Сравнение редакций…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 254 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө жобо
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду (мындан ары - Социалдык фонд) мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарууну жүзөгө ашырган, өз алдынча башкаруу принциптеринде иштеген, Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо системасынын аткаруучу органы болуп эсептелет. Социалдык фонд милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жаатында камсыздандыруу ишин жүзөгө ашырган камсыздоочу болуп саналат.
2. Социалдык фонд өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына, Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочу кеңештин (мындан ары - Байкоочу кеңеш) чечимдерине жана ушул Жобого ылайык жүргүзөт.
3. Социалдык фонд мекеменин уюштуруучулук-укуктук формасы менен юридикалык жактын статусуна ээ, өзүнүн аталышы жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү бар.
4. Толук фирмалык аталышы:
мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду";
расмий тилде: "Социальный фонд Кыргызской Республики при Кабинете Министров Кыргызской Республики".
Кыскартылган аталышы:
мамлекеттик тилде: "Социалдык фонд";
расмий тилде: "Социальный фонд".
5. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Радищев көч., 62.
6. Социалдык фонддун Кыргыз Республикасынын аймагында региондук органдары жана ведомстволук мекемелери бар.
7. Социалдык фонд Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин карамагындагы Социалдык фонддун укук мурастоочусу болуп саналат.
2. Социалдык фонддун максаты
8. Социалдык фонддун максаты болуп Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун туруктуу өнүгүшүн камсыз кылуу эсептелет.
3. Социалдык фонддун милдеттери
9. Социалдык фонддун милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо жаатында макулдашылган саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик социалдык камсыздандырууга камсыздандырылган адамдардын укуктарын камсыз кылуу;
- Социалдык фонддун финансылык туруктуулугун камсыз кылуу.
4. Социалдык фонддун функциялары
10. Социалдык фонд төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо жаатында негизги багыттарды түзүү, топтомо бөлүк кирген мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо тартибин аныктоочу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине киргизүү;
- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча жана пенсиялык системанын топтомо бөлүгү үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин долбоорлорун иштеп чыгуу;
- Социалдык фонддун компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине сунуштарды даярдоо;
- пенсияларды, жөлөкпулдарды чектөө, компенсацияларды эсептөө жана аларды төлөөнү уюштуруу;
- Кыргыз Республикасынын аймагында өз ишин жүргүзгөн юридикалык жана жеке жактарды эсепке алуу, жеке жана юридикалык жактарды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашырган мамлекеттик органдардын маалыматынын негизинде камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдүн бардык категориялары боюнча маалымат банкын жүргүзүү;
- камсыздандыруу төгүмдөрүн топтоо жана өз убагында Пенсиялык фондго, Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондуна, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна жана Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна өткөрүп берүү;
- Пенсиялык фонддун, Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жана Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондунун чыгымдарын каржылоо;
- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттарын туура чыгымдоону контролдоо;
- камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо, камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнү жана төлөөнү контролдоо, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча мыйзамдардын талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу боюнча функцияларга жана ыйгарым укуктарга ээ болгон ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан табылган тартип бузууларды четтетүү боюнча талаптарды коюу үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөргө 2019-жылдын 1-январына чейинки мезгил үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн, финансылык жана айыптык санкцияларды эсептөө;
- "Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык камсыздандырылган адамдардын жекече (индивидуалдык) эсебин жүргүзүү;
- кызматкердин жана башка жарандардын ден соолугуна зыян келтирүүгө күнөөлүү болгон иш берүүчүлөрдөн жана жарандардан эмгектик мертинүүдөн, кесиптик оорулардан улам майыптык боюнча же баккан адамынан айрылгандыгы боюнча мамлекеттик пенсиянын суммасын өндүрүп алуу;
- Социалдык фонддун компетенциясына кирген маселелер боюнча калк жана юридикалык жактар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
- Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондду түзүү жана башкаруу;
- пенсиялык топтомо каражаттарын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген максаттарда гана пайдалануу;
- пенсиялык топтоолорду инвестициялоо жана жарандарды пенсиялык камсыздоо маселелери боюнча топтомо пенсиялык системанын катышуучулары менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашыруу;
- камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо, камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнү жана төлөөнү контролдоо, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча мыйзамдардын талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу боюнча функцияларга жана ыйгарым укуктарга ээ болгон, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашыруу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка функцияларды аткаруу.
