Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 10-декабры № 295
"Булут" технологиялары аркылуу түзүлгөн электрондук колтамганы текшерүү ачкычтарынын сертификаттарын калкка акысыз негизде берүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-январындагы № 40 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасында жеке жана юридикалык жактар тарабынан электрондук колтамганы масштабдуу түрдө колдонуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемеси:
- жеке жана юридикалык жактарга "булут" технологиялары аркылуу түзүлгөн электрондук колтамганы текшерүү ачкычтарынын сертификаттарын акысыз негизде берүүнү жүргүзсүн;
- жеке жана юридикалык жактар менен "булут" технологиялары аркылуу түзүлгөн электрондук колтамганы текшерүү ачкычтарын колдонуу маселелери боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-январындагы № 40 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-августундагы № 286-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 17-декабрындагы № 150 (3329) жарыяланды
Төрага | А.У. Жапаров |