Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 15-сентябры № 169
2022–2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 82-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) 2022–2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттары 1-тиркемеге ылайык;
2) 2022–2024-жылдарга бюджеттин параметрлери жана бюджетти түзүү үчүн контролдук цифралар 2-тиркеменин 1-6-таблицаларына ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-сентябрындагы № 483 “2021-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттары жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | У. А. Марипов |