Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 295 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2020-жылдын 20-августу № 286-б
Кыргыз Республикасында колдонуучуга багытталган санариптик платформаларды жана сервистерди өнүктүрүү жана ишке киргизүү үчүн шарттарды түзүү максатында, «Кыргыз Республикасынын өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасы 2020-жылдын 20-августунан тартып 2021-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде «булут» технологиялары, анын ичинде Бирдиктүү идентификациялоо системасында каттоодон өтүүдө документтердин электрондук колтамгасы сервиси аркылуу түзүлгөн электрондук колтамганы текшерүү ачкычтарынын сертификаттарын жеке жана юридикалык жактарга акысыз негизде берүү боюнча кампания жүргүзсүн:
- кампанияны жүргүзүү мезгилинде «булут» технологиялары жана Бирдиктүү идентификациялоо жана аутентификациялоо системасында каттоодон өтүүдө документтердин электрондук колтамгасы сервиси аркылуу түзүлгөн электрондук колтамганы текшерүү ачкычтарынын сертификаттарын жеке жана юридикалык жактарга акысыз негизде берсин;
- жеке жана юридикалык жактарга «булут» технологиялары аркылуу түзүлгөн электрондук колтамганы текшерүү ачкычтарын колдонуу мүмкүн болгон чөйрөлөр жөнүндө маалымдоо боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн чараларды Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары ишке ашыруу учун жооптуу болуп аныкталышсын.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын санариптик трансформациялоо бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | К.А. Боронов |