5. Социалдык фонддун укуктары жана милдеттери
11. Коюлган милдеттерге жетүү үчүн Социалдык фонд төмөнкүлөргө укуктуу:
- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасын уюштурууга;
- пенсияларды, жөлөкпулдарды төлөп берүүгө;
- жеке топтомо пенсиялык камсыздоо системасын уюштурууга;
- белгиленген тартипте Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондун уюштурууга жана башкарууга;
- пенсиялык активдерди башкаруучу компанияларга ишеним башкарууга которууга;
- инвестициялык кирешени камсыздандырылган адамдардын камсыздандыруу эсептеринин топтомо бөлүктөрү боюнча бөлүштүрүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пенсиянын топтомо бөлүгүн төлөп берүүгө;
- юридикалык жана жеке жактардан пенсия жана жөлөкпулдарды чектөө ж:ана төлөө менен байланышкан документтерди берүүнү талап кылууга;
- камсыздандыруучулардан пенсияларды төлөө боюнча табылган мыйзам бузууларды четтетүүнү талап кылууга;
- уюштуруу-укуктук формаларына жана менчигинин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан юридикалык жана жеке (анын ичинде чет өлкөлүк) жактардын ишин белгиленген тартипте иликтөөгө, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттарын чыгымдоо маселеси боюнча зарыл болгон документтерди жана маалыматтарды алууга;
- салык кызматынын органдарынан камсыздандыруучулар жана камсыздандырылган адамдар жөнүндө мамлекеттик социалдык жана пенсиялык камсыздандырууну жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон, анын ичинде салык декларациясын жана башка маалыматтарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте суроого жана алууга;
- "Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурлардан сырткары, юридикалык жактын кызмат адамдарынан, жеке жактардан пенсияларды, жөлөкпулдарды, компенсацияларды төлөөгө каралган каражаттарды чыгымдоо боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууларды четтетүүнү талап кылууга;
- контролдоочу органдардан, башка уюмдардан, мекемелерден жана ишканалардан квалификациялуу адистерди экспертиза жүргүзүүгө тартууга;
- инновациялык маалыматтык-коммуникациялык технологияларды жана программаларды, стратегиялык документтердин долбоорлорун иштеп чыгууга жана ишке киргизүүгө тиешелүү квалификациясы бар консультанттарды, адистерди, эксперттерди тартууга;
- камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөргө камсыздандыруу төгүмдөрүн, финансылык жана айыптык санкцияларды белгиленген тартипте эсептөөгө;
- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча мыйзамдардын талаптарын бузуу жөнүндө маалыматтарды жана материалдарды камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо, камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнү жана төлөөнү контролдоо, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча мыйзамдардын талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу боюнча функцияларга жана ыйгарым укуктарга ээ болгон ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана укук коргоо органдарына берүүгө;
- банктарда эсептерди ачууга;
- убактылуу бош каражаттарды банктардагы кыска мөөнөттүү депозиттерге жайгаштырууга, мамлекеттик жана башка баалуу кагаздар менен операцияларды жүргүзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы чыгарган баалуу кагаздарды сатып алууга жана сатууга;
- пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында уруксат берилген активдерге пенсиялык топтоо каражаттарын жайгаштырууга;
- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасынын финансылык туруктуулугун камсыз кылуу үчүн резервдик фонддорду, ошондой эле өнүктүрүү фонддорун түзүүгө. Резервдик фонддорду жана өнүктүрүү фондун түзүү жана пайдалануу тартиби Байкоочу кеңеш тарабынан аныкталат;
- зайым каражаттарын, гранттарды, субсидияларды тартууга;
- доолорду коюуга жана Социалдык фонддун кызыкчылыктарын коргоо үчүн зарыл болгон башка укуктук аракеттерди көрүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан Социалдык фонддун ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды алууга;
