Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-мартындагы № 139 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 9-сентябры № 498
"Бишкек-Сити" эл аралык ишкердик борборун куруу" долбоорун ишке ашыруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-июнундагы № 307 токтомунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 25-июлундагы № 249 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 1-ноябрындагы № 515 "Бишкек-Сити" эл аралык ишкердик борборун куруу" долбоорун ишке ашыруу боюнча мамлекеттик дирекцияны түзүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесинин 4-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-июнундагы № 307 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-июнундагы № 307 токтомунун редакцияларына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-тиркемесинин 5-пунктундагы "4980", "945", "476" жана "220" деген цифралар тиешелүү түрдө "4985", "950", "477" жана "221" деген цифралар менен алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 2-декабрындагы № 287 "Бишкек-Сити" эл аралык ишкердик борборун куруу" долбоорун ишке ашыруу боюнча мамлекеттик дирекция жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышындагы жана 1, 2, 5-пункттарындагы түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Бишкек-Сити" эл аралык ишкердик борборун куруу" долбоорун ишке ашыруу боюнча мамлекеттик дирекция" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Бишкек-Сити" эл аралык ишкердик борборун куруу" долбоорун ишке ашыруу боюнча мамлекеттик дирекция" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын:
"2-1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Мамлекеттик дирекциянын штаттык саны 6 бирдик санында 3-тиркемеге ылайык;
2) Мамлекеттик дирекциянын кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрү 4-тиркемеге ылайык.";
- 3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
"- Мамлекеттик дирекциянын кызматкерлерине эмгек өргүүгө чыкканда эки айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө ден соолугун чыңдоого жөлөкпул төлөнүп бериле тургандыгы.";
- ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда 3, 4-тиркемелер менен толукталсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Бишкек-Сити" эл аралык ишкердик борборун куруу" долбоорун ишке ашыруу боюнча мамлекеттик дирекция жөнүндө жободо:
- аталышындагы жана 1-пунктундагы "Бишкек-Сити" эл аралык ишкердик борборун куруу" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Бишкек-Сити" эл аралык ишкердик борборун куруу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3 жана 4-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Мамлекеттик дирекция юридикалык жак болуп эсептелет, ага бекитилип берилген мүлктү оперативдүү башкарууну жүзөгө ашырат, өз алдынча балансы, негизги жана жүгүртүү каражаттары бар, мамлекеттик жана расмий тилдерде аталышы бар мөөрү, штамптары жана белгиленген үлгүдөгү бланктары, эмблемасы, ошондой эле Борбордук казыналыкта жана банктарда алыш-бериш эсеби жана башка эсептери бар.
Мамлекеттик дирекциянын уюштуруу-укуктук формасы -мамлекеттик мекеме.
Мамлекеттик дирекцияны күтүүгө чыгымдар тиешелүү жылга республикалык бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылат.
4. Мамлекеттик дирекциянын фирмалык аталышы:
мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Бишкек-Сити" эл аралык ишкердик борборун куруу" долбоорун ишке ашыруу боюнча мамлекеттик дирекция" мамлекеттик мекемеси;
расмий тилде: государственное учреждение Государственная дирекция по реализации проекта "Строительство международного делового центра "Бишкек-Сити" при Министерстве чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики".
Мамлекеттик дирекциянын кыскартылган аталышы:
мамлекеттик тилде: КР ӨКМ "Бишкек-Сити" МД";
расмий тилде: "ГД "Бишкек-Сити" МЧС КР".";
- 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Мамлекеттик дирекциянын жайгашкан жери: Бишкек шаары, Жумабек көчөсү, 203/1.";
- 10-пункту төмөнкүдөй мазмундагы он төртүнчү абзац менен толукталсын:
"- обочолонгон мүлккө ээ болууга, өзүнүн атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарга ээ болууга жана алар боюнча жоопкерчилик тартууга.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 51-глава менен толукталсын:
"51. Мүлк
13-1. Мамлекеттик дирекциянын мүлкү негизги жана жүгүртүү каражаттарынан, ошондой эле ага оперативдүү башкаруу укугунда бекитилип берилген жана Мамлекеттик дирекциянын балансында чагылдырылган башка материалдык баалуулуктардан турат.
13-2. Мамлекеттик дирекциядан анын негизги фонддорун, жүгүртүү каражаттарын жана пайдаланылган мүлкүн алып коюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
13-3. Мекеме ага бекитилип берилген мүлктү жана смета боюнча ага бөлүнгөн каражаттардын эсебинен сатып алынган мүлктү ушул мүлктүн ээсинин макулдугу менен гана ээликтен ажыратууга же башка ыкма менен тескөөгө укуктуу. Бул мекеменин кирешесин бөлүштүрүү тартиби анын мүлкүнүн менчик ээси тарабынан аныкталат.
Эгерде уюмдаштыруу документтерине ылайык мекемеге киреше алып келүүчү ишти жүзөгө ашыруу укугу берилсе, анда мындай иштен алынган киреше жана бул кирешелердин эсебинен сатып алынган мүлк мекеменин өз алдынча тескөөсүндө болот жана өзүнчө баланста эсепке алынат.";
- жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинин аталышындагы "Бишкек-Сити" эл аралык ишкердик борборун куруу" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Бишкек-Сити" эл аралык ишкердик борборун куруу" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен макулдашуу боюнча республикалык бюджеттин чыгашаларын кайра бөлүштүрүүнүн эсебинен Мамлекеттик дирекцияны каржылоо үчүн 4900000 (төрт миллион тогуз жүз миң) сом суммасында каражаттарды карасын жана "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо тиешелүү өзгөртүүлөрдү карасын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| Тиркеме |
|
|
|
|
| "3-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Бишкек-Сити" эл аралык ишкердик борборун куруу" долбоорун ишке ашыруу боюнча мамлекеттик дирекциянын түзүмү жана ШТАТТЫК САНЫ
|
| 4-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Бишкек-Сити" эл аралык ишкердик борборун куруу" долбоорун ишке ашыруу боюнча мамлекеттик дирекциянын кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын ӨЛЧӨМДӨРҮ
№ | Кызмат орундардын аталышы | Саны | Кызматтык маяналардын өлчөмдөрү (сом менен) |
1 | Башкы директор | 1 | 70000 |
2 | Башкы бухгалтер | 1 | 45000 |
3 | Юрист | 1 | 45000 |
4 | Архитектор | 1 | 50000 |
5 | PR-менеджер | 1 | 37000 |
6 | Кызматтык жайларды тазалоочу | 1 | 7040 |
Эскертүү: Кызматтык жайларды тазалоочу адамга синтетикалык жуугуч жана дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу менен иши үчүн кызматтык маянасына 25 пайызга чейин өлчөмдө үстөк белгиленет.".