Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 30-ноябры № 284
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 «Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Жарандарга жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 «Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө» токтомуна тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага | А.У. Жапаров |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 «Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөр
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарында:
- «Каттоо, маалымдама, күбөлүк жана башка документтерди, ошондой эле алардын көчүрмөлөрүн жана жуп нускаларын берүү тармагында» III бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы 87-глава менен толукталсын:
87. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Өзүнүн кесиптик компетенттүүлүгүн ырастоону каалаган жеке жактардын өтүнмөсү боюнча курулуш тармагынын адистерин квалификациялык сертификаттоо. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 4-глава, 101-пункт |
2 | Кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары – ыйгарым укуктуу орган) |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Жеке жактар – өзүнүн кесиптик компетенттүүлүгүн ырастоону каалаган жана адистиги боюнча 5 жылдан кем эмес иш стажы бар курулуш тармагынын адистери. Инженер-эксперт үчүн стаж – 10 жылдан кем эмес |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-июнундагы № 44 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жөнүндө» токтому; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 26-февралындагы № 63 токтому менен бекитилген Курулуш тармагынын адистерин мамлекеттик квалификациялык сертификациялоону жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Квалификациялык сертификат |
6 | Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - жарандар, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар (мындан ары – ДМЧА) үчүн пандустар, кармоочтор менен жабдылган имараттарга жана санитардык-гигиеналык жайларга (ажаткана, жуунуучу бөлмө) тоскоолсуз кирүү мүмкүндүгү камсыздалганда; - жандуу кезек күтүү принциби боюнча. Имараттарда күтүп тургандар үчүн орундар, ажатканалар бар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияларга кошулуу мүмкүнчүлүгү болбогон учурда – сырттагы ажатканалар), жылуулук, суу түтүктөрү, телефон менен жабдылган. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгер алар имаратка көтөрүлө албаса, кызматкер консультация берүү үчүн өзү түшүп келет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Кадимки тартипте кызмат көрсөтүүдө өтүнмөнү колдон жана электрондук почта аркылуу алууга чектелген убакыт – 30 мүнөт; кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү – 30 жумуш күн; жыйынтыкты берүүгө чектелген убакыт – 20 мүнөт |
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - 720001, Бишкек ш., Манас пр., 28 (Токтогул көчөсүнүн кесилишинде) дареги боюнча «Бирдиктүү терезенин» коомдук кабылдамасынан; иштөө убактысы: дүйшөмбү-жума, саат 9-00дөн 18-00гө чейин, түшкү тыныгуу: 12-30дан 13-30га чейин: - оозеки түрүндө (телефон аркылуу же жеке кабыл алууда, адис менен байланышууда); - ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтынан (http://gosstroy.gov.kg/); - электрондук почта боюнча электрондук түрдө (http://gosstroy.gov.kg/ru/7644/); - электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан (http://portal.tunduk.kg); - архитектуранын аймактык органына жеке кайрылууда; - маалымат такталарынан, брошюралардан жана буклеттерден. Кызмат көрсөтүүгө өтүнмөнүн формасы расмий сайтта жайгаштырылган (http://gosstroy.gov.kg/). Мамлекеттик кызмат көрсөтүү тууралуу маалымат кайрылган ар бир адамга акысыз негизде берилиши кепилденет. Байланыш маалыматтары жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты ыйгарым укуктуу органдын маалымат такталарында, ошондой эле расмий сайтында (http://gosstroy.gov.kg/) жайгаштырылат. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болуучу ыкмаларды мүнөздөө же санап өтүү) | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылышы мүмкүн: 1) атап айтканда: - маалымат сайттары, радио берүү жана теле көрсөтүү; - газеталар; - ыйгарым укуктуу органдын расмий сайты (http://gosstroy.gov.kg/); - электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы (http://portal.tunduk.kg); - такталар, буклеттер жана брошюралар; - «Бирдиктүү терезе» коомдук кабылдамасы; 2) оозеки түрдө (телефон аркылуу же адис менен жеке байланышууда). Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими кызмат көрсөтүү стандарты менен бирге такталарда, ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында жайгаштырылат. Ыйгарым укуктуу органдын иштөө графиги: дүйшөмбү-жума, саат 9-00дөн 18-00гө чейин; түшкү тыныгуу:12-30дан 13-30га чейин |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Ыйгарым укуктуу органда кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктерине маалыматтык табличкалар илинет. Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдж) болот. Керектөөчүлөр менен пикир алмашуу учурунда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенүү, маектешкен адамды уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынган чечимди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык ченемдердин сакталышын, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу кесиптик-этикалык ченемдерди сактоосу керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ адамдар (ДМЧА, улгайган пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Квалификациялык сертификатты алуу үчүн арыз ээси төмөнкүдөй документтерди берет: - аты-жөнүн, жарандыгын, ким экендигин ырастоочу документ тууралуу негизги маалыматтарды жана дарек тууралуу маалыматты, телефондордун номерлерин, ошондой арыз ээси аткарууга талапкерленген иштердин жана жумуштардын түрлөрүн көрсөтүү менен арызды; - паспорттун көчүрмөсүн; - сертификаттоого акы төлөнгөндүгүн ырастоочу документти; - билими жөнүндө документтердин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн; - эмгек китепчесинен нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн; - изденүүчү катышкан иштердин тизмесин, анда ким катары катышкандыгы көрсөтүлөт жана бул иштерди аткарган уюм тарабынан күбөлөндүрүлөт. Ушул пунктта көрсөтүлгөн документтерден тышкары башкаларын берүүнү талап кылууга жол берилбейт |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Кызмат көрсөтүүнүн наркы монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси тарабынан бекитилет жана кызмат көрсөтүлүүчү жерлердеги маалымат такталарында жана ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында (http://gosstroy.gov.kg/) жайгаштырылуучу ыйгарым укуктуу орган көрсөтүүчү мамлекеттик кызматтарга баалардын прейскурантында чагылдырылат. Кызмат көрсөтүүнүн наркы тууралуу маалыматтар керектөөчүнүн суроо-талабы боюнча жеке кабыл алууда, телефон аркылуу кайрылууда жана электрондук почта (http://gosstroy.gov.kg/) боюнча берилет |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - ушул стандартта билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында болуусу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, теги, мүлктүк же башка абалы боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн ушул стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - аягындагы жыйынтыктын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) керектөөчүнүн күтүүлөрүнө ылайык келүүсү; - жарандардын даттануулар жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоо |
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу (http://portal.tunduk.kg) кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн суроо-талапты (арызды) берүү бөлүгүндө кызматты электрондук форматта көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 525 токтому менен бекитилген Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелерине ылайык ишке ашырылат. Эскертүү: кызмат көрсөтүүнү алууга электрондук өтүнмөнү жөнөтүү үчүн арыз ээси (http://portal.tunduk.kg) порталында катталуусу зарыл. Онлайн интерактивдүүлүк стадиясы – 3 (веб-баракча өтүнмөнү электрондук түрдө толтуруу жана аны мамлекеттик органдын кароосуна кагаз жүзүндө басып чыгарбастан кабыл алуу функциялык мүмкүнчүлүгүнө ээ) |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Ушул стандарттын 3-пунктунун талаптарына шайкеш келбеген жана 12-пунктунда көрсөтүлгөн керектүү документтер берилбеген учурда мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартылат. Ошондой эле арыз ээси маектешүүдөн ийгиликтүү өтпөгөн учурда квалификациялык сертификат берүүдөн баш тартылышы мүмкүн. Квалификациялык сертификатты берүүдөн баш тартуу тууралуу чечим баш тартуу себептерин көрсөтүү менен жазуу жүзүндө ушул чечим кабыл алынган күндөн тартып 10 күндүк мөөнөттө изденүүчүгө жиберилет. Квалификациялык сертификатты берүүдөн баш тартууда арызды кайра кароо жана билимин текшерүү бир жыл өткөндөн кийин жүргүзүлүшү мүмкүн |
17 | Даттануу тартиби | Кызматтар талаптагыдай берилбеген учурда керектөөчү ушул кызматты көрсөтүү үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу органдын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө кайрылууга укуктуу. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучунун атынан даттануу анын мыйзамдуу өкүлдөрү тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилет жана арыз ээсинин аты-жөнүн, юридикалык дарегин, телефон номерин, доонун маңызын, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучунун кол тамгасын жана датасын камтууга тийиш. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумуш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттанууларды жана дооматтарды кароо белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу органдын жетекчилиги тарабынан ишке ашырылат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана арыз ээсине жоопту жиберүү анын катталган күнүнөн тартып 14 күндөн ашпоого тийиш. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси ыйгарым укуктуу органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Стандартты кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен туруктуу негизде кайра каралып туруусу керек |
– «Изилдөө, талдоо, баалоо жана экспертиза тармагында» IV бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы 50-54-главалар менен толукталсын:
50. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Жеке жана юридикалык жактардын өтүнмөсү боюнча тирөөч конструкцияларын өзгөртпөстөн кыймылсыз мүлк объекттерин өзгөртүү түрүнө архитектуралык-техникалык корутундуларды даярдоо. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 5-глава, 57-пункт |
2 | Кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары – ыйгарым укуктуу орган) жана анын аймактык бөлүмдөрү |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Жеке жана юридикалык жактар – кыймылсыз мүлк объекттеринин менчик ээлери |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-июнундагы № 44 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жөнүндө» токтому; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 114 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө документтерди берүүнүн тартиби жана пайдаланууга киргизилүүчү курулуп бүткөн объекттердин ылайыктуулугун баалоо жөнүндө жобо |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Кыймылсыз мүлк объектин өзгөртүү мүмкүндүгү жөнүндө архитектуралык-техникалык корутунду |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - жарандар, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар (мындан ары – ДМЧА) үчүн пандустар, кармоочтор менен жабдылган имараттарга жана санитардык-гигиеналык жайларга (ажаткана, жуунуучу бөлмө) тоскоолсуз кирүү мүмкүндүгү камсыздалганда; - жандуу кезек күтүү принциби боюнча. Имараттарда күтүп тургандар үчүн орундар, ажатканалар бар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияларга кошулуу мүмкүнчүлүгү болбогон учурда – сырттагы ажатканалар), жылуулук, суу түтүктөрү, телефон менен жабдылган. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгер алар имаратка көтөрүлө албаса, кызматкер консультация берүү үчүн өзү түшүп келет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Өтүнмөнү колдон жана электрондук почта аркылуу алууга чектелген убакыт – 30 мүнөт; кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү – 5 жумуш күн; жыйынтыкты берүүгө чектелген убакыт – 20 мүнөт |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||

9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылышы мүмкүн: 1) атап айтканда: - маалымат сайттары, радио берүү жана теле көрсөтүү; - газеталар; - ыйгарым укуктуу органдын расмий сайты (http://gosstroy.gov.kg/); - электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы (http://portal.tunduk.kg); - такталар, буклеттер жана брошюралар; - «Бирдиктүү терезе» коомдук кабылдамасы; 2) оозеки түрдө (телефон аркылуу же адис менен жеке байланышууда). Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими кызмат көрсөтүү стандарты менен бирге такталарда, ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында жайгаштырылат. Ыйгарым укуктуу органдын иштөө графиги: дүйшөмбү-жума, саат 9-00дөн 18-00гө чейин; түшкү тыныгуу:12-30дан 13-30га чейин |

10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Ыйгарым укуктуу органда жана анын ведомстволук бөлүмдөрүндө кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктерине маалыматтык табличкалар илинет. Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдж) болот. Керектөөчүлөр менен пикир алмашуу учурунда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенүү, маектешкен адамды уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынган чечимди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык ченемдердин сакталышын, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу кесиптик-этикалык ченемдерди сактоосу керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ адамдар (ДМЧА, улгайган пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт |

12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү кагаз жана электрондук форматта алуу үчүн арыз ээси шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык органдын Бирдиктүү терезесине төмөнкү документтерди берет: - ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси бекиткен форма боюнча арызды; - паспорттун көчүрмөсүн (жеке жактар үчүн); - каттоо жөнүндө күбөлүктүн, Уставдын жана Уставдык келишимдин (бар болсо), жетекчини дайындоо тууралуу документтин көчүрмөсүн (юридикалык жак үчүн); - кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөө фактысын тастыктоочу квитанцияны; - кыймылсыз мүлк объектисине болгон менчик укугуна укук белгилөөчү жана укук ырастоочу документтердин көчүрмөлөрүн, ошондой эле кыймылсыз мүлк объектисине карата техникалык паспорттун көчүрмөсүн; - лицензиясы бар уюм же сертификаты бар адис тарабынан имарат-жайды алдын ала текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча техникалык корутунду; - кыймылсыз мүлктүн менчик ээсинин өкүлү кайрылган учурда – нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним кат. Ушул пунктта көрсөтүлгөн документтерден тышкары башкаларын берүүнү талап кылууга жол берилбейт |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Кызмат көрсөтүүнүн наркы монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси тарабынан бекитилет жана ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында (http://gosstroy.gov.kg/) жана кызмат көрсөтүү жериндеги маалымат такталарында жайгаштырылган ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бааларынын прейскурантында чагылдырылат. Кызмат көрсөтүүнүн наркы тууралуу маалыматтар керектөөчүнүн суроо-талабы боюнча жеке кабыл алууда, телефон боюнча кайрылууда жана электрондук почта (http://gosstroy.gov.kg/ru/7644/) аркылуу берилет |

16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Ушул стандарттын 3-пунктунун талаптарына шайкеш келбеген жана 12-пунктунда көрсөтүлгөн керектүү документтер берилбеген учурда мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартылат |
17 | Даттануу тартиби | Кызматтар талаптагыдай берилбеген учурда керектөөчү кызмат көрсөтүүчү ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө кайрылууга же ушул кызматты көрсөтүү үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу органдын жетекчилигине кайрылууга укуктуу. Кызмат көрсөтүүнү алуучунун атынан даттануу анын мыйзамдуу өкүлдөрү тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилет жана арыз ээсинин аты-жөнүн, юридикалык дарегин, телефон номерин, доонун маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун кол тамгасын жана датасын камтууга тийиш. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумуш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттанууларды жана дооматтарды кароо белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу органдын жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилиги тарабынан ишке ашырылат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана арыз ээсине жоопту жиберүү анын катталган күнүнөн тартып 14 күндөн ашпоого тийиш. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси ыйгарым укуктуу органдын жана анын аймактык бөлүмүнүн чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |

51. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Жеке жана юридикалык жактардын өтүнмөсү боюнча объекттерди долбоорлоого архитектуралык-шаар куруу корутундусун берүү. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 5-главасынын 58-пункту |
2 | Кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары – ыйгарым укуктуу орган) жана анын аймактык бөлүмдөрү |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Жеке жана юридикалык жактар – жер участогунун жана ошол жер участогунда жайгашкан кыймылсыз мүлк объекттеринин (алар болсо) менчик ээлери, ошондой эле жер участогун пайдалануучулар (жер участогунун планы менен) |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-июнундагы № 44 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жөнүндө» токтому; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 114 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө документтерди берүүнүн тартиби жана пайдаланууга киргизилүүчү курулуп бүткөн объекттердин ылайыктуулугун баалоо жөнүндө жобо |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтын акыркы жыйынтыгы | Архитектуралык-шаар куруу корутундусу (мындан ары – АШК) |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - жарандар, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар (мындан ары – ДМЧА) үчүн пандустар, кармоочтор менен жабдылган имараттарга жана санитардык-гигиеналык жайларга (ажаткана, жуунуучу бөлмө) тоскоолсуз кирүү мүмкүндүгү камсыздалганда; - жандуу кезек күтүү принциби боюнча. Имараттарда күтүп тургандар үчүн орундар, ажатканалар бар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияларга кошулуу мүмкүнчүлүгү болбогон учурда – сырттагы ажатканалар), жылуулук, суу түтүктөрү, телефон менен жабдылган. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгер алар имаратка көтөрүлө албаса, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн өзү түшүп келет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Өтүнмөнү колдон жана электрондук почта аркылуу кабыл алууга чектелген убакыт – 30 мүнөт; кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү – 20 жумуш күн (архитектуралык-шаар куруу кеңешин кароодо мөөнөт дагы 20 жумуш күнгө узартылат); жыйынтыкты берүүгө чектелген убакыт – 20 мүнөт |

8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: 720001, Бишкек ш., Манас пр., 28 (Токтогул көчөсүнүн кесилишинде) дареги боюнча «Бирдиктүү терезенин» коомдук кабылдамасынан; иштөө убактысы: дүйшөмбү-жума, саат 9-00дөн 18-00гө чейин, түшкү тыныгуу: 12-30дан 13-30га чейин: - оозеки түрдө (телефон аркылуу же жеке кабыл алууда, адис менен байланышууда); - ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтынан (http://gosstroy.gov.kg/); - электрондук почта боюнча электрондук түрдө (http://gosstroy.gov.kg/ru/7644/); - электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан (http://portal.tunduk.kg); - архитектуранын аймактык органына жеке кайрылууда; - маалымат такталарынан, брошюралардан жана буклеттерден. Кызмат көрсөтүүгө өтүнмөнүн формасы расмий сайтта жайгаштырылган (http://gosstroy.gov.kg/). Мамлекеттик кызмат көрсөтүү тууралуу маалымат кайрылган ар бир адамга акысыз негизде берилиши кепилденет. Байланыш маалыматтары жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты ыйгарым укуктуу органдын маалымат такталарында, ошондой эле расмий сайтында (http://gosstroy.gov.kg/) жайгаштырылат. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылышы мүмкүн: 1) атап айтканда: - маалымат сайттары, радио берүү жана теле көрсөтүү; - газеталар; - ыйгарым укуктуу органдын расмий сайты (http://gosstroy.gov.kg/); - электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы (http://portal.tunduk.kg); - такталар, буклеттер жана брошюралар; - «Бирдиктүү терезе» коомдук кабылдамасы; 2) оозеки түрдө (телефон аркылуу же адис менен жеке байланышууда). Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими кызмат көрсөтүү стандарты менен бирге такталарда, ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында жайгаштырылат. Ыйгарым укуктуу органдын иштөө графиги: дүйшөмбү-жума, саат 9-00дөн 18-00го чейин; түшкү тыныгуу:12-30дан 13-30га чейин |

12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн иш-аракеттеринин тизмеси | Объектти долбоорлоого АШК алуу үчүн арыз ээси төмөнкү документтерди берет: - ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси бекиткен форма боюнча арызды; - паспорттун көчүрмөсүн (жеке жактар үчүн); - каттоо жөнүндө күбөлүктүн, Уставдын жана Уставдык келишимдин (болсо), жетекчини дайындоо тууралуу документтин көчүрмөлөрүн (юридикалык жак үчүн); - кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөө фактысын тастыктоочу квитанцияны; - жер участогуна менчик же пайдалануу укугуна укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтердин көчүрмөлөрүн (жер участогунун планы менен), ошондой эле жер участогунда жайгашкан кыймылсыз мүлк объектисине укук белгилөөчү документтердин жана техникалык паспортторунун (эгер болсо) көчүрмөлөрүн; - көлөмдүк-пландоочу чечими бар эскиздик долбоорду (кагаз түрдөгү графикалык сүрөт 3 нускада жана/же электрондук түрдө). Эскиздик долбоорго инженердик тармактарга суралган жүктөмдөрдүн ирилештирилген көрсөткүчтөр боюнча эсептери тиркелет. Колдонуудагы конструктивдүү жана пландоо чечимдерин өзгөртүү менен реконструкциялануучу, кайра пландалуучу жана багыты өзгөртүлүүчү объекттер боюнча инженердик камсыздоонун болушу (суу менен камсыздоо, канализация, электр менен камсыздоо, жылуулук, газ менен камсыз кылуу), учурдагы керектөө жана архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жер титирөөгө туруктуу курулуш боюнча профилдик институту же башка сертификацияланган адистер же болбосо, объекттерди инженердик изилдөөнү ишке ашыруу үчүн сертификацияланган адистери бар юридикалык жактар тарабынан аткарылган жоопкерчиликтин бардык деңгээлиндеги имараттар жана курулмалар үчүн объектти реконструкциялоо, кайра пландоо же багытын өзгөртүү мүмкүндүгү жөнүндө текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча техникалык оң корутунду кошумча көрсөтүлөт; - жер участогунун же башка кыймылсыз мүлктүн менчик ээсинин өкүлү кайрылган учурда – нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним кат; - долбоорлоо участогун топографиялык тартуу. Ушул пунктта көрсөтүлгөн документтерден тышкары башка документтерди берүүнү талап кылууга жол берилбейт |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Кызмат көрсөтүүнүн наркы монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси тарабынан бекитилет жана кызмат көрсөтүлүүчү жерлердеги маалымат такталарында жана ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында (http://gosstroy.gov.kg/) жайгаштырылуучу ыйгарым укуктуу орган көрсөтүүчү мамлекеттик кызматтарга баалардын прейскурантында чагылдырылат. Кызмат көрсөтүүнүн наркы тууралуу маалыматтар керектөөчүнүн суроо-талабы боюнча жеке кабыл алууда, телефон аркылуу кайрылууда жана электрондук почта (http://gosstroy.gov.kg/) аркылуу берилет |

15 | Кызматты электрондук форматта көрсөтүү | Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу (http://portal.tunduk.kg) кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн суроо-талапты (арызды) берүү бөлүгүндө кызматты электрондук форматта көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 525 токтому менен бекитилген Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелерине ылайык ишке ашырылат. Эскертүү: кызмат көрсөтүүнү алууга электрондук өтүнмөнү жөнөтүү үчүн арыз ээси (http://portal.tunduk.kg) порталында катталуусу зарыл. Онлайн интерактивдүүлүк стадиясы – 3 (веб-баракча өтүнмөнү электрондук түрдө толтуруу жана аны мамлекеттик органдын кароосуна кагаз жүзүндө басып чыгарбастан кабыл алуу функциялык мүмкүнчүлүгүнө ээ) |

16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Ушул стандарттын 3-пунктунун талаптарына шайкеш келбеген жана 12-пунктунда көрсөтүлгөн керектүү документтер берилбеген учурда мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартылат. Ошондой эле билдирилген курулуш ниеттеринин шаар куруу документтеринин талаптарына, куруу жана жерди пайдалануу эрежелерине, долбоорлонуучу объектти жайгаштыруу боюнча ченемдик-техникалык документтерге, анын ичинде жер участогунун максаттуу багытына ылайык келбеген учурда баш тартылышы мүмкүн |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда керектөөчү кызмат көрсөтүүчү ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн жетекчилигине же бул кызматты көрсөтүү үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу органдын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндөгү даттануу менен кайрылууга укуктуу. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучунун атынан даттануу анын мыйзамдуу өкүлдөрү тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет жана анда арыз ээсинин аты-жөнү, юридикалык дареги, телефон номери, ошондой эле дооматтын маңызы, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучунун колу жана датасы камтылышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумуш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттануулар жана дооматтар ыйгарым укуктуу органдын жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароонун жана арыз ээсине жоопту жиберүүнүн мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпашы керек. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси ыйгарым укуктуу органдын жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |

52. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Жеке жана юридикалык жактардын өтүнмөсү боюнча сейсмикалык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн долбоордук документтерге атайын техникалык шарттарды берүү. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 5-главасынын 59-пункту |
2 | Кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Курулуш жана архитектура чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары – ыйгарым укуктуу орган) жана Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту |

4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-июнундагы № 44 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жөнүндө» токтому; «Имараттардын жана курулмалардын коопсуздугу» Техникалык регламенти» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтын акыркы жыйынтыгы | Атайын техникалык шарттар |
6 | Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн шарты | Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - жарандар, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар (мындан ары – ДМЧА) үчүн пандустар, кармоочтор менен жабдылган имараттарга жана санитардык-гигиеналык жайларга (ажаткана, жуунуучу бөлмө) тоскоолсуз кирүү мүмкүндүгү камсыздалганда; - жандуу кезек күтүү принциби боюнча. Имараттарда күтүп тургандар үчүн орундар, ажатканалар бар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияларга кошулуу мүмкүнчүлүгү болбогон учурда – сырттагы ажатканалары), жылуулук, суу түтүктөрү, телефон менен жабдылган. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгер алар имаратка көтөрүлө албаса, кызматкер консультация берүү үчүн өзү түшүп келет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүү жеринде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Өтүнмөнү колдон жана электрондук почта аркылуу кабыл алууга чектелген убакыт – 30 мүнөт; кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү – 10 жумуш күн; жыйынтыкты берүүгө чектелген убакыт – 20 мүнөт |

8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: 720001, Бишкек ш., Манас пр., 28 (Токтогул көчөсүнүн кесилишинде) дареги боюнча «Бирдиктүү терезенин» коомдук кабылдамасынан; иштөө убактысы: дүйшөмбү-жума, саат 9-00дөн 18-00гө чейин, түшкү тыныгуу:12-30дан 13-30га чейин: - оозеки түрдө (телефон аркылуу же жеке кабыл алууда, адис менен байланышууда); - ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтынан (http://gosstroy.gov.kg/); - электрондук почта боюнча электрондук түрдө (http://gosstroy.gov.kg/ru/7644/); - электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан (http://portal.tunduk.kg); - архитектуранын аймактык органына жеке кайрылууда; - маалымат такталарынан, брошюралардан, буклеттерден. Кызмат көрсөтүүгө өтүнмөнүн формасы расмий сайтта жайгаштырылган (http://gosstroy.gov.kg/). Мамлекеттик кызмат көрсөтүү тууралуу маалымат кайрылган ар бир адамга акысыз негизде берилиши кепилденет. Байланыш маалыматтары жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты ыйгарым укуктуу органдын маалымат такталарында, ошондой эле анын расмий сайтында (http://gosstroy.gov.kg/) жайгаштырылат. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (мүмкүн болгон бардык ыкмаларды мүнөздөө же санап өтүү) | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылышы мүмкүн: 1) атап айтканда: - маалымат сайттары, радио берүү жана теле көрсөтүү; - газеталар; - ыйгарым укуктуу органдын расмий сайты (http://gosstroy.gov.kg/); - электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы (http://portal.tunduk.kg); - такталар, буклеттер жана брошюралар; - «Бирдиктүү терезе» коомдук кабылдамасы; 2) оозеки түрдө (телефон аркылуу же жеке кабыл алууда, адис менен байланышууда). Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими кызмат көрсөтүү стандарты менен бирге такталарда, ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында жайгаштырылат. Ыйгарым укуктуу органдын иштөө графиги: дүйшөмбү-жума, саат 9-00дөн 18-00гө чейин; түшкү тыныгуу:12-30дан 13-30га чейин |

10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Ыйгарым укуктуу органда жана Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунда кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктерине маалыматтык табличкалар илинет. Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдж) болот. Керектөөчүлөр менен пикир алмашуу учурунда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенүү, маектешкен адамды уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынган чечимди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык ченемдердин сакталышын, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу кесиптик-этикалык ченемдерди сактоосу керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ адамдар (ДМЧА, улгайган пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт |

12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн иш-аракеттеринин тизмеси | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн арыз ээси төмөнкү документтерди берет: - ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси бекиткен форма боюнча арызды; - паспорттун көчүрмөсүн (жеке жактар үчүн); - каттоо жөнүндө күбөлүктүн, Уставдын жана Уставдык келишимдин (болсо), жетекчини дайындоо тууралуу документтин көчүрмөлөрүн (юридикалык жак үчүн); - көрсөтүлүүчү кызмат үчүн акы төлөө фактысын ырастоочу квитанцияны; - жер участогуна менчик же пайдалануу укугуна укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтердин көчүрмөлөрүн (жер участогунун планы менен); - объекттин эскиздик долбоорун; - инженердик-геологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү жөнүндө отчетту; - архитектуралык-техникалык шарттар жана деталдык пландаштыруу планын (болсо); - жер участогунун менчик ээсинин өкүлү кайрылган учурда – нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним кат; Ушул пунктта көрсөтүлгөн документтерден тышкары башка документтерди берүүнү талап кылууга жол берилбейт |

14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - ушул стандартта билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында болуусу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, теги, мүлктүк же башка абалы боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн ушул стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - аягындагы жыйынтыктын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) керектөөчүнүн күтүүлөрүнө ылайык келүүсү; - жарандардын даттануулары жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоо |

16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиз | Ушул стандарттын 3-пунктунун талаптарына шайкеш келбеген жана 12-пунктунда көрсөтүлгөн керектүү документтер берилбеген учурда мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартылат. Ошондой эле билдирилген курулуш ниеттеринин шаар куруу документтеринин талаптарына, куруу жана жерди пайдалануу эрежелерине, долбоорлонуучу объектти жайгаштыруу боюнча ченемдик-техникалык документтерге, анын ичинде жер участогунун максаттуу багытына ылайык келбеген учурда баш тартылышы мүмкүн |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда керектөөчү кызмат көрсөтүүчү ыйгарым укуктуу органдын Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун жетекчилигине же бул кызматты көрсөтүү үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу органдын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндөгү даттануу менен кайрылууга укуктуу. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучунун атынан даттануу анын мыйзамдуу өкүлдөрү тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет жана анда арыз ээсинин аты-жөнү, юридикалык дареги, телефон номери, дооматтын маңызы, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучунун кол тамгасы жана датасы камтылышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумуш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттануулар жана дооматтар ыйгарым укуктуу органдын жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароонун жана арыз ээсине жоопту жиберүүнүн мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпашы керек. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси ыйгарым укуктуу органдын жана Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |

53. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Жеке жана юридикалык жактардын өтүнмөсү боюнча долбоордук жана сметалык документтерге экспертиза жүргүзүү жана макулдашуу. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 5-главасынын 60-пункту |
2 | Кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Курулуш жана архитектура чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары – ыйгарым укуктуу орган), аймактык бөлүмдөр жана Мамлекеттик экспертиза департаменти |

5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтын акыркы жыйынтыгы | Макулдашылган долбоордук документтер; эксперттик корутунду |

7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Өтүнмөнү колдон жана электрондук почта аркылуу кабыл алууга чектелген убакыт – 30 мүнөт; кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү – 30 жумуш күн; жыйынтыкты берүүгө чектелген убакыт – 20 мүнөт |
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: 720001, Бишкек ш., Манас пр., 28 (Токтогул көчөсүнүн кесилишинде) дареги боюнча «Бирдиктүү терезенин» коомдук кабылдамасынан; иштөө убактысы: дүйшөмбү-жума, саат 9-00дөн 18-00гө чейин, түшкү тыныгуу: 12-30дан 13-30га чейин; - оозеки түрдө (телефон аркылуу же жеке кабыл алууда, адис менен байланышууда); - ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтынан (http://gosstroy.gov.kg/); - электрондук почта боюнча электрондук түрдө (http://gosstroy.gov.kg/ru/7644/); - электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан (http://portal.tunduk.kg); - архитектуранын аймактык органына жеке кайрылууда; - маалымат такталарынан, брошюралардан жана буклеттерден. Кызмат көрсөтүүгө өтүнмөнүн формасы расмий сайтта жайгаштырылган (http://gosstroy.gov.kg/). Мамлекеттик кызмат көрсөтүү тууралуу маалымат кайрылган ар бир адамга акысыз негизде берилиши кепилденет. Байланыш маалыматтары жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты ыйгарым укуктуу органдын маалыматтык такталарында, ошондой эле анын расмий сайтында (http://gosstroy.gov.kg/) жайгаштырылат. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болуучу ыкмаларды мүнөздөө же санап өтүү) | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылышы мүмкүн: 1) атап айтканда: - маалымат сайттары, радио берүү жана теле көрсөтүү; - газеталар; - ыйгарым укуктуу органдын расмий сайты (http://gosstroy.gov.kg/); - электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы (http://portal.tunduk.kg); - такталар, буклеттер жана брошюралар; - «Бирдиктүү терезе» коомдук кабылдамасы; - оозеки түрдө (телефон аркылуу же адис менен жеке байланышууда). Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими кызмат көрсөтүү стандарты менен бирге такталарда, ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында жайгаштырылат. Ыйгарым укуктуу органдын иштөө графиги: дүйшөмбү-жума, саат 9-00дөн 18-00гө чейин; түшкү тыныгуу:12-30дан 13-30га чейин |

10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Ыйгарым укуктуу органда, аймактык бөлүмдөрдө жана Мамлекеттик экспертиза департаментинде кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктерине маалыматтык табличкалар илинет. Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдж) болот. Керектөөчүлөр менен пикир алмашуу учурунда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенүү, маектешкен адамды уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынган чечимди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык ченемдердин сакталышын, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу кесиптик-этикалык ченемдерди сактоосу керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ адамдар (ДМЧА, улгайган пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт |

12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Долбоордук документтерди макулдашуу үчүн арыз ээси төмөнкү документтерди берет: - ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси бекиткен форма боюнча арызды; - паспорттун көчүрмөсүн (жеке жактар үчүн); - каттоо жөнүндө күбөлүктүн, Уставдын жана Уставдык келишимдин (болсо), жетекчини дайындоо тууралуу документтин көчүрмөлөрүн (юридикалык жак үчүн); - көрсөтүлүүчү кызмат үчүн акы төлөө фактысын ырастоочу квитанцияны; - «Башкы план» жана «Архитектуралык чечимдер» долбоорунун бөлүмдөрү; - инженердик-техникалык камсыз кылуунун тышкы тармактарынын долбоору; - ыйгарым укуктуу органдын жер титирөөгө туруктуу курулуш боюнча профилдик институту же башка сертификацияланган адистер же инженердик изилдөөнү жүргүзүү үчүн сертификацияланган адистери бар юридикалык жактар тарабынан аткарылган жоопкерчиликтин бардык деңгээлиндеги имараттар жана курулмалар үчүн объектти реконструкциялоо, кайра пландоо же багытын өзгөртүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө техникалык оң корутундуну (зарыл болгон учурда). Арыз ээси эксперттик корутунду алуу үчүн төмөнкү документтерди берет: - ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси бекиткен форма боюнча арызды; - көрсөтүлүүчү кызмат үчүн акы төлөө фактысын ырастоочу квитанцияны; - кагаз же электрондук түрдөгү долбоордук документтерди; - объекттин курулушун ишке ашыруу болжолдонгон жер участогуна жана/же көтөрмө конструкцияларын өзгөртүү менен реконструкциялоо, кайра пландоо жана/же багытын өзгөртүү долбоордук документтерде каралган кыймылсыз мүлк объектине укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтердин көчүрмөлөрүн; - АШК; - тиешелүү ыйгарым укукка ээ уюмдар же адистер тарабынан берилген реконструкциялоо, кайра пландоо жана багытын өзгөртүү объектинин техникалык абалы жөнүндө корутундуну; - долбоорлоого карата тапшырманы; - тиешелүү лицензиясы бар уюм тарабынан аткарылган курулуш аянтчасын инженердик-геологиялык изилдөө тууралуу отчетту; - долбоордук документтерди жана/же анын айрым бөлүмдөрүн, ал эми мамлекеттик бюджеттен каржылануучу объекттер үчүн ошондой эле сметалык документтерди; - адистердин квалификациялык сертификаттарын жана долбоордук-сметалык документтерди же инженердик изилдөөлөрдү аткаруучунун лицензияларын; - жер участогунун же башка кыймылсыз мүлктүн менчик ээсинин өкүлү кайрылган учурда – нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним катты; Ушул пунктта көрсөтүлгөн документтерден тышкары башка документтерди берүүнү талап кылууга жол берилбейт |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Кызмат көрсөтүүнүн наркы монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси тарабынан бекитилет жана кызмат көрсөтүлүүчү жерлердеги маалымат такталарында жана ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында (http://gosstroy.gov.kg/) жайгаштырылуучу ыйгарым укуктуу орган көрсөтүүчү мамлекеттик кызматтарга баалардын прейскурантында чагылдырылат. Кызмат көрсөтүүнүн наркы тууралуу маалыматтар керектөөчүнүн суроо-талабы боюнча жеке кабыл алууда, телефон аркылуу кайрылууда жана электрондук почта (http://gosstroy.gov.kg/ru/7644/) аркылуу берилет |

17 | Даттануу тартиби | Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда керектөөчү кызмат көрсөтүүчү ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн жана Мамлекеттик экспертиза департаментинин жетекчилигине же бул кызматты көрсөтүүгө жооптуу ыйгарым укуктуу органдын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө даттануу менен кайрылууга укуктуу. Кызмат көрсөтүүнү алуучунун атынан даттануу анын мыйзамдуу өкүлдөрү тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилет жана арыз ээсинин аты-жөнүн, юридикалык дарегин, телефон номерин, доонун маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун кол тамгасын жана датасын камтууга тийиш. Ыйгарым укуктуу кызматкер 1 жумуш күндүн ичинде даттанууну каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттануулар жана дооматтар ыйгарым укуктуу органдын жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароонун жана арыз ээсине жоопту жиберүүнүн мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпашы керек. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси ыйгарым укуктуу органдын, аймактык бөлүмдөрдүн жана Мамлекеттик экспертиза департаментинин чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |

54. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Жеке жана юридикалык жактардын өтүнмөсү боюнча имараттарды реконструкциялоо, багытын өзгөртүү же кайра пландоо мүмкүнчүлүгүн аныктоо үчүн имараттарды жана курулмаларды инженердик-техникалык текшерүү. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 5-главасынын 61-пункту |
2 | Кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту |

4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-июнундагы № 44 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жөнүндө» токтому; «Имараттардын жана курулмалардын коопсуздугу» Техникалык регламенти» жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Техникалык корутунду |

7 | Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Өтүнмөнү колдон жана электрондук почта аркылуу кабыл алууга чектелген убакыт – 30 мүнөт; кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү – 20 жумуш күн; жыйынтыкты берүүгө чектелген убакыт – 20 мүнөт |

8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: 720001, Бишкек ш., Манас пр., 28 (Токтогул көчөсүнүн кесилишинде) дареги боюнча «Бирдиктүү терезенин» коомдук кабылдамасынан; иштөө убактысы: дүйшөмбү-жума, саат -00дөн 18-00гө чейин; түшкү тыныгуу: 12-30дан 13-30га чейин: - оозеки түрдө (телефон аркылуу же жеке кабыл алууда, адис менен байланышууда); - ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтынан (http://gosstroy.gov.kg/); - электрондук почта боюнча электрондук түрдө (http://gosstroy.gov.kg/ru/7644/); - электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан (http://portal.tunduk.kg); - архитектуранын аймактык органына жеке кайрылууда; - маалымат такталарынан, брошюралардан жана буклеттерден. Кызмат көрсөтүүгө өтүнмөнүн формасы расмий сайтта жайгаштырылган (http://gosstroy.gov.kg/). Мамлекеттик кызмат көрсөтүү тууралуу маалымат кайрылган ар бир адамга акысыз негизде берилиши кепилденет. Байланыш маалыматтары жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты ыйгарым укуктуу органдын маалыматтык такталарында, ошондой эле анын расмий сайтында (http://gosstroy.gov.kg/) жайгаштырылат. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болуучу ыкмаларды мүнөздөө же санап өтүү) | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылышы мүмкүн: 1) атап айтканда: - маалымат сайттары, радио берүү жана теле көрсөтүү; - газеталар; - ыйгарым укуктуу органдын расмий сайты (http://gosstroy.gov.kg/); - электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы (http://portal.tunduk.kg); - такталар, буклеттер жана брошюралар; - «Бирдиктүү терезе» коомдук кабылдамасы; - оозеки түрдө (телефон аркылуу же адис менен жеке байланышууда). Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими кызмат көрсөтүү стандарты менен бирге такталарда, ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында жайгаштырылат. Ыйгарым укуктуу органдын иштөө графиги: дүйшөмбү-жума, саат 9-00дөн 18-00гө чейин; түшкү тыныгуу: саат 12-30дан 13-30га чейин |

12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн арыз ээси төмөнкү документтерди берет: - ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси бекиткен форма боюнча арызды; - паспорттун көчүрмөсүн (жеке жактар үчүн); - каттоо жөнүндө күбөлүктүн, Уставдын жана Уставдык келишимдин (болсо), жетекчини дайындоо тууралуу документтин көчүрмөлөрүн (юридикалык жак үчүн); - көрсөтүлүүчү кызмат үчүн акы төлөө фактысын ырастоочу квитанцияны; - жер участогуна менчик же пайдалануу укугуна укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтердин көчүрмөлөрүн (жер участогунун планы менен), ошондой эле жер участогунда жайгашкан кыймылсыз мүлк объектисине укук белгилөөчү документтердин жана техникалык паспорттордун көчүрмөлөрүн; - эскиздик долбоор (болсо); - жер участогунун же башка кыймылсыз мүлктүн менчик ээсинин өкүлү кайрылган учурда – нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним кат. Ушул пунктта көрсөтүлгөн документтерден тышкары башка документтерди берүүнү талап кылууга жол берилбейт |

17 | Даттануу тартиби
| Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда керектөөчү кызмат көрсөтүүчү Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун жетекчилигине же бул кызматты көрсөтүү үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу органдын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндөгү даттануу менен кайрылууга укуктуу. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучунун атынан даттануу анын мыйзамдуу өкүлдөрү тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин формада берилет жана анда арыз ээсинин аты-жөнү, юридикалык дареги, телефон номери, дооматтын маңызы, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучунун кол тамгасы жана датасы камтылышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумуш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттануулар жана дооматтар ыйгарым укуктуу органдын жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароонун жана арыз ээсине жоопту жиберүүнүн мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпашы керек. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-майындагы № 288 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