- белгиленген тартипте эл аралык кызматташууга, эл аралык келишимдердин долбоорлорун иштеп чыгууга жана Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди ишке ашырууга катышууга;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте конкурстун жыйынтыгы боюнча тандалып алынган пенсиялык системанын топтомо бөлүгүндө башкаруучу компаниялар жана адистештирилген депозитарий менен келишимдерди түзүүгө;
- адистештирилген депозитарийдин жана башкаруучу компаниялардын пенсиялык топтоо каражаттарын түзүү жана инвестициялоо боюнча ишинин финансылык жыйынтыктары жөнүндө отчетторун кароого;
- Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
12. Социалдык фонд төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, камсыздандырылган адамдардын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиялар, жөлөкпулдар жана компенсациялар менен камсыздоо бөлүгүндө мыйзам тарабынан корголуучу укуктарын сактоого;
- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттарын натыйжалуу башкарууну камсыз кылууга;
- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасынын финансылык туруктуулугун камсыз кылуучу чараларды көрүүгө;
- камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдү каттоого коюуга, камсыздандыруучулардын жана камсыздандырылган адамдардын бирдиктүү эсебин жүргүзүүгө;
- камсыздандырылган адамдардын мамлекеттик социалдык жана пенсиялык камсыздандыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана шарттарда камсыздандыруу менен камсыз болуу укуктарын камсыздоого;
- камсыздандырылган адамдарга пенсияларды, пенсиялык топтоо каражаттарын жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча жөлөкпулдарды туура жана өз убагында эсептөөнү жана төлөөнү камсыз кылууга;
- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча жана пенсиялык системанын топтомо бөлүгү үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин долбоорлорун иштеп чыгууга;
- Социалдык фонддун бюджетинин долбоорун иштеп чыгууга жана аталган бюджеттин аткарылышын камсыз кылууга;
- камсыздандыруучуларга, камсыздандырылган адамдарга, мамлекеттик жана коомдук уюмдарга Социалдык фонддун финансылык абалы жөнүндө белгиленген тартипте маалымдоого;
- камсыздандыруучулар, камсыздандырылган адамдар жана башкаруучу компаниялар берген маалыматтарды камсыздандырылган адамдардын өздүк камсыздандыруу эсептерине өз убагында киргизүүнү, ошондой эле аларды ишенимдүү сактоону камсыз кылууга;
- камсыздандырылган адамдарды өздүк камсыздандыруу эсептериндеги пенсиялык топтоолору жөнүндө маалымат менен камсыз кылууга;
- жеке мүнөздөгү маалыматты санкцияланбаган кирүүдөн коргоо маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аткарылышын камсыз кылууга;
- камсыздандыруучуларды жана камсыздандырылган адамдарды мамлекеттик социалдык жана пенсиялык камсыздандыруу маселелери боюнча ченемдик укуктук актылар жөнүндө маалымдоого жана консультация берүүгө;
- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөөчүлөргө камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында же толук эмес төлөгөндүгү үчүн туумдарды жана айыптарды эсептөөгө;
- камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо, камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнү жана төлөөнү контролдоо, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча мыйзамдардын талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу боюнча функцияларга жана ыйгарым укуктарга ээ болгон ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төлөөчүлөрдөн 2019-жылдын 1-январына чейинки мезгил үчүн эсептелген камсыздандыруу төгүмдөрү, туумдар, айыптар жана башка финансылык санкциялар боюнча карыздардын суммасын өндүрүп алуу жөнүндө маалыматты берүүгө;
- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттарын чыгымдоо жөнүндө отчетторду жогору турган органдарга бекитүү үчүн өз убагында берүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча тиешелүү отчетту жогору турган органдарга өз убагында берүүгө;
- Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун каражаттары боюнча тиешелүү отчетту пенсиялык топтоо каражаттарын түзүү жана инвестициялоо чөйрөсүндө жөнгө салуу, контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу органга өз убагында берүүгө;
