирип берүү, түзүү, жайгаштыруу орду жана иш жүзүндөгү запастарынын бар экендиги жөнүндө маалыматтарды жашыруундуулук режимин сактоо менен берет;
- Кыргыз Республикасынын жана Кыргыз Республикасы макулдашуу түзгөн башка мамлекеттердин аймагында авариялык куткаруу жана өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча башка кечиктирилгис иштерди жүргүзөт;
- өрттөн куткаруу кызматтарын жана авариялык куткаруу кызматтарын, кошуундарын аккредитациялоону жана аттестациялоону жүргүзөт;
- чет мамлекеттердин өзгөчө кызматтары, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдары менен бөөдө өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу жана гуманитардык жардам көрсөтүүгө байланышкан келишимдерди белгиленген тартипте түзөт;
- Жарандык коргонуу, өрт коопсуздугу жана гидрометеорология жаатындагы талаптардын сакталышы бөлүгүндө калктуу конуштардын жана объекттердин башкы пландарынын долбоорлоруна мамлекеттик экспертиза жүргүзүүгө катышат;
- Министрликтин карамагында турган дарыялардын жээгинде селден коргоочу курулмаларды жана түзүлүштөрдү эксплуатациялоону жүзөгө ашырат;
- Министрликтин авиациясын пайдалануу тартибин аныктайт;
− корутунду берүү менен долбоордук документтерге өрт-техникалык экспертиза жүргүзөт;
- түшкөн өтүнмөлөрдүн негизинде жер казынасын пайдалануу укугун алууга жана дарыялардын жана башка көлмөлөрдүн нугунда же жээктеринде иштерди жүргүзүүгө макулдук берет же баш тартат;
- өрттөр тууралуу иштерди териштирет жана алгачкы текшерүүнү жүзөгө ашырат, өрт чыгууларды эсепке алууну, статистиканы, тиешелүү талдоону жүргүзөт;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштү жүргүзөт;
- Жарандык коргонуу күчтөрүнүн жана каражаттарынын курамын аныктайт жана алардын өзгөчө кырдаалдардагы иш-аракеттерге даярдыгын камсыз кылат;
- Кыргыз Республикасынын Президентине өзгөчө кырдаалдарды жоюу үчүн Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүн тартуу жөнүндө сунуштарды белгиленген тартипте киргизет;
- бардык суучулдук сууга кирүүлөргө жана жумуштарга уюштуруу-методикалык жетекчиликти жүзөгө ашырат, Кыргыз Республикасындагы суучулдар кесибинин бардык адистери үчүн квалификациялык мүнөздөмөлөрдүн жана сертификациялоонун талаптарын белгилейт;
- айлана-чөйрөгө мониторинг жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын аймагында пайда болгон гидрометеорологиялык кубулуштар тууралуу маалыматты системалуу талдоону жана жалпылоону ишке ашырат;
- мамлекеттик гидрометеорологиялык кызматтын, анын ичинде гидрометеорологиялык байкоолордун мамлекеттик тармагынын иштөөсүн жана өнүгүшүн, ошондой эле гидрометеорологиялык маалыматты чогултуу, иштеп чыгуу, талдоо, сактоо жана берүүнү уюштурат жана камсыз кылат;
- Министрликтин компетенциясына кирген техникалык регламенттерди ишке ашыруу үчүн алардын шайкештигин баалоо органдарынын болушун жана өнүгүшүн камсыз кылат;
- жарандык коргонуу, калкты жана аймактарды табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан коргоо жаатында Кыргыз Республикасына ташып киргизилүүчү товарлардын максаттуу багытын ырастоо тууралуу корутунду берет;
- өрттү аныктоонун жана өчүрүүнүн автоматтык системаларынын кабарлоосуна мониторинг жүргүзөт;
- өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин алып коюуга уруксат берүүнү жүзөгө ашырат, ошондой эле атайын уруксат боюнча токой пайдалануу укугун (токой кыюу билети, жыгачты аз-аздан берүүгө ордер, токой билети) тариздейт;
- токой чарбасын башкаруу чөйрөсүндө мамлекеттик жөнгө салууну жүзөгө ашырат;
- токой чарбаларынын аймагына кирүүдөгү посттордун ишин белгиленген тартипте жөнгө салат;
- токойлордун кадастрын жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык өрткө каршы автоматика каражаттарын долбоорлоо, монтаждоо, жөндөө жана оңдоо, материалдарды, буюмдарды жана конструкцияларды оттон коргоо боюнча иштерди жүргүзүү, коргоо объекттеринин өрт коопсуздугуна баалоо жүргүзүү, ошондой эле өрттүн келип чыгуу себептерин аныктоо боюнча ишти лицензиялоону жүзөгө ашырат;
3) координациялоо, контролдоо жана көзөмөлдөө функцияларын:
- бардык деңгээлдеги мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын Жарандык коргонуу, өрт коопсуздугу, суу объекттеринде адамдардын коопсуздугу жана гидрометеорология жаатындагы ишин мамлекеттик башкарууну жана координациялоону жүргүзөт;
