Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 169 токтомуна) |
2022–2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын
фискалдык саясатынын негизги багыттары
1. Киришүү
2022-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын Фискалдык саясатынын негизги багыттары 2019–2020-жылдар үчүн бюджеттик саясатты ишке ашыруунун жана 2021-жылга күтүлгөн баалоонун жыйынтыктарын эсепке алуу менен, ошондой эле 2018–2040-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында аныкталган 2024-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасынын артыкчылыктуу багыттарын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 82-беренесине ылайык иштелип чыккан.
Орто мөөнөттүү мезгилде экономикалык саясат экономикалык өсүүнүн оң тенденцияларын сактоо, республиканы туруктуу экономикалык өнүктүрүүнү камсыздоо максаттарын карманат, ошондой эле жумуш орундарын түзүүчү жана калктын бакубатчылыгын жогорулатуучу импортту жайгаштыруу үчүн жогорку потенциалга ээ болгон экономика тармагына дем берүүгө багытталат. Орто мөөнөттүү келечекте ИДПнын өсүүсүнүн оң динамикасы күтүлүүдө; 2022–2024-жылдардагы мезгилге ИДПнын болжолдонуучу анык өсүү темпи 6,5 %, 3,9 % жана тиешелүү түрдө 4,0 % түзөт.
Мамлекеттин орто мөөнөттүү фискалдык жана инвестициялык саясат фискалдык мыйзамдарды өркүндөтүү, бюджеттин туруктуулугун камсыздоо, COVID-19 коронавирус инфекциясына жана анын кесепеттерине каршы күрөшүү, бюджеттик процессти жана анын ачык-айкындуулугун жакшыртуу, чыгашалардын натыйжалуулугун жана майнаптуулугун жогорулатуу, бюджеттин социалдык багыттуулугун сактоодо, карыз алууларды экономиканы өнүктүрүүгө артыкчылыкташтырууда экономикалык өсүүнү камсыздоочу бюджеттин ресурстарын артыкчылыктуу багыттарга мобилизациялоо, транспорттук жана энергетикалык секторду, айыл чарбасын өнүктүрүү жана экономиканы колдоо максаттарына жумшалат.
2022–2024-жылдарга мамлекеттик бюджеттин салыктык кирешелери өсүүнүн оң динамикасы менен болжолдонууда. 2024-жылга карата салыктык кирешелер 211 979,1 млн сомго же ИДПга карата 25,2 %га чейин өсөт. Киреше бөлүгү менен катар эле, 2022–2024-жылдарга мамлекеттик бюджеттин чыгымдары өсөт. Бюджеттин чыгымдары өзүнүн социалдык багыттуулугун сактайт, мында чыгымдар артыкчылыктуу багыттарга бөлүнөт. Мындан тышкары, 2024-жылы мамлекеттик бюджеттин профицити ИДПга карата 1,0 % болжолдонууда, ал экономикалык өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу программаларын каржылоого багытталат. 2020–2024-жылдардагы мезгилге карыз алуулардын жалпы көлөмүндө тышкы карыз алууларга ээ болот. Мында карыздык саясат узак мөөнөттүү МБК рыногун өнүктүрүү жолу менен ички карыз алууларды көбөйтүүгө багытталат, бул мамлекеттик карыздын салыштырма салмагын чет өлкөлүк валютада 80,8 % чейин кыскартууга мүмкүндүк берет.
2. Макроэкономикалык келечек
2.1. Макроэкономикалык саясат жана орто мөөнөттүү болжол
2019–2020-жылдар үчүн Кыргыз Республикасында макроэкономикалык кырдаал бирдей болгон жок жана COVID-19 коронавирус инфекциясынын пандемиясынын кесепетинин натыйжасында ИДПнын орточо жылдык өсүү темпинин төмөндүгү 2,0 %ды түздү.
2019-жылы ИДПнын анык өсүүсү 4,6 % деңгээлинде болду. Дүң чыгаруунун өсүү темпи өнөр жайда – 6,6 %, айыл чарбасында – 2,5 %, курулушта – 10,7 % жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө – 3,2 % деңгээлинде байкалган. Экономикалык өсүүгө таасир берген негизги жагымдуу факторлор, инфляциянын орточо деңгээли, бул калктын кирешелеринин анык өсүүсү, фермерлерге жеңилдетилген кредиттерди берүү менен шартталган.
2020-жылы ИДПнын төмөндөшү 8,6 %ды түздү. Экономикалык өсүүнүн азайышынын негизги себеби COVID-19 коронавирус инфекциясынын пандемиясынын терс таасири болду, ал кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө өсүү темпинин – 10,0 %, курулушта – 15,9 %, өнөр жайда – 7,5 % азайышына алып келди. Мында айыл чарбасында 1,1 % өсүү байкалды.
2021-жылы экономикалык өнүктүрүү COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылышынын улануу тобокелчилигинин азаюу фонунда дүйнөлүк экономиканын өсүү темпин, вакцинанын натыйжасында экономикалык активдүүлүктүн жана саясий чаралардын натыйжасында кошумча колдоо көрсөтүүнүн өсүүсүн акырындык менен калыбына келтирүү шартында боло тургандыгы күтүлүүдө.
Чакан жана орто бизнести колдоо чаралары, экспорттук-импорттук операциялар жана инвесторлорду коргоо, мамлекеттик бюджеттин туруктуулугун камсыздоо, социалдык туруктуулукту колдоо, азык-түлүк коопсуздугун жана кризис шартында өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашырууну камсыздоо социалдык туруктуулукту жана экономикалык туруктуулукту камсыздоо боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин биринчи кезектеги чараларынын планына ылайык ишке ашырылат.
Болуп жаткан кырдаалдардын динамикасына, иш активдүүлүгүн солгундатуучу COVID-19 коронавирус инфекциясынын жаңы күч алуусуна байланыштуу, баалоолорго ылайык 2021-жылы Кыргыз Республикасында экономиканын өсүүсү орточо болот. Буга байланыштуу ИДПнын 3,2 % өсүүсү күтүлүүдө. Инфляциянын деңгээли 8,9 % (өткөн жылдын декабрына карата % менен) өлчөмүндө күтүлүүдө. Бул негизинен товарларды импорттоодон ата мекендик рыноктун көз карандылыгы, финансы рыногунун өзгөрмөлүүлүгү, азык-түлүк товарларына баанын сезондук өйдө-ылдый болуусу менен шартталган.
ИДП өндүрүшүнүн түзүмүндө кызмат көрсөтүү чөйрөсү, өнөр жай жана айыл чарба тармактары тийиштүү түрдө 46,8 %, 21,0 % жана 13,4 % салыштырмалуу салмагы менен басымдуулук кылат.
2021-жылы өнөр жайда[1] 3,1 %га өсүш күтүлүүдө. Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканаларды эсепке албаганда өсүш 9,2 %ды түзөт. Айыл чарбасында 2021-жылы 2,1 %га өсүш күтүлүүдө. 2021-жылы COVID-19 коронавирус инфекциясынын таасиринин уланышына байланыштуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн орточо 3,7 % өсүүсү күтүлүүдө. Курулуштун дүң продукциясы 4,1 %га реалдуу өсүшү менен 152,2 млрд сом көлөмүндө күтүлүүдө.
Товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн таза экспортунун ИДПга карата көрсөткүчү 2021-жылы – 19,1 % түзөт жана 2020-жылга (-20,3 %) салыштырмалуу 1,2 пайыздык пунктка жакшырат.
2021-жылы товарлардын экспорту 2 050,0 млн АКШ долл. түзөт жана 4,4 % (номиналдык туюнтууда) көбөйөт. Товарлардын импорту 3 750,0 млн АКШ долл. түзөт жана 1,8 % (номиналдык туюнтууда) көбөйөт.
2022–2024-жылдарга орто мөөнөттүү мезгилде экономикалык саясаттын башкы максаты экономикалык өсүүнүн оң тенденцияларын сактоо жана өлкөнү туруктуу экономикалык өнүктүрүүнү камсыздоо болот.
Максаттуу макроэкономикалык көрсөткүчтөр экономиканы бекемдөөгө, потенциалды күчөтүүгө жана өндүрүштү өнүктүрүүгө, ошондой эле элдин жашоосунун сапатын жана бакубатчылыгын жакшыртууга багытталган 2018–2040-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын толук жана ийгиликтүү ишке ашырууга негиздеген.
Экономикалык саясат жумуш орундарын түзүүчү жана калктын бакубатчылыгын жогорулатуучу импортту жайгаштыруу үчүн жогорку потенциалга ээ болгон тармактарды өнүктүрүүгө дем берүүгө багытталган.
Макроэкономикалык саясатты ийгиликтүү ишке ашыруунун эң маанилүү өбөлгөлөрү төмөнкүлөр болуп саналат:
- социалдык-саясий туруктуулук;
- импортту алмаштыруу боюнча иштерди күчөтүү, жогорку экспорттук потенциалга ээ болгон артыкчылыктуу секторлорду өнүктүрүү;
- орто мөөнөттүү келечекте керектөө суроо-талабын калыбына келтирүү;
- энергетика, ирригация, жол-транспорт чөйрөсүндөгү ири улуттук инвестициялык долбоорлорду өнүктүрүү;
- Кыргыз Республикасынын ЕАЭБдеги жана ДСУдагы мүчөлүгүн активдүү пайдалануу;
- финансылык шаймандарга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу;
- ишкердик үчүн жагымдуу бизнес-чөйрөсүн түзүү;
- бизнести көмүскөдөн чыгаруу боюнча көрүлүүчү чаралар.
2022–2024-жылдарда өнөр жай продукцисынын өсүү темпи[2] бир жыл үчүн орточо 6,9 % деңгээлинде болжолдонууда. Өнөр жай продукциясынын көлөмүнүн өсүшү иштеп жаткан өнөр жай ишканаларынын туруктуу иштешинин, иштебей туруп калган өндүрүштү жандандыруунун, Кумтөр, Талды-Булак Сол Жээк, Жамгыр, Жерүй, Чаарат, Бозымчак, Иштамберди, Кара-Казык, Терексай кендеринде, Кавак күрөң көмүр кендеринде казуулардын көлөмүн өстүрүү жана «КГРК» ачык акционердик коомунун, «Вертекс Голд Компани» жоопкерчилиги чектелген коомунун, «Эти Бакыр Терексай» жоопкерчилиги чектелген коомунун жаңы ишканаларын пайдаланууга киргизүүнүн эсебинен болжолдонууда.
Айыл чарбасында өсүүнүн орточо жылдык темпи 2,4 % деңгээлинде болжолдонууда. Өсүү табигый-климаттык фактордун жагымдуу таасиринин, айдоо аянттарын оптималдаштыруунун, тамчылатып сугаруу системасын активдүү пайдалануунун, күнөскана чарбасын өнүктүрүүнүн, айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүнүн алдыңкы технологияларын пайдалануунун, органикалык, минералдык жана органоминералдык жер семирткичтерди колдонуунун, тоют өндүрүшүн көбөйтүүнүн, айыл чарба продукцияларынын көзөмөлгө алынышын камсыздоо үчүн электрондук коммерциялык элементтер менен айыл чарбасында санариптик технологиялардын, өлкөдө жагымдуу эпизоотиялык кырдаалды сактоонун, мамлекет тарабынан айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдонуудагы кредиттик жана лизингдик программалар боюнча колдоонун, өндүрүш процесстерин оптималдаштыруунун жана башкаруунун, айыл чарбасында энергетикалык жана ресурстук чыгымдарды кыскартуунун эсебинен болжолдонууда.
Кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө орто мөөнөттүү келечекте кызмат көрсөтүүлөрдү дүң чыгаруунун көлөмү жылына 4,4 % деңгээлинде болжолдонууда, негизинен дүң жана чекене соода, транспорттук иштер жана жүктөрдү сактоо, мейманкана жана ресторан кызматтарын көрсөтүүнүн өсүшүнүн эсебинен болжолдонууда.
Курулушта орточо жылдык анык өсүү темпи 6,4 % деңгээлинде болжолдонууда. Курулуш тармагын өнүктүрүү ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун эсебинен улуттук экономиканын өсүшүн камсыздоочу олуттуу багыттардын бири болуп калат.
2022–2024-жылдарда пайдалануу боюнча ИДПнын түзүмү керектөөлөрдүн жана инвестициялардын үлүшүнүн көбөйүшү менен аныкталат.
ИДПга карата дүң инвестициялардын үлүшү 2022-жылы 26,6 %ды, 2023-жылы 26,9 %ды, 2024-жылы 27,9 %ды түзөт. Мамлекеттик инвестициялардын үлүшү 2022-жылы ИДПга карата 4,6 %дан 2024-жылы 3,6 %га чейин азаят. Жеке инвестициялардын үлүшү 2022-жылы 22,0 %дан 2024-жылы ИДПга карата 24,3 %га чейин өсөт (2023-жылы – ИДПга карата 23,2 %).
Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү таза экспорттоо көрсөткүчүнүн 2022-жылы 18,9 % ИДПга карата 2024-жылы -20,7 %га чейин начарлашы болжолдонууда.
Тышкы соода жүгүртүүнү өнүктүрүүнүн негизги максаты экспортту андан ары өстүрүү, техникалык жана башка тоскоолдуктарды жана евразия мейкиндигинде өз ара соодалашуунун чектөөлөрүн четтетүү, электр энергетикасы жана финансылык рынок, кызмат көрсөтүүнүн бирдиктүү рыногу сыяктуу жалпы рынокту түзүүгө карата этап менен киришүү.
2022–2024-жылдарда тышкы-экономикалык ишти өнүктүрүүгө таасир берүүчү негизги факторлор: ДСУга республиканын мүчөлүгүнүн артыкчылыктары; ЕАЭБ интеграциялык бирикмесинде толук иштөө; өз ара пайданын негизинде эки тараптуу кызматташуу; кызмат көрсөтүүнү, а.и. туристтик экспорттоонун өсүүчү мааниси. Бул факторлорду эске алуу менен тышкы соода жүгүртүү 2022-жылы 6 290 млн АКШ долларынан 2024-жылы 6 960 млн АКШ долл. чейин өсөт, анын ичинде:
- товарлардын экспорту 2022-жылы 2 340 млн АКШ долларынан 2024-жылы 2 510 млн АКШ долл. чейин көбөйөт.
- товарлардын импорту орто мөөнөттүү келечекте 2022-жылы 3 950 млн АКШ долларынан 2024-жылы 4 450 млн АКШ долл. чейин көбөйөт.
Социалдык саясат жаатында 2022–2024-жылдарга негизги милдеттер мамлекеттин кепилдик берилген социалдык милдеттерин толук көлөмдө аткаруу, калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу жана жарандардын социалдык-корголбогон категорияларынын абалын жакшыртуу болуп калат, жарандардын кыйла аялуу категорияларына даректүү социалдык жардамдарды көрсөтүү, эмгекке жарамдуу калктын экономикалык активдүүлүгүнө дем берүү боюнча иштер улантылат.
Орто мөөнөттүү мезгилде калктын саны жылына орточо 145,3 миң адамга өсүшү болжолдонууда, жумуш менен камсыз болгон калктын саны жылына орточо 2,1 %га өсүп турат. Калктын жан башына ИДП жылына орточо 4,0 % көбөйүп, 2024-жылы 1 300,4 АКШ долл. түзөт.
Орточо айлык эмгек акынын реалдуу өсүшү орто мөөнөттүү мезгилде –2,4 % деңгээлинде терс болжолдонууда жана 2024-жылы 20 887,8 сомду түзөт. Калктын акчалай кирешелеринин реалдуу өсүүсү жылына орточо 2,5 % деңгээлинде болжолдонууда жана 2024-жылы 589,6 млрд сомду түзөт.
Орто мөөнөттүү келечекте жакырчылык деңгээли жылына орточо 1,2 пайыздык пунктка кыскарып, 2024-жылы 20,1 %ды түзөт.
3. Фискалдык саясат
3.1. Фискалдык саясаттын артыкчылыктары
Фискалдык мыйзамды өркүндөтүү
2022–2024-жылдарда өндүрүштү жана анын технологиялык жаңыланышын диверсификациялоого, модернизациялоого, ошондой эле ата мекендик экономиканын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган фискалдык саясаттын дем берүүчү ролу сакталат. Салык саясатынын башкы милдети жаңы Салык кодексин иштеп чыгуу жана ишке киргизүү болуп саналат, экономикалык өсүш темпин колдоо, Кыргыз Республикасынын бюджетинин киреше бөлүгүн башкаруунун сапатын өркүндөтүү, ошондой эле салыктардын социалдык жана жөнгө салуучу функцияларын өркүндөтүү боюнча иштер улантылат.
Салык мыйзамдарын андан ары өркүндөтүү, анын ичинде:
- өркүндөтүү республиканын аймагында жаңы маалымат технологияларын жана салык жол-жоболорун санариптештирүүнү киргизүү аркылуу өтөт, алар Кыргыз Республикасынын жоопкерчиликтүү жана ак ниет салык төлөөчүлөрүн жана жарандарын коргоого багытталат;
- салык салынуучу кирешелердин иш жүзүндө келтирилген чыгымдар жана мүлктүк абалдын өзгөрүшү жөнүндө маалыматка шайкеш келүүсүн контролдоону колдонуу менен жалпы декларациялоо принциптерине өтүү каралууда;
- товарларды көзөмөлдөө жана жүгүртүү системасы үчүн улуттук компонентти түзүү, ошондой эле “салык салуу” көрсөткүчү боюнча дүйнөлүк аренада Кыргыз Республикасынын рейтингин жогорулатуу боюнча иштер пландалууда. Кыргыз Республикасынын экономикасынын формалдуу эмес секторун легализациялоого дем берүү, кынтыксыз репутацияга ээ болгон ата мекендик өндүрүүчүлөрдү жана импорттоочуларды коргоо, ошондой эле салыктык текшерүү жана товардык продукцияны эсептөө жана анын фискалдык максаттарда берилген мүнөздөмөлөргө шайкеш келүү системасын түзүү шартталууда;
- бюджеттин кирешелерин көбөйтүү жана көмүскө экономиканын үлүшүн азайтуу максатында электрондук эсеп-фактураларды, электрондук товардык транспорттук накладнойлорду, ККМ-онлайн жана товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркировкалоону толук масштабдуу киргизүү жолу менен салыктык жол-жоболорду фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүү, салык төлөөчүлөрдү сыйлоо системасын, кассалык чектерди берүүдө кэшбэк системасын киргизүү боюнча активдүү иштер жүргүзүлөт.
Бажы мыйзамын андан ары өркүндөтүү, анын ичинде:
- Кыргыз Республикасында соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча иш-чаралар планын ишке ашыруу;
- тобокелчиликтерди башкаруу системасын колдонуу аркылуу бажы операцияларын жасоо процессин тездетүү;
- бажы процесстерин автоматташтыруу (санариптештирүү), ошондой эле ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү (кагазсыз декларациялоо);
- Кыргыз Республикасында эл аралык ташууну өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү, ЕАЭБге алдын ала маалымдоо модулун киргизүү;
- бажы төлөмдөрүн төлөө системасын өркүндөтүү, улуттук төлөм системасын интеграциялоо;
- ЕАЭБдин тышкы чек арасында мамлекеттик контролдоочу органдар менен маалымат алмашууну киргизүү, «Бирдиктүү терезе» принциби боюнча өткөрмө пункттарында мамлекеттик органдар менен биргелешип контролдоону ишке ашыруу үчүн программалык камсыздоону киргизүү бөлүгүнө санариптик платформаны киргизүү;
- байкоо жүргүзүү жана дайындалган бажы органына чейин товарларды жана транспорт каражаттарын жеткирип берүү электрондук системасын киргизүү, ошондой эле бажылык текшерүүнү автоматташтыруу;
Бюджеттик саясат
Азыркы учурда мамлекеттик бюджет бюджеттин олуттуу тартыштыгы, мамлекеттик карызды кармоо зарылчылыгы, бюджеттер аралык мамиленин дотациялык мүнөзү, мамлекеттик финансыны башкарууну толук автоматташтыруу системасынын жоктугу, ошондой эле аракеттеги программалык бюджеттин жоктугу менен мүнөздөлөт.
COVID-19 коронавирус инфекциясынын пандемиясы жана бюджеттин ресурстук бөлүгүнүн төмөндөшү, COVID-19 коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча иш-чараларга тышкы жардамдарды тартуу боюнча акыркы кырдаалдарга байланыштуу коомдо бюджеттик, ошондой эле өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдөн түшүүчү каражаттарды ачык-айкын жана натыйжалуу пайдалануу маселелери көтөрүлүүдө.
Буга байланыштуу орто мөөнөттүү салыктык-бюджеттик саясаттын максаты туруктуу экономикалык өсүүнү камсыздоо жана мамлекеттик бюджеттин туруктуулугун сактоо, өз кезегинде карыздык кырдаалдын туруктуулугу менен социалдык максаттын өсүүсүнүн ортосундагы туура баланска жетүүнү билдирет.
Ошентип, мамлекеттик финансыны башкарууда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети көңүлүн төмөнкү милдеттерди аткарууга бурат:
- фискалдык туруктуулукту камсыздоо жана республикалык бюджетти макроэкономикалык жөнгө салуунун натыйжалуу шайманына айландыруу;
- бюджеттик пландаштыруунун жана орто мөөнөттүү болжолдоонун сапатын жогорулатуу;
- мамлекеттик финансыны башкарууну андан ары жакшыртууга багытталган Бюджеттик кодекске оңдоолорду киргизүү;
- бюджеттик пландоонун жана орто мөөнөттүү болжолдоонун сапатын жогорулатуу, орто мөөнөттүү болжолдоону беш жылдык горизонтко өткөрүү;
- бюджеттик пландоо процессин автоматташтыруу;
- республиканын экономика тармактарын өнүктүрүүгө ички жана тышкы карыз алууларды так артыкчылыкташтыруу;
- натыйжасыз чыгымдарды бир эле учурда кыскартууда маанилүү проблемаларды чечүүгө республикалык бюджеттин ресурстарын концентрациялоо;
- натыйжага багытталган толук кандуу бюджеттештирүүнү киргизүү. Натыйжага багытталган бюджеттештирүү бюджеттин чыгымдарынын натыйжалуулугун жогорулатуу механизми болуп калууга тийиш;
- бюджеттик программалардын мониторинги жана баалоо механизмдерин киргизүү жана колдонуу аркылуу бюджеттин чыгымдарынын натыйжалуулугун жогорулатуу;
- бюджеттер аралык мамилелерди реформалоо;
- бюджеттик документтерди өркүндөтүү, бюджеттин ачык-айкындуулугун жана отчеттуулугун жогорулатуу максатында бюджеттик процесске жарандык коомдун катышуусун күчөтүү;
- экономикалык өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу программаларын каржылоого бюджеттин ресурстарын мобилизациялоо максатында Турукташтыруу фондун түзүү;
- бюджеттик туруктуулук үчүн мамлекеттин максаттарын зыянсыз каржылоону камсыздоо үчүн мамлекеттик бюджеттин (фискалдык мейкиндиктин) мүмкүнчүлүктөрүн табуу.
Мындан тышкары орто мөөнөттүү келечекте мамлекеттик бюджетте COVID-19 коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча иш-чараларга, ошондой эле пандемиянын кесепеттерин жоюуга финансылык каражаттар каралат. Ачык-айкындуулукту жана отчеттуулукту камсыздоо максатында бул каражаттар республикалык бюджет жөнүндө мыйзамга карата тийиштүү тиркемеде өзүнчө иш-чара катары каралат.
3.2. Негизги бюджеттик алкактар
Орто мөөнөттүү келечекте капиталдык кирешелерди (финансылык эмес активдерди) кошкондо мамлекеттик бюджеттин жалпы кирешелери жыл сайын өсүүнү көрсөтүүдө; 2022-жылы 225 664,3 млн сомдон 2024-жылы 254,697,8 млн сомго чейин. Мамлекеттик бюджеттин жалпы кирешелери ИДПга карата 2022-жылы 31,6 %дан 2024-жылы 30,3 %га чейин азаят. Мында кирешелер боюнча болжолго ылайык салыктык кирешелердин ИДПга карата катышы 2022–2024-жылдарда өсүүнү көрсөтөт. Жалпы кирешелердин ИДПга карата азайышы расмий трансферттер боюнча болжолдуу көрсөткүчтөрдүн 2022-жылы 16 391,7 млн сомдон 2024-жылы 9 174,7 млн сомго чейин азайышына байланыштуу болду. Бул тышкы түшүүлөрдөн бюджеттин көз карандылыгынын азайышын ырастайт.
1-таблица
2019–2024-жылдарга мамлекеттик бюджеттин
негизги параметрлери (млн сом)
| 2019 | 2020 | 2021 | 2022 | 2023 | 2024 |
| иш жүзүндө | иш жүзүндө | бекит. | болжол | болжол | болжол |
Жалпы кирешелер (анын ичинде капиталдык кирешелер) | 167 328,6 | 152 051,1 | 193 569,6 | 225 664,3 | 238 293,5 | 254 697,8 |
ИДПга карата % менен | 27,0 | 25,4 | 30,5 | 31,6 | 30,8 | 30,3 |
Салыктык түшүүлөр | 121 525,5 | 106 929,2 | 144 234,6 | 174 587,2 | 190 827,6 | 211 979,1 |
ИДПга карата % менен | 19,6 | 17,9 | 22,7 | 24,5 | 24,7 | 25,2 |
Салыктык эмес түшүүлөр | 32 314,3 | 33 303,8 | 31 226,1 | 34 658,4 | 32 829,8 | 33 516,9 |
ИДПга карата % менен | 5,2 | 5,6 | 4,9 | 4,9 | 4,3 | 4,0 |
Алынган расмий трансферттер, анын ичинде Мамлекеттик инвестициялар | 13 488,7 | 11 818,1 | 18 089,9 | 16 391,7 | 14 609,2 | 9 174,7 |
ИДПга карата % менен | 2,2 | 2,0 | 2,8 | 2,3 | 1,9 | 1,1 |
Капиталдык кирешелер | 19,0 | 27,0 | 27,0 | 27,0 | ||
Жалпы чыгымдар | 167 760,3 | 171 785,1 | 201 723,6 | 234 785,9 | 245 970,5 | 246 392,6 |
ИДПга карата % менен | 27,1 | 28,7 | 31,8 | 32,9 | 31,8 | 29,3 |
Учурдагы чыгымдар | 136 217,9 | 148 645,7 | 160 876,2 | 188 173,1 | 193 466,7 | 199 170,1 |
ИДПга карата % менен | 22,0 | 24,8 | 25,3 | 26,4 | 25,0 | 23,7 |
Капиталдык чыгымдар | 31 642,4 | 23 139,4 | 40 847,4 | 46 612,9 | 52 503,8 | 47 222,5 |
ИДПга карата % менен | 5,1 | 3,9 | 6,4 | 6,5 | 6,8 | 5,6 |
- тышкы булактардан | 13 072,9 | 12 127,8 | 24 532,5 | 26 133,4 | 33 023,1 | 25 235,7 |
ИДПга карата % менен | 2,1 | 2,0 | 3,9 | 3,7 | 4,3 | 3,0 |
- ички булактардан | 18 569,5 | 11 011,6 | 16 314,9 | 20479,6 | 19 480,7 | 21 986,8 |
ИДПга карата % менен | 3,0 | 1,8 | 2,6 | 2,9 | 2,5 | 2,6 |
Бюджеттин дефицити/профицити | -431,7 | -19 734,0 | -8 154,0 | -9 121,7 | -7 677,0 | 8 305,2 |
ИДПга карата % менен | -0,1 | -3,3 | -1,3 | -1,3 | -1,0 | 1,0 |
Мамлекеттик бюджеттин кирешелери расмий трансферттерди эсепке албастан, б.а. 2022–2024-жылдарга тышкы түшүүлөрдү эсепке албастан тийиштүү түрдө 209 272,6 млн сом, 223 684,3 млн сом жана 245 523,0 млн сом суммасында болжолдонууда.
2-таблица
Расмий трансферттерди жана мамлекеттик инвестициялардын каражаттарын эсепке албастан 2019–2024-жылдарга мамлекеттик бюджеттин негизги параметрлери (млн сом)
| 2019 | 2020 | 2021 | 2022 | 2023 | 2024 |
| иш жүзүндө | иш жүзүндө | бекит. | болжол | болжол | болжол |
Расмий трансферттерди эсепке албастан жалпы кирешелер | 153 839,8 | 140 233,0 | 175 479,7 | 209 272,6 | 223 684,3 | 245 523,0 |
ИДПга карата % менен | 24,8 | 23,4 | 27,6 | 29,3 | 29,0 | 29,2 |
Тышкы булактардан капиталдык чыгымдарды эсепке албастан жалпы чыгымдар | 154 687,4 | 159 657,3 | 177 191,1 | 208 652,5 | 212 947,4 | 221 156,9 |
ИДПга карата % менен | 25,0 | 26,7 | 27,9 | 29,2 | 27,6 | 26,3 |
Бюджеттин дефицити/профицити | -847,5 | -19 424,3 | -1 711,4 | 620,0 | 10 736,9 | 24 366,2 |
ИДПга карата % менен | -0,1 | -3,2 | -0,3 | 0,1 | 1,4 | 2,9 |
Мамлекеттик бюджеттин чыгымдары орто мөөнөттүү келечекте өсүү менен болжолдонууда. Чыгымдар 2022-жылы 234 785,9 млн сомдон 2024-жылы 246 392,6 млн сомго чейин көбөйөт. Мында ИДПда чыгымдардын үлүшү 2022-жылдан тартып төмөндөйт. Бул төмөндөө ИДПда учурдагы чыгымдардын үлүшү (эмгек акы төлөө фонду, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу, ички жана тышкы карыз боюнча пайыздар ММКФ жана СФ трансферттери ж.б.) 2022-жылы 26,4 %дан 2024-жылы 23,7 %га чейин азаят.
2-таблицага ылайык мамлекеттик бюджеттин чыгымдары мамлекеттик инвестициялардын каражаттарын эсепке албастан, б.а. тышкы булактардан капиталдык чыгымдарды эсепке албастан 2022-жылы 209 272,6 млн сомдон 2024-жылы 245 523,0 млн сомго чейин көбөйүү менен болжолдонууда.
2022-жылга мамлекеттик бюджеттин тартыштыгы 9 121,7 млн сом суммасында же ИДПга карата 1,3 % деңгээлинде болжолдонууда. 2023-жылы мамлекеттик бюджеттин тартыштыгы ИДПга карата 1,0 %ды түзөт, 2024-жылы мамлекеттик бюджеттин профицити ИДПга карата 1,0 % деңгээлинде болжолдонууда.
Мында расмий трансферттерди жана мамлекеттик инвестициялардын каражаттарын эсепке албастан орто мөөнөттүү келечекте мамлекеттик бюджеттин туруктуу профицити болжолдонууда. Алсак 2022-жылы профицит 620,0 млн сом, 2023-жылы 10 736,9 млн сом жана 2024-жылы 24 366,2 млн сом суммасында болжолдонууда. Бул мамлекеттик бюджеттин өздүк кирешелери (салыктык жана салыктык эмес кирешелер) толугу менен учурдагы чыгымдарды, ошондой эле ички булактардан капиталдык чыгымдарды жаба тургандыгын ырастайт.
3.3. Бюджеттин кирешелери: аткаруу жана болжол
2019–2020-жылдардагы мезгилге мамлекеттик бюджеттин кирешелери
2019–2020-жылдарга мамлекеттик бюджеттин кирешелери түшүүлөрдүн туруксуздугу менен мүнөздөлөт, бул 2020-жылы эл аралык деңгээлдеги COVID-19 коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышы менен шартталган.
1-сүрөт
Мамлекеттик бюджеттин кирешелери, 2018–2020-жылдар (млрд сом)
2019-жылы мамлекеттик бюджеттин кирешелери 167 328,6 млн сомду же ИДПга карата 27,0 %ды түздү. 2019-жылы экономикалык өсүүнүн оң динамикасынын натыйжасында салыктык кирешелердин көлөмү өткөн жылдын деңгээлинен 4 911,8 млн сомго көбөйүү менен 121 525,5 млн сомду түздү, негизинен киреше салыгы, пайдадан алынуучу салык, алтын казуучу компаниялардын кирешесине салык, Кумтөрдүн дүң кирешесине салык жана эл аралык соодага жана операцияларга салыктар сыяктуу салыктардын эсебинен болду. 2019-жылы бажылык төлөмдөрдүн өсүшү жеңил автотранспорт каражаттарын бажылык тариздөө мөөнөтүнүн узартылышына, ошондой эле ЕАЭБ алкагында ташып келүүлөргө бажы алымдарынын түшүүлөрүнүн көбөйүшүнө, ЕАЭБ өлкөлөрү менен үчүнчү өлкөлөрдүн тышкы соода көлөмүнүн өсүшүнө байланыштуу болду.
2020-жылы COVID-19 коронавирус инфекциясынын пандемиясы жана аны оздуктоо боюнча карантиндик чаралар республиканын бардык экономика тармагы үчүн терс кесепеттерге алып келди, бул бюджеттин киреше бөлүгүнүн түүшүлөрүнө терс таасир тийгизди. 2020-жылы мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин көлөмү 152 051,1 млн сомду түздү. 2020-жылы мамлекеттик бюджеттин кирешелери 2019-жылдагы түшүүлөргө салыштырмалуу 15 277,5 млн сомго төмөндөдү. ИДПнын көлөмүндө кирешелердин үлүшү ИДПга карата 25,4 % түзүү менен 1,6 пайыздык пунктка азайган.
Салыктык кирешелердин көлөмү өткөн жылдын деңгээлине карата 14 596,3 млн сомго азаюу менен 2020-жылы 106 929,2 млн сом түздү. ИДПнын көлөмүндө салыктык кирешелердин салыштырма салмагы 2020-жылы 17,9 %ды түзүү менен өткөн жылга салыштырмалуу 1,7 пайыздык пунктка азайган.
2-сүрөт
Салык жана бажы кызматтары тарабынан тескелүүчү мамлекеттик бюджеттин салыктык кирешелери, 2019–2020-жылдар (млрд сом)
Бажылык өткөрүү пункттары аркылуу жүктөрдү ташуу боюнча киргизилген чектөөлөргө байланыштуу 2020-жылы товарларды импорттоонун көлөмү 2019-жылга салыштырмалуу 26,2 % төмөндөдү, бул өткөн жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу бажылык салыктардын жана төлөмдөрдүн 1,5 эсе азайышына алып келди. ИДПда бажылык салыктарынын жана төлөмдөрүнүн салыштырма салмагы 2019-жылы 7,0 %дан 2020-жылы 4,8 % чейин кыскартылды.
Салык кызматы тарабынан тескелүүчү салыктык кирешелер 2020-жылы COVID-19 коронавирус инфекциясынын пандемиясына карабастан, дээрлик 2019-жылдагы түшүүлөрдүн деңгээли, негизинен жерлерди пайдаланууга, атап айтканда алтынды өндүрүүгө байланышкан салыктардын эсебинен сакталып калды. Рынокто алтынга болгон баанын жана АКШ долларынын сомго карата жогорулашы алтын казуучу компаниялардын кирешелерине салыктардын жана Кумтөрдүн дүң кирешесине салыктардын түшүүлөрүнө олуттуу таасир тийгизди, алардын жалпы суммасы өткөн жылдын бирдей көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу 1,5 эсе же 4 670,2 млн сомго өстү. Негизинен, бул 2 салыктын эсебинен, салык кызматы тарабынан тескелүүчү салыктык кирешелердин суммасы дээрлик 2019-жылдагы түшүүлөрдүн деңгээлинде 78 026,4 млн сом өлчөмүндө калды. Калган салыктар боюнча түшүүлөрдүн азаюусу байкалууда.
2019–2020-жылдарда салыктык эмес кирешелердин көбөйүү тенденциясы сакталды. 2019-жылы салыктык эмес кирешелер боюнча түшүүлөр 32 314,3 млн сомду түздү, өткөн жылдын көрсөткүчтөрүнө карата өсүү 6 603,7 млн сом. ИДПнын көлөмүндө салыктык эмес кирешелердин салыштырма салмагы өткөн жылдын көрсөткүчтөрүнө карата 0,7 пайыздык пунктка көбөйүү менен 5,2 %ды түздү. 2020-жылы салыктык эмес кирешелер 33 303,8 млн сомду түздү, өткөн жылдын көрсөткүчтөрүнө карата өсүү 989,5 млн сом. Бул өсүү акциялардын мамлекеттик пакетине эсептелген дивиденддердин түшүүлөрүнүн, бюджетке чегерүүгө тийиш болгон Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасынын, айыптардын, санкциялардын, конфискациялардын жана башка салыктык эмес кирешелердин көбөйүшүнүн эсебинен болду. Салыктык эмес кирешелердин салыштырма салмагы ИДПнын көлөмүндө 0,4 пайыздык пунктка, 2019-жылы 5,2 %дан 2020-жылы 5,6 %га чейин көбөйүү болду.
Эгер 2019-жылы алынган расмий трансферттерден түшүүлөрдүн өсүшү белгиленсе, анда 2020-жылы азаюу белгиленген. Алынган расмий трансферттердин көлөмү 2019-жылы 13 488,7 млн сомду түздү, өткөн жылга салыштырмалуу көбөйүү 4 272,6 млн сом (негизинен Россиядан, Индиядан жана Кытайдан гранттардын түшүүлөрүнө байланыштуу болду). 2020-жылы алынган трансферттер программалык гранттардан түшүүлөрдүн азайышына байланыштуу өткөн жылга салыштырмалуу 1 670,7 млн сомго азаюу менен 11 818,1 млн сомду түздү.
2021-жылга бюджеттин киреше бөлүгүн баалоо
2021-жылы мамлекеттик бюджеттин кирешелери 193 550,6 млн сом көлөмүндө же ИДПга карата 30,5 % деңгээлинде пландалууда. Мамлекеттик бюджеттин салыктык кирешелери 144 234,6 млн сом, алынган расмий трансферттер – 18 089,9 млн сом жана салыктык эмес кирешелер – 31 226,1 млн сом суммасында болжолдонууда.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын берген маалыматына ылайык 6 000,0 млн сом (учурдагы жылы Кумтөрдүн дүң кирешесине салыктар бекитилген сумма толук көлөмдө түшкөн шартта) суммасындагы кошумча кирешелердин түшүүсү мүмкүн. Мында, COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылышы боюнча кырдаалдын курчушу мүмкүн болгон учурда жана 2021-жылы Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн күтүлгөн болжолуна жетпей калган учурда мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн түшпөй калуу тобокелчилиги бар.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматы боюнча COVID-19 коронавирус инфекциясынын пандемиясына байланыштуу болгон жүктөрдү ташуу боюнча киргизилген чектөөлөрдүн кырдаалын сактоодо бажылык төлөмдөрдүн жана салыктардын түшпөй калуу тобокелчиликтери мүмкүн.
2022–2024-жылдарга мамлекеттик бюджеттин кирешелерин баалоо
2022–2024-жылдарга мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин2022-жылы 225 637,3 млн сомдон 2024-жылы 254 670,8 млн сомго чейин өсүшү болжолдонууда. 2022-жылы ИДПда кирешелердин үлүшү 31,6 % түзөт жана 2024-жылга карата 30,3 % чейин төмөндөйт, бул салыктык эмес кирешелердин деңгээли ИДПга карата 0,9 %га жана алынган расмий трансферттердин (программалык гранттар жана мамлекеттик инвестициялар гранттары) ИДПга карата 1,2 % төмөндөшү менен шартталган.
3-таблица
Мамлекеттик бюджеттин кирешелери, 2020–2024-жылдар (млрд сом)
| 2020 иш жүзүндө | 2021 бюджет | 2022 болжол | 2023 болжол | 2024 болжол |
ИДП | 598,3 | 635,0 | 713,7 | 772,6 | 840,2 |
Кирешер | 152,1 | 193,6 | 225,6 | 238,3 | 254,7 |
ИДПнын салыштырма салмагы ( %) | 25,4 | 30,5 | 31,6 | 30,8 | 30,3 |
Салыктык кирешелер | 106,9 | 144,2 | 174,6 | 190,8 | 212,0 |
ИДПнын салыштырма салмагы ( %) | 17,9 | 22,7 | 24,5 | 24,7 | 25,2 |
Алынган расмий трансферттер | 11,8 | 18,1 | 16,4 | 14,6 | 9,2 |
ИДПнын салыштырма салмагы ( %) | 2,0 | 2,8 | 2,3 | 1,9 | 1,1 |
Салыктык эмес кирешелер | 33,3 | 31,2 | 34,7 | 32,8 | 33,5 |
ИДПнын салыштырма салмагы ( %) | 5,6 | 4,9 | 4,9 | 4,2 | 4,0 |
Салыктык кирешелер 2022-жылы 174 587,2 млн сомдон 2024-жылы 211 979,1 млн сомго чейин көбөйөт. Орто мөөнөттүү мезгилде ИДП карата салыктык кирешелер 2022-жылы ИДП карата 24,5 %дан 2024-жылы ИДПга карата 25,2 %га чейин көбөйөт. Бюджеттик кирешелердин жалпы суммасында алардын салыштырмалуу салмагы 2022-жылы 77,4 %дан 2024-жылы 83,2 %га чейин көбөйөт.
2022–2024-жылдардагы мезгилде салыктык эмес кирешелердин түшүүлөрү орточо 33 668,4 млн сомду түзөт. ИДПнын көлөмүндө салыктык эмес кирешелердин деңгээли 2022-жылы 4,9 %дан 2024-жылы 4,0 %га чейин азаят. Салыктык эмес кирешелердин негизги үлүшүн акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүдөн (50 %га жакын) түшүүлөр, бюджеттин киреше бөлүгүнө которууга тийиш болгон Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасы, акциялардын мамлекеттик пакетине эсептелген дивиденддер, берилген бюджеттик ссудалар жана кредиттер боюнча пайыздар сыяктуу мындай түшүүлөр ээлейт.
Расмий трансферттердин түшүүлөрү (программалык гранттар жана мамлекеттик инвестициялардын гранттары) орто мөөнөттүү мезгилде 2022-жылы 16 391,7 млн сомдон 2024-жылы 9 174,7 млн сомго чейин азаюу менен болжолдонууда. 2024-жылы ИДПда расмий трансферттердин үлүшү 2022-жылга ИДПга карата 1,2 %га азаят, бул мамлекеттик инвестициялардын гранттары, программалык гранттар сыяктуу түшүүлөрдүн азайышы менен байланыштуу болот.
3.4. Макроэкономикалык жана фискалдык тобокелчиликтер
Макроэкономикалык тобокелчиликтер
2022–2024-жылдары ИДПнын өсүүсүнө таасир тийгизиши мүмкүн болгон тышкы жана ички тобокелчиликтерге төмөндөгүлөр кирет:
- узакка созулган COVID-19 коронавирус инфекциясынын пандемиясы, тийиштүү түрдө чектөөлөрдүн узакка сакталышы дүйнөлүк экономиканын суроо-талаптарына терс таасирин тийгизет;
- вакцинанын акырындык менен илгерилеши жана учурдагы вакциналарга туруктуу вирустук мутациялардын пайда болушу, экономиканын калыбына келишин басаңдатат;
- геосаясий чыңалуунун эскалациясы, тийиштүү түрдө айрым өлкөлөрдө-негизги соода өнөктөштөрдө экономикалык активдүүлүктү акырындатат:
- жогорку технологиялар рыногу үчүн күрөшүүгө чакырылган АКШ жана Батыштан Кытай Эл Республикасы менен конфронтация экономикада катуу карама-каршылыкка өсүп кетиши мүмкүн;
- фонддук рыноктордогу туруксуздук, бул баалуу кагаздарды котировкалоодо терс таасирин тийгизиши жана валюталардын өзгөрүп туруусуна алып келиши мүмкүн;
- антироссиялык санкциялардын кеңейтилиши, бул Россия Федерациясынын экономикасына терс таасирин тийгизиши мүмкүн жана суроо-талап менен тышкы соода аркылуу улуттук экономикага таасир этиши мүмкүн;
- агроөнөр жай комплексинин жана энергетиканын өнүгүшүнө терс таасир тийгизиши мүмкүн болгон жаратылыш-климаттык фактор;
- азык-түлүк товарлар тобун (ун, өсүмдүк майы, кант, акшактар ж.б.), КММ импорттоодон ички рыноктун көз карандылыгы;
- формалдуу болбогон экономиканын жогорку деңгээли (Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча 2019-жылы 23,5 %ды түздү);
- айрым бажылык тоскоолдуктардын сакталышы ж.б.
Киреше бөлүгүн аткаруу боюнча тобокелчиликтер
Орто мөөнөттүү мезгилге 2022–2024-жылдарда мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгү боюнча болжолдуу көрсөткүчтөрдү аткаруу боюнча төмөнкүдөй тобокелчиликтер бар:
- республиканы социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү болжолунун көрсөткүчтөрүнүн азайышы жана жетпегендиги;
- алтын, анын ичинде Кумтөр руднигинде өндүрүүнүн көлөмүнүн азайышы;
- дүйнөлүк рынокто алтындын баасынын төмөндөшү;
- ЕАЭБге мүчө өлкөлөрүнөн жана үчүнчү өлкөлөрдөн импорттун көлөмүнүн азайышы;
- конкурстар жана аукциондор өтпөй калган учурларда, жер казынасын пайдалануу укугуна конкурстарды жана аукциондорду өткөрүүдөн каражаттардын түшпөй калуу тобокелчиликтери;
- COVID-19 коронавирус инфекциясынын пандемиясынын кесепетинен республикадагы эпидемиологиялык кырдаал сакталган учурда бюджеттин кирешелеринин түшпөй калуу тобокелчиликтери бар.
2020-жылдын IV кварталы жана 2021-жылдын I кварталы үчүн салыктарды тескөөнү өркүндөтүү боюнча фискалдык мыйзамдардын ченемдик-укуктук базасын инвентаризациялоо жүргүзүлгөн.
Кабыл алынган ченемдик-укуктук актыларда жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында көрсөтүлгөн мезгил үчүн салыктык жана бажылык жеңилдиктер берилген эмес, ал эми салыктарды тескөөнү өркүндөтүүгө багытталган, буга байланыштуу бюджеттин киреше бөлүгүнө нейтралдуу таасир тийгизет.
Мында, Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн эсептөөлөр боюнча салык жана бажы кызматтары менен биргеликте, колдонуудагы салык мыйзамдарында каралган салыктык жеңилдиктер жана салык төлөөдөн бошотуулар баалоо менен түзүлдү:
- 2018-жылы 25 222,2 млн сом же ИДПга карата 4,5 %;
- 2019-жылы 29 191,6 млн сом же ИДПга карата 4,7 %;
- 2020-жылы 32 256,6 млн сом же ИДПга карата 5,4 %.
Мамлекеттик инвестициялар боюнча тобокелчиликтер
Аткаруучу агенттиктерден алынган маалыматтардын негизинде 2022–2024-жылдарга мамлекеттик инвестициялардын алдын ала бюджети жалпысынан тышкы каржылоо боюнча 130,1 млрд сом жана ички каржылоо боюнча 6,1 млрд сом өлчөмүндө түзүлгөн. Бирок көпчүлүк учурда аткаруучу агенттиктер тарабынан мамлекеттик инвестициялардын бюджетине киргизүү үчүн болжолдуу көрсөткүчтөр жогорулатылып берилерин жана өзгөртүү киргизүүдө бул параметрлер кыйла көп түзөтүүлөргө дуушар болорун эске алып, 2022–2024-жылдарга мамлекеттик инвестициялардын бюджети тышкы каржылоо боюнча 14,7 млрд сомго кыскартылган, муну менен катар, ички каржылоо 0,4 млрд сомго көбөйтүлгөн.
Ошентип, мисалы төмөндөгү таблицада көрсөтүлгөндөй, бекитилген иш пландарды, сатып алууларды толук эмес аткаруу, кол коюлган макулдашуулардын күчүнө кирүүсү боюнча жол-жоболорду (ратификациялоо ж.б.) өз убагында аткарбоо мүмкүн болгон тобокелдиктен улам, ошондой эле мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун ишке ашырууда мүмкүн болгон кечиктирүүлөрдөн улам айрым төлөмдөр кийинки отчеттук жылдын бюджетине өтүп кетүүсү мүмкүн экенин эске алып, мамлекеттик инвестициялардын бюджети 2022-жылга 21,5 млрд сомго кыскартылган. Муну менен катар, мамлекеттик инвестициялардын бюджети 2023 жана 2024-жылдарга тийиштүү түрдө 3,6 млрд сомго жана 2,8 млрд сомго көбөйтүлгөн.
4-таблица
2022–2024-жылдарга Фискалдык саясаттын негизги багыттары боюнча салыштырма таблица (млн сом)
Мамлекеттик инвестициялар | 2022-жыл | 2023-жылы | 2024-жыл | ||||||
алдын ала бюджет | кийинки бюджет | четтөө | алдын ала бюджет | кийинки бюджет | четтөө | алдын ала бюджет | кийинки бюджет | четтөө | |
Ички | 2 486,1 | 2 081,4 | -404,7 | 2 087,3 | 2 220,1 | 132,8 | 1 531,0 | 1 410,2 | -120,8 |
Тышкы | 56 800,7 | 35 697,5 | -21 103,3 | 41 085,2 | 44 544,6 | 3 459,4 | 32 185,2 | 35 142,9 | 2 957,8 |
анын ичинде |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Кредиттер | 40 696,4 | 21 917,9 | -18 778,5 | 29 064,5 | 31 301,9 | 2 237,4 | 22 941,4 | 26 717,0 | 3 775,7 |
Гранттар | 16 104,3 | 13 779,5 | -2 324,8 | 12 020,7 | 13 242,6 | 1 221,9 | 9 243,9 | 8 425,9 | -817,9 |
БАРДЫГЫ | 56 800,7 | 35 697,5 | -21 103,3 | 41 085,2 | 44 544,6 | 3 459,4 | 32 185,2 | 35 142,9 | 2 957,8 |
Белгилей кетчү нерсе, 2022-жылга мамлекеттик инвестициялардын бюджетин кыскарткан учурда да, мамлекеттик инвестициялардын бюджетин өздөштүрүү боюнча мурунку жылдардын көрсөткүчтөрүн, ошондой эле COVID-19 коронавирус инфекциясынын пандемиясына байланыштуу сакталып турган белгисиздикти эске алуу менен 2022-жылы мамлекеттик инвестициялардын пландалган каражаттарын толук өздөштүрбөй калуу тобокелдиги бар.
Мамлекеттик карыз боюнча тобокелчиликтер
Мамлекеттик карыз менен байланышкан фискалдык тобокелдиктер – бул Фискалдык саясаттын негизги багыттарынын (мындан ары – ФСНБ) жана бюджеттин болжолдоолорунун иш жүзүндөгү натыйжаларынан четтөөгө алып келүүчү мамлекеттик карыздын факторлору.
Мамлекеттик карызга байланыштуу тобокелдиктерге таасир тийгизе ала турган негизги элементтер:
- ИДП. ИДПга карата мамлекеттик карыздын деңгээлинин катышы кредитке жөндөмдүүлүктүн негизги көрсөткүчү болуп эсептелет, ошондуктан ИДПга карата мамлекеттик карыздын деңгээлинин бюджетте жана ФСНБда иш жүзүндөгү көрсөткүчтөрдөн четтөөсү маанилүү мүнөзгө ээ. ИДПдагы айырмачылыктар бул катышка маанилүү өзгөртүүлөрдү алып келет;
- Алмашуу курсу. Алмашуу курсундагы айырмачылыктар ИДПга карата мамлекеттик карыздын деңгээлинин катышын маанилүү өзгөртүүгө алып келиши мүмкүн;
- МБК кирешелүүлүгүнүн коюму. МБК кирешелүүлүгүнүн коюмундагы айырмачылыктар бюджетте жана болжолдо каралган мамлекеттик карызды тейлөө боюнча коромжуларда дагы маанилүү өзгөртүүлөрдү алып келиши мүмкүн.
Мамлекеттик ички карыздын фискалдык тобокелдиги МБК кирешелүүлүгүн өзгөртүү тобокелдигин билдирет. Бул тобокел төмөнкү кырдаал менен мүнөздөлөт. МБК боюнча кирешелүүлүк МБК рыногунун катышуучулары тарабынан белгиленет, анын ичинде күтүлгөн инфляцияны эске алуу менен. Инфляция болжолдонгондон жогорулаган учурда, МБК жайгаштырууда кирешелүүлүктүн жогорулоо тобокелдиги пайда болот, кирешелүүлүк канчалык жогору болгон сайын, МБКнын маалыматтарын тындыруу боюнча келечектеги төлөмдөр жогору болот.
Ушуга байланыштуу 2022–2024-жылдарга каралган МБК жайгаштыруу жана чыгаруудан каражаттардын кем түшүү тобокелдиги мүмкүн, анткени МБК жайгаштыруудан түшүүлөрдүн көлөмү Кыргыз Республикасынын финансылык рыногундагы түзүлгөн кырдаалдан, ошондой эле МБКга суроо-талаптардын түзүмү жана кирешелүүлүктүн көрсөткүчтөрүнүн өзгөрүүсүнөн көз каранды болот.
Мындан тышкары инфляция болжолдонгондон жогорулаган учурда, МБК боюнча пайыздык төлөмдөрдү төлөөгө чыгымдардын жогорулоо тобокелдиги келип чыгышы мүмкүн, анткени МБК боюнча кирешелүүлүк МБК рыногунун катышуучулары тарабынан белгиленет, анын ичинде күтүлгөн инфляцияны эске алуу менен.
Мамлекеттик ички карызды тындыруу жана тейлөө боюнча чыгымдар базалык жана альтернативдүү сценарийлер боюнча 3-тиркемеде келтирилген.
Мамлекеттик тышкы карыздын фискалдык тобокелдиктери алмашуу курсунун тобокелдигин жана ИДПнын төмөндөө тобокелдигин билдирет.
Алмашуу курсунун тобокелдиги, сомго карата АКШ долларынын курсу жогорулаганда, ошондой эле АКШ долларына карата башка валюталардын кросс-курсу жогорулаганда (евро, япон йени, карыз алуунун атайын укуктары (СДР) ж.б.) мамлекеттик тышкы карызды тейлөө үчүн бюджеттик каражаттарды кошумча керектөө пайда болот.
Мамлекеттик тышкы карызды тындыруу жана тейлөө үчүн зарыл болгон суммалардын болжолу сценарийлерге ылайык 3-тиркемеде келтирилген.
ИДПнын төмөндөө тобокелдиги ИДП+ акча которууларга тышкы карыздын келтирилген наркынын катышы катары мамлекеттик тышкы карыздын туруктуулугунун өзгөчө маанилүү көрсөткүчүнө таасир тийгизиши мүмкүн.
Жергиликтүү бюджеттер менен байланыштуу тобокелчиликтер
Жергиликтүү бюджеттерге трансферттер боюнча 2022–2024-жылдар мезгилинде жергиликтүү бюджеттерге байланыштуу мүмкүн болуучу тобокелдиктерге карата республикалык бюджеттин кошумча чыгымдары төмөнкүлөргө сарпталышы мүмкүн:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 8-апрелиндеги № 135 “Маданият, искусство жана маалымат чөйрөсүндөгү кызматкерлердин эмгек акысын төлөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомуна ылайык эмгек акыны 251,97 млн сом өлчөмүндө жогорулатууга;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 3-майындагы № 178 “Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу” токтомуна ылайык 2022-жылдан баштап жалпы билим берүүчү уюмдардын жана маданият объектилеринин имараттарын жана жайларын күтүүгө жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө 226,68 млн сом өлчөмүндөгү чыгымдарды жергиликтүү бюджеттен республикалык бюджетке өткөрүп берүүгө.
Соттук териштирүүлөргө байланыштуу мүмкүн болгон тобокелдиктер
Төмөнкү категориялар боюнча соттук талаш-тартыштарга байланыштуу ички соттук териштирүүлөр боюнча мүмкүн болгон тобокелдиктер:
- экономикалык талаш-тартыштар;
- моралдык зыянды компенсациялоо жана материалдык зыяндын ордун толтуруу боюнча доо арыздар;
- пенсияны индексациялоо тууралуу аскер кызматчы-пенсионерлердин -доо арызы;
- ар кандай (жумуш ордуна калыбына келтирүү, жумушка аргасыз келбей калган мезгил үчүн эмгек акыны төлөтүп алуу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн актыларын жараксыз деп таануу);
- республикалык бюджетке зыян келтирилген учурда жабыр тарткан тарап катары Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги чыккан жазык иштери.
Мындан тышкары эл аралык арбитраждык соттордо ж.б. соттук талаш-тартыштар менен байланышкан мүмкүн болгон тобокелдиктер.
4. Орто мөөнөттүү мезгилге чыгымдардын артыкчылыктары
4.1. 2020–2021-жылдарга мамлекеттик бюджеттин чыгымдарын талдоо
COVID-19 коронавирус инфекциясынын пандемиясынын мамлекеттик бюджеттин чыгымдык бөлүгүнө тийгизген таасири
Мурда белгиленгендей, 2020-жылы COVID-19 коронавирус инфекциясынын пандемиясына байланыштуу, экономикада бир топ төмөндөө болду, бул болсо республикалык бюджеттин көрсөткүчтөрүнө терс таасирин тийгизди. Киреше бөлүгү бир топ төмөндөдү, ошондой эле COVID-19 коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча иш-чараларга байланыштуу жаңы чыгымдык милдеттенмелер келип чыкты.
Кирешелер боюнча түшүүлөрдүн төмөндөшүнөн улам, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү финансылык каражаттарды чыгымдоо саясатын кайра карап чыгууга мажбур болду. Ресурстарды мобилизациялоо максатында чыгымдардын артыкчылыктуу эмес беренелери ортималдаштырылган жана COVID-19 коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүгө багытталган иш-чараларга кайра бөлүштүрүлгөн.
Экономикалык төмөндөөнүн шартында COVID-19 коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча иш-чараларды каржылоо үчүн 2020–2021-жылдарда республикага өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдөн донорлор тарабынан бериле турган 644,4 млн АКШ долл. каражаттардан 29 812,6 млн сом (374,9 млн АКШ долл.) финансылык каражаттар тартылган, (б.а. кийинки жылдары донорлордон 269,5 млн АКШ долл. сумма күтүлүүдө). Толук маалымат 4-тиркемеде берилген.
COVID-19 коронавирус инфекциясынын пандемиясына байланыштуу киргизилген тийиштүү чектөөлөр калктын киреше деңгээлине терс таасирин тийгизди. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын финансылык-кредиттик уюмдарынан кредит алган жана эпидемиологиялык жана социалдык кырдаалдарга байланыштуу татаал экономикалык абалда калган зайымчыларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, 2021-жылга республикалык бюджетте 1 253,2 млн сом каражат каралган. Бул колдоо көрсөтүүнүн алкагында, 2020-жылдын 1-октябрына чейин 100 000 сомдон ашык эмес алгачкы негизги суммадагы кредит алган зайымчылар 2020-жылдын декабрында жана 2021-жылдын январь-февралында пайыз/үстөк баа чегерилген төлөмдөрдөн бошотулган. Бул пайыз/үстөк баалар финансылык-кредиттик уюмдарга компенсацияланган.
Мындан тышкары COVID-19 коронавирус инфекциясын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча иш-чаралардын алкагында 2021-жылга республикалык бюджетте кошумча 2 249,8 млн сом суммадагы каражат каралган, анын ичинде оору чыккан аймактарда иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык кызматкерлерине компенсациялык төлөмдөргө (кызыл зона) жана COVID-19 коронавирус инфекциясына каршы вакцина сатып алууга.
2020-жылга мамлекеттик бюджетти жана 2021-жылга бекитилген көрсөткүчтөрдү аткаруу
2020-жылы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин чыгымдары 171 785,1 млн сомду түздү, 2019-жылга карата 2,4 %га өскөн. ИДПга карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин чыгымдары 28,7 %ды түздү. 2020-жылдын бекитилген көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу иш жүзүндөгү маани 19 892,7 млн сомго азайган. Чыгымдардын азайышы COVID-19 коронавирус инфекциясынын пандемиясы менен шартталды жана учурдагы чыгымдарга жана капиталдык чыгымдарга таасир тийгизди.
2021-жылга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин чыгымдары Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 31-декабрындагы № 15 “Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022–2023-жылдарга болжолу жөнүндө” Мыйзамына ылайык, 2020-жылдын иш жүзүндөгү аткаруусуна карата 117,4 %га өсүү менен 201 723,6 млн сом суммасында болжолдонот. ИДПга карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин чыгымдары 31,8 %ды түзөт.
5-таблица
2020–2021-жылдарга мамлекеттик бюджеттин чыгымдары (млн сом)
| 2020-жылга бекитилген | 2020-жыл иш жүзүндө | 2021-жыл |
Мамлекеттик бюджеттин чыгымдары | 191 677,8 | 171 785,1 | 201 723,6 |
ИДПга карата % менен | 28,7 | 28,7 | 31,8 |
Учурдагы чыгымдар | 157 979,8 | 148 645,7 | 160 876,2 |
ИДПга карата % менен | 23,7 | 24,8 | 25,3 |
Капиталдык чыгымдар | 33 698,0 | 24 376,4 | 40 847,4 |
ИДПга карата % менен | 5,1 | 4,1 | 6,4 |
Тартыштык | 7 953,5 | 19 734,0 | 8 154,0 |
ИДПга карата % менен | 1,2 | 3,3 | 1,3 |
5-таблицага ылайык 2020-жылы мамлекеттик бюджеттин чыгымдарынын түзүмүндө учурдагы чыгымдар көбүрөөк, алардын үлүшү жалпы чыгымдардын 86,5 %ын түзөт. Б.а. чыгымдардын маанилүү бөлүгү учурдагы керектөөлөрдү каржылоого багытталган. Муну менен катар 2021-жылга мамлекеттик бюджетте учурдагы чыгымдардын үлүшү 79,8 %га чейин азайган, бул капиталдык чыгымдардын өсүшү менен байланыштуу болду.
2020–2021-жылдарга секторлор боюнча мамлекеттик бюджет
2020–2021-жылдарда мамлекеттик бюджеттин чыгымдарынын көбүрөөк үлүшүн (50 % ашык) социалдык секторго чыгымдар ээлейт (саламаттык сактоо, социалдык коргоо, маданият ж.б.) (6-таблица). Ошентип, 2020-жылы социалдык секторго 99 478,7 млн сом багытталган, 2021-жылга бекитилген бюджетте 107 216,0 млн сом каралган, бирок алардын үлүшү 2021-жылы 4,8 %га азайган. Социалдык секторго чыгымдардын 30 %дан көбүн ММКФга жана СФга трансферттер түзөт.
Реалдуу секторго чыгымдар (айыл чарба, транспорт, отун-энергетикалык комплекси ж.б.) 2021-жылы 18 491,7 млн сомго өсүү менен каралган. Реалдуу секторго чыгымдардын өсүшү негизинен 2021-жылга бекитилген бюджетте капиталдык чыгымдардын өсүшү менен шартталган. Реалдуу секторго чыгымдардын 50 %дан ашыгын капиталдык чыгымдар түзөт. Реалдуу сектордогу капиталдык чыгымдар транспорт, айыл жана суу чарба, ирригация ж.б. багыттарга жумшалат.
Жалпысынан мамлекеттик бюджет социалдык-багытталган болуп эсептелет.урмат
6-таблица
2020–2021-жылдарга секторлор боюнча мамлекеттик бюджеттин чыгымдары (млн сом)
| 2020-жыл | 2021-жыл |
Жалпы чыгымдар | 171 801,3 | 201 723,6 |
Жалпы багыттагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр, коргоо жана укуктук тартип | 44 205,5 | 47 844,8 |
Салыш. салмагы, % | 25,7 | 23,7 |
Социалдык сектор, ММКФ жана СФ трансферттерин кошкондо | 99 478,7 | 107 216,0 |
Салыш. салмагы, % | 57,9 | 53,1 |
Реалдуу сектор | 28 171,1 | 46 662,8 |
Салыш. салмагы, % | 16,4 | 23,1 |
2020-жылга мамлекеттик бюджеттин тартыштыгы 19 734,0 млн сомду же ИДПга карата 3,3 %ды түздү. Бюджеттин тартыштыгынын өсүшү COVID-19 пандемиясына байланыштуу болду, мурда белгиленгендей 2020-жылга мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгү бир топ төмөндөгөн. 2021-жылга бюджеттин тартыштыгынын көрсөткүчтөрү 8 154,0 млн сом суммасында бекитилген, же ИДПга карата 1,3 %.
4.2. Орто мөөнөттүү мезгилге мамлекеттик бюджеттин чыгымдары
2022–2024-жылдарга мамлекеттик бюджеттин чыгымдарынын артыкчылыктары
2022–2024-жылдарга мамлекеттик бюджеттин чыгымдары, 2022–2024-жылдарга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү болжолунун долбоорунун негизинде эсептелген ресурстар (кирешелер) боюнча болжолдун негизинде түзүлгөн.
2022–2024-жылдарга мамлекеттик бюджеттин чыгаша бөлүгү бюджеттик каражаттарды чыгымдоонун төмөнкү артыкчылыктуу багыттарын каржылоону караштырат:
- мамлекеттин социалдык милдеттенмелерин аткаруу;
- COVID-19 коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча чараларды каржылоо;
- социалдык объектилерди куруу жана эксплуатациялоого берүү;
- транспорттук системаны жана энергетикалык инфратүзүмдү өнүктүрүү;
- айыл чарбасын жана ирригациялык тармакты өнүктүрүү;
- экономиканы өнүктүрүүгө багытталган чараларды каржылоо;
- салыктык жол-жоболорду фискалдаштыруу;
- мамлекеттик инвестициялардын алкагында инвестициялык долбоорлорду каржылоо.
Мындан тышкары чыгаша бөлүгү 2021-жылы медицина кызматкерлеринин, маданият мекемелеринин жана күч түзүмүнүн кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууну эске алуу менен түзүлгөн.
Орто мөөнөттүү мезгилге мамлекеттик бюджеттин чыгымдары
Орто мөөнөттүү мезгилге мамлекеттик бюджеттин чыгаша бөлүгү төмөнкүдөй:
7-таблица
2021–2024-жылдарга мамлекеттик бюджеттин чыгымдары
(млн сом)
| 2021-жыл | 2022-жыл | Өсүү темпи, % | 2023-жыл | Өсүү темпи, % | 2024-жыл | Өсүү темпи, % |
| ||||||
Жалпы чыгымдар | 201 723,6 | 234 785,9 | 116,4 | 245 970,5 | 104,8 | 246 392,6 | 100,2 |
| ||||||
ИДПга карата % менен | 31,8 | 32,9 | 31,8 | 29,3 |
| |||||||||
Учурдагы чыгымдар | 160 876,2 | 188 173,1 | 117,0 | 193 466,7 | 102,8 | 199 170,1 | 102,9 |
| ||||||
ИДПга карата % менен | 25,3 | 26,4 | 25,0 | 23,7 |
| |||||||||
Капиталдык чыгымдар | 40 847,4 | 46 612,9 | 114,1 | 52 503,8 | 112,6 | 47 222,5 | 89,9 |
| ||||||
ИДПга карата % менен | 6,4 | 6,5 | 6,8 | 5,6 |
| |||||||||
- тышкы булактардан | 24 532,5 | 26 133,4 | 106,5 | 33 023,1 | 126,4 | 25 235,7 | 76,4 |
| ||||||
ИДПга карата % менен | 3,9 | 3,7 |
| 4,3 |
| 3,0 |
|
| ||||||
- ички булактардан | 16 314,9 | 20 479,4 | 125,5 | 19 480,7 | 95,1 | 21 986,8 | 112,9 |
| ||||||
ИДПга карата % менен | 2,6 | 2,9 |
| 2,5 |
| 2,6 |
|
| ||||||
Тартыштык/профицит | -8 154,0 | -9 121,7 | 111,9 | -7 677,0 | 84,2 | 8 305,2 | -108,2 | |||||||
ИДПга карата % менен | -1,3 | -1,3 | -1,0 | 1,0 | ||||||||||
Тартыштык/профицит (расмий трансфертерди жана мамлекеттик инвестицияларды эсепке албаганда) | -1 711,4 | 620,0 | -136,2 | 10 736,9 | 1 731,7 | 24 366,2 | 226,9 | |||||||
ИДПга карата % менен | -0,3 | 0,1 |
| 1,4 |
| 2,9 |
| |||||||
7-таблицада көрсөтүлгөндөй, 2023–2024-жылдарга мамлекеттик бюджеттин өсүү темпи тийиштүү түрдө 4,8 % жана 0,2 %ды түзөт. 2022-жылы мамлекеттик бюджеттин чыгымдары 234 785,9 млн сом суммасында болжолдонот, бул 2021-жылга мамлекеттик бюджеттин чыгымдарына караганда 16,4 %га көп.
2022-жылга чыгымдардын өсүшү 2021-жылдагы чыгымдарга салыштырмалуу учурдагы чыгымдардын 17,0 %га өсүшү менен шартталды. Негизинен өсүш социалдык милдеттенмелерди (ММКФга жана СФга трансферттер, эмгек акыны жогорулатуу ж.б.) жана мамлекеттик карызды тейлөөгө байланышкан чыгымдарга таасирин тийгизди.
3-сүрөт
2020–2024-жылдарга мамлекеттик бюджеттин капиталдык чыгымдары (млн сом)
2022–2023-жылдарда капиталдык чыгымдар тийиштүү түрдө 46 612,9 жана 52 503,8 млн сом суммасында болжолдонууда. 2022-жылга капиталдык чыгымдардын өсүү темпи 14,1 %ды түзөт. Бул өсүү тышкы булактардан капиталдык чыгымдардын 1 600,9 млн сомго өсүшү менен шартталды. 2022-жылга ички булактардан капиталдык чыгымдар төмөнкүлөрдү камтыйт:
- капиталдык салымдар – 3 000,0 млн сом;
- мамлекеттик инвестицияларды кошо каржылоо – 2 081,4 млн сом;
- дем берүүчү (үлүштүк) гранттар – 600,0 млн сом.
2023-жылы ички булактардан капиталдык чыгымдардын өсүшүнөн улам, 2022-жылдагы көрсөткүчтөргө салыштырмалуу капиталдык чыгымдардын 6 889,7 млн сомго же 26,4 %га өсүшү болжолдонууда. 2024-жылы капиталдык чыгымдар 2023-жылга салыштырмалуу төмөндөө менен болжолдонууда жана 47 222,5 млн сомду түзөт. Бул төмөндөө тышкы булактардан капиталдык чыгымдардын төмөндөшү менен шартталды – тышкы мамлекеттик инвестициялар боюнча чыгымдардын болжолу төмөндөгөн, мында ички булактардан капиталдык чыгымдар 2 506,1 млн сомго өсүү менен болжолдонууда.
Муну менен катар, мурдагы жылдардагыдай эле учурдагы чыгымдар чыгымдардын маанилүү үлүшүн ээлейт (80 %дан ашыгын), бул экономикалык өсүштү камсыздоого багытталган иш-чараларды каржылоо үчүн бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүн чектейт.
2022–2024-жылдарга секторлор боюнча мамлекеттик бюджеттин чыгымдары
Орто мөөнөттүү келечекте бардык секторлор боюнча чыгымдардын өсүшү болжолдонууда. 2022–2023-жылдарда реалдуу секторго чыгымдардын өсүшү болжолдонууда, алардын үлүшү жалпы чыгымдардын 26,7 жана 28,7 пайыздык пунктун түзөт. 2023-жылы реалдуу секторго чыгымдардын өсүшү маанилүү деңгээлде ички булактардан капиталдык чыгымдардын өсүшү менен шартталган. Реалдуу секторго чыгымдарда тышкы капиталдык чыгымдардын үлүшү 45,5 %ды түзөт.
8-таблица
2022–2023-жылдарга секторлор боюнча мамлекеттик бюджеттин чыгымдары (млн сом)
| 2020-жыл | 2021-жыл | 2022-жыл | 2023-жыл | 2024-жыл |
Жалпы чыгымдар | 171 801,3 | 201 723,6 | 234 785,9 | 245 970,5 | 246 392,6 |
Жалпы багыттагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр, коргоо жана укуктук тартип | 44 205,5 | 47 844,8 | 54 470,3 | 55 589,3 | 57 655,9 |
Салыш. салмагы, % | 25,7 | 23,7 | 23,2 | 22,6 | 23,4 |
Социалдык сектор, ММКФ жана СФ трансферттерин кошкондо | 99 478,7 | 107 216,0 | 117 627,8 | 119 787,6 | 121 707,9 |
Салыш. салмагы, % | 57,9 | 53,1 | 50,1 | 48,7 | 49,4 |
Реалдуу сектор | 28 171,1 | 46 662,8 | 62 687,8 | 70 593,5 | 67 018,8 |
Салыштырма салмагы, % | 16,4 | 23,1 | 26,7 | 28,7 | 27,2 |
Мурда белгиленгендей, тышкы булактардан капиталдык чыгымдар 2024-жылы төмөндөйт, буга байланыштуу 2024-жылга реалдуу сектордун чыгымдары 2023-жылдагы көрсөткүчтөргө салыштырмалуу 3 574,8 млн сомго төмөндөө менен болжолдонууда. Ошентип бул секторго чыгымдардын үлүшү 2024-жылы жалпы чыгымдарда 27,2 %ды түзөт.
Социалдык секторго чыгымдардын үлүшү 2023-жылы жалпы чыгымдарда 48,7 %га чейин төмөндөйт жана 2024-жылы 49,4 %га чейин жогорулайт. Номиналдык мааниде социалдык секторго чыгымдар 2024-жылы олуттуу жогорулайт. Бул секторго чыгымдардын 35 %дан ашыгын ММКФ жана СФ трансферттери ээлейт.
2022–2024-жылдарга мамлекеттик бюджеттин тартыштыгы/профицити
2022-жылы мамлекеттик бюджеттин тартыштыгы 9 121,7 млн сом суммасында болжолдонууда, бул ИДПга карата 1,3 %ды түзөт. Мында бюджеттин тартыштыгынын өсүшү 2021-жылга бекитилген көрсөткүчтөргө салыштырмалуу тышкы булактардан капиталдык чыгымдардын өсүшү менен байланыштуу, б.а. бюджеттин тартыштыгынын өсүшү өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө багытталган инвестициялык долбоорлорду каржылоонун өсүшү менен шартталган. 2023-жылы мамлекеттик бюджеттин тартыштыгы 7 677,0 млн сомду же ИДПга карата 1,0 %ды түзөт.
2024-жылы мамлекеттик бюджеттин профицити 8 305,2 млн сом суммасында же ИДПга карата 1,0 %га болжолдонууда. Бул маанилүү өсүш мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин болжолунун өсүшү менен байланыштуу.
Мында мурда белгиленгендей, расмий трансферттерди жана мамлекеттик инвестициялардын каражаттарын эсепке албаганда 2022–2024-жылдарга мамлекеттик бюджеттин профицити жыл сайын өсүү менен болжолдонууда. Бул республиканын мамлекеттик бюджетиндеги оң тенденцияларды күбөлөндүрөт. Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгү өздүк салыктын жана салыктык эмес кирешелердин эсебинен ички булактардан учурдагы чыгымдарды жана капиталдык чыгымдарды толук жабууга жөндөмдүү.
Жыйынтыктап келгенде, орто мөөнөттүү келечекте оң тенденция байкалууда. Мамлекеттик кирешелер жыл сайын өсүү менен болжолдонууда, экономиканы өнүктүрүүгө багытталган иш-чараларды каржылоого чыгымдар өсүүдө. Мында 2024-жылы мамлекеттик бюджеттин профицити болжолдонууда. Муну менен катар мамлекеттик бюджет өзүнүн социалдык функцияларын аткарууну улантат.
4.3. Бюджеттик мекемелердин эмгек акысын реформалоо
Бюджеттик мекемелердин эмгек акы фондусун талдоо жана бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысын реформалоонун артыкчылыктарын аныктоо
Акыркы жылдарда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринин эмгек акысы чөйрөсүндө бир катар реформаларды жүргүздү:
- эмгек акы төлөөгө мамилени бирдейлештирүүгө негизделген, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларга эмгек акы төлөөнүн жаңы системасы киргизилген, анын өлчөмү кызматкерлердин реалдуу салымына, натыйжалуулугуна жана квалификациясына жараша болот;
- мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын кызматтык маяналарынын өлчөмүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга карата эселик коэффициенттер теңештирилген, биринчи кезекте төмөнкү звенонун кызматчыларынын кызматтык маяналары жогорулатылды.
Муну менен бирге 2017–2019-жылдардагы мезгилге учурдагы мамлекеттик органдардын, Кыргыз Республикасынын облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын штаттык санынын чегин көбөйтүүгө мораторий белгиленген.
2018-жылы мамлекеттик секторду күтүүгө бюджеттик чыгымдарды азайтуу максатында, 29 мамлекеттик органдын түзүмүн жана штаттык санын оптималдаштыруу жүргүзүлдү (1,5 миң штаттык бирдик, эмгек акы төлөө фондунун 85,0 млн сомдон ашык суммага үнөмдөө менен оптималдаштырылган).
2019–2020-жылдарда бир катар мамлекеттик органдарда эмгек акы жогорулатылган, анын ичинен:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасында жана Клиникалык ооруканасында (тейлөөчү персонал, 10дон 25 %га чейин);
- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында 30 %га, түзүмүн 20 %га оптималдаштыруунун эсебинен;
- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинде (театрлардын жана музейлердин кызматкерлери, орточо 80 %га);
- билим берүү чөйрөсүндө орточо 30 %га;
- дене тарбия жана спорт мекемелеринде 50 %га чейин;
- Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Аппаратында (Омбудсмен) орточо 95 %га;
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратында орточо 40 %га;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде (мамлекеттик кызматчылар, мамлекеттик кызматчыларга кирбеген кызматкерлер жана адис-интервьюерлер) орточо 32,4 %га;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматында орточо 71,4 %га;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматында орточо 36,5 %га;
- укук крогоо органдарында (ИИМ, ЖАМК, МБК жана ЭККМК) өсүү орточо 20 %дан 40 %га чейинкини түздү;
- мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлеген техникалык тейлөөчү персоналдын жана кенже тейлөөчү персоналдын эмгек акылары 2 эсе жогорулатылды.
2021-жылы маданият, искусство, маалымат мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарын жакшыртуу максатында маданият системасындагы 8 595 кызматкердин эмгек акысын 50 %га жогорулатуу пландалууда, бул максатка республикалык бюджетте 226,6 млн сом каралган.
Ошондой эле саламаттык сактоо системасынын кызматкерлеринин эмгек акысын 2021-жылдын 1-июлунан тартып жогорулатууга 1 884,8 млн сом каралган.
Мындан тышкары 2021-жылы реформалоонун алкагында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы (МЧК) Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) карамагына өткөрүлүп берилген, буга байланыштуу МЧКнын аскер кызматчыларынын эмгек акы төлөө шарттарын УКМКнын аскер кызматчыларынын эмгек акы төлөө деңгээлине чейин теңештирилүүдө, өсүш орточо 30 %ды түзөт.
2021-жылдын 11-апрелинде референдумда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык башкаруунун президенттик формасы, аткаруу, мыйзам чыгаруу жана сот бийлигин түзүүнүн жаңы тартиби белгиленген. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети болуп кайра түзүлдү жана анын жаңы түзүмү аныкталды.
Азыркы учурда мамлекеттик органдардын иерархиясын эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу административдик ведомстволорду министрликтердин карамагына өткөрүп берүү менен аткаруу бийлигинин жаңы мамлекеттик түзүмүнүн бекитилгенине байланыштуу мамлекеттик органдардын эмгек акы төлөө шарттарын теңештирүү боюнча маселе курч турат.
Эмгек акы төлөө фондуна тийиштүү чыгымдар бюджеттик чыгымдардын жалпы туруктуулугун камсыздоо контекстинде маанилүү аспект болуп эсептелет. Бүгүнкү күндө эмгек акыга чыгымдар мамлекеттик сектордун чыгымдарынын жалпы көлөмүнүн 30,7 % түзөт жана мамлекеттин маанилүү узак мөөнөттүү бюджеттик милдеттенмелери болуп эсептелет, аларды жөнгө салуу өзгөчө кыйынчылыктарды пайда кылат.
Эмгек акы төлөө фондун пландоо эмгек акы төлөөнүн белгиленген шарттарына да, ошондой эле мамлекеттик бюджеттен каржылануучу мекемелердин бекитилген чектүү штаттык санына да жараша болот.
2022–2024-жылдарга орто мөөнөттүү милдеттер
Кыргыз Республикасында эмгек акы төлөө фондунун чыгымдарын башкаруу бюджеттик чыгымдардын жалпы туруктуулугун камсыздоо боюнча өтө маанилүү аспект болуп калуусун улантууда. Буга байланыштуу 2022–2024-жылдарда талдоо жүргүзүүнүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- эмгек акы төлөөгө чыгымдардын натыйжалуулугун жана контролдуулугун жогорулатуу;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын эмгек акысы боюнча реформаларды улантуу;
- эмгек акы төлөө чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо;
- функциялык жана ведомстволук классификация боюнча бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин санын эсепке алууну автоматташтыруу;
- эмгек акы төлөө чөйрөсүндөгү саясаттын чараларынын жалпы максаттуу бюджеттик көрсөткүчтөр менен макулдашылгандыгы;
- мамлекеттик сектордо бюджеттик чыгымдардын туруктуулугунун алкагында эмгек акынын динамикасынын алдын алуучулугу.
Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу
2019-жылы билим берүү кызматкерлеринин бардык категорияларынын (техникалык тейлөөчү персоналды жана кенже тейлөөчү персоналды кошпогондо) жана бардык типтеги билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин (жогорку кесиптик билим берүү уюмдарын кошпогондо) эмгек акысын 30 %га жогорулатуу каралган, ошондой эле адистин диплому бар билим берүү уюмдарынын айрым типтеги педагогикалык кызматкерлеринин жана магистр программасы боюнча жогорку билимге ээ болгон кызматкерлердин эмгек акы төлөө шарттары теңештирилген.
2020-жылга республикалык бюджетте эмгек акынын өлчөмүн жогорулатууга кошумча 6,9 млрд сом каралган. Билим берүү чөйрөсүндөгү 120 000 жакын кызматкер эмгек акыны жогорулатуу менен камсыздалган: жалпы билим берүү уюмдарынын 77 860 мугалими; мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын 7 694 тарбиячысы; кесиптик-техникалык окуу жайынын 3 680 өндүрүштүк окутуу мастерлери; орто кесиптик билим берүүнүн (окуу жайлар, колледждер) 7 427 окутуучусу; билим берүүнүн калган 23 339 кызматкери (билим берүү уюмдарынын административдик-башкаруу персоналы, ийримдердин окутуучулары, методисттер, балдар үйлөрүнүн жана интернаттардын тарбиячылары).
Саламаттык сактоо кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 23 «Кыргыз Республикасында саламаттык сактоо чөйрөсүн өнүктүрүү жана калкынын жашоосунун жана саламаттыгынын сапатын жакшыртуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыгы менен 2021-жылдын 1-июлунан баштап эмгек акыны этап-этап менен 50%га жогорулатууну, социалдык кепилдиктерди жана башка колдоо чараларын кеңейтүүнү кошкондо, медициналык кызматкерлерге дем берүү каралган.
COVID-19 пандемиясынын мезгилинде медицина кызматкерлеринин эмгегин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-апрелиндеги № 194 токтому менен бекитилген Эпидемиялар менен күрөшүү жана алардын алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүгө түшкөн каражаттарды сарптоо тартиби жөнүндө жобого ылайык медицина кызматкерлерине компенсациялык төлөмдөр жүргүзүлүүдө.
COVID-19 коронавирус инфекциясынын эпидемиясынын очокторунда жана аларга теңештирилген аймактарда иштеген медицина кызматкерлерине дем берүү максатында 2020-жылы саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине жана очоктуу аймактарга ишке тартылган адамдарга компенсациялык төлөмдөргө 1 340,3 млн сом суммасында каражат бөлүнгөн. Ошондой эле COVID-19 коронавирус инфекциясы жуккан медицина кызматкерлерине жана инфекция жугуунун натыйжасында каза болгон медицина кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө бир жолку акчалай компенсацияга – 388,8 млн сом бөлүндү.
2021-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу менен саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине жана очоктуу аймактарга ишке тартылган адамдарга компенсациялык төлөмдөргө республикалык бюджеттен 500,0 млн сом суммасында жана COVID-19 коронавирус инфекциясы жуккан медицина кызматкерлерине жана инфекция жугуунун натыйжасында каза болгон медицина кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө бир жолку акчалай компенсацияга – 243,0 млн сом каражат бөлүнгөн.
4.4. Ички инвестициялар
Капиталдык салымдар
Капиталдык салымдар – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген долбоорлорду сметалык каржылоону билдирүүчү өнүктүрүү бюджетиндеги берене, мамлекеттик артыкчылыктуу социалдык-экономикалык объекттерди өнүктүрүү жана олуттуу социалдык маанидеги айрым маселелер үчүн пайдаланылат.
Акыркы жылдары капиталдык салымдардын көпчүлүк бөлүгү биринчи кезектеги тартипте социалдык объектилерди (билим берүү, саламаттык сактоо) курууга жана реконструкциялоого, ошондой эле авариялык абалдагы социалдык объектилерди калыбына келтирүүгө багытталган. Курулуштун жана реконструкциялоонун көлөмдөрүнүн өсүшү азырынча экономикага жана социалдык чөйрөгө сезилээрлик таасирин тийгизбейт жана жалпысынан анчалык натыйжага ээ эмес, анткени каражаттардын көпчүлүк бөлүгүнүн социалдык объектилерге багытталышына байланыштуу.
Мында мамлекеттик капиталдык салымдар региондордун жана республиканын инфратүзүмдөрүн туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылууга багытталат.
Мамлекеттик капиталдык салымдардын эсебинен каржылоону өркүндөтүү жана өнүктүрүү боюнча негизги милдеттер төмөнкүлөр болот:
- орто мөөнөттүү мамлекеттик, тармактык (сектордук) жана региондук программаларды иштеп чыгуу баскычында инвестициялык сунуштарды түзүү;
- инвестициялык сунуштарды түзүү жана тандоо этабында артыкчылыктуу бюджеттик инвестициялык долбоорлордун тизмесине киргизүү шартында бюджеттик инвестициялык долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу;
- колдонуудагы жана иштелип жаткан мамлекеттик, тармактык (сектордук) жана региондук программалардын негизинде артыкчылыктуу бюджеттик инвестициялык долбоорлордун тизмесин түзүү;
- курулушу жогорку даярдыктагы социалдык объекттердин жана курулушун бүткөрүү жана пайдаланууга берүү үчүн зарыл болгон авариялык объекттердин, ошондой эле кредитордук карыздары бар курулушу бүткөрүлгөн объекттердин тизмесин түзүү.
2020-жылы мамлекеттик капиталдык салымдардын алкагында чыгымдар артыкчылыктуу тартипте «билим берүү» секторуна - жалпы 1 038,9 млн сом көлөмүндө; «саламаттык сактоо» секторуна - 149,9 млн сом көлөмүндө; «маданият жана спорт» секторуна - 55,3 млн сом көлөмүндө; «автожолдор жана көпүрөлөр» секторуна - 748,1 млн сом көлөмүндө; «ТКЧ» секторуна (суу менен камсыздоо, инфратүзүм, долбоордук жана башкалар) - 439,6 млн сом көлөмүндө; «ирригация» секторуна - 399,5 млн сом көлөмүндө; «коргоо жана укук тартиби» секторуна - 230,2 млн сом көлөмүндө багытталган.
2022–2024-жылдарда мамлекеттик капиталдык салымдар үчүн ресурстарды көбөйтүүдө Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги мурда башталган билим берүү, саламаттык сактоо, маданият жана спорт объекттеринин курулушун бүткөрүүнү каржылоону жана пайдаланууга берүүнү пландоодо.
Стратегиялык маанидеги автомобиль жолдорун өнүктүрүүнү артыкчылыктуу каржылоо зарылдыгынан улам Балыкчы–Тамчы–Чолпон-Ата–Корумду автожолунун жана Баткен облусунун жана жалпысынан республиканын чек арага чектеш райондорундагы авто жолдордун курулушу үчүн каражаттарды бөлүү пландалууда.
Мамлекеттик программага ылайык суу чарба курулмаларын куруу биринчи кезектеги тартипте ирригациялык каналдардын курулушун бүткөрүү каржыланат, ал өлкөнүн региондорундагы жаңы сугат жерлеринин маанилүү аянттарын өздөштүрүүгө мүмкүндүк берет.
Дем берүүчү (үлүштүк) гранттар
Дем берүүчү (үлүштүк) гранттар – аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттердин жана тартылган башка каражаттардын үлүштүк катышуусу менен долбоордук-конкурстук негизде республикалык бюджеттен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына берилүүчү акча каражаты.
2021-жылга «Дем берүүчү (үлүштүк) гранттар» беренеси боюнча 600,0 млн сом каралган. Орто мөөнөттүү мезгилде 2022–2024-жылдарга дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды каржылоого жыл сайын 600,0 млн сом каралган. Дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды алууга долбоорлордун тизмеси квоталардын көлөмүнө ылайык райондордун, облустук маанидеги шаарлардын деңгээлинде долбоорлорду тандоо боюнча комиссиянын чечиминин негизинде түзүлөт.
Дем берүүчү (үлүштүк) гранттар билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, спорт, турак жай-коммуналдык, айыл, суу чарба мекемелеринин көмөкчү жана кошумча объекттерин жана башка объекттерди оңдоону, реконструкциялоону жана көрктөндүрүүнү, курууну каржылоо боюнча артыкчылыктуу долбоорлорду каржылоону ишке ашырууга багытталат жана жергиликтүү бюджеттердин, эл аралык уюмдардын жана башка субъекттердин мобилизацияланган ресурстарын толуктоо катары долбоорлорду ишке ашыруу үчүн кошо каржылоо түрүндө берилет.
Дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды алууга түшүүчү долбоорлор кыска мөөнөттүү болуп саналат (учурдагы жылы бүткөрүлөт) жана негизинен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын инфратүзүм объекттерин жакшыртууга багытталган.
2019–2020-жылдарда дем берүүчү гранттардын эсебинен республикалык бюджеттен жалпы 757,1 млн сом суммасына каржыланган.
2019–2021-жылдары категориялар жана облустар боюнча дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды бөлүштүрүү төмөнкүдөй:
9-таблица
2019–2021-жылдар үчүн облустар боюнча дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды бөлүштүрүү (млн сом)
Региондордун аталышы | 2020-жыл | 2021-жыл (план) | ||
Объекттердин саны | Бөлүнгөн каражаттар | Объекттердин саны | Бөлүнгөн каражаттар
| |
Иш жүзүндө, анын ичинде: | 194 | 347,5 |
|
|
Жалал-Абад облусу | 45 | 78,1 | 54 | 131,8 |
Ош облусу | 34 | 60,4 | 49 | 122,8 |
Чүй облусу | 34 | 59,9 | 45 | 111,4 |
Нарын облусу | 20 | 35,7 | 30 | 69,8 |
Ысык-Көл облусу | 24 | 44,4 | 43 | 99,0 |
Баткен облусу | 22 | 39,6 | 29 | 78,3 |
Талас облусу | 15 | 29,4 | 22 | 58,9 |
10-таблица
2019–2021-жылдар үчүн категориялар боюнча дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды бөлүштүрүү (млн сом)
Категориялар | 2020-жыл | 2021-жыл (план) | ||
Объекттердин саны | Бөлүнгөн каражаттар | Объекттердин саны | Бөлүнгөн каражаттар
| |
Иш жүзүндө, анын ичинде | 194 | 347,5 |
|
|
Мектептер | 82 | 138,8 | 92 | 221,7 |
Бала бакчалар | 37 | 66,1 | 33 | 80,8 |
Маданий багыттагы объекттер | 16 | 26,8 | 20 | 48,9 |
Спорттук багыттагы объекттер | 19 | 38,8 | 32 | 87,3 |
Саламаттык сактоо объекттери | 7 | 12,1 | 15 | 36,4 |
Инженердик-коммуникациялык инфратүзүм объекттери | 33 | 64,9 | 59 | 146,3 |
Административдик маанидеги жана башка объекттер | - | - | 21 | 50,6 |
4.5. Тышкы инвестициялар
Тышкы каржылоо (кредиттер жана гранттар)
Мамлекеттик инвестицияларга чыгымдарды, анын ичинде мамлекеттик инвестициялардын алкагында ишке ашырылуучу долбоорлорду тышкы каржылоого керектөөлөрдү орто мөөнөттүү пландоо, өнүктүрүү бюджетин пландоо процессинин алкагында жыл сайын ишке ашырылат, анын жүрүшүндө ошондой эле кийинки эки жылга финансылык ресурстардын керектөөлөрү бааланат. Мында өнүктүрүүнүн тармактык программалары жана ресурстук чектөөлөр тышкы каржылоодо да, ошондой эле мамлекеттик бюджеттен долбоорлорду кош каржылоодо да көңүлгө алынат.
2019–2020-жылдары мамлекеттик инвестицияларды ишке ашыруунун кыскача сереби
2019–2020-жылдардагы мезгилде мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун каржылоо негизинен тышкы зайымдардын жана гранттардын эсебинен ишке ашырылган.
2019 жана 2020-жылдарда мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун ишке ашыруу үчүн тышкы зайымдардын жана гранттардын каражаттарын орточо жылдык пайдалануу 17 003,5 млн сомду түздү (салыштыруу үчүн 2018–2019-жылдары – 16 570,1 млн сом).
Мамлекеттик инвестицияларды тышкы каржылоонун негизги булактары Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ), Дүйнөлүк банк (ДБ), Ислам өнүктүрүү банкы (ИӨБ), Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ), Германия Федеративдик Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын өкмөттөрү тарабынан берилүүчү каражаттар эсептелет.
2021-жылга мамлекеттик инвестициялардын бюджетинин көрсөткүчтөрү
2021-жылы бардык булактардан мамлекеттик инвестицияларды бюджеттик каржылоонун суммасы 38 683,3 млн сомду түзөт. Мында зайымдар менен гранттардын эсебинен тышкы каржылоонун үлүшү 36 961,2 млн сомду же кошо каржылоонун жалпы суммасынын 95,5 %ын түзөт, долбоорлорду кошо каржылоого 1 722,1 млн сом же каржылоонун жалпы суммасынын 4,5 %ы пайдаланылат.
Бул мезгилде эң көп чыгымдар салттуу түрдө экономикалык секторго (энергетика, транспорт, айыл чарбасы, ирригация, суу менен камсыздоо, инфратүзүм) туура келет жана 26 882,9 млн сомду же жалпы чыгымдардын 72,7 %ын түзөт. Социалдык секторго 4 464,4 млн сом же 12,1 % багытталат, анын ичинен: Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине 425,0 млн сом; Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине - 4 039,4 млн сом күтүлүүдө.
2022–2024-жылдарга инвестициялык саясат
2022–2024-жылдары мамлекеттик инвестициялардын маанилүү артыкчылыктары болуп транспорт системасын, энергетикалык инфратүзүмдү өнүктүрүү, суу менен камсыз кылуу, айыл чарбасы, экономиканы колдоо, саламаттыкты сактоо жана башкалар калат.
2022-жылдан 2024-жылга чейинки мезгилде бардык булактардан мамлекеттик инвестицияларды бюджеттик каржылоонун жалпы суммасы 121 096,7 млн сомду түзөт. Мында зайымдар менен гранттардын эсебинен тышкы каржылоонун үлүшү 115 385,0 сомду (каржылоонун жалпы суммасынан 95,3 %) түзөт, мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун кошо каржылоого 5 711,7 сом (4,7 %) пайдаланылат.
Ушул мезгилде 2022–2024-жылдары экономикалык блок басымдуу роль ойнойт, ага жалпы каржылоонун (102 254,1 млн сом) 84,4 %ы туура келет. Белгилей кетчү нерсе, экономикалык блок айыл чарбасы, транспорт, энергетика, суу менен камсыздоо жана социалдык инфратүзүм, экономиканы колдоо багыттарын камтыйт, ага мамлекеттик инвестициялардын олуттуу көлөмдөрү багытталат.
Социалдык секторго 11 393,9 млн сом же каржылоонун жалпы көлөмүнүн 9,4 %ы багытталат.
Саламаттык сактоо секторун каржылоонун башкы максаттары саламаттык сактоо системасынын кызмат көрсөтүүлөрүнө өлкөнүн бардык тургундарынын туруктуу жеткиликтүүлүгүн камсыздоо, оорулардын болуусунда каржылык жүктү төмөндөтүү, саламаттык сактоо системасынын натыйжалуулугун жана деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле аны бейтаптарга багытталгандай жана кыйла ачык-айкын кылууга умтулуу болуп саналат. Жалпы суммасы 6 487,2 млн сомду түзөт.
Ошондой эле каржылоо билим берүү секторуна багытталат, жалпы суммасы 4 906,7 млн сомду түзөт. Долбоорлор калктын жакыр жана аялуу катмары, анын ичинде этникалык азчылыктар жана өзгөчө билим берүүгө муктаждыктары бар балдар үчүн сапаттуу мектепке чейинки билим берүүгө, ошондой эле окутуучулук иштерди жана окутуу, билим берүү материалдарын, товарларды жана техникалык жардамдарды берүү аркылуу окуу-методикалык материалдар менен класстардын камсыздуулугун жакшыртууга багытталат.
Бул мезгилде ирригацияны кошкондо, айыл чарбасы төмөнкү долбоорлорду каржылоо менен колдоого алынат: «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү – II» (АӨЭМ), «Айыл чарбасында өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу жана тамак-ашты жакшыртуу» (Айыл чарба жана азык-түлүк коопсуздугу боюнча глобалдуу фонд), «Кыргыз Республикасындагы сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу» (ДБ) долбоорун кошумча каржылоо, «Кыргыз Республикасында Сарымсак ирригациялык системасын өнүктүрүү» (ИӨБ), «Рынокторго жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу» долбоору (АӨЭФ) жана башка долбоорлор, аларды инвестициялоого 8 573,9 млн сом жумшалат.
Бул мезгилде транспорт секторунда жалпы 33 704,1 млн сом суммасында бир катар ири долбоорлор ишке ашырылат.
Энергетикалык секторго да олуттуу чыгымдар - 29 292,6 млн сом туура келет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги боюнча жалпы 17 604,6 млн сом суммасында каржылоонун олуттуу көлөмү каралууда.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги тарабынан экономиканы колдоого жалпы 13 571,8 млн сом суммасында долбоорлор ишке ашырылат.
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан төмөнкү долбоорлор жалпы 3 910,9 млн сом суммасында ишке ашырылат: «Кыргызстандагы табигый кырсыктардын тобокелдиктерине туруштуулукту жогорулатуу» (ДБ), «Кыргызстандагы табигый кырсыктардын тобокелдиктерине туруштуулукту жогорулатуу» долбоорун кошумча каржылоо» (ДБ), «Климаттын өзгөрүүсүнө жана табигый кырсыктарга суу ресурстарынын туруктуулугун күчөтүү» (АӨБ).
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Токой чарба мамлекеттик агенттиги тарабынан жалпы 268,5 млн сом суммасында «Кыргыз Республикасынын токой экосистемаларын интеграцияланган башкаруу» (ДБ) долбоорун ишке ашыруу улантылат. Бул долбоор экосистемаларды жана инфратүзүмдү башкарууну пландоого, калыбына келтирүүгө инвестицияларды ишке ашыруу аркылуу токой экосистемаларын туруктуу башкарууну жакшыртуу максатында мамлекеттик мекемелердин жана коомдордун потенциалын бекемдөөгө багытталган.
Жаңы түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитети 80,2 млн сом суммасында «Борбордук Азиядагы гидрометеорологиялык тейлөөнү модернизациялоо» (ДБ) долбоорлорун ишке ашырууну улантат.
11-таблица
Тышкы каржылоо (млн сом жана ИДП карата % )
Мамлекеттик инвестициялар | 2019 (иш жүз.) | 2020 (иш жүз.) | 2021 (баалоо) | 2022 (болжол) | 2023 (болжол) | 2024 (болжол) |
Гранттар | 5 272,6 | 5 281,1 | 11 772,7 | 13 779,5 | 13 242,6 | 8 425,9 |
Кредиттер | 13 042,8 | 10 410,4 | 25 188,6 | 21 918,0 | 31 301,9 | 26 717,0 |
Бардыгы | 18 315,4 | 15 691,5 | 36 961,2 | 35 697,5 | 44 544,6 | 35 142,9 |
ИДП % | ||||||
ИДП | 619 102,7 | 598 344,5 | 643 629,4 | 713 744,7 | 772 622,3 | 840 207,6 |
Мамлекеттик инвестициялар | ||||||
Гранттар | 0,9 % | 0,9 % | 1,8 % | 1,9 % | 1,7 % | 1,0 % |
Кредиттер | 2,1 % | 1,7 % | 3,9 % | 3,1 % | 4,1 % | 3,2 % |
Бардыгы | 3,0 % | 2,6 % | 5,7 % | 5,0 % | 5,8 % | 4,2 % |
12-таблица
Тышкы каржылоону берүүнүн механизмдери ( жалпы мааниден %) (млн сом)
Мамлекеттик инвестициялар | 2019 (иш жүз.) | 2020 (иш жүз.) | 2021 (баалоо) | 2022 (болжол) | 2023 (болжол) | 2024 (болжол) |
Тышкы | 18 315,4 | 15 691,5 | 36 961,2 | 35 697,5 | 44 544,6 | 35 142,9 |
Ички | 804,0 | 491,5 | 1 722,1 | 2 081,4 | 2 220,1 | 1 410,2 |
Бардыгы | 19 119,4 | 16 183,0 | 38 683,3 | 37 778,9 | 46 764,7 | 36 553,2 |
Тышкы | 95,8 % | 97,0 % | 95,5 % | 94,5 % | 95,3 % | 96,1 % |
Ички | 4,2 % | 3,0 % | 4,5 % | 5,6 % | 4,7 % | 3,9 % |
Бардыгы | 100,0 % | 100,0 % | 100,0 % | 100,0 % | 100,0 % | 100,0 % |
13-таблица
Тышкы каржылоонун деталдуу болжолу (млн сом)
Донор | 2019 иш жүз. | 2020 иш жүз. | 2021 бекитил. | 2022 долбоор | 2023 долбоор | 2024 долбоор |
КЭР | 6 659,90 | 1 057,74 | 2 969,84 | 3 088,67 | 1 815,95 | 0,00 |
АӨБ | 2 475,69 | 3 049,11 | 7 922,02 | 6 637,81 | 9 838,86 | 6 542,93 |
ДБ | 3 725,49 | 3 338,56 | 7 772,32 | 9 857,07 | 12 598,51 | 8 725,47 |
АКГ (ИӨБ,СӨФ,КФАЭР, ФРАД) | 1 537,08 | 3 227,65 | 5 749,66 | 3 189,69 | 6 535,33 | 5 625,46 |
ЕРӨБ | 552,72 | 492,95 | 2 898,51 | 1 941,87 | 1 471,59 | 1 650,56 |
КфВ | 460,76 | 530,53 | 1 391,59 | 1 223,96 | 31,92 | 0,00 |
Башкалар (Япония, АӨЭФ, ЕАӨБ ж.б.) | 2 903,78 | 3 995,01 | 8 257,31 | 9 758,41 | 12 252,41 | 12 598,55 |
Бардыгы | 18 315,43 | 15 691,55 | 36 961,24 | 35 697,48 | 44 544,58 | 35 142,97 |
5. Мамлекеттик карызды башкаруу
5.1. Тышкы карызды талдоо
Тышкы карыздын динамикасынын тенденциясы
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тышкы карызынын АКШ долларындагы көлөмүнүн өсүшүнүн туруктуу тенденциясы байкалууда. Мында 14-таблицага ылайык 2024-жылы мамлекеттик тышкы карыздын өлчөмүнүн азайгандыгы белгиленет, бул көптөгөн кредиттер боюнча милдеттенмелердин негизги суммасын төлөө менен байланышкан. Сомдук эквиваленттеги мамлекеттик тышкы карыздын көлөмү АКШ долларынын алмашуу курсунун ага тийгизген таасирине жараша болот. Макроэкономикалык болжолго ылайык кийинки жылдары алмашуу курсунун өсүү динамикасы уланат, бул тиешелүү түрдө сом менен туюндурулган мамлекеттик тышкы карыздын көлөмүнө таасирин тийгизет.
Ошондой эле мамлекеттик тышкы карызды тейлөөгө чыгымдардын өсүү тенденциясы байкалууда, бул мурда тартылган көптөгөн зайымдар боюнча негизги суммаларды төлөө мөөнөтүнүн келип жетишине байланыштуу. Алсак, эгерде 2018-жылы мамлекеттик тышкы карызды тейлөөгө чыгымдардын жалпы суммасынын 69,1 %ы карыздын негизги суммасын жана 30,9 %ы кошуп эсептелген пайыздар боюнча суммаларды төлөөгө багытталса, ал эми 2024-жылга карата чыгымдардын бул катышы тиешелүү түрдө 85 % жана 15 %га жакынды түзөт.
14-таблица
Тышкы карыздын өзгөрүү тенденциялары
(млн АКШ доллары жана млн сом)
| 2018 иш жүз. | 2019 иш жүз. | 2020 иш жүз. | 2021 бекит. | 2022 болжол | 2023 болжол | 2024 болжол | ||||||
млн АКШ долл. | |||||||||||||
Тышкы карыздын өлчөмү | 3 825,6 | 3 850,7 | 4 217,5 | 4 330,3 | 4 473,8 | 4 606,9 | 4 540,6 | ||||||
Займдардын түшүүсү | 150,0 | 188,1 | 408,4 | 303,8 | 379,7 | 442,8 | 285,4 | ||||||
Карыздарды төлөө, анын ичинен: | 170,9 | 201,2 | 194,7 | 254,1 | 301,8 | 375,9 | 415,0 | ||||||
- пайыздар | 52,9 | 52,4 | 52,0 | 61,8 | 64,9 | 65,8 | 62,9 | ||||||
- башкалар | 0,0 | 3,3 | 1,9 | 1,4 | 0,6 | 0,5 | 0,4 | ||||||
-негизги сумма | 118,0 | 145,5 | 140,8 | 190,9 | 236,3 | 309,7 | 351,7 | ||||||
млн сом | |||||||||||||
Тышкы карыздын өлчөмү | 267 229 | 268 180 | 348 571 | 368 079 | 395 480 | 418 304 | 424 999 | ||||||
Зайымдардын түшүүсү | 10 478 | 13 103 | 33 751 | 25 826 | 33 567 | 40 208 | 26 717 | ||||||
Карыздарды төлөө, анын ичинен: | 11 943 | 14 010 | 16 093 | 21 602 | 26 682 | 34 133 | 38 848 | ||||||
- пайыздар | 3 697 | 3 646 | 4 298 | 5 255 | 5 737 | 5 971 | 5 892 | ||||||
- башкалар |
| 232 | 159 | 116 | 55 | 41 | 35 | ||||||
- негизги сумма | 8 245 | 10 132 | 11 636 | 16 231 | 20 889 | 28 121 | 32 921 | ||||||
2022-жылга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тышкы карызын тейлөө бюджети жана 2023–2024-жылдардагы болжолу чет өлкөлүк зайымдарды тартуунун жана чыгымдоонун катуу тартибин камсыздоого багытталган төмөнкү максаттуу багыттар менен салыштырылуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштерди эске алуу менен түзүлгөн:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тышкы карызын төлөө боюнча төлөмдөрдүн мөөнөтүн өткөрүп жиберүүгө жол бербөө (эки тараптуу карызды реструктуризациялоо жөнүндө макулдашууларды түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн процессинин жүрүшүндө түзүлгөн техникалык мөөнөтүнөн өткөрүп жиберүүнү кошпогондо);
- жаңы тышкы карыз алуулар үчүн 35 %дык жеңилдетилген минималдуу деңгээлди сактоо жана жергиликтүү мамлекеттик башкаруу органдарына Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин тийиштүү уруксатысыз тышкы зайымдарды тартууга тыюу салуу;
- жаңы тышкы карыз алууларды ишке ашыруу процессинде Мамлекеттик инвестициялар программасынын сандык жана сапаттык талаптарын жолдоо.
Бюджеттин орто мөөнөттүү болжолун түзүүдө төмөнкү баштапкы маалыматтар эске алынган:
- 2020-жылдын 31-декабрына карата мамлекеттик тышкы карыздын өздөштүрүлгөн жана төлөнбөгөн суммасы 348,6 млрд сомду түзгөн;
- учурдагы жана пландалган зайымдарды төлөө графиктери;
- учурдагы жана пландалган тышкы карыз алуулар боюнча кредиттик каражаттарды өздөштүрүүнүн болжолу;
- 2020-жылдын ноябрынан 2021-жылдын майына чейинки иш жүзүндө түзүлгөн курстун базасында, ЭВФ маалыматтары боюнча эсептелген чет өлкөлүк валюталардын АКШ долларына карата болжолдуу алмашуу курстары.
Алдын ала маалыматтар боюнча болжолдонгон мезгилде карыздын туруктуулук көрсөткүчтөрү олуттуу жакшырды. Алсак 2020-жылы ИДПга карата мамлекеттик тышкы карыздын көлөмүнүн катышы 58,3 %га жетсе, 2021-жылдан тартып бул көрсөткүч жакшырат, ал тышкы карыздын көлөмүнүн өсүшүнүн басаңдашы жана ИДПнын өсүү динамикасы менен байланыштуу жана 2024-жылдын аягына карата 50,6 %ды түзөт. Товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн экспортуна тышкы карыздын көрсөткүчү да жакшы жагына өзгөрүү тенденциясында. Болжолдуу маалыматтар боюнча 2024-жылдын аягына карата бул көрсөткүч 158,5%ды түзөт же 2021-жылга салыштырмалуу 25 пайыздык пунктка кыскарат. Мында товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоого карата мамлекеттик тышкы карызды тейлөөнүн көрсөткүчү боюнча жыл сайын өсүү тенденциясы белгиленүүдө, бул карыздын негизги суммасы боюнча милдеттенмелерди жабууга байланыштуу.
15-таблица
Карыздык туруктуулук көрсөткүчтөрүнүн өзгөрүү тенденциялары (ИДПга карата % жана товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн экспортуна карата % менен мамлекеттик тышкы карыз )
| 2018 иш жүз. | 2019 иш жүз. | 2020 иш жүз. | 2021 бекит | 2022 болжол | 2023 болжол | 2024 болжол |
ИДПга карата % | |||||||
Тышкы карыздын өлчөмү | 46,9 | 43,3 | 58,3 | 58,0 | 55,4 | 54,1 | 50,6 |
Займдардын түшүүсү | 1,8 | 2,1 | 5,6 | 4,1 | 4,7 | 5,2 | 3,2 |
Карыздарды төлөө, анын ичинен: | 2,1 | 2,3 | 2,7 | 3,4 | 3,7 | 4,4 | 4,6 |
- пайыздар | 0,6 | 0,6 | 0,7 | 0,8 | 0,8 | 0,8 | 0,7 |
- башкалар | - | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 0,0 |
- негизги сумма | 1,4 | 1,6 | 1,9 | 2,6 | 2,9 | 3,6 | 3,9 |
Товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн экспортуна карата % | |||||||
Тышкы карыздын өлчөмү | 199,7 | 188,5 | 174,0 | 184,7 | 175,3 | 169,8 | 158,5 |
Зайымдардын түшүүсү | 7,8 | 9,2 | 16,8 | 13,0 | 14,9 | 16,3 | 10,0 |
Карыздарды төлөө, анын ичинен: | 8,9 | 9,8 | 8,0 | 10,8 | 11,8 | 13,9 | 14,5 |
- пайыздар | 2,8 | 2,6 | 2,1 | 2,6 | 2,5 | 2,4 | 2,2 |
- башкалар | - | 0,2 | 0,1 | 0,1 | 0,0 | 0,0 | 0,0 |
- негизги сумма | 6,2 | 7,1 | 5,8 | 8,1 | 9,3 | 11,4 | 12,3 |
5.2. Ички карызды баалоо
Ички карыздын динамикасынын тенденциясы
2018-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ички карызынын өсүшүнүн тенденциясы белгиленүүдө. Мамлекеттик ички карыздын көлөмүнө инфляциянын деңгээли өзгөчө таасирин тийгизүүдө, анткени мамлекеттик баалуу кагаздар (МБК) боюнча кирешелүүлүк МБК рыногунун катышуучулары тарабынан, анын ичинде күтүлүүчү инфляцияны эске алуу менен аныкталат.
16-таблицага ылайык 2018–2020-жылдарда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ички карызын тейлөөгө республикалык бюджеттин чыгымдары 2018-жылы – 11 805 млн сомду, 2019-жылы – 14 112 млн сомду, 2020-жылы – 14 596 млн сомду түзгөн.
16-таблица
Ички карыздын өзгөрүү тенденциясы (млн сом жана ИДПга карата % )
| 2018 иш жүз. | 2019 иш жүз. | 2020 иш жүз | 2021 бекит. | 2022 болжол | 2023 болжол | 2024 болжол |
Ички карыздын өлчөмү | 44 606 | 51 295 | 58 546 | 64 394 | 75 834 | 88 246 | 97 180 |
Зайымдардын түшүүсү | 18 348 | 14 892 | 14 042 | 15 400 | 14 000 | 14 000 | 14 000 |
Карыздарды төлөө, анын ичинен: | 11 805 | 14 112 | 14 596 | 15 664 | 12 727 | 13 477 | 18 801 |
- пайыздар | 3 386 | 4 033 | 4 057 | 4 534 | 5 552 | 6 398 | 7 241 |
- негизги сумма | 8 419 | 10 079 | 10 539 | 11 130 | 7 176 | 7 080 | 11 560 |
ИДПга карата % | |||||||
Ички карыздын өлчөмү | 7,8 % | 8,3 % | 9,8 % | 10,1 % | 10,6 % | 11,4 % | 11,6 % |
Зайымдардын түшүүсү | 3,2 % | 2,4 % | 2,3 % | 2,4 % | 2,0 % | 1,8 % | 1,7 % |
Карыздарды төлөө, анын ичинен: | 2,1 % | 2,3 % | 2,4 % | 2,4 % | 1,8 % | 1,7 % | 2,2 % |
- пайыздар | 0,6 % | 0,6 % | 0,7 % | 0,7 % | 0,8 % | 0,8 % | 0,9 % |
- негизги сумма | 1,5 % | 1,6 % | 1,8 % | 1,8 % | 1,0 % | 0,9 % | 1,4 % |
2022–2024-жылдарда республикалык бюджеттин тартыштыгын каржылоо жана МБК рыногун андан ары өнүктүрүү максатында республиканын бюджети МБКны жайгаштыруудан түшүүлөр менен төмөнкү көлөмдөрдө камсыздоо пландалууда: 2022-жылы – 14 000 млн сом, 2023-жылы – 14 000 млн сом, 2024-жылы – 14 000 млн сом. 2022–2024-жылдарда МБКны чыгаруунун жана жайгаштыруунун түзүмү узак мөөнөттүү баалуу кагаздарды көбөйтүү жагына кайра каралган.
Узак мөөнөттүү МБК көлөмүн жогорулатуу МБК жүгүртүү мөөнөтүн көбөйтүү жана кыйла узак мөөнөттүү акча каражаттарын тартуу максаты менен байланыштуу.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ички карызын тейлөөгө 2022-жылы 12 727 млн сом, 2023-жылы – 13 477 млн сом, 2024-жылы - 18 801 млн сом багыттоо пландалууда.
Негизги сумма боюнча милдеттенмелерди төлөөгө чыгымдардын олуттуу көлөмү 2024-жылга туура келет, бул жүгүртүү мөөнөтү 7 жылдык жүгүртүү мөөнөтү менен чыгарылган МКО боюнча милдеттенмелерди тындыруу менен байланыштуу.
Тышкы жана ички карызды салыштырып талдоо
17-таблица
Тышкы жана ички карызды салыштырып талдоо
| 2018-ж. | 2019-ж. | 2020-ж. | 2021-ж. | 2022-ж. | 2023-ж. | 2024-ж. |
Суммалык карыз алууларга карата ички карыз алуулар % менен | 63,7 % | 53,2 % | 29,4 % | 37,4 % | 29,4 % | 25,8 % | 34,4 % |
Суммалык карыз алууларга карата тышкы карыз алуулар % менен | 36,3 % | 46,8 % | 70,6 % | 62,6 % | 70,6 % | 74,2 % | 65,6 % |
Суммалык карыз алуулар (млн сом) | 28 826 | 27 995 | 47 792 | 41 226 | 47 567 | 54 208 | 40 717 |
Карыздын суммалык өлчөмүнө карата ички карыздын өлчөмү % менен | 14,3 % | 16,1 % | 14,4 % | 14,9 % | 16,1 % | 17,4 % | 18,6 % |
Карыздын суммалык өлчөмүнө карата тышкы карыздын өлчөмү % менен | 85,7 % | 83,9 % | 85,6 % | 85,1 % | 83,9 % | 82,6 % | 81,4 % |
Бардык карыздардын суммалык өлчөмү (млн сом) | 311 835 | 319 475 | 407 117 | 432 473 | 471 313 | 506 550 | 522 180 |
17-таблицада 2020–2024-жылдардагы мезгилде карыз алуулардын жалпы көлөмүндө тышкы карыз алуулардын тенденциясынын басымдуулугу чагылдырылган. Мамлекеттик тышкы карыздын көлөмү мамлекеттик карыздын суммалдык көлөмүнүн 81,4 %дан ашыгын түзөт. Мында орто мөөнөттүү мезгилде карыз саясатынын узак мөөнөттүү МБК рыногун өнүктүрүү аркылуу ички рынокто карыз алууну көбөйтүүгө багытталат. Бул чет өлкөлүк валютадагы мамлекеттик карыздын салыштырмалуу салмагын 81,5 %га чейин кыскартууга мүмкүндүк берет.
Мамлекеттик карызды натыйжалуу башкарууну камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-аракеттери Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруу стратегиясында каралган иш-чараларды ишке ашырууга багытталат.
6. Бюджеттер аралык мамилелер
6.1. Бюджеттер аралык мамилелердин реформалары
Бюджеттер аралык мамилелердин орто мөөнөттүү саясатынын негизги милдеттери:
1) бийликтин деңгээлдеринин ортосундагы ыйгарым укуктарды бөлүштүрүүнү укуктук жөнгө салуунун натыйжалуулугун өркүндөтүү жана ыйгарым укуктарды берүү системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу;
2) бюджеттер аралык мамилелерде мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын вертикалдуу жана горизонталдуу өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү;
3) Кыргыз Республикасында администрациялык-аймактык реформаны ишке ашыруу үчүн зарыл шарттарды түзүү;
4) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын киреше потенциалын жогорулатуу боюнча негизги багыттарды аныктоо;
5) республикалык жана жергиликтүү бюджеттер аркылуу жергиликтүү деңгээлде мамлекеттик программаларды каржылоонун механизмдерин өркүндөтүү;
6) чыгымдарды оптималдаштыруу, бюджеттерди түзүүдө жана аткарууда өзүн-өзү камсыздоого умтулуу аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жеке кирешелерин, өз алдынчалуулугун жогорулатуу максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн өбөлгөлөрдү түзүүгө негизделген трансферттик саясатты өркүндөтүү;
7) бюджеттер аралык мамилелердин жаңы концепциясын иштеп чыгуу.
Бюджеттер аралык мамилелерди андан ары өнүктүрүү мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда бюджеттик укуктук мамилелерди жөнгө салуу, ошондой эле бюджеттик процессти уюштуруу жана ишке ашыруу бөлүгүндөгү орто мөөнөттүү мезгилге мамлекеттик финансылык реформалардын системасындагы артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.
2022-жылы жергиликтүү бюджеттердин пайдасына салык агенти тарабынан төлөнүүчү киреше салыгынан чегерүүнүн ченемдери 100 % өлчөмүндө өткөн жылдын деңгээлинде сакталат.
Мындан тышкары 2022-жылдан тартып жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын күчөтүү максатында үч деңгээлдүү бюджеттик структураны киргизүү боюнча реформалар пландалууда.
2023–2024-жылдарга болжолдо жергиликтүү бюджеттердин пайдасына салык агенти тарабынан төлөнүүчү киреше салыгы боюнча чегерүүлөрдүн ченемдери 100 % өлчөмүндө белгиленет.
2022–2024-жылдарда сатуудан алынуучу салыктан чегерүүлөрдүн ченемдери республикалык бюджеттин пайдасына 100 % өлчөмүндө белгиленет.
Орто мөөнөттүү келечекте жергиликтүү бюджеттердин көлөмү 2022-жылы 24 773,8 млн сомду, 2023-жылы - 25 297,6 млн сомду, 2024-жылы 25 806,5 млн сомду түзөт.
Жергиликтүү бюджеттерди түзүүдө жана аткарууда алар үчүн чыгымдардын негизги артыкчылыктуу беренелери катары корголгон беренелер, анын ичинде коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр жана көмүр сатып алуу болуп кала берет.
Жергиликтүү бюджетте билим берүү системасынын муниципалдык менчик объекттерин күтүү боюнча чыгымдарды каржылоо мыйзамдуу түрдө сакталат.
Ошентип 2022-жылы теңдештирилген трансферттер 2 100,0 млн сомду, 2023-жылы – 2 200,0 млн сомду, 2024-жылга карата – 2 300,0 млн сомду түзөт.
Кабыл алынган кыскартуулардын тизмеси
ДБ | Дүйнөлүк банк |
ИДП | Ички дүң продукту |
ДСУ | Дүйнөлүк соода уюму |
МКО | мамлекеттик казыналык облигациялар |
МБК | мамлекеттик баалуу кагаздар |
УКМК | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети |
КМ | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги |
ЖАМК | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы |
МБК | Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы |
ЭККМК | Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат |
ЕАӨБ | Евразия өнүктүрүү банкы |
БАМС | Бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтык система |
ЕАЭБ | Евразия экономикалык бирлиги |
ЕИБ | Европа инвестициялык банкы |
ИӨБ | Ислам өнүктүрүү банкы |
БАӨИФ | Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн инвестициялык фонд (ЕС) |
ККМ | контролдук-кассалык машина |
КЭР | Кытай Эл Республикасы |
КфВ (KfW) | Немец өнүктүрүү банкы (Kreditanstalt für Wiederaufbau) |
ИИМ | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
КТП | кенже тейлөөчү персонал |
АӨЭФ | Айыл чарбасын өнүктүрүүнүн эл аралык фонду |
АКШ | Америка Кошмо Штаты |
СФ | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Социалдык фонд |
СӨФ | Сауд өнүктүрүү фонду |
СЭКӨ | Экономикалык маселелер боюнча Швейцариянын мамлекеттик катчылыгы |
ТТП | техникалык тейлөө персоналы |
ММКФ | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду |
БАРЭК | Борбор Азиялык региондук экономикалык кызматташтык |
COVID-19 | Коронавирус инфекциясы |
JICA | Япон эл аралык кызматташтык агенттиги |
2022–2024-жылдарга
фискалдык саясаттын
негизги багыттарына
1-тиркеме
Өндүрүштүн түзүмү жана ИДПнын реалдуу өсүү темпи, 2019–2024-жылдар
| 2019-жыл | 2020-жыл | 2021-жыл күтүлүүдө | 2022-жылга болжол | 2023-жылга болжол | 2024-жылга болжол | ||
ИДП учурдагы бааларда (млн сом) | 619 102,7 | 598 344,5 | 643 629,4 | 713 744,7 | 772 622,3 | 840 207,6 | ||
тармактар боюнча ИДП (%) | 100 | 100 | 100,0 | 100,0 | 100,0 | 100,0 | ||
- айыл чарба | 11,7 | 13,5 | 13,4 | 12,9 | 12,6 | 12,4 | ||
- өнөр жай | 19,0 | 21,1 | 21,0 | 22,3 | 21,8 | 21,5 | ||
- курулуш | 9,5 | 8,3 | 8,0 | 7,8 | 7,7 | 7,7 | ||
- кызмат көрсөтүүлөр | 46,5 | 46,3 | 46,8 | 46,2 | 47,0 | 47,5 | ||
- продуктуга жана импортко таза салык | 13,3 | 10,8 | 10,8 | 10,9 | 10,9 | 10,8 | ||
ИДПнын реалдуу өсүү темпи (%) | 4,6 | -8,6 | 3,2 | 6,5 | 3,9 | 4,0 | ||
“Кумтөрдү” эсептебегенде ИДП | 4,1 | -9,0 | 5,0 | 5,1 | 4,4 | 4,5 | ||
Тармак боюнча дүң продукцияны чыгаруунун реалдуу өсүү темпи (%) |
| |||||||
- айыл чарба | 2,5 | 1,1 | 2,1 | 2,3 | 2,5 | 2,5 |
| |
- өнөр жай[1] | 6,6 | -7,5 | 3,1 | 14,8 | 2,7 | 3,2 |
| |
- курулуш | 10,7 | -15,9 | 4,1 | 6,7 | 5,4 | 7,2 |
| |
- кызмат көрсөтүүлөр | 3,2 | -10,0 | 3,7 | 4,1 | 4,8 | 4,3 |
| |
2022–2024-жылдарга
фискалдык саясаттын
негизги багыттарына
2-тиркеме
2021–2024-жылдарга социалдык көрсөткүчтөр
| 2021-жыл | 2022-жыл | 2023-жыл | 2024-жыл |
күтүлүүдө | болжол | болжол | болжол | |
Калктын орточо жылдык саны (миң адам) | 6 464,2 | 6 606,4 | 6 751,7 | 6 900,2 |
Жакырчылык (калкка карата % менен) | 23,8 | 21,4 | 20,5 | 20,1 |
Калктын жан башына ИДП (АКШ долл.) | 1 156,3 | 1 221,7 | 1 260,0 | 1 300,4 |
Иштеп жаткан калктын саны (миң адам) | 2 474,5 | 2 511,7 | 2 571,9 | 2 631,1 |
Калктын акчалай кирешелери (млрд сом) | 461,4 | 499,3 | 541,3 | 589,6 |
Орточо айлык эмгек акы (сом) | 18 940,7 | 19 434,2 | 20 276,2 | 20 887,8 |
реалдуу өсүү темпи (% ) | 92,6 | 96,3 | 98,6 | 97,9 |
2022–2024-жылдарга
Фискалдык саясаттын негизги багыттарына
3-тиркеме
Мамлекеттик карыз боюнча тобокелчиликтер
Мамлекеттик ички карызды тындыруу жана тейлөө
Эгерде 2022–2024-жылдарга ФСНБны эсептөөнүн базалык сценарийин алсак, анда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик ички карызды тейлөө жана тындыруу боюнча чыгымдары 2022-жылы – 12 727,2 млн сомду, 2023-жылы – 13 477,3 млн сомду, 2024-жылы –18 801,5 млн сомду түзөт.
1-альтернативдүү сценарий, болжолдонгон мезгилде кирешелүүлүк 1 %га жогорулай турганын болжолдойт. Бул жогорулоо, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ички карыздык милдеттенмелерди тындыруу жана тейлөө боюнча чыгымдары 2022-жылы – 12 758,6 млн сомду, 2023-жылы – 13 645,7 млн сомду, 2024-жылы 19 146,1 млн сомду түзөт деп болжолдойт.
2-альтернативдүү сценарий, болжолдонгон мезгилде кирешелүүлүк 5 %га жогорулайт жана бул сценарийде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик ички карызды тындыруу жана тейлөө боюнча чыгымдары 2022-жылы –12 904,2 млн сомду жана 2023-жылы – 14 420,5 млн сомду, 2024-жылы – 20 713,23 млн сомду түзөт деп болжолдойт.
1-таблица
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ички карызын тейлөө (млн сом)
Сценарийлер | 2022-жыл | 2023-жыл | 2024-жыл |
Базалык сценарий | 12 727,2 | 13 477,3 | 18 801,5 |
1-альтернативдүү сценарий | 12 758,6 | 13 645,7 | 19 146,1 |
2-альтернативдүү сценарий | 12 904,2 | 14 420,5 | 20 713,2 |
1-сүрөт
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ички карызын тейлөөгө кирешелүүлүктүн өзгөрүү соккусунун таасири (млн сом)
Мамлекеттик тышкы карызды тындыруу жана тейлөө
2-сүрөт
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тышкы карызын тейлөөгө алмашуу курсунун соккусунун таасири (млн сом)
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тышкы карызын тейлөө жана тындыруу үчүн зарыл болгон сумманын болжолу макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн маалыматын эске алуу менен түзүлгөн: 2022-жылга – 26 623,9 млн сом, 2023-жылга – 34 105,0 млн сом, 2024-жылга – 38 820,1 млн сом. Бул суммалар базалык сценарийди түзүүгө негиз болду.
1-альтернативдүү сценарий, келерки мезгилде алмашуу курсу болжолдон туура 1 сомго ашат деген негизде долбоорлонгон. Бул сценарийге ылайык, алмашуу курсунун теориялык жактан болгону 1 сомго мүмкүн болгон жогорулашы болжолдонгон мезгилге Кыргыз Республикасын мамлекеттик тышкы карызын тейлөө жана тындыруу үчүн зарыл болгон кошумча чыгымдарга алып келди. Алсак, 1-альтернативдүү сценарийге ылайык чыгымдар: 2022-жылга – 26 925,1 млн сомду, 023-жылга – 34 480,7 млн сомду, 2024-жылга – 39 234,8 млн сомду түзөт.
2-альтернативдүү сценарий, келерки мезгилде алмашуу курсу болжолдон туура 5 сомго ашат деген негизде долбоорлонгон. Бул сценарийге ылайык, алмашуу курсунун теориялык жактан 5 сомго мүмкүн болгон жогорулашы болжолдонгон мезгилге Кыргыз Республикасын мамлекеттик тышкы карызын тейлөө жана тындыруу үчүн зарыл болгон кошумча чыгымдарга алып келди: 2022-жылга – 28 129,8 млн сом, 2023-жылга – 35 983,1 млн сом, 2024-жылга – 40 893,8 млн сом.
ИДПнын төмөндөө тобокелчилиги
Базалык сценарий үчүн ИДПнын болжолу алынган, жактырылган макроэкономикалык сценарийге ылайык, бул көрсөткүч төмөнкүлөрдү түздү: 2022-жыл үчүн – 713 744,7 млн сом, 2023-жыл үчүн – 772 622,3 млн сом, 2024-жыл үчүн – 840 207,6 млн сом. Альтернативдүү сценарийлер 3-тиркемеде көрсөтүлгөн.
1-альтернативдүү сценарий, ИДПнын деңгээлинин болжолу 1 %га төмөндөй турганын караштырат. Бул учурда ИДПнын болжолу төмөнкүлөрдү түзөт: 2022-жыл үчүн – 706 607,3 млн сом, 2023-жыл үчүн – 764 896,1 млн сом, 2024-жыл үчүн – 831 805,5 млн сом.
2-альтернативдүү сценарий, ИДПнын деңгээлинин болжолу 5 %га төмөндөй турганын караштырат. Бул учурда ИДПнын болжолу төмөнкүлөрдү түзөт: 2022-жыл үчүн – 678 057,4 млн сом, 2023-жыл үчүн – 737 991,2 млн сом, 2024-жыл үчүн – 798 197,2 млн сом.
2022–2024-жылдарга
фискалдык саясаттын негизги багыттарына
4-тиркеме
COVID-19 коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүнү өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдөн колдоо
374,9 млн АКШ долл. суммада түшкөн финансылык каражаттардан (гранттар – 95,8 млн долл. АКШ жана кредиттер – 279,1 млн АКШ долл.), негизинен каражаттар төмөнкү донорлордон келип түшкөн:
1-таблица
Өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдөн тартылган финансылык каражаттар
|
| (млн сом) | (млн $) |
№ | Бардыгы алынды: | 29 982,3 | 374,9 |
1 | Эл аралык валюта фонду | 19 642,7 | 241,9 |
2 | Азия өнүктүрүү банкы | 4 188,7 | 56,0 |
3 | Европа бирлиги | 2 123,6 | 27,3 |
4 | Германия өнүктүрүү банкы | 1 200,0 | 15,4 |
5 | Дүйнөлүк банк | 822,1 | 10,2 |
6 | Россия Федерациясы | 1 656,7 | 20,0 |
7 | Ислам өнүктүрүү банкы | 348,5 | 4,1 |
|
|
Бул каражаттар төмөнкү үч багытка пайдаланылган:
2-таблица
Эл аралык донорлордон түшкөн каражаттарынын багыттары
|
| (млн сом) | (млн $) |
№ | Бардыгы пайдаланылды: | 29 982,3 | 374,9 |
1 | Бюджеттик колдоо | 20 649,4 | 257,7 |
2 | Саламаттыкты сактоо сектору | 5 530,5 | 68,3 |
3 | Экономиканы колдоо | 3 794,4 | 48,8 |
1. Бюджеттик колдоого же калктын алдындагы Өкмөттүн социалдык милдеттенмелерин аткарууга 20 649,4 млн сом суммасында (257,7 млн АКШ долл.):
3-таблица
Бюджеттик колдоо
| (млн сом) | (млн $) |
Социалдык милдеттенмелерге багытталды: | 20 649,4 | 257,7 |
Эмгек акы (мугалимдер, врачтар, аскер кызматчылары, укук коргоо органдарынын кызматкерлери) | 7 169,1 | 89,6 |
Социалдык муктаждыктарга төгүмдөр | 860,7 | 10,8 |
Социалдык фондго трансферттер (пенсиялар) | 5 871,3 | 72,9 |
Теңөдөөчү трансферттер (ЖӨБО трансферттери) | 3 890,9 | 50,0 |
Социалдык камсыздоо жана калкка социалдык жардам көрсөтүү боюнча жөлөк пулдар | 2 548,3 | 30,7 |
Стратегиялык запастар (ММРФге буудай данын сатып алууга) | 240,1 | 2,8 |
Окуу китептери | 69,0 | 0,9 |
2. Саламаттык сактоо секторун колдоо үчүн 5 512,4 млн сом (68,3 млн АКШ доллар) суммада.
4-таблица
Саламаттык сактоо секторун колдоо
| (млн сом) | (млн $) |
Саламаттык сактоо секторун колдоого багытталды | 5 512,4 | 68,3 |
1) бюджеттик колдоонун алкагында багытталды: | 3 884,3 | 48,0 |
ММКФ трансферттери | 3 677,6 | 45,6 |
Медициналык товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу | 106,3 | 1,3 |
COVID-19 каршы күрөшүү максатында азык-түлүк алуу | 100,4 | 1,2 |
2) Инвестициялык долбоорлордун алкагында багытталды: | 1 628,1 | 20,2 |
«COVID-19 боюнча ыкчам долбоор» ДБ | 282,1 | 3,5 |
«Кыргызстандагы табигый кырсыктарга туруктуулукту жогорулатуу» ДБ | 532,0 | 6,6 |
«COVID-19 пандемиясына каршы өзгөчө долбоор» АӨБ | 483,6 | 6,0 |
«COVID-19 пандемиясына каршы өзгөчө долбоор» ИӨБ | 330,5 | 4,1 |
Бул каражаттар саламаттык сактоо секторун колдоого (транспорт каражаттары, жабдуулар, жеке коргоо каражаттары, чыгымдоо материалдары), ошондой эле ооруканалардын потенциалын күчтөндүрүүгө (медициналык жабдуулар, чыгымдык материалдар, медициналык калдыктарды утилдештирүү системасын өркүндөтүү ж.б.у.с.) багытталган.
Мындан тышкары 2021-жылы инвестициялык долбоорлордун алкагында 3,0 млрд сомго жакын каражаттын түшүүсү күтүлүүдө (36,0 млн АКШ долл.), алар саламаттык сактоо секторун жакшыртууга багытталат.
3. Экономиканы колдоо үчүн, атап айтканда кризис убагында тышкы жардамдын каражаттарынын эсебинен чакан жана орто бизнеске колдоо көрсөтүү үчүн 3 794,4 млн сом (48,8 млн АКШ долл.) суммасында каражат бөлүнгөн, алар «Ишкердик субъекттерди каржылоо» Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин программасын ишке ашырууга багытталган.
5-таблица
Экономиканы колдоо
| (млн сом) | (млн $) |
Экономиканы колдоого багытталган: | 3 794,4 | 48,8 |
Донорлор тарабынан бюджеттик колдоонун эсебинен | 2 594,4 | 33,5 |
Германия өнүктүрүү банкы (KfW) | 1 200,0 | 15,4 |
2022–2024-жылдарга
фискалдык саясаттын негизги багыттарына
5-тиркеме
2022–2024-жылдарга мамлекеттик инвестициялардын долбоорлору
Саламаттык сактоо
«Кургак учукка каршы күрөшүү-V» долбоору кургак учукка каршы дары-дармектерди, техникалык жана техникалык эмес медициналык жабдууларды, лабораториялык жабдууну, чыгымдалуучу материалдарды сатып алууну, ошондой эле Улуттук референс-лабораторияда сапатты башкаруу системасын түзүүнү жана кургак учукту дарылоочу мекемелерде курулуш иштерин жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөнү каржылоону карайт.
«Шашылыш медицина улуттук системасын түзүү-II» долбоорунун каражаттары Жалал-Абад облустук ооруканасында интеграцияланган кечиктирилгис медицина бөлүмүн курууга жана медициналык жана медициналык эмес жабдуулар менен жабдууга жана медицина кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууга багытталган консультациялык кызматтарды көрсөтүүгө, окутууга багытталат.
«Эне жана баланы коргоо IV-V» долбоору кош бойлууларга жана ооругандарга медициналык жардам көрсөтүүнү жакшыртууга багытталган. Программа балдардын өлүмүнүн деңгээлин азайтууга жана эненин ден соолугун жакшыртууга багытталган. Программанын алкагында Бишкек шаарында Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун аймагында республикалык деңгээлдеги Перинаталдык борборду түзүү; медициналык жабдуу сатып алуу; Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине жаңы төрөлгөн ымыркайларды ташуу системасын иштеп чыгууда жана киргизүүдө техникалык колдоо көрсөтүү; дарыланууга багыттоо системасын киргизүү каралууда.
Ошондой эле «Бишкек шаарынын медициналык тез жардам шаардык балдар клиникалык ооруканасы үчүн жаңы корпусту куруу», «Улуттук госпиталдын нейрохирургиялык борборун куруу жана жабдуу», «COVID-19 шашылыш долбоору» (ДБ) жана «COVID-19 пандемиясы боюнча өзгөчө долбоор» (АӨБ) жаңы долбоорлорун ишке ашырууну баштоо пландалууда.
«Бишкек шаарынын медициналык тез жардам шаардык балдар клиникалык ооруканасы үчүн жаңы корпусту куруу» долбоору алдыңкы өлкөлөрдүн деңгээлинде заманбап госпиталдык, жеткиликтүү, кечиктирилгис, күнү-түнү, өз убагында, адистештирилген жана сапаттуу, медициналык жардамды уюштуруу аркылуу өлкө масштабында төрөлгөндөн тартып 16–17 жашка чейин хирургиялык патологиясы бар оорулуу балдарга медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган.
«Улуттук госпиталдын нейрохирургиялык борборун куруу жана жабдуу» долбоорунун максаты дарылоо-диагностикалык жабдуулардын бардык заманбап комплекси менен жабдылган нейрохирургиялык борборду куруу болуп саналат, анда нейрохирургиялык профилдеги оорулууларга жогорку адистештирилген кечиктирилгис жана пландуу жардам көрсөтүлөт, ошондой эле жогорку квалификациялуу адистер даярдалат.
«COVID-19 шашылыш долбоору» (ДБ) COVID-19 коронавирус инфекциясы жуккан адамдарды эрте аныктоо жана ырастоо боюнча эпидемиологиялык көзөмөлдү жана контролду чыңдоого, ошондой эле COVID-19 коронавирус инфекциясы менен ооруган медициналык персонал жана бейтаптар үчүн тобокелчиликтерди азайтуу менен медициналык жардам көрсөтүү системасынын даярдыгын күчөтүүгө багытталган.
«COVID-19 пандемиясы боюнча өзгөчө долбоордун» (АӨБ) алкагында инфекциянын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча чараларды кошкондо, медициналык мекемелерди карантиндик дарылоо борборлоруна кайра жабдууда, ошондой эле оор шарттарда иштегендиги үчүн кошумча акыларды төлөө формасында персоналды сыйлоодо колдоо көрсөтүлөт. Долбоордун алкагында, атап айтканда бет каптар жана щиткалар менен жеке коргоочу каражаттар; өпкөнү жасалма вентиляциялоо аппараттарын, кычкылтек аппараттарын, мониторлорду, медициналык багыттагы буюмдарды кошкондо негизги жабдуулар, ошондой эле тез жардам машиналары сатылып алынат.
Айыл чарбасы
Айыл чарба секторунда төмөнкү долбоорлор ишке ашырылат:
- «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-II» (АӨЭФ);
- «Айыл чарбасында өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу жана тамак-ашты жакшыртуу» (Айыл чарбасы жана тамак-аш коопсуздугу боюнча глобалдык фонд);
- «Сүт азыктары секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү өнүктүрүү» (ДБ);
- «Кыргыз Республикасында Сарымсак ирригациялык системасын өнүктүрүү» (ИӨБ);
- «Рынокко кирүүнү камсыздоо» (АӨЭФ) долбоору ж.б.
Транспорт
Транспорт секторунда төмөнкү долбоорлор ишке ашырылат:
- «Түндүк-түштүк альтернативдик жолун куруу» (ИӨБ, СӨФ);
- «БАРЭК 3 коридорун жакшыртуу (Бишкек – Ош автожолу)» долбоору, 4-фаза (АӨБ);
- «Түндүк – Түштүк альтернативдик жолун куруу» 1-фаза жана 2-фаза» (КЭР);
- «Бириктирүүчү жолдун долбоору, БАРЭК 1 жана БАРЭК 3 коридорлору» долбоору (АӨБ);
- «Эл аралык маанидеги жолдорду жакшыртуу» долбоору (JIСА);
- «Бишкек – Ош автомобиль жолун реконструкциялоо, IV Фаза» долбоору (ЕАӨБ);
- Балыкчы-Каракол-Балыкчы айланма автожолун реабилитациялоо долбоору (Каракол шаарынын Балбай Баатыр айылы уч.) (ЕРӨБ);
- «Бишкек-Ош автожолундагы көчкүгө каршы коргоо» долбоору (JIСА) жана башкалар, кийин жүргүнчүлөрдү жана жүк ташууларда өсүп жаткан муктаждыктарды камсыздашат;
- «БАда региондук жол катнаштарын жакшыртуу боюнча программанын үчүнчү фазасы» долбоору БА РЖКЖП-3 (Түп – Кеген авто жолу) (Дүйнөлүк банк);
- «Талас – Тараз автожолундагы Үрмарал суусу аркылуу өткөн көпүрөнү реконструкциялоо» долбоору (JICA).
Энергетика сектору
Энергетика секторунда «Токтогул ГЭСин реабилитациялоо, II фаза» (АӨБ, ЕАӨБ), «Токтогул ГЭСин реконструкциялоо III фаза» (АӨБ) долбоорлору ишке ашырылат. «Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоо» (Швейцария), «Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу долбоору» (ДБ), «Лейлек районундагы Арка массивин электр энергиясы менен камсыздоону жакшыртуу» (ИӨБ) жана башка долбоорлор ишке ашырылат. Аталган долбоорлорду ишке ашыруу Кыргыз Республикасындагы энергетика тармагынын абалын жакшыртууга олуттуу түрдө мүмкүнчүлүк берет жана коңшу мамлекеттердин ортосунда электр энергиясын алмашууну, ошондой эле транзиттик агымдарды көбөйтүүгө жагымдуу негиз түзөт. Мындан тышкары «САSА-1000» долбоору (ДБ, ЕИБ, ИӨБ), «Камбар-Ата ГЭС-2 экинчи гидроагрегатын эксплуатациялоого киргизүү» (ЕАБР), «Үч-Коргон ГЭСин реабилитациялоо» (АӨБ) ж.б. ири долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда.
Жарандык турак жай курулушу
«Бишкек шаарында катуу калдыктарды башкаруу системасын жакшыртуу» (БАИФ – ЕРӨБ), «Ош шаарында катуу калдыктарды башкаруу системасын жакшыртуу» (БАИФ, ЕИБ, ЕРӨБ) жана «Мамлекеттик мектептерди куруу» долбоорлорун ишке ашыруу улантылат. Бул долбоордун максаты билим берүү объектилерин куруу, окуучуларды жана мугалимдерди санитардык-гигиеналык ченемдерге жооп берген жана окуу процессин жүргүзүүгө мүмкүндүк берген мектептин жаңы ыңгайлуу имараттары менен камсыз кылуу жана балдарга ыңгайлуу шарттарда билим алууга мүмкүндүк берүү болуп саналат, башкача айтканда, мектеп имараттары жабдуу, комплекттөө, коопсуздук боюнча жалпы кабыл алынган ченемдерге ылайык келүүгө тийиш.
Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу
Төмөнкү долбоорлорду ишке ашыруу улантылат: «Бишкек ш. суу менен камсыздоону жакшыртуу (II фаза)» (ЕРӨБ – СЕКО), «Талас шаарында суу менен жабдууну жана канализацияны реабилитациялоо» (ЕРӨБ – СЕКО), «Кант шаарын суу менен жабдуу жана канализациясын реабилитациялоо» (ЕРӨБ – СЕКО), «Баткен шаарын суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо» (БАИФ, ЕРӨБ), «Нарын шаарындагы суу менен камсыздоо жана каналдаштыруу тутумдарын реабилитациялоо» (СЕКО – ЕРӨБ), «Ош шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо, 2-фаза» (ЕРӨБ, БАИФ, ЕИБ), «Кара-Суу, Кызыл-Кыя, Майлуу-Суу, Чолпон-Ата, Токмок, Балыкчы, Токтогул шаарларында суу менен камсыздоо жана канализация системасын реабилитациялоо» (ЕРӨБ, БАИФ, ЕИБ) жана башка. «Каракол шаарында суу менен камсыздоо системасын реабилитациялоо» (ЕРӨБ), «Мырза-Аке, Дөң-Булак жана Куршаб жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында суу менен камсыздоо системасын реабилитациялоо» (ЕРӨБ), «Жалал-Абад шарында суу менен камсыздоо жана канализация системасын реабилитациялоо, 2-фаза» (ЕРӨБ), «Исфана шаарында суу менен камсыздоо системасын реабилитациялоо» (ЕРӨБ), «Кербен шаарында суу менен камсыздоо жана канализация системасын реабилитациялоо» (ЕРӨБ) жаңы долбоорлорун, «Кыргыз Республикасында айылды суу менен камсыз кылууну жана санитарияны жакшыртуу» долбоорун ишке ашырууну баштоо белгиленүүдө.
Экономиканы колдоо
Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги тарабынан төмөнкү долбоорлор ишке ашырылат: «Агрокаржылоонун кошумча нарк чынжырчасы» (КфВ), «Агрокаржылоонун кошумча нарк чынжырчасы-2» (БАИФ), «Айылдык инвестициялардын үчүнчү долбоору» (ДБ), «CASA-1000 жергиликтүү жамааттарды колдоо долбоору», «Кыргыз Республикасында айылдарды туруктуу өнүктүрүү» (ИӨБ) «Шаарды өнүктүрүү долбоору» (ДБ), Региондук экономикалык өнүктүрүү долбоору (ДБ), Турак жайды каржылоо программасы (КфВ) жана башкалар.
Өзгөчө кырдаалдар
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жалпы 1 343,2 млн сом суммасында төмөнкү долбоорлор ишке ашырылат: «Борбордук Азиядагы гидрометеорологиялык тейлөөнү модернизациялоо» (ДБ), «Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу» (ДБ), «Климаттын өзгөрүүсүнө жана табигый кырсыктарга суу ресурстарынын туруктуулугун күчөтүү» (АӨБ).
2022–2024-жылдарга
фискалдык саясаттын
негизги багыттарына
6-тиркеме
Жергиликтүү бюджеттердин көлөмү (млн сом)
Аталышы | 2020-ж. иш жүзүндө | % ИДП | 2021-ж. бек. | % ИДП | 2022-ж. долбоор | % ИДП | 2023-ж. долбоор | % ИДП | 2024-ж. долбоор | % ИДП |
ИДП | 598 344,5 | 100,0 | 635 040,7 | 100,0 | 713 744,7 | 100,0 | 772 622,3 | 100,0 | 840 207,6 | 100,0 |
Жергиликтүү бюджеттер | 21 081,0 | 3,52 | 23 706,2 | 3,73 | 24 800,8 | 3,47 | 25 324,6 | 3,28 | 25 639,8 | 3,07 |
Кирешелер, анын ичинде | 18 312,3 | 3,06 | 20 700,7 | 3,26 | 22 100,8 | 3,10 | 22 524,6 | 2,92 | 22 933,4 | 2,73 |
Салыктык түшүүлөр | 15 068,3 | 2,52 | 17 159,4 | 2,70 | 18 433,1 | 2,58 | 18 817,4 | 2,44 | 19,196,1 | 2,28 |
Салыктык эмес түшүүлөр | 2 398,6 | 0,40 | 3 499,5 | 0,55 | 3 640,8 | 0,51 | 3 680,3 | 0,48 | 3 710,4 | 0,44 |
Активдер жана милдеттенмелер | 845,4 | 0,14 | 41,8 | 0,01 | 26,9 | 0,00 | 26,9 | 0,00 | 26,9 | 0,00 |
Трансферттер | 2 768,7 | 0,46 | 3 005,5 | 0,47 | 2 700,0 | 0,42 | 2 800,0 | 0,39 | 2 900,0 | 0,35 |
Теңөөчү трансферттер | 1 933,6 | 0,32 | 1 967,3 | 0,31 | 2 100,0 | 0,32 | 2 200,0 | 0,30 | 2 300,0 | 0,27 |
Максаттуу трансферттер | 835,1 | 0,14 | 1 038,2 | 0,16 | 600,0 | 0,10 | 600,0 | 0,09 | 600,0 | 0,07 |
Чыгымдар | 21 081,0 | 3,52 | 23 706,2 | 3,73 | 24 800,8 | 3,57 | 25 139,0 | 3,32 | 25 639,8 | 3,08 |
2-тиркеме | |||||
1-таблица. Мамлекеттик башкаруу секторунун ресурстарынын структурасы | |||||
млн.сом | |||||
| 2020 | 2021 | 2022 | 2023 | 2024 |
алдын ала факт | бекит. | болжол | болжол | болжол | |
Мамлекеттик башкаруу секторунун ресурсттарынын структурасы |
|
|
|
|
|
Мамбюджеттин кирешелеринин жана чыгымдарынын жалпы суммасы | 152 051,1 | 193 550,6 | 225 637,3 | 238 266,6 | 254 670,8 |
Мамбюджеттин кирешелери (атайын каражатты кошкондо) | 140 233,0 | 175 460,7 | 209 245,6 | 223 657,4 | 245 496,1 |
Гранттар1 | 11 818,1 | 18 089,9 | 16 391,7 | 14 609,2 | 9 174,7 |
Атайын каражаттар | 10 292,2 | 12 630,7 | 15 774,8 | 15 948,1 | 16 264,5 |
Социалдык фонддун кирешелери | 56 056,1 | 62 496,4 | 68 511,1 | 71 991,6 | 75 585,8 |
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун кирешелери | 17 137,2 | 15 433,9 | 15 150,0 | 15 350,7 | 15 350,7 |
финансылык эмес активдер | 0,0 | 19,0 | 27,0 | 27,0 | 27,0 |
бюджеттин тартыштыгын каржылоо | 19 734,0 | 8 154,0 | 9 121,7 | 7 677,0 | -8 305,2 |
Таза жаңы ички зайымдар | -349,7 | -1 441,0 | -3 620,0 | -4 584,3 | -2 101,2 |
Таза жаңы тышкы зайымдар | 20 083,7 | 9 595,1 | 12 741,7 | 12 261,3 | -6 204,0 |
Мамлекеттик башкаруу секторунун чыгымдардын структурасы |
|
|
|
|
|
Социалдык фонддун чыгымдары | 56 635,9 | 62 495,9 | 67 144,5 | 71 334,1 | 75 017,8 |
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун чыгымдары | 16 663,6 | 15 433,9 | 15 150,0 | 15 350,7 | 15 350,7 |
Мамлекеттик бюджеттин чыгымдары | 171 785,1 | 201 704,6 | 234 759,0 | 245 943,6 | 246 365,6 |
Карызды тейлөө2 | 8 465,3 | 9 788,1 | 11 288,6 | 12 369,1 | 13 133,2 |
Инвестициялар | 23 139,4 | 40 847,4 | 46 612,9 | 52 503,8 | 47 222,5 |
Тышкы | 12 127,8 | 24 532,5 | 26 133,4 | 33 023,1 | 25 235,7 |
Ички3 | 11 011,6 | 16 314,9 | 20 479,4 | 19 480,7 | 21 986,8 |
а.и.МИПти кош каржылоо | 1 413,0 | 1 722,1 | 2 081,4 | 2 220,1 | 2 220,1 |
Атайын каражаттарды чыгымдоо | 10 292,2 | 12 630,7 | 15 774,8 | 15 948,1 | 16 264,5 |
Мамлекеттин дискрециялык учурдагы чыгымдары 4 | 129 888,2 | 138 438,4 | 161 082,7 | 165 122,5 | 169 745,4 |
|
|
|
|
| |
Эскертүү: 1. МИге тышкы гранттарды камтыйт | |||||
2. Ички жана тышкы карыз боюнча | |||||
3. МИни ички кош каржылоону камтыйт | |||||
4. Атайын каражаттарды кошпогондо | |||||
2-таблица: Маанилүү макроэкономикалык көрсөткүчтөр |
|
|
|
|
| |
|
|
|
|
| ||
| 2020 | 2021 | 2022 | 2023 | 2024 | |
| алдын ала факт | бекит. | болжол | болжол | болжол | |
|
|
|
|
|
| |
Номиналдуу ИДП (млн сом) | 598 344,5 | 635 040,7 | 713 744,7 | 772 622,3 | 840 207,6 | |
Анык өсүү арымы (%) | 91,4 | 105,0 | 106,5 | 103,9 | 104,0 | |
ИДПнын дефлятору (%) | 105,8 | 103,7 | 104,1 | 104,2 | 104,6 | |
Инфляция (өткөн жылдын декабрына карата КБИ)(%) | 109,7 | 108,9 | 105,9 | 106,0 | 104,9 | |
|
|
|
|
|
| |
3-таблица: Кирешелер боюнча маалыматтардын жыйындысы |
|
|
|
|
| |
| 2020 | 2021 | 2022 | 2023 | 2024 | |
| алдын ала факт | бекит. | болжол | болжол | болжол | |
(млн сом) |
|
|
|
|
| |
Кирешелердин жана гранттардын бардыгы | 152 051,1 | 193 550,6 | 225 637,3 | 238 266,6 | 254 670,8 | |
өткөн жылга карата % менен | 90,9 | 127,3 | 116,6 | 105,6 | 106,9 | |
Кирешелердин бардыгы | 140 233,0 | 175 460,7 | 209 245,6 | 223 657,4 | 245 496,1 | |
өткөн жылга карата % менен | 91,2 | 125,1 | 119,3 | 106,9 | 109,8 | |
Салыктык түшүүлөр |
| 144 234,6 | 174 587,2 | 190 827,6 | 211 979,1 | |
өткөн жылга карата % менен | 88,0 | 134,9 | 121,0 | 109,3 | 111,1 | |
Салыктык эмес түшүүлөр | 33 303,8 | 31 226,1 | 34 658,4 | 32 829,8 | 33 516,9 | |
өткөн жылга карата % менен | 103,1 | 93,8 | 111,0 | 94,7 | 102,1 | |
Атайын эсептип каражаттары | 10 292,2 | 12 630,7 | 15 774,8 | 15 948,1 | 16 264,5 | |
Атайын эсептип каражаттарын кошпогондо салыктык эмес тушуулор | 23 011,6 | 18 595,4 | 18 883,6 | 16 881,7 | 17 252,5 | |
Расмий трансферттер | 11 818,1 | 18 089,9 | 16 391,7 | 14 609,2 | 9 174,7 | |
өткөн жылга карата % менен | 87,6 | 153,1 | 90,6 | 89,1 | 62,8 | |
а.и. МИ гранттары* | 5 379,0 | 11 772,7 | 13 779,5 | 13 242,6 | 8 425,9 | |
|
|
|
|
|
| |
(ИДП % ) |
|
|
|
|
| |
Кирешелердин жана гранттардын бардыгы | 25,4 | 30,5 | 31,6 | 30,8 | 30,3 | |
Кирешелердин бардыгы | 23,4 | 27,6 | 29,3 | 28,9 | 29,2 | |
Салыктык түшүүлөр | 17,9 | 22,7 | 24,5 | 24,7 | 25,2 | |
Салыктык эмес түшүүлөр | 5,6 | 4,9 | 4,9 | 4,2 | 4,0 | |
Атайын каражаттар | 1,7 | 2,0 | 2,2 | 2,1 | 1,9 | |
Атайын каражаттарды кошпогондо салыктык эмес түшүүлөр | 3,8 | 2,9 | 2,6 | 2,2 | 2,1 | |
Расмий трансферттер | 2,0 | 2,8 | 2,3 | 1,9 | 1,1 | |
а.и. МИ гранттары | 0,9 | 1,9 | 1,9 | 1,7 | 1,0 | |
|
|
|
|
|
| |
4-таблица: Бюджеттин тартыштыгын каржылоо |
|
|
|
|
| |
| 2020 | 2021 | 2022 | 2023 | 2024 | |
| алдын ала факт | бекит. | болжол | болжол | болжол | |
(млн.сом) |
|
|
|
|
| |
Ички каржылоо | -349,7 | -1 441,0 | -3 620,0 | -4 584,3 | -2 101,2 | |
Ички булактардан түшүүлөр | 10 188,8 | 9 689,3 | 3 555,5 | 2 495,3 | 9 458,9 | |
өткөн жылга карата % менен | 131,2 | 95,1 | 36,7 | 70,2 | 379,1 | |
МБКдан түшүүлөр | 14 041,6 | 15 400,0 | 14 000,0 | 14 000,0 | 14 000,0 | |
КРӨ эсебиндеги калдыктар | 1 313,6 | 3 547,5 | 950,0 | 1 082,0 | 2 379,2 | |
менчиктештирүү | 0,0 | 500,0 | 3 300,0 | 200,0 | 200,0 | |
бюджеттик ссудалар | -5 774,6 | -9 758,2 | -14 694,5 | -12 786,8 | -7 120,3 | |
берүү | 9 104,1 | 13 260,7 | 18 197,1 | 16 731,6 | 11 070,3 | |
тындыруу | 3 329,6 | 3 502,5 | 3 502,6 | 3 944,8 | 3 950,0 | |
Ички карыздын негизги суммасын тындыруу | 10 538,5 | 11 130,3 | 7 175,5 | 7 079,5 | 11 560,1 | |
өткөн жылга карата % менен | 102,6 | 105,6 | 64,5 | 98,7 | 163,3 | |
Тышкы каржылоо | 20 083,7 | 9 595,1 | 12 741,7 | 12 261,3 | -6 204,0 | |
Тышкы булактар (МИ) | 31 719,9 | 25 188,6 | 21 918,0 | 31 301,9 | 26 717,0 | |
өткөн жылга карата % менен | 242,6 | 79,4 | 87,0 | 142,8 | 85,4 | |
программалык займдардын түшүүлөрү | 0,0 | 637,5 | 11 713,0 | 9 080,0 | 0,0 | |
өткөн жылга карата % менен | 0,0 | 0,0 | 0,0 | 1,0 | 1,0 | |
Тышкы карыздын негизги суммасын тындыруу | 11 636,2 | 16 231,0 | 20 889,3 | 28 120,7 | 32 921,0 | |
өткөн жылга карата % менен | 114,8 | 139,5 | 128,7 | 134,6 | 117,1 | |
БАРДЫГЫ | -19 734,0 | -8 154,0 | -9 121,7 | -7 677,0 | 8 305,2 | |
(ИДПга карата %) |
|
|
|
|
| |
Ички каржылоо | -0,1 | -0,2 | -0,5 | -0,6 | -0,3 | |
Ички булактардан түшүүлөр | 1,7 | 1,5 | 0,5 | 0,3 | 1,1 | |
МБКдан түшүүлөр | 2,3 | 2,4 | 2,0 | 1,8 | 1,7 | |
КРӨ эсебиндеги калдыктар | 0,2 | 0,6 | 0,1 | 0,1 | 0,3 | |
менчиктештирүү | 0,0 | 0,1 | 0,5 | 0,0 | 0,0 | |
бюджеттик ссудалар | -1,0 | -1,5 | -2,1 | -1,7 | -0,8 | |
Ички карыздын негизги суммасын тындыруу | 1,8 | 1,8 | 1,0 | 0,9 | 1,4 | |
Тышкы каржылоо | 3,4 | 1,5 | 1,8 | 1,6 | -0,7 | |
Тышкы булактар (МИ)* | 5,3 | 4,0 | 3,1 | 4,1 | 3,2 | |
Төлөм балансын колдоо | 0,0 | 0,1 | 1,6 | 1,2 | 0,0 | |
Тышкы карыздын негизги суммасын тындыруу | 1,9 | 2,6 | 2,9 | 3,6 | 3,9 | |
БАРДЫГЫ | -3,3 | -1,3 | -1,3 | -1,0 | 1,0 |
5-таблица: Мамлекеттик бюджеттин ресурстары жана чыгымдары |
|
|
|
|
|
|
|
|
| млн сом | |
| 2020 | 2021 | 2022 | 2023 | 2024 |
| алдын ала факт | бекит. | болжол | болжол | болжол |
Мамлекеттик бюджеттин ресурстары | 171 785,1 | 201 723,6 | 234 785,9 | 245 970,5 | 246 392,6 |
өткөн жылга карата % менен | 102,4 | 117,4 | 116,4 | 104,8 | 100,2 |
Жалпы кирешелер жана алынган расмий трансферттер | 152 051,1 | 193 550,6 | 225 637,3 | 238 266,6 | 254 670,8 |
өткөн жылга карата % менен | 90,9 | 127,3 | 116,6 | 105,6 | 106,9 |
Учурдагы кирешелер | 140 233,0 | 175 460,7 | 209 245,6 | 223 657,4 | 245 496,1 |
Салыктык түшүүлөр | 106 929,2 | 144 234,6 | 174 587,2 | 190 827,6 | 211 979,1 |
Салыктык эмес түшүүлөр | 33 303,8 | 31 226,1 | 34 658,4 | 32 829,8 | 33 516,9 |
Алынган расмий трансферттер жана МИ | 11 818,1 | 18 089,9 | 16 391,7 | 14 609,2 | 9 174,7 |
Капиталдык кирешелер | 0,0 | 19,0 | 27,0 | 27,0 | 27,0 |
Дефицит/профицит | -19 734,0 | -8 154,0 | -9 121,7 | -7 677,0 | 8 305,2 |
Каржылоо | 19 734,0 | 8 154,0 | 9 121,7 | 7 677,0 | -8 305,2 |
анын ичинде: Ички каржылоо | -349,7 | -1 441,0 | -3 620,0 | -4 584,3 | -2 101,2 |
Тышкы каржылоо | 20 083,7 | 9 595,1 | 12 741,7 | 12 261,3 | -6 204,0 |
Мамбюджеттин ресурстары | 171 785,1 | 201 723,6 | 234 785,9 | 245 970,5 | 246 392,6 |
Мамлекеттик бюджеттин жалпы чыгымдары | 171 785,1 | 201 723,6 | 234 785,9 | 245 970,5 | 246 392,6 |
өткөн жылга карата % менен | 102,4 | 117,4 | 116,4 | 104,8 | 100,2 |
Учурдагы чыгымдар | 148 645,7 | 160 876,2 | 188 173,1 | 193 466,7 | 199 170,1 |
өткөн жылга карата % менен | 109,2 | 108,2 | 117,0 | 102,8 | 102,9 |
Капиталдык чыгымдар | 23 139,4 | 40 847,4 | 46 612,9 | 52 503,8 | 47 222,5 |
өткөн жылга карата % менен | 73,1 | 176,5 | 114,1 | 112,6 | 89,9 |
МИ каржылоонун тышкы булактарынын эсебинен (гранттар менен) | 12 127,8 | 24 532,5 | 26 133,4 | 33 023,1 | 25 235,7 |
- ички кош каржылоо | 491,5 | 1 722,1 | 2 081,4 | 2 220,1 | 1 410,2 |
Ички булактардан капиталдык чыгымдар | 11 011,6 | 16 314,9 | 20 479,4 | 19 480,7 | 21 986,8 |
өткөн жылга карата % менен | 59,3 | 148,2 | 125,5 | 95,1 | 112,9 |
а.и.Республикалык бюджеттен капиталдык салымдар | 3 000,0 | 3 000,0 | 3 000,0 | 4 000,0 | 6 500,0 |
Мамкарыз боюнча пайыздарды төлөө | 8 465,3 | 9 788,1 | 11288,6 | 12369,1 | 13133,2 |
- тышкы карыз боюнча пайыздар | 4 404,4 | 5 254,7 | 5 736,9 | 5 971,3 | 5 891,9 |
- ички карыз боюнча пайыздар | 4 060,9 | 4 533,5 | 5 551,7 | 6 397,8 | 7 241,4 |
Атайын каражаттар боюнча чыгымдар | 10 292,2 | 12 630,7 | 15 774,8 | 15 948,1 | 16 264,5 |
Мамлекеттик бюджеттин дискрециялык учурдагы чыгымдары | 129 888,2 | 138 457,4 | 161 109,7 | 165 149,5 | 169 772,4 |
|
|
|
|
|
|
(ИДП % ) |
|
|
|
|
|
Мамлекеттик бюджеттин ресурстары | 28,7 | 31,8 | 32,9 | 31,8 | 29,3 |
Жалпы кирешелер жана алынган расмий трансферттер | 25,4 | 30,5 | 31,6 | 30,8 | 30,3 |
Учурдагы кирешелер | 23,4 | 27,6 | 29,3 | 28,9 | 29,2 |
Салыктык түшүүлөр | 17,9 | 22,7 | 24,5 | 24,7 | 25,2 |
Салыктык эмес түшүүлөр | 5,6 | 4,9 | 4,9 | 4,2 | 4,0 |
Алынган расмий трансферттер | 2,0 | 2,8 | 2,3 | 1,9 | 1,1 |
Каржылоо | -3,3 | -1,3 | -1,3 | -1,0 | 1,0 |
Мамбюджеттин ресурстары | 28,7 | 31,8 | 32,9 | 31,8 | 29,3 |
Мамлекеттик бюджеттин жалпы чыгымдары | 28,7 | 31,8 | 32,9 | 31,8 | 29,3 |
Учурдагы чыгымдар | 24,8 | 25,3 | 26,4 | 25,0 | 23,7 |
Капиталдык чыгымдар | 3,9 | 6,4 | 6,5 | 6,8 | 5,6 |
МИ каржылоонун тышкы булактарынын эсебинен (гранттар менен) | 2,0 | 3,9 | 3,7 | 4,3 | 3,0 |
- ички кош каржылоо | 0,1 | 0,3 | 0,3 | 0,3 | 0,2 |
Ички булактардан капиталдык чыгымдар | 1,8 | 2,6 | 2,9 | 2,5 | 2,6 |
а.и. Республикалык бюджеттен капиталдык салымдар | 0,5 | 0,5 | 0,4 | 0,5 | 0,8 |
Мамкарыз боюнча пайыздарды төлөө | 1,4 | 1,5 | 1,6 | 1,6 | 1,6 |
тышкы карыз боюнча пайыздар | 0,7 | 0,8 | 0,8 | 0,8 | 0,7 |
ички карыз боюнча пайыздар | 0,7 | 0,7 | 0,8 | 0,8 | 0,9 |
Атайын каражаттар боюнча чыгымдар | 1,7 | 2,0 | 2,2 | 2,1 | 1,9 |
Мамлекеттик бюджеттин дискрециялык учурдагы чыгымдары | 21,7 | 21,8 | 22,6 | 21,4 | 20,2 |
6-Таблица. 2022-2024 жылдарга административдик ведомстволардын контролдук цифралар (атайын каражатсыз) | ||||||||
мин.сом | ||||||||
Код | Аталыш | 2021 бекитилген | 2022 болжол | 2021-жылга % | 2023 болжол | 2022-жылга % | 2024 болжол | 2023-жылга % |
11 | КР Жогорку Кенеши | 707 025,3 | 707 025,3 | 100,0 | 720 148,3 | 101,9 | 740 793,3 | 102,9 |
12 | КР Президентинин Аппараты | 151 327,3 | 451 351,9 | 298,3 | 459 325,3 | 101,8 | 461 868,8 | 100,6 |
13 | КР Президентинин архиви | 7 952,7 | 7 952,7 | 100,0 | 8 106,9 | 101,9 | 8 349,4 | 103,0 |
14 | КР Министрлер Кабинети | 216 555,4 | 30 000,0 | 13,9 | 30 000,0 | 100,0 | 30 000,0 | 100,0 |
15 | КР Президентинин Иш Башкармасы | 513 521,7 | 593 549,8 | 115,6 | 605 054,8 | 101,9 | 623 154,3 | 103,0 |
16 | КР Жогорку соту | 1 762 168,3 | 2 128 975,8 | 120,8 | 2 170 242,6 | 101,9 | 2 235 162,6 | 103,0 |
17 | КР Эсептөө палатасы | 240 847,1 | 254 719,6 | 105,8 | 259 656,9 | 101,9 | 267 424,2 | 103,0 |
18 | КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы | 1 435 671,2 | 233 589,1 | 16,3 | 183 320,5 | 78,5 | 134 892,6 | 73,6 |
19 | КР Башкы прокуратурасы | 566 786,5 | 668 192,4 | 117,9 | 681 012,2 | 101,9 | 701 383,8 | 103,0 |
20 | КР Аскер прокуратурасы | 42 827,6 | 49 653,9 | 115,9 | 50 616,4 | 101,9 | 52 130,5 | 103,0 |
21 | КР Омбудсмен (Акыйкатчы) Аппараты | 60 146,6 | 60 146,6 | 100,0 | 61 312,4 | 101,9 | 63 146,5 | 103,0 |
22 | КР Юстиция министрлиги | 1 906 125,8 | 2 045 524,6 | 107,3 | 2 084 722,0 | 101,9 | 2 146 386,6 | 103,0 |
23 | КР Тышкы иштер министрлиги | 1 377 283,2 | 1 952 607,6 | 141,8 | 1 984 919,2 | 101,7 | 2 035 751,2 | 102,6 |
24 | Резервдик жана башка аймактык фонддор | 981 867,2 | 1 481 867,2 | 150,9 | 1 500 899,1 | 101,3 | 1 530 839,7 | 102,0 |
26 | КР экономика жана Финансы министрлиги (мамлекетик программалар, иш-чаралар жана төлөмдөр) | 62 499 441,0 | 82 421 627,9 | 131,9 | 85 381 491,2 | 103,6 | 87 181 179,8 | 102,1 |
27 | КР экономика жана Финансы министрлиги | 3 027 799,5 | 3 581 180,4 | 118,3 | 3 649 434,0 | 101,9 | 3 756 809,1 | 102,9 |
31 | КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги | 13 316 112,3 | 18 815 085,6 | 141,3 | 18 275 280,0 | 97,1 | 18 605 952,4 | 101,8 |
34 | КР Билим берүү жана илим министрлиги | 28 997 777,0 | 29 612 177,0 | 102,1 | 30 182 827,7 | 101,9 | 31 080 563,4 | 103,0 |
35 | Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги | 54 308,1 | 42 565,2 | 78,4 | 43 429,3 | 102,0 | 44 728,4 | 103,0 |
39 | КР Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы | 14 363,6 | 14 363,6 | 100,0 | 14 642,0 | 101,9 | 15 080,0 | 103,0 |
40 | "Согуштун, эмгек, куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын ардагерлеринин жана КР тылдын эмгекчилеринин республикалык кеңеши" коомдук бирикмеси | 739,4 | 500,0 | 67,6 | 509,7 | 101,9 | 524,9 | 103,0 |
41 | КР Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги | 2 157 653,9 | 2 496 224,1 | 115,7 | 2 544 609,4 | 101,9 | 2 620 728,2 | 103,0 |
43 | КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги | 974 557,5 | 1 687 046,7 | 173,1 | 1 719 745,6 | 101,9 | 1 771 191,5 | 103,0 |
44 | КР Маданият,маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги | 2 899 249,7 | 3 284 534,0 | 113,3 | 3 347 121,7 | 101,9 | 3 445 583,4 | 102,9 |
45 | КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги | 2 210 440,0 | 1 986 865,6 | 89,9 | 2 025 377,8 | 101,9 | 2 085 964,5 | 103,0 |
46 | Жерди прикладдык изилдөөнүн Борбордук Азия институту | 14 335,5 | 14 335,5 | 100,0 | 14 613,4 | 101,9 | 15 050,5 | 103,0 |
49 | "Азиздер жана дүлөйлөр Кыргыз коомунун" борбордук башкаруусу | 39 701,3 | 50 380,3 | 126,9 | 51 356,8 | 101,9 | 52 893,1 | 103,0 |
50 | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия | 14 101,6 | 14 101,6 | 100,0 | 14 374,9 | 101,9 | 14 804,9 | 103,0 |
55 | КР Энергетика жана өнөр жай министрлиги | 1331015,8 | 1377054,5 | 103,4589 | 1403746,493 | 101,9383 | 1445737,789 | 102,99137 |
57 | КР Инвестициялар министрлиги |
| 139649,7 |
| 151625 | 108,5752 | 156382,5 | 103,13768 |
59 | КР Мамлекеттик кадр кызматы | 68 222,6 | 68 222,6 | 100,0 | 69 544,9 | 101,9 | 71 625,3 | 103,0 |
60 | КРӨгө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекетик агенттиги | 21 459,2 | 68 680,0 | 320,0 | 70 011,3 | 101,9 | 72 105,5 | 103,0 |
64 | КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия | 21 424,8 | 25 424,8 | 118,7 | 25 917,6 | 101,9 | 26 692,9 | 103,0 |
65 | Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитети | 672131,639 | 700813 | 104,2672 | 708845,568 | 101,1462 | 721482,239 | 101,78271 |
66 | КРӨ Соттук өкүлчүлүк борбору | 168 439,3 | 168 439,3 | 100,0 | 168 602,9 | 100,1 | 168 860,2 | 100,2 |
68 | ЮНЕСКО иштери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук комиссиясынын катчылыгы | 2 937,0 | 2 937,0 | 100,0 | 2 993,9 | 101,9 | 3 083,5 | 103,0 |
69 | КР Санариптик өнүктүрүү министрлиги | 573 511,1 | 578 511,1 | 100,9 | 589 724,7 | 101,9 | 607 365,3 | 103,0 |
70 | КР Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту | 14 390,1 | 14 390,1 | 100,0 | 14 669,0 | 101,9 | 15 107,8 | 103,0 |
71 | КРӨгө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы | 36 084,0 | 36 084,0 | 100,0 | 36 783,4 | 101,9 | 37 883,8 | 103,0 |
74 | КР Улуттук статистика комитети | 665 557,7 | 656 233,3 | 98,6 | 347 312,9 | 52,9 | 357 470,3 | 102,9 |
77 | КР Президентинин алдындагы Улуттук аттестациялык комиссия | 7 823,0 | 7 823,0 | 100,0 | 7 974,6 | 101,9 | 8 213,2 | 103,0 |
79 | КР Коргоо кеңешинин катчылыгы | 15 432,9 | 15 432,9 | 100,0 | 15 732,0 | 101,9 | 16 202,6 | 103,0 |
80 | КР Улуттук илимдер академиясы | 352 925,3 | 356 794,4 | 101,1 | 363 710,3 | 101,9 | 374 590,2 | 103,0 |
81 | КР Президентинин Иш башкармасынын клиникалык ооруканасы | 149 606,0 | 212 341,8 | 141,9 | 216 457,7 | 101,9 | 222 932,8 | 103,0 |
82 | Кыйноолорго жана башка ырайымсыз, адамкерчиликке жатпаган же кадыр-баркты басмырлаган мамилеге жана жазалоолордун түрлөрүнө бөгөт коюу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору | 12 467,8 | 13 888,2 | 111,4 | 14 157,4 | 101,9 | 14 580,9 | 103,0 |
84 | Журналдардын жана гезиттердин редакциялары | 481,3 | 481,3 | 100,0 | 490,6 | 101,9 | 505,3 | 103,0 |
85 | Кыргыз Республикасынын телерадиоберүүчү компаниялары | 511 682,1 | 511 682,1 | 100,0 | 521 600,2 | 101,9 | 537 203,3 | 103,0 |
87 | "Кыргызтест" мамлекеттик мекемеси | 12 240,1 | 12 240,1 | 100,0 | 12 477,4 | 101,9 | 12 850,6 | 103,0 |
88 | "Манас" жана Чынгыз Айтматов улуттук академиясы | 35 929,1 | 35 929,1 | 100,0 | 36 625,5 | 101,9 | 37 721,1 | 103,0 |
| Экономика жана Финансы министрлиги (КР Социалдык фондуна трансферттер) | 23 215 728,4 | 26 675 588,5 | 114,9 | 27 786 222,6 | 104,2 | 28 880 876,3 | 103,9 |
| Экономика жана Финансы министрлиги (ММКФна трансферттер) | 11 191 341,7 | 15 654 253,2 | 139,9 | 15 854 896,6 | 101,3 | 16 059 261,6 | 101,3 |
[1] Чийки затты кайра иштетүү наркын эсепке албастан, бирок сатып алынуучу электр энергиясын эсепке алуу менен.