- камсыздандырылган адамдын арызы боюнча камсыздандырылган адамдын пенсиялык активдерин башкаруучу компанияларга же жеке пенсиялык фонддорго жана пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоону жүзөгө ашырган жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте пенсиялык топтоолорду башкарууга укугу бар башка түзүмдөргө башкаруу үчүн жиберүүгө;
- пенсиялык топтоо каражаттарын ишеним башкаруу келишимдерине ылайык пенсиялык топтоо каражаттарын башкаруучу компанияларга берүүгө;
- пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоо менен байланышкан чыгымдарды төлөөгө;
- пенсиялык топтоо каражаттарынын, аларды жайгаштыруунун, алынган инвестициялык кирешенин өзгөчөлөнгөн эсебин жүргүзүүгө;
- пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоонун жыйынтыктарын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө камсыздандырылган адамдардын топтомо пенсиялык эсептеринде чагылдырууга;
- камсыздандырылган адамдардын пенсиялык активдерин арызы боюнча топтомо пенсиялык фонддорго жиберүүгө;
- пенсиялык топтоо каражаттарынан пенсиянын топтомо бөлүгүн төлөп берүүгө;
- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте камсыздандыруучулардын жана камсыздандырылган адамдардын даттанууларын кароого.
6. Социалдык фонддун каражаттары
13. Социалдык фонддун каражаттары төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иш берүүчүлөрдүн, иштеп жаткан жарандардын жана башка жактардын камсыздандыруу төгүмдөрүнөн, буга Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондуна түшкөн камсыздандыруу төгүмдөрү жана пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоо боюнча операциялардан алынган инвестициялык киреше кирбейт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган республикалык бюджеттин ассигнованиелеринен;
- камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында жана толук эмес которгондугу үчүн туумдардан, айыптардан жана пайыздардан;
- регресстик талаптарды коюунун натыйжасында иш берүүчүлөрдөн жана жарандардан өндүрүлгөн каражаттардан;
- эмгектин өзгөчө шарттары үчүн пенсияларды төлөөгө иш берүүчүлөр которгон каражаттардан;
- жоюлуп жаткан ишканалардын кызматкерлерине пенсия жана жөлөкпулдарды төлөө үчүн капиталдаштырылган суммалардан;
- ишканалардын Социалдык фондго таандык акциялары боюнча дивиденддерден;
- Кыргыз Республикасынын юридикалык жана жеке жактарынын жана чет өлкөлүк жарандардын ыктыярдуу төгүмдөрүнөн;
- Социалдык фонддун бош каражаттарын жайгаштыруудан алынган кирешеден;
- Социалдык фондго таандык мүлктү сатуудан жана ижарага берүүдөн алынган кирешеден, толук көлөмдө;
- акы төлөнүүчү негизде мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн алынган кирешеден;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка түшүүлөрдөн.
14. Социалдык фонддун каражаттары төмөнкүлөргө жумшалат:
- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пенсия төлөөгө;
- расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулдарды төлөөгө;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу мыйзамдарына ылайык эмгектик мертинүү же кесиптик оору боюнча компенсацияларды төлөөгө;
- милдеттүү медициналык камсыздандырууну каржылоого;
- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыздандырылган адамдардын жана алардын багуусунда болгон үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугун чыңдоо боюнча иш-чараларды каржылоого;
- Социалдык фонддун күндөлүк ишин финансылык жана материалдык-техникалык камсыз кылууга түшкөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жалпы көлөмүнүн 3 пайызынан ашпаган көлөмдө;
- резервдик фонддорду жана өнүктүрүү фондун түзүүгө.
15. Социалдык фонддун мүлкү жана акча каражаттары мамлекеттин менчигинде турат. Социалдык фонддун акча каражаттары республикалык бюджеттин курамына кирбейт, алып коюлбайт жана андан салык, салыктык эмес төлөмдөр жана комиссиялык жыйымдар алынбайт.
16. Социалдык фонд өзүнө таандык акча каражаттарына, имараттарга, курулуштарга, башка материалдык баалуулуктарга жана мүлккө өз алдынча ээлик кылат, аