Загрузка документа…
|
| 11-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору жөнүндө жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-январындагы № 19, 2024-жылдын 12-июлундагы № 386 , 2026-жылдын 23-январындагы № 25, 2026-жылдын 16-февралындагы № 105 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (мындан ары - Министрлик) караштуу Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору (мындан ары - Борбор) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ведомстволук бөлүмү болуп эсептелет.
2. Борбор Кыргыз Республикасында өзгөчө жана кризистик кырдаалдарда бирдиктүү маалыматтык-башкаруу системасын күнүмдүк башкаруучу орган (мындан ары - бирдиктүү маалыматтык-башкаруу системасы) болуп саналат жана өзгөчө, кризистик кырдаалдарда ыкчам башкаруу максатында Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасынын (мындан ары - ЖКМС) функциялык жана аймактык көмөкчү системаларынын маалыматтык ресурстарын жана мүмкүнчүлүктөрүн бириктирүү үчүн арналган.
3. Борбор өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Борбор мамлекеттик мекеменин уюштуруу-укуктук формасында иштеген юридикалык жактын укук жөндөмдүүлүгүнө ээ, Казыналык системасында эсептери, өз алдынча балансы, негизги жана жүгүртүлүүчү каражаттары болот.
5. Борбордун аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, башка мөөрлөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары бар.
6. Борбордун толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору";
- расмий тилде: "Центр управления в кризисных ситуациях при Министерстве чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики".
7. Борбордун юридикалык дареги: 720011, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Осмонкул көчөсү, 128 б.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-январындагы № 19 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Борбордун максаттары, милдеттери жана функциялары
8. Борбордун максаттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- бардык деңгээлдердеги мамлекеттик бийлик органдарынын, жарандык коргонуу күчтөрүнүн, жарандык коргонуу жаатында калктын иш-аракеттерин ыкчам башкарууну уюштуруу жана координациялоо;
- жарандык коргонуу маселелери боюнча маалыматтарды белгиленген тартипте топтоо, иштеп чыгуу жана талдоо, тийиштүү чечимдерди даярдоо жана кызыкдар тараптар менен маалыматтарды алмашуу;
- өзгөчө кырдаалдар жөнүндө өзү багында кабарлоону жана ыкчам маалымдоону уюштуруу жана камсыз кылуу.
9. Борбордун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- коркунучтуу табигый процесстер жөнүндө маалыматтардын бириктирилген банктарын түзүү, ошондой эле андан ары жалпылоо жана окуянын өнүгүшүн божомолдоо үчүн өзгөчө жана кризистик кырдаалдар тууралуу статистикалык маалыматтарды жүргүзүү;
- заманбап техникалык каражаттарды жана технологияларды колдонуунун негизинде жарандарды өзгөчө жана кризистик кырдаалдар жөнүндө өз убагында кабарлоону жана ыкчам маалыматтоону уюштуруу жана камсыз кылуу;
- 112 - бирдиктүү мамлекеттик нөөмөттүк-диспетчердик кызматтын жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында калкты маалыматтоонун жана кабарлоонун жалпы мамлекеттик комплекстүү системасынын ишин координациялоо;
- өзгөчө кырдаалдарды жоюуну жетектөө үчүн күчтөрдүн жана каражаттардын эсебин аныктоо, ыкчам пландоо жана тийиштүү чечимдерди даярдоо, ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү уюштуруу, Жарандык коргонуу жаатындагы ыкчам топтордун, министрликтердин жана ведомстволордун, авариялык-куткаруучу командалардын жана шашылыш кызматтардын иш-аракеттерин координациялоо;
- өрттү аныктоонун жана өчүрүүнүн автоматтык системаларынын кабарлоосуна мониторинг жүргүзүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-январындагы № 19 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Борбор өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарууда төмөндөгү функцияларды аткарат:
- өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча реалдуу жагдайдын маалыматтарын чогултат, талдайт жана баалайт;
- ЖКМСнын бирдиктүү маалыматтар базасын, анын ичинде Борбордун геомаалыматтык системаларынын, колдонмо жана системалык программалык камсыздоонун иштешин камсыз кылуунун, Борбордун ишин техникалык колдоонун негизинде системалаштырат жана жүргүзөт;
- чечимдерди кабыл алууну колдоо системасынын иштөөсүн камсыз кылуучу маалыматтар базасын киргизет жана өнүктүрөт;
- конференцияларды, семинарларды жана башка иш-чараларды өткөрүү жолу менен өзгөчө кырдаалдардан калкты жана аймактарды коргоо жаатындагы билимдерди пропагандалайт жана жайылтат;
- байланыш түйүндөрүнүн, башкаруу пункттарынын жана автоматташтырылган кабарландыруу системасынын абалына, ошондой эле алардын туруктуу иштешин камсыздоого контроль жүргүзөт;
- республиканын министрликтеринин жана ведомстволорунун нөөмөттүк-диспетчердик кызматтарынын жарандык коргонуу маселелери боюнча ишин координациялайт;
- ЖКМС органдарынын Борбордун компетенциясына тиешелүү маселелер боюнча автоматташтырылган маалыматтык-башкаруу системасын (мындан ары - Автоматташтырылган система) түзүү, өнүктүрүү жана туруктуу иштетүү боюнча иш-чараларды координациялайт.
- министрликтерге, мамлекеттик комитетке жана административдик ведомстволорго, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, менчигинин түрүнө карабастан уюмдарга Жарандык коргонуу мамлекеттик системасынын байланыш түйүндөрүнүн, башкаруу пункттарынын жана кабарлоо системаларынын туруктуу иштешин камсыз кылуу боюнча аткарууга милдеттүү болгон көрсөтмөлөрдү берет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы N 386 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Борбордун укуктары
11. Борбор өзүнүн милдеттерин аткаруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- министрликтер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүгө;
- алынган буйруктарды, сигналдарды, тескемелерди нөөмөттөгү ыкчам кезметтерге, ыкчам топторго, ыкчам штабга, Кыргыз Республикасынын жарандык коргонуу кызматтарына жана министрликтердин түзүмдүк бөлүмдөрүнө жеткирүүгө;
- шашылыш кызматтардын ыкчам нөөмөтчүлөрүнөн жана өз ара аракеттенген мамлекеттик түзүмдөрдүн, нөөмөттүк-диспетчердик кызматтардан божомолдонгон жана болуп жаткан өзгөчө кырдаалдар, дайым даярдыкта турган күчтөрдүн жана каражаттардын абалы жөнүндө ыкчам маалыматтарды, документтерди, материалдарды, маалымкаттарды жана башка маалыматтарды, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндө отчетторду жагдайдын маалыматтарын жалпылоо максатында суроого жана алууга;
- өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча сунуш киргизүүгө;
- байланыш түзүү жана маалымат берүү үчүн байланыштын республикалык системаларын жана ЖКМСнын башкаруу органдарынын байланыш тарамдарын артыкчылыктуу тартипте колдонууга;
- республиканын ЖКМСнын ыкчам башкаруу боюнча иш-чараларды автоматташтыруу жана маалыматташтыруу маселелерин чечүү үчүн товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүгө белгиленген тартипте тендерлерди өткөрүүгө;
- Борбордун программалык-техникалык каражаттарынын комплекстерин жана байланыш системаларын комплекттөө, жабдуу, модернизациялоо жана тейлөө маселелери боюнча долбоордук-сметалык документтерди даярдоого белгиленген тартипте катышууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка укуктарды ишке ашырууга.
- өзүнүн ишинде учкучсуз учуучу аппараттарды колдонууга жана фотосүрөттөрдү андан ары топографиялык байланыштыруу менен белгиленген райондорду аэрофотосүрөткө тартууга, ошондой эле контролдоо объекттерин фото, видеодокументтештирүүгө мүмкүндүк берүүчү учкучсуз учуучу аппараттарды пайдалануу көндүмдөрүнө адистерди даярдоону жүзөгө ашырууга.
- өзгөчө кырдаалдар коркунучунда жана (же) келип чыкканда менчигинин түрүнө карабастан акысыз негизде телекоммуникациялык сервистер, тармактар жана телерадиоберүү каналдары аркылуу шашылыш маалыматты трансляциялоону жүзөгө ашырууга.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 386 , 2026-жылдын 23-январындагы № 25 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. Борбордун ишин уюштуруу
12. Борбордун ишин Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги координациялайт жана контролдойт.
13. Борборду Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу начальник башкарат.
Борбордо начальниктин орун басарынын кызмат орду каралган, ал Борбордун начальнигинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
14. Борбордун начальниги:
- өзүнүн ишинде түздөн-түз министрге, анын тапшырмасы боюнча - министрдин тейлөөчү орун басарына баш иет жана Борбордун бардык өздүк курамы үчүн түздөн-түз начальник болуп эсептелет;
- Борбордун ишин жетектейт жана Борборго жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы жана иштин натыйжалары үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Министрликтин чечимдеринин аткарылышын камсыз кылат;
- Борбордун атынан ишеним катсыз иштейт, республиканын бардык мамлекеттик органдарында жана уюмдарында, жалпы юрисдикциядагы соттордо анын кызыкчылыгын коргойт, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш жана башка эсептерди ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коёт;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде буйруктарды чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Борбордун мүлкүн, финансылык каражаттарын башкаруу боюнча чечимдерди кабыл алат жана финансылык-чарбалык иши үчүн толук жоопкерчилик тартат;
- Борбордун түзүмүн жана штаттык расписаниесин тейлөөчү орун басарлар менен макулдашуу боюнча министрдин бекитүүсүнө берет;
- Борбордун түзүмдүк бөлүмдөрү жана кызматкерлеринин кызматтык нускамалары жөнүндө жоболорду бекитет;
- мамлекеттик кызматкерлерди "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, ал эми башка кызматкерлерди - эмгек мыйзамдарына ылайык кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот, ошондой эле аларга сыйлоо жана жаза чараларын колдонот;
- Борбордун аскер кызматчыларына карата Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартиптик уставында каралган укуктарды колдонот.
- Министрликтин жетекчилигинин тапшырмасы боюнча өзгөчө кырдаал коркунучу жана пайда болуу мезгилинде алдын алуу, жоюу иш-чараларын, авариялык-куткаруу жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүү үчүн ЖКМС күчтөрүн жана каражаттарын тартуу жөнүндө көрсөтмөлөрдү берет.
- коррупциянын алдын алуу ички системасын түзүү жана анын иштешин камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-январындагы № 19, 2026-жылдын 16-февралындагы № 105 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5. Борборду каржылоо
15. Борборду камсыз кылууга кеткен чыгымдар республикалык бюджеттин каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын эсебинен жүргүзүлөт.
6. Корутунду жоболор
16. Борборду кайра уюштуруу же жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
17. Борбор жоюлган учурда, анын ишинин жүрүшүндө пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык сакталат жана пайдаланылат.