Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 23-августу № 425
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Республикалык адистештирилген комбинат" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 91 токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17, 26-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Республикалык адистештирилген комбинат" мамлекеттик мекемеси түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасынан Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Республикалык адистештирилген комбинат" мамлекеттик мекемесине тиешелүү функциялар өткөрүп берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Республикалык адистештирилген комбинат" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык бекитилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Республикалык адистештирилген комбинат" мамлекеттик мекемесинин карамагына төмөнкүлөрдү өткөрүп берсин:
- 48 бирдик сандагы штаттык бирдикти, анын ичинде 10 штаттык бирдик негизги персоналды, 38 штаттык бирдик техникалык жана тейлөө персоналды;
- финансылык жана материалдык-техникалык каражаттарды.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айрым маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жободо:
- 11-пункттун 4-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы онунчу-он үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"- радиоактивдүү калдыктарды жана радиоактивдүү изотопторду чогултууну, ташууну жана көмүүнү уюштурат;
- экономиканын ар кандай тармактарында радиоактивдүү заттарды жана радионуклиддерди камтыган башка материалдарды ташууну уюштурат;
- радиоактивдүү изотоптор менен булганган атайын кийимди, жеке коргонуу каражаттарын жана ич кийимди дезактивдештирүүнү жүргүзөт;
- радиоактивдүү заттарды жана радиоактивдүү изотопторду утилдештирүү боюнча ишти уюштурат;";
(абзац КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-мартындагы N 91 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-мартындагы N 91 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
- 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
5 | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги | 4995 | 515 |
| анын ичинде: |
|
|
| борбордук аппарат | 124 | 40 |
| аймактык бөлүмдөрү | 3911 | 216 |
| ведомстволук бөлүмдөрү | 960 | 259 |
".
7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 20-декабрындагы № 320 "Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасынын уставында:
- 20-пункттун 22-пунктчасы жана 22-пункттун 16-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 34-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"34. "Кыргызжылуулукэнерго" МИ "Миң-Куш айылын тиричилик жактан тейлөө ишканасы" филиалын кошпогондо, өз ишин толук чарбалык эсеп жүргүзүү, өзүн-өзү каржылоо жана өзүн актоочулук принциптеринде жүргүзөт, ошондой эле өз алдынча баланска, негизги жана жүгүртүүдөгү каражаттарына ээ.";
- 40-пункттун 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) "Миң-Куш айылын тиричилик жактан тейлөө ишканасы" филиалын күтүүгө кеткен чыгымдар каржыланат.";
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасынын башкаруу схемасы ушул токтомдун 4-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2022-жылдын 1-августундагы № 435 "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасынын республикалык адистештирилген комбинатынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Республикалык адистештирилген комбинат" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө";
2) преамбуладагы, 1, 2, 3, 4-пункттардагы "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасынын республикалык адистештирилген комбинатынын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Республикалык адистештирилген комбинат" мамлекеттик мекемесинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемеси ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
4) жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинде:
- аталышындагы жана 1-пункттагы "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасынын Республикалык адистештирилген комбинатынын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Республикалык адистештирилген комбинат" мамлекеттик мекемесинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 4-пункт "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасынын системасында" деген сөздөрдөн кийин ", Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Республикалык адистештирилген комбинат" мамлекеттик мекемесининде" деген сөздөр менен толукталсын;
- 6-пункттун үчүнчү абзацындагы "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасынын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Республикалык адистештирилген комбинат" мамлекеттик мекемесинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 6-пункттун төртүнчү абзацындагы "жаратылышты коргоо ишин жүзөгө ашырган "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасынын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Республикалык адистештирилген комбинат" мамлекеттик мекемесинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) жогоруда аталган токтомдун 3-тиркемесинин аталышындагы "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасынын республикалык адистештирилген комбинатынын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Республикалык адистештирилген комбинат" мамлекеттик мекемесинин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
9. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги:
- өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
10. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
11. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| 2-тиркеме |
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин БАШКАРУУ СХЕМАСЫ
".
|
| 3-тиркеме |
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Республикалык адистештирилген комбинат" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга ЭСЕЛӨӨ КОЭФФИЦИЕНТТЕРИ
№ | Кызмат ордунун аталышы | Эселөө коэффициенти |
1 | Директор | 2,70 |
2 | Директордун орун басары | 2,20 |
3 | Башкы бухгалтер | 2,50 |
4 | Экономист-финансист | 2,20 |
5 | Радиоактивдүү калдыктарды көмүү пунктунун участогунун начальниги | 2,50 |
6 | Механик | 2,20 |
7 | Бухгалтер | 2,00 |
8 | Кампа башчысы | 1,40 |
9 | Инженер-программист | 2,00 |
10 | Дозиметрист | 1,40 |
11 | Лаборант-радиометрист | 1,14 |
12 | Электр отказаны-буулоо боюнча оператор | 1,14 |
13 | Кир кийимдерди кабыл алуучу-сорттоочу | 1,14 |
14 | Жуугуч-дезактивдештирүүчү | 1,14 |
15 | Радиоактивдүү калдыктарды дезактивдештирүүчү | 1,14 |
16 | Кийим үтүктөөчү | 1,14 |
17 | Электрмонтер | 1,14 |
18 | Слесарь-ондоочу | 1,14 |
19 | Газэлектр ширетүүчү | 1,14 |
20 | Изотопторду ташуу боюнча атайын автомашинанын айдоочусу | 1,60 |
21 | Радиоактивдүү калдыктарды көмүү боюнча атайын автомашинанын айдоочусу | 1,80 |
22 | Радиоактивдүү калдыктарды көмүү боюнча автокрандын машинисти | 1,80 |
23 | Радиоактивдүү булганган кийимдерди ташуу боюнча автомобилдин айдоочусу | 1,60 |
24 | Күзөтчүлөрдүн бригадири | 1,14 |
25 | Көмүү пунктунун жана атайын кир жуучу жайдын күзөтчүсү | 1,00 |
26 | Көмөкчү жумушчу | 1,00 |
27 | Өндүрүштүк жайларды тазалоочу | 1,00 |
".
|
| 4-тиркеме |
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасынын БАШКАРУУ СХЕМАСЫ
".