- төмөнкүлөргө контроль жүргүзөт:
менчигинин түрүнө жана ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын, ошондой эле кызмат адамдарынын жана жеке жактардын өрт коопсуздугунун талаптарын, ченемдерин жана эрежелерин сактоосуна;
өрттөн коргоо тутумдарын жана каражаттарын, анын ичинде алгачкы өрт өчүрүү каражаттарын оң абалда кармоого;
кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда өрттөн коргоо бөлүмдөрүнүн объекттердин, курулмалардын аймагына кирүүсүн камсыз кылууга (кирүүчү жолдордун, бурулуучу аянтчалардын болушу);
уюмдардын, ыктыярдуу өрт өчүрүү түзүмдөрүнүн болушуна жана өрттү өчүрүүгө даярдыгына;
лицензиялардын, уруксаттардын, күбөлүктөрдүн, иштин түрлөрү боюнча макулдашуулардын шарттарынын аткарылышына;
курулуш объекттеринин жана алардын долбоордук документтеринин өрт коопсуздугунун талаптарына шайкештигин, курулуш объекттеринин долбоорлору боюнча өрт коопсуздугу боюнча корутундунун болушуна;
министрликтердин, ведомстволордун, менчигинин түрүнө жана ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын Жарандык коргонууну уюштуруусуна жана жүргүзүүсүнө;
- Жарандык коргонуу, өрт коопсуздугу, суу объекттеринде адамдардын коопсуздугу жана гидрометеорология жаатындагы артыкчылыктуу багыттарды аныктоо жана илимий, изилдөө жана долбоордук-изилдөө иштерин жүргүзүү бөлүгүндө башка мамлекеттик органдар жана уюмдар менен өз ара аракеттенет;
- мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана чарба жүргүзүүчү субъекттер менен биргеликте табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарды жоюуга жана калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүүгө, өрттү өчүрүүгө катышуу үчүн күчтөрдү жана каражаттарды тартуу тартибин белгилейт, бул күчтөрдүн жана каражаттардын даярдыгын контролдойт;
- Жарандык коргонуу, өрт коопсуздугу, суу объекттеринде адамдардын коопсуздугу жана гидрометеорология жаатындагы маалыматты белгиленген тартипте чогултат жана иштеп чыгат, ошондой эле аны алмашат;
- Жарандык коргонуу (өрт коопсуздугу) жаатындагы берилген эскертүүлөрдү жана көрсөтмөлөрдү аткарбоо фактылары тууралуу жана күнөөлүү жеке жана юридикалык жактарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартуу жөнүндө тийиштүү органдарга кабарлайт;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жана укук коргоо органдарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ошондой эле Жарандык коргонуу жаатындагы жана өзгөчө кырдаалдар учурунда ченемдерди, эрежелерди жана стандарттарды бузгандыгы үчүн кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуштарды киргизет;
- Жарандык коргонуу жаатында башкаруу органдарын, Жарандык коргонуу күчтөрүн, уюмдарды жана калкты даярдоону жана кайра даярдоону уюштурат жана координациялайт;
- өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана кесепеттерин жоюу, кырсыктын тобокелдигин азайтуу боюнча иш-чараларды координациялайт жана жүргүзөт;
- өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен жабыркаган калктын жашоо тиричилигин, ошондой эле эл аралык уюмдардын жана Кыргыз Республикасынын аймагында Кырсыктын тобокелдигин азайтуу боюнча Улуттук платформанын катышуучуларынын ишин координациялайт жана камсыз кылат;
- Өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү тутумунун иштөөсүн, координациялоону жана методикалык жетектөөнү уюштурат;
- өрткө каршы курулуш конструкцияларын, жабдууларын жана инвентарды, ошондой эле өрткө каршы коргоо тутумунун техникалык түзүлүштөрүн даярдоодо, курууда, реконструкциялоодо, монтаждоодо, ишке киргизүүдө, жөндөөдө, оңдоодо жана эксплуатациялоодо өрт коопсуздук талаптарынын сакталышына көзөмөл жүргүзөт;
- токой чарбасын жүргүзүү процессин, токой фондун эсепке алуу, токой ресурстарын коргоо, пайдалануу жана калыбына келтирүү, токойлорду өрттөн, өзү билемдик менен кыюулардан коргоо, токойлорду зыянкечтерден, оорулардан жана токой чарбасына зыян келтирүүчү башка иш-аракеттерден сактоо тартибин координациялайт;
- жаратылыш объекттерин кайра түзүүгө жана ландшафттарды калыптандырууга байланышкан чарбалык ишти жүргүзүүдө токой ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууну контролдойт;
- токойго мониторинг, токой аңчылык жайгаштыруу жана токойлорго инвентаризация жүргүзөт;
4) кызмат көрсөтүү функцияларын:
- суу алдындагы техникалык, суучулдук иштерди жана дайвингди жүргүзөт жана уюштурат;
- Жарандык коргонуу жаатында уюмдардын, анын ичинде өкмөттүк эмес уюмдардын, мекемелердин, коммерциялык түзүмдөрдүн адистерин жана жеке жактарды даярдоону жана кайра даярдоону уюштурат;
- суучулдар иши, суудан куткаруу иши, дайвинг боюнча адистерди окутууну, даярдоону, кайра даярдоону, квалификациясын жогорулатууну уюштурат;
- адистерди даярдоону жана кайра даярдоону, жумушчуларды, кызматчыларды, студенттерди, окуучуларды өрт коопсуздугунун чараларына үйрөтүүнү жүзөгө ашырат;
- мамлекеттик эмес (штаттан тышкаркы) авариялык-куткаруу түзүлүштөрүнүн куткаруучуларын даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну уюштурат;
- жеке жана юридикалык жактардын өтүнмөлөрү боюнча шахталардын жана кендердин атайын жабдууларына сыноо жүргүзөт;
- юридикалык жана жеке жактардын арызы боюнча өрт коопсуздугу жаатындагы заттарды жана материалдарды сыноо жана сертификациялоо жүргүзөт;
- Министрликтин карамагына кирген маселелер боюнча жеке жана юридикалык жактарга, чарба жүргүзүүчү субъекттерге маалыматтык жана консультативдик көмөк көрсөтөт;
- радиоактивдүү калдыктарды жана радиоактивдүү изотопторду чогултууну, ташууну жана көмүүнү уюштурат;
- экономиканын ар кандай тармактарында радиоактивдүү заттарды жана радионуклиддерди камтыган башка материалдарды ташууну уюштурат;
- радиоактивдүү изотоптор менен булганган атайын кийимди, жеке коргонуу каражаттарын жана ич кийимди дезактивдештирүүнү жүргүзөт;
- радиоактивдүү заттарды жана радиоактивдүү изотопторду утилдештирүү боюнча ишти уюштурат;
- суу ресурстары чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Кыргызгидромет менен макулдашылган Кыргызгидрометтин режимдик-маалыматтык гидрологиялык посттору боюнча күндөлүк (оперативдүү) гидрологиялык маалыматты акысыз негизде ыкчам тартипте берет;
- суу транспорту менен сейилдөөнү жүзөгө ашырат;
5) колдоо функцияларын:
- өзгөчө кырдаалдарда пайдалануу үчүн Жарандык коргонуунун финансылык жана материалдык ресурстарынын кол тийгис запастарын түзөт;
- Жарандык коргонуу муктаждыктары үчүн мамлекеттик финансылык жана материалдык резервдерди түзүүгө катышат;
- калктуу конуштардын аймактарын жана объекттерди селден жана суу ташкындарынан коргоону камсыз кылуучу иш-чараларды жүргүзөт, селден коргоочу курулмаларды курат жана бул инженердик курулмаларды эксплуатациялоону камсыз кылат;
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте өзгөчө кырдаалдардан жабыр тарткан калктын биринчи кезектеги жашоо-тиричилигин камсыздоону уюштурат;
- өзгөчө кырдаалдар келип чыккан учурда кызыкдар болгон аткаруу бийлигинин органдары, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдар менен биргеликте Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин калкына гуманитардык жардамды белгиленген тартипте жеткирип берет;
- калкты жана аймактарды табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан коргоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө башкаруу органдарын, Жарандык коргонуунун күчтөрүн жана каражаттарын дайыма даярдыкта кармайт;
- башкаруу органдарын, Жарандык коргонуунун күчтөрүн даярдайт жана калкты өзгөчө кырдаалдардагы иш-аракеттерге үйрөтөт, Жарандык коргонуу, өрт коопсуздугу, токой чарбасы, суу объекттеринде адамдардын коопсуздугу жана гидрометеорология жаатында, анын ичинде келишимдик негизде билимдерди пропагандалайт жана жайылтат;
- өрт өчүрүүнү жана аны менен байланышкан куткаруу жумуштарын уюштурат жана жүргүзөт;
- суу объекттеринде суу алдындагы техникалык жана суучулдар иши боюнча эксперттик ишти жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын суу объекттеринде жана гидротехникалык курулмаларында издөө-куткаруу жана илимий-изилдөө иштерин жүргүзөт;
- издөө жана авиациялык куткаруу жумуштарын, Кыргыз Республикасында учууларды камсыз кылууну уюштурат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде Министрликтин бюджеттик каражаттарын пайдалануунун натыйжалуулугун талдайт, баалайт жана аудит жүргүзөт;
- эл аралык чукул жардам көрсөтүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат;
- жеке коргонуу каражаттарын, химиялык жана дозиметриялык контролдоо приборлорун талаптагыдай абалда кармайт;
