Загрузка документа…
|
| 9-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Калдык сактоочу жайлар менен иштөө боюнча департамент жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-январындагы № 19, 2026-жылдын 16-февралындагы № 105 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Калдык сактоочу жайлар менен иштөө боюнча департамент (мындан ары - Департамент) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (мындан ары - Министрлик) карамагындагы калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары менен иштөө боюнча ишти жүргүзүүчү Министрликтин ведомстволук бөлүмү болуп эсептелет.
2. Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ушул Жобону жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышкан, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жетекчиликке алат.
3. Департамент мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенет.
4. Департамент өз алдынча баланска, негизги жана жүгүртүүчү каражаттарга ээ. Ишти каржылоо тиешелүү жыл үчүн республикалык бюджетте каралган каражаттардын эсебинен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан жүргүзүлөт.
5. Департамент юридикалык жак болуп эсептелет, ал Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана мамлекеттик жана расмий тилдердеги өзүнүн аталышы бар мөөргө, штампка, Казыналык системасында алыш-бериш эсепке ээ.
Департаменттин толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Калдык сактоочу жайлар менен иштөө боюнча департаменти";
- расмий тилде: "Департамент по обращению с хвостохранилищами при Министерстве чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики".
6. Департаменттин юридикалык дареги: 723500, Ош шаары, Муминова көчөсү, 11.
7. Уюштуруу-укуктук формасы - мамлекеттик мекеме.
2. Департаменттин максаттары жана милдеттери
8. Департаменттин максаты болуп Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагындагы калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары менен иштөөдө коопсуздукту камсыздоо жана коопсуздуктун белгиленген талаптарын сактоо боюнча иш-чараларды аткаруу эсептелет.
9. Департаменттин милдеттери:
- Министрликтин карамагындагы калдык сактоочу жайларды жана кен калдыктарын радиациялык коопсуздуктун эл аралык критерийлерине ылайык келтирүү боюнча программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагындагы калдык сактоочу жайларда жана кен калдыктарында авариялык-калыбына келтирүү жана реабилитациялык иштердин жылдык пландарын түзүү жана ишке ашыруу;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагындагы калдык сактоочу жайларда жана кен калдыктарында реабилитациялык жана авариялык-калыбына келтирүү иштеринин аткарылышына ведомстволук өндүрүштүк-техникалык мониторинг жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагындагы калдык сактоочу жайларда жана кен калдыктарында коопсуздукту камсыздоого багытталган программаларды жүзөгө ашыруу үчүн инвестицияларды тартуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-январындагы № 19 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Департаменттин функциялары
10. Департамент төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагындагы калдык сактоочу жайларда жана кен калдыктарында мониторингди жана иштетүүнү жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагындагы калдык сактоочу жайларды жана кен калдыктарын иштетүү боюнча илимий-изилдөө, долбоорлоо-изилдөө, алдын алуу, коргоо жана авариялык-калыбына келтирүү иштеринин планын белгиленген тартипте иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрине бекитүүгө киргизет;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагындагы калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктар менен иштөө чөйрөсүндө радиациялык коопсуздук боюнча программаларды белгиленген тартипте жөнгө салуучу органга макулдашууга берет;
- калдык сактоочу жайларды жана кен калдыктарын иштетүү жаатында башка мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары жана эл аралык уюмдар менен кызматташууга катышат;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагындагы калдык сактоочу жайларда жана кен калдыктарында илимий-изилдөө, долбоорлоо-изилдөө, алдын алуу, коргоо жана авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү үчүн эл аралык уюмдардын каражаттарын тартат;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагындагы калдык сактоочу жайларда жана кен калдыктарында илимий-изилдөө, долбоорлоо-изилдөө, алдын алуу жана коргоо иш-чараларын жүргүзүү үчүн товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү алууда мыйзамдарга ылайык конкурстук тандоолорду (тендерлерди) өткөрөт;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагындагы калдык сактоочу жайлардын жана кен калдыктарынын эсебин, коопсуздугун баалоону жана паспорттоштурууну жүргүзөт;
- мамлекеттик жашыруун сыр жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын эске алуу менен жарандардын, юридикалык жактардын, анын ичинде коомдук уюмдардын, мамлекеттик бийлик органдарынын, башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын суроо-талаптары боюнча Департаменттин ишинин маселелери боюнча маалыматтарды берет;
- калдык сактоочу жайлардын жана кен калдыктарынын аймактарында радиациялык абал жөнүндө калкка, мамлекеттик бийлик органдарына, башка мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына маалымдайт;
- Министрликтин карамагындагы калдык сактоочу жайларды жана кен калдыктарын рекультивациялоо боюнча иш-чаралардын комплексин жүргүзөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-январындагы № 19 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Департаменттин укуктары
11. Департамент өзүнө жүктөлгөн функцияларга ылайык төмөнкүлөргө укуктуу:
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагындагы калдык сактоочу жайларды жана кен калдыктарын иштетүү жаатында көз карандысыз экспертизаларды жүргүзүү үчүн илимий-изилдөө, долбоорлоо-изилдөө жана башка уюмдардын адистерин тартууга;
- Департаменттин иш чөйрөсүнө кирген маалыматты Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, уюмдардан жана ишканалардан, кызмат адамдарынан жана жарандардан суроого жана алууга;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде келишимдерди, контракттарды, макулдашууларды түзүүгө;
- радиациялык коркунуч зонасындагы иштерде кырсыктардан жана кызматкерлердин каза болушунан милдеттүү камсыздандырууну жүргүзүүгө;
- калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары менен иштөө боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө зарыл болгон, белгиленген тартипте таанып-билүү белгилери, сигнализация жана байланыш каражаттары менен жабдылган атайын транспорт каражаттарына жана жабдууларга ээ болууга;
- байланышуу жана маалымат берүү үчүн байланыштын республикалык системасын жана ведомстволук тармактарын артыкчылыктуу тартипте пайдаланууга.
5. Департаменттин ишин уюштуруу
12. Департаментти директор башкарат, аны Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот.
13. Директор:
- Департаменттин ишин жетектейт;
- Департаменттин атынан ишеним каты жок иштейт, бардык мекемелерде жана уюмдарда анын атынан чыгат;
- Департаментке жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын толук жана сапаттуу аткарылышына жеке жоопкерчилик тартат;
- мыйзамга ылайык Департаменттин мүлкүн жана каражаттарын башкарат, финансылык-чарбалык ишти уюштурат;
- келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, Казыналык системасында жана банк мекемелеринин бөлүмдөрүндө эсептерди ачат;
- Департаменттин кызматкерлерин белгиленген тартипте кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде Департаменттин кызматкерлерине жана жумушчуларына тартиптик жазаны колдонот жана аларды сыйлайт;
- квалификациянын деңгээлин жогорулатуу максатында Департаменттин адистерин даярдоону жана кайра даярдоону уюштурат;
- Департаменттин түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитет;
- коррупциянын алдын алуу ички системасын түзүү жана анын иштешин камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка укуктарды жүзөгө ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-февралындагы № 105 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Департаменттин директорунун бир орун басары болот. Директордун орун басарын жана бухгалтердик эсепке алуу боюнча башкы адисин Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри белгиленген тартипте кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот.
15. Департаменттин мамлекеттик кызматчыларын жана кызматкерлерин эмгек акы төлөө формасы жана өлчөмдөрү мыйзамга ылайык белгиленген эмгек акы төлөө фондунун чегинде белгиленет.
6. Мүлкү, эсепке алуу жана отчеттуулук
16. Мүлк Департаментке оперативдүү башкаруу укугунда бекитилип берилет, өзүнүн иш максаттарына ылайык максаттуу багыты боюнча гана пайдаланылат.
17. Департаментке бекитип берилген мүлктү ажыратуу же тескөө Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
18. Департамент статистикалык жана бухгалтердик эсепке алууну Кыргыз Республикасынын колдонуудагы ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзөт.
19. Негизги каражаттарды, өндүрүлбөй калган кайтарымсыз карыздарды, келишимдик иштерди токтотуу жана жүргүзүлбөгөн (консервацияланган) өндүрүштөр боюнча чыгымдарды Департаменттин балансындагы эсептен чыгаруу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
7. Кайра уюштуруу жана жоюу
20. Департаментти кайра уюштуруу жана жоюу белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
21. Департаменттин иши токтотулган учурда иштин процессинде пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана колдонулат.