Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-мартындагы № 139 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
1-тиркеме
|
| |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 2-декабрындагы № 287 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Бишкек-Сити" эл аралык ишкердик борборун куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча мамлекеттик дирекция жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 498 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. "Бишкек-Сити" эл аралык ишкердик борборун куруу" долбоорун ишке ашыруу боюнча мамлекеттик дирекция (мындан ары - Мамлекеттик дирекция) "Бишкек-Сити" эл аралык ишкердик борборун куруу" долбоорун ишке ашыруу боюнча мамлекеттик дирекциянын ишин координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин (мындан ары - уюштуруу комитети) чечимин аткаруучу мекеме болуп саналат. Ал заманбап технологиялардын жетишкендиктеринин деңгээлинде өнүккөн инфратүзүмү бар "Бишкек-Сити" эл аралык ишкердик борборун (мындан ары - ишкердик борбор) уюштуруу, долбоорлоо жана куруу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын макулдашылган ишин камсыздаган, жарандык коом, жеке сектор, эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуучу мекеме болуп саналат.
Мамлекеттик дирекция ишкердик борборду долбоорлоо жана куруу максатында министрликтер, административдик ведомстволор, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка мамлекеттик органдар, алардын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрү менен өз ара аракеттенет.
2. Мамлекеттик дирекция өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Мамлекеттик дирекция юридикалык жак болуп эсептелет, ага бекитилип берилген мүлктү оперативдүү башкарууну жүзөгө ашырат, өз алдынча балансы, негизги жана жүгүртүү каражаттары бар, мамлекеттик жана расмий тилдерде аталышы бар мөөрү, штамптары жана белгиленген үлгүдөгү бланктары, эмблемасы, ошондой эле Борбордук казыналыкта жана банктарда алыш-бериш эсеби жана башка эсептери бар.
Мамлекеттик дирекциянын уюштуруу-укуктук формасы -мамлекеттик мекеме.
Мамлекеттик дирекцияны күтүүгө чыгымдар тиешелүү жылга республикалык бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 498 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Мамлекеттик дирекциянын фирмалык аталышы:
мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Бишкек-Сити" эл аралык ишкердик борборун куруу" долбоорун ишке ашыруу боюнча мамлекеттик дирекция" мамлекеттик мекемеси;
расмий тилде: государственное учреждение Государственная дирекция по реализации проекта "Строительство международного делового центра "Бишкек-Сити" при Министерстве чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики".
Мамлекеттик дирекциянын кыскартылган аталышы:
мамлекеттик тилде: КР ӨКМ "Бишкек-Сити" МД";
расмий тилде: "ГД "Бишкек-Сити" МЧС КР".
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 498 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Мамлекеттик дирекция максаттарын жана милдеттерин ишке ашыруу үчүн белгиленген тартипте филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзө алат.
6. Мамлекеттик дирекциянын жайгашкан жери: Бишкек шаары, Жумабек көчөсү, 203/1.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 498 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Негизги милдеттери
7. Мамлекеттик дирекциянын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- долбоордук уюмдарды тартуу менен ишкердик борбордун шаар куруу жана долбоордук документтерин иштеп чыгуу;
- жалпыга маалымдоо каражаттарында ишкердик борбордун презентациялык иш-чараларын жана ишкердик борбордун курулушу жана иши боюнча жарнама өнөктүктөрүн өткөрүү боюнча иштерди уюштуруу;
- долбоорлорду ишке ашыруу боюнча инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, потенциалдуу инвесторлорду тандоо, алар менен ишкердик борбордун аймагында долбоорлорду инвестициялоо жөнүндө макулдашууларды түзүү;
- "Бишкек-Сити" эл аралык ишкердик борборун куруу" долбоорун ишке ашыруунун алкагында ресурстук камсыздоону тартуу жана башкаруу;
- ишкердик борбордун аймагында инвесторлор тарабынан долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүнө дайыма мониторинг жүргүзүү;
- заманбап энергияны үнөмдөөчү технологияларды ишке киргизүүнү, ошондой эле ишкердик борборду курууда жогорку технологиялык материалдарды жана буюмдарды натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу.
3. Мамлекеттик дирекциянын функциялары
8. Жүктөлгөн милдеттерге ылайык Мамлекеттик дирекция төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:
- заказчынын функцияларын аткаруу, ишкердик борбордун аймагында объекттерди долбоорлоонун жана куруунун сапатын, анын ичинде бюджеттик жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каражаттардын эсебинен каржылануучу аймактарды инженердик коммуникациялар менен камсыз кылуу, көчөлөрдү, жолдорду, унаа токтотуучу жайларды куруу, фонтандарды, сугаруу системаларын жана сырткы жарыктандырууну орнотуу, ошондой эле жалпы пайдаланылуучу жерлерди жакшыртуу жана жашылдандырууну координациялоо жана контролдоо;
- жаңы инфратүзүмүн түзүү жана учурдагы инфратүзүмүн модернизациялоо боюнча концепцияларды, стратегияларды, программаларды жана долбоорлорду иштеп чыгуу, жайгаштыруу системаларын пландоо жана аларды ишке ашыруу боюнча ишти уюштуруу;
- ишкердик борборду курууга байланышкан инвесторлор, финансы институттары жана эл аралык уюмдар менен белгиленген тартипте макулдашууларды түзүү, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана аларды ишке ашырууну камсыз кылуу;
- ведомстволор аралык, тармактар аралык, аймактык, финансы-экономикалык, инвестициялык жана башка пландарды иштеп чыгууну координациялоо;
- ишкердик борборду курууга байланышкан ички жана тышкы инвестицияларды, финансылык, техникалык жана башка ресурстарды тартуу;
- ишкердик борборду куруу маселелери боюнча өкмөттүк эмес уюмдар жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү.
9. Мамлекеттик дирекция Кыргыз Республикасынын курулуш чөйрөсүндөгү мыйзамдарына каршы келбеген ишкердик борборду долбоорлоо жана куруу маселелерине түздөн-түз байланышкан башка функцияларды да аткарат.
4. Мамлекеттик дирекциянын укуктары
10. Мамлекеттик дирекция ага жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу максатында төмөнкүлөргө укуктуу:
- ишкердик борборду долбоорлоо жана куруу боюнча министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор, башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүгө;
- ишкердик борборду долбоорлоо жана куруу боюнча иштерди аткаруу үчүн мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик ишканалардын жана уюмдардын, мамлекеттик эмес уюмдардын өкүлдөрүн, ата мекендик жана чет элдик эксперттердин тартууга;
- ишкердик борборду куруунун долбоорун ишке ашырууга байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү белгиленген тартипте сатып алууларды жүргүзүүгө;
- ишкердик борбордун аймагында объектилерди долбоорлоо жана куруу, инвесторлорго салык жана бажы жеңилдиктерин жана преференцияларын берүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аркылуу белгиленген тартипте демилгелөөгө;
- ишкердик борборду долбоорлоо жана куруу маселелерине тиешелүү Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткаруу жөнүндө отчетторду даярдоого;
- ишкердик борборду долбоорлоого жана курууга байланышкан маселелерди чечүү үчүн илимий жана башка уюмдарды, окумуштууларды жана адистерди тартууга;
- мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, башка органдардан ишкердик борборду долбоорлоо жана куруу боюнча иштерди аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматты жана документтерди белгиленген тартипте суроого жана алууга;
- тышкы жана ички финансылык, техникалык жана башка ресурстарды ишкердик борборду долбоорлоого жана курууга тартуу боюнча ишти уюштурууга;
- кабыл алынган милдеттерди инвесторлордун талаптагыдай аткаруусуна көзөмөл жүргүзүү, инвесторлор өз милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда ишкердик борбордун аймагында долбоорлорду инвестициялоо жөнүндө макулдашууларды мөөнөтүнөн мурда бузуу тууралуу чечимди белгиленген тартипте кабыл алууга;
- инвесторлордун, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруучулардын өрт жана техникалык коопсуздуктун белгиленген эрежелерин, курулуш жана шаар куруунун ченемдерин жана курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүү жана объектилерди эксплуатациялоо эрежелерин сактоосун көзөмөлдөөнү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен биргеликте ишке ашырууга;
- жарандык мыйзамдарда белгиленген тартипте филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүүгө;
- өзүнүн атынан жарандык-укуктук мамилелерди түзүүгө, жарандык-укуктук мамилелердин тарабы болуп чыгууга;
- обочолонгон мүлккө ээ болууга, өзүнүн атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарга ээ болууга жана алар боюнча жоопкерчилик тартууга.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 498 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Мамлекеттик дирекциянын ишин уюштуруу
11. Мамлекеттик дирекцияны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу башкы директор башкарат.
12. Башкы директордун биринчи орун басары жана орун басарлары бар.
Башкы директордун орун басарлары башкы директор тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат, башкы директорго түздөн-түз баш иет жана аларга жүктөлгөн милдеттердин чегинде Мамлекеттик дирекциянын ишин уюштурат.
Башкы директор жок болгон учурда анын милдеттерин башкы директордун орун басарларынын бири аткарат.
13. Башкы директор:
- Мамлекеттик дирекциянын ишине жалпы жетекчилик жүргүзөт жана Мамлекеттик дирекцияга жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышына жеке жоопкерчилик тартат;
- Мамлекеттик дирекциянын түзүмүн жана штаттык ырааттамасын штаттык сандын чегинде бекитет;
- орун басарларынын арасында милдеттерди бөлүштүрөт жана аларга өзүнүн ыйгарым укуктарынын бөлүгүн аткарууну тапшырат, Мамлекеттик дирекциянын компетенциясына тийиштүү оперативдүү, кадрдык, финансылык, өндүрүштүк-чарбалык жана башка маселелерди чечүү боюнча башка кызмат адамдардын ыйгарым укуктарын белгилейт;
- Мамлекеттик дирекциянын кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт, жылдырат жана кызмат ордунан бошотот, Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык аларга карата сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот;
- Мамлекеттик дирекциянын чыгымдар сметасынын чегинде финансы каражаттарын белгиленген тартипте тескейт;
- өз компетенциясынын чегинде аткарууга милдеттүү буйруктарды жана тескемелерди чыгарат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды аткарат.
5-1. Мүлк
(Глава КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 498 токтомунун редакциясына ылайык)
131. Мамлекеттик дирекциянын мүлкү негизги жана жүгүртүү каражаттарынан, ошондой эле ага оперативдүү башкаруу укугунда бекитилип берилген жана Мамлекеттик дирекциянын балансында чагылдырылган башка материалдык баалуулуктардан турат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 498 токтомунун редакциясына ылайык)
132. Мамлекеттик дирекциядан анын негизги фонддорун, жүгүртүү каражаттарын жана пайдаланылган мүлкүн алып коюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 498 токтомунун редакциясына ылайык)
133. Мекеме ага бекитилип берилген мүлктү жана смета боюнча ага бөлүнгөн каражаттардын эсебинен сатып алынган мүлктү ушул мүлктүн ээсинин макулдугу менен гана ээликтен ажыратууга же башка ыкма менен тескөөгө укуктуу. Бул мекеменин кирешесин бөлүштүрүү тартиби анын мүлкүнүн менчик ээси тарабынан аныкталат.
Эгерде уюмдаштыруу документтерине ылайык мекемеге киреше алып келүүчү ишти жүзөгө ашыруу укугу берилсе, анда мындай иштен алынган киреше жана бул кирешелердин эсебинен сатып алынган мүлк мекеменин өз алдынча тескөөсүндө болот жана өзүнчө баланста эсепке алынат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 498 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Мамлекеттик дирекцияны кайра уюштуруу жана жоюу
14. Мамлекеттик дирекцияны кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
15. Мамлекеттик дирекциянын иш процессинде келип чыккан документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.