- табигый, техногендик жана башка кооптуу комплекстерге комплекстүү мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо системасынын иштөөсүн уюштурат;
- мыйзамдарга ылайык Министрликтин кызматкерлеринин социалдык жактан корголушун жана камсыздандырууну камсыз кылат;
- Министрликтин аскер кызматчыларынын жана кызматкерлеринин ден соолугун сактоого жана бекемдөөгө багытталган профилактикалык, дарылоо, санитардык-курорттук, ден соолукту чыңдоочу жана реабилитациялык иш-чаралардын комплексин ишке ашырат;
- кооптуу жаратылыш процесстеринин зоналарында жер участокторун бөлүп берүүнүн алдын алуу максатында турак үйлөрдү, административдик жана өндүрүштүк имараттарды жана курулмаларды курууга жер участокторун бөлүп берүү жөнүндө чечимдерди макулдашат;
- калкты жана аймактарды коргоо боюнча атайын алдын ала коргоочу жана жоюучу иш-чараларды, авариялык-калыбына келтирүү иштерин жана башка иш-чараларды жүргүзөт.
- күч түзүмдөрүнүн өз ара алмаштыруучулук принцибин эске алуу менен коомдук коопсуздукту жана мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн камсыз кылуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууга катышат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-февралындагы № 47, 2023-жылдын 23-августундагы № 425, 2024-жылдын 24-январындагы № 19, 2024-жылдын 4-мартындагы № 91, 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 , 2024-жылдын 12-июлундагы № 386, 2025-жылдын 5-августундагы № 467 , 2025-жылдын 10-октябрындагы № 658 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
“Кыргыз Республикасынын укуктук маалыматтардын борборлоштурулган банкынын” эскертүүсү: Берилген Жобонун 11-пунктундагы абзацтарынын саны расмий тилдеги тексттин 11-пунктундагы абзацтарынын санына дал келбейт.
4. Министрликтин укуктары
12. Министрлик белгиленген иш чөйрөсүндө функцияларды ишке ашыруу максатында төмөнкүлөргө укуктуу:
- аткаруу бийлигинин органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин, чарба жүргүзүүчү субъекттердин жетекчилеринин Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген чечимдерди жокко чыгаруу тууралуу отчетторун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйналыштарында угуу жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине белгиленген тартипте киргизүүгө;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин, чарба жүргүзүүчү субъекттердин жетекчилерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ошондой эле Жарандык коргонуу, өрт коопсуздугу жана суу объекттеринде адамдардын коопсуздугу жана гидрометеорология жаатындагы ченемдерди, эрежелерди жана стандарттарды бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуштарды белгиленген тартипте киргизүүгө;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине Жарандык коргонуу жана өрт коопсуздугу жаатында контролдоо-көзөмөлдөө ишин өркүндөтүү тууралуу сунуштарды киргизүүгө;
- эскертүүлөр жана көрсөтмөлөр аткарылбаган учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жана укук коргоо органдарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ошондой эле Жарандык коргонуу, өрт коопсуздугу жана суу объекттеринде адамдардын коопсуздугу жана гидрометеорология жаатындагы ченемдерди, эрежелерди жана стандарттарды бузгандыгы үчүн кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуштарды белгиленген тартипте киргизүүгө;
- издөө, авариялык-куткаруу жана калыбына келтирүү иштеринде, өрт өчүрүүдө, өзгөчө кырдаалдар зонасында жүргүзүлүүчү иштерде жана кооптуу табигый жана техногендик процесстерди изилдөөдө кызматкерлерди кырсыктардан жана өлүмдөн камсыздандырууга;
- белгиленген тартипте бекитилген таануу белгилери, сигнализация жана байланыш каражаттары менен жабдылган атайын транспорт каражаттарына ээ болууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик резервдин материалдык баалуулуктарын жана гуманитардык жүктөрдү алымдардын жана жыйымдардын башка түрлөрүн төлөбөстөн транспорттун ар кандай түрлөрү менен ташууга;
- өзгөчө кырдаалдар келип чыккан учурда байланышуу жана маалымат берүү үчүн республикалык байланыш тутумдарын жана ведомстволук байланыш тармактарын, анын ичинде аскердик командалык органдарынын байланыш тармактарын артыкчылыктуу тартипте пайдаланууга;
- өзгөчө кырдаалдар келип чыккан учурда байланышуу жана маалымат берүү үчүн электр байланыш тармагын жана жалпы пайдалануудагы электр байланыш тармактарынын операторлору тарабынан берилген кызматтарды артыкчылыктуу тартипте пайдаланууга;
- адам өмүрүнүн жана ден соолугунун коопсуздугу жөнүндөгү маалыматтарды калкка жеткирүү менен байланышкан коомдук маанилүү билдирүүлөрдү жалпыга маалымдоо каражаттары (телекөрсөтүү, радио), уюлдук байланыш операторлору аркылуу берүүнү (акысыз негизде) ишке ашырууга;
- өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча иштерге жетекчилик кылуу учурунда Кыргыз Республикасынын табигый кырсык болгон аймактарында өзгөчө абалды киргизүү жөнүндө чечим кабыл алган органдар менен макулдашуу боюнча мыйзамдарга ылайык чараларды көрүүгө;
- өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча иш-аракеттерге башка райондордон Жарандык коргонуу күчтөрүн жана каражаттарын, туруктуу даярдыктагы күчтөрдү тартуу жөнүндө чечим кабыл алууга;
- Министрликтин борбордук аппаратынын жана ар бир ведомстволук, аймактык бөлүмүнүн резервинде өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө 200 (эки жүз) миң сомго чейин болууга;
- Министрликтин ведомстволук бөлүмдөрүнө, мамлекеттик мекемелерине жана ишканаларына товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууну "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүргүзүүнү жүктөөгө;
- юридикалык жана жеке жактардын өтүнмөлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүгө;
- өрт өчүрүүгө менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын бул максаттар үчүн ыңгайлаштырылган техникасын тартууга;
- авариялык-куткаруу, авариялык-калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүүгө Жарандык коргонуу кошуундарын, менчигинин түрүнө карабастан уюмдарды, ишканаларды жана жарандарды белгиленген тартипте тартууга;
- шашылыш учурларда Кыргыз Республикасынын Президентинин - Жарандык коргонуунун башчы сынын атынан тиешелүү мамлекеттик башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар тарабынан милдеттүү аткарылууга тийиш болгон буйруктарды белгиленген тартипте чыгарууга;
- эксплуатацияга берилбей турган объекттердеги биринчи кезектеги алдын алуу жана авариялык-калыбына келтирүү жумуштарына багытталган чыгымдарды Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте эсептен чыгарууга;
- Жарандык коргонуу, өрт коопсуздугу жана суу объекттеринде адамдардын коопсуздугу жаатындагы стратегиялык пландоону уюштурат жана ишке ашырат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык менчигинин түрүнө жана уюштуруу-укуктук формасына карабастан бардык уюмдарда өрт коопсуздугунун талаптарынын сакталышы боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүүгө;
- мамлекеттик органдарга, менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактарга жана жеке жактарга текшерүү учурунда аныкталган өрт коопсуздугунун талаптарын бузууларды жоюу тууралуу милдеттүү аткарылууга тийиш болгон эскертүүлөрдү (кабарлоолорду, көрсөтмөлөрдү) киргизүүгө;
- мыйзам бузуунун мүнөзүн эске алуу менен негизделген мөөнөттө мыйзам бузууларды жоюуну талап кылууга;
- административдик укук бузуулар тууралуу материалдарды кароого, юридикалык жана жеке жактарга, кызмат адамдарына жана кызматкерлерге өзүнө берилген ыйгарым укуктарынын чегинде айыптарды, административдик жазанын башка түрлөрүн салууга;
- бузууга жол берген адамдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселени кароо үчүн көзөмөлдөө, сот жана укук коргоо органдарына материалдарды берүүгө;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде маселелерди кароо үчүн эксперттердин жана адистердин арасынан жумушчу топторду белгиленген тартипте түзүүгө;
- зарыл болгон учурларда мамлекеттик башкаруу органдары, уюмдар тарабынан жабдууларды жана материалдарды контролдук сыноолорду, жумушту жана айлана-чөйрөнү контролдук талдоолорду жүргүзүүнү, ошондой эле колдонуудагы эрежелердин чегинде жабдууларды күбөлөндүрүүнү дайындоого;
- өндүрүштүн, объекттердин жана жумуштардын коопсуздугуна байланышкан текшерүүлөрдү, көз карандысыз экспертизаларды жана иштеп чыгууларды жүргүзүү үчүн мамлекеттик башкаруу органдарынын, уюмдардын, илимий-изилдөө жана долбоорлоо-конструктордук институттардын макулдугу менен адистерди тартууга;
- мамлекеттик башкаруу органдарынын жетекчилеринен жана башка кызмат адамдарынан, юридикалык жана жеке жактардан көзөмөлдөө жана контролдоо функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон документтерди, түшүндүрмөлөрдү, маалыматтарды, өрт коопсуздугунун абалы жөнүндө маалыматтарды суроого жана акысыз алууга;
- уруксатты (күбөлүктү) колдонуунун шарттары аткарылбаган же өрт коопсуздугунун талаптарын одоно бузуулар аныкталган учурда, эгерде бул кылмыш-жаза жоопкерчилигине алып келбесе, лицензиялардын, уруксаттардын жана күбөлүктөрдүн колдонулушун токтото туруу же аларды кайра сурап алуу, ошондой эле күбөлүктөрдүн колдонулушун токтото туруу же чакыртып алуу жөнүндө сунуштарды мамлекеттик органдарга (лицензиарларга) белгиленген тартипте киргизүүгө;
- адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна, айлана-чөйрөгө коркунуч келтирген экологиялык, өрт коопсуздугунун жана радиациялык коопсуздук талаптары бузулган учурда юридикалык жана жеке жактардын объекттерин (жумуштарын), айрым өндүрүштүк бөлүмдөрүн жана жабдууларын эксплуатациялоону белгиленген тартипте токтото турууга жана тыюу салууга;
- Жарандык коргонуу өрт коопсуздугу жаатындагы талаптарды бузуунун себептери жөнүндө түшүндүрмө алуу үчүн уюмдардын жетекчилерин жана башка кызмат адамдарын, ошондой эле жарандарды чакырууга;
- Жарандык коргонуунун жана өрт коопсуздугунун талаптарын системалуу түрдө бузган кызмат адамдарын тартиптик жоопкерчиликке тартуу боюнча министрликтердин, ведомстволордун жана уюмдардын жетекчилерине сунуштарды киргизүүгө;
- мыйзамда белгиленген тартипте айырмалоочу белгилери бар бекитилген үлгүдөгү форманы кийүүгө, ок атуучу куралды жана атайын каражаттарды сактоого, алып жүрүүгө жана колдонууга;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде белгиленген тартипте эл аралык кызматташууну жүзөгө ашырууга жана эл аралык уюмдарда катышуучу (мүчө) катары чыгууга;
- Кыргыз Республикасынын региондорунда мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарынын запастарын жайгаштыруу жана сактоо боюнча филиалдарды, башка пункттарды түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө сунуштарды белгиленген тартипте киргизүүгө;
- мамлекеттик материалдык резервдин брондон чыгарылган жана ченемден жогорку материалдык баалуулуктарын, номенклатуралык эмес материалдык баалуулуктарды, карызды төлөөнүн эсебинен алынган мүлктү сатууга;
- аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан материалдык баалуулуктардын номенклатурасы, топтоо көлөмү, аларды оптималдуу жайгаштыруу жөнүндө сунуштарды иштеп чыгуу жана мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын түзүү жана сактоо менен байланышкан маселелерди кароо үчүн зарыл болгон маалыматты, ошондой эле мамлекеттик материалдык резервге материалдык баалуулуктарды жеткирүү, жөнөтүү, түзүү жөнүндө маалыматтарды алууга;
- мамлекеттик материалдык резервдин товардык-материалдык баалуулуктарын сактоо эрежелерине ылайык жайгаштырууну камсыз кылуу максатында өндүрүштүк жана өндүрүштүк эмес багыттагы объекттерди курууну, оңдоо иштерин жүргүзүүнү пландоого жана уюштурууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түз инвестицияларды тартууга;
- Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча соттордо доогер жана жоопкер катары чыгууга;
- гидрометеорологиялык маалыматты жана жаратылыш чөйрөсүнүн булганышы жөнүндө маалыматты, анын ичинде кооптуу табигый гидрометеорологиялык кубулуштар тууралуу маалыматтарды жыйноого жана алмашууга;
- 112 бирдиктүү мамлекеттик нөөмөттүк-диспетчердик кызматтын иштөөсүндө жеке маалыматтар менен иштөөгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка функцияларды аткарууга.
13. Министрликтин кызматкерлери кызматтык милдеттерин аткарууда ишканаларга, мекемелерге, уюмдарга (анын ичинде режимдик), кайтарылуучу аймактарга, башка объекттерге ведомстволук таандыктыгына жана менчигинин түрүнө карабастан, белгиленген тартипте барууга, текшерүүгө жана текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча актыларды жана протоколдорду түзүүгө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууларды жоюу боюнча милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон эскертүүлөрдү берүүгө укуктуу.
5. Министрликтин ишин уюштуруу
14. Министрликти Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри (мындан ары - министр) жетектейт.
15. Министр Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун башчысынын орун басары болуп саналат.
16. Министр төмөнкүлөр үчүн жеке жоопкерчилик тартат:
- Министрликке жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн;
- берилген маалыматтын чындыкка дал келишине.
17. Министр:
- министрдин орун басарларынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт жана алардын функциялык милдеттерин бекитет;
- өзүнүн орун басарларын жана министрликтин ага баш ийген башка кызматкерлерин сыйлоо же тартиптик жаза чараларын көрөт, орун басарларын кызмат ордунан бошотуу түрүндө тартиптик жаза колдонуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына сунуштарды киргизет;
- ведомстволук ишканаларды жана мекемелерди түзүү, кайра түзүү жана жоюу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине белгиленген тартипте сунуштарды киргизет;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын номенклатурасына кирген Министрликтин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына киргизет;
- Министрликтин аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерин, ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин орун басарларын жана офицердик курамдагы аскер кызматчыларын жана прапорщиктерди белгиленген тартипте кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
- Министрликтин бөлүмдөрүн кайрадан жабдууга, жаңы техника жана техникалык каражаттар менен камсыздоого, ошондой эле илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүгө байланышкан чыгымдарды белгиленген тартипте бекитет;
- Министрликтин аскер кызматчылары жана кызматкерлери табигый кырсыктардын жана башка өзгөчө кырдаалдардын мезгилинде милдеттерди аткаруу учурунда, ошондой эле шашылыш тапшырмаларды аткаруу учурунда алардын азык-түлүк үлүшүнүн убактылуу ченемдерин белгилейт;
- Министрликтин өздүк курамын, Куралдуу Күчтөрдүн, башка аскердик кошуундардын жана мыйзамда аскердик кызмат каралган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларын, ошондой эле өзгөчө кырдаалдардан калкты жана аймактарды коргоо милдеттерин чечүүгө көмөк көрсөткөн жарандарды сыйлоо үчүн ведомстволук сыйлыктарды, төш белгилерди белгиленген тартипте уюштурат, ведомстволук сыйлыктар, төш белгилер жана ведомстволук айырмалоочу белгилер жөнүндө жоболорду бекитет;
- Министрликтин аскер кызматчыларын, ошондой эле Министрликке жүктөлгөн милдеттерди аткарууга көмөк көрсөткөн башка адамдарды сыйлоо үчүн сыйлык жана белек фонддорун, анын ичинде атылбаган куралдардын фондун белгиленген тартипте түзөт;
- Министрликтин балансында турган мүлкүн жана каражаттарын башкарат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык финансылык-чарбалык ишин уюштурат;
- жыл ичинде алдын алуу, авариялык-калыбына келтирүү жумуштарын жана башка иш-чараларды жүргүзүү боюнча программаларды белгиленген тартипте бекитет жана аларга өзгөртүүлөрдү киргизет;
- министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өзгөчө кырдаалдар шартында өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарууну камсыз кылбаган кызмат адамдарын иштерге жетекчилик кылуудан четтетет, андан ары тиешелүү органдарга аларды ээлеген кызмат ордунан бошотуу жөнүндө сунуштарды киргизет;
- Министрликтин аскер кызматчыларына карата Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жалпы аскердик уставдарында каралган укуктарды толук көлөмдө пайдаланат жана өзүнүн ыйгарым укуктарын жеке башчылыктын негизинде жүзөгө ашырат;
- Министрликтин аскер бөлүктөрүнүн аскер шаарчаларын куруунун жана өнүктүрүүнүн башкы пландарын, Министрликтин аскер бөлүктөрүнүн курулуш объекттерин куруу долбоорлорун, Жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатындагы илимий-изилдөө жана тажрыйбалык-конструктордук иштердин пландарын белгиленген тартипте бекитет;
- республикалык жана чек ара аралык өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу учурунда жетекчиликти түздөн-түз өзүнө алат;
- Министрликтин кызматкерлерин белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары кызматтык иш сапарларга, окууга, квалификациясын жогорулатууга жиберет;
- белгиленген ченемдердин чегинде түзүмдү жана штаттык ырааттаманы жана Министрликтин борбордук аппаратынын, аймактык органдарынын бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду белгиленген тартипте бекитет;
- белгиленген ченемдердин чегинде Министрликтин ведомстволук бөлүмдөрүнүн түзүмүн, штаттык ырааттамасын жана башкаруу схемасын бекитет.
- Министрликтин борбордук аппаратынын мамлекеттик кызматчыларын, аскер кызматчыларын жана башка кызматкерлерин белгиленген тартипте кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот, аларга карата сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот;
- Министрликтин ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерине жана башка кызматкерлерине белгиленген тартипте сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот;
- Министрликтин мамлекеттик кызматчылары, аскер кызматчылары жана башка кызматкерлери тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон буйруктарды чыгарат;
- Министрликтин борбордук аппаратынын кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органы менен жамааттык келишимге кол коёт;
- Министрликтин түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүн белгиленген тартипте түзөт, кайра уюштурат, жоёт;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тапшырмасы боюнча эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга кол коёт;
- Министрликтин өздүк курамы үчүн ведомстволук форманы кийүүнүн бирдиктүү эрежелери жөнүндө жобону бекитет;
- Министрликтин коллегиясы жөнүндө жобону бекитет;
- Министрликтин ведомстволук бөлүмдөрү жөнүндө жоболордун долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине белгиленген тартипте бекитүүгө сунуштайт, эгерде чечимдерди жокко чыгаруунун башка тартиби мыйзам менен белгиленбесе, Министрликтин ведомстволук бөлүмдөрүнүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген чечимдерин жокко чыгарат;
- Министрликтин мамлекеттик кызматчыларына белгиленген тартипте класстык чендерди ыйгарат;
- ар кандай мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарды чектөө жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча алдын алуу, авариялык-куткаруу жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүү үчүн Министрликтин ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн (биргелешкен отряддарынын), өздүк курамдын ичинен айрым адамдардын убактылуу болуучу ордун (дислокациясын) аныктайт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишеним кат берет;
- Министрликтин бөлүмдөрү үчүн адистиктер боюнча (адистиктердин багыттары, адистештирүү) билим алуу үчүн адамдарды кесиптик тандоо жүргүзүү тартибин аныктайт;
- коррупциянын алдын алуу ички системасын түзүү жана анын иштешин камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 91, 2026-жылдын 16-февралындагы № 105 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
18. Министрликте министрдин орун басарларынын, анын ичинде биринчи орун басардын кызмат орду каралган.
Министрдин биринчи орун басары жана орун басарлары министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан макулдашуусу жок кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулушат, түздөн-түз министрге баш иет жана өздөрүнө жүктөлгөн милдеттердин чегинде министрликтин ишин уюштурат,
19. Министрдин биринчи орун басары жана орун басарлары министр тарабынан алардын карамагына өткөрүп берилген маселелер боюнча чечимдерди өз алдынча кабыл алат, тейлеген багыттары боюнча иштерди уюштурат.
20. Министрликте 11 адамдан турган коллегия түзүлөт. Коллегиянын мүчөлөрү министр, кызмат орду боюнча коллегиянын мүчөлөрүнүн курамына кирген министрдин орун басарлары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өкүлү (макулдашуу боюнча) болуп саналат. Коллегиянын курамына кызмат орду боюнча киргизилген адамдарды кошпогондо, анын мүчөлөрү министр тарабынан бекитилет. Коллегиянын чечимдери токтом түрүндө кабыл алынат жана аткарылууга тийиш.
21. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-февралындагы № 63 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
22. Министрликте жана аскер кызматчылары менен толукталган ага баш ийген түзүмдүк бөлүмдөрдө аскер кызматын өтөө жалпыга бирдей аскердик милдетти өтөө болуп эсептелет, ал эми бардык аскер кызматчылары аскер кызматында болушат.
23. Министрликте кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчылары үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ченемдер боюнча камсыздоонун акчалай жана натуралай түрлөрү, кызматтык жана турак жайлар, медициналык жана санаториялык-курорттук дарылоо жана өмүрүн камсыздандыруу менен камсыз кылынат.
24. Министрликтин аскер кызматчыларын ээлеген кызмат орундарына дайындоо, которуу жана бошотуу төмөнкүчө жүргүзүлөт:
- офицердик курамдын кызмат ордуна - министрдин тейлеген орун басарынын сунушу боюнча министрдин буйругу менен;
- прапорщиктер ээлеген кызмат орундарына - тиешелүү командирлердин (начальниктердин) сунушу боюнча министрдин тейлеген орун басарынын буйругу менен.
25. Министрликтин офицердик курамына кезектеги аскер наамдары төмөнкү тартипте берилет:
- "кенже лейтенант" наамынан тартып "полковник" наамын кошо алганда аскердик наамдар министрдин тейлеген орун басарынын сунушу боюнча министрдин буйругу менен;
- "прапорщик", "улук прапорщик" деген аскердик наамдар тиешелүү командирлердин (начальниктердин) сунушу боюнча министрдин тейлөөчү орун басарынын буйругу менен берилет.
26. Министрликтин борбордук аппаратын, ведомстволук жана аймактык органдарын күтүүгө кеткен чыгымдарды каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген каржылоонун башка булактарынын эсебинен жүргүзүлөт.
6. Корутунду жоболор
27. Министрликти кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
28. Министрликтин ишинин процессинде пайда болгон документтер, ал жоюлган учурда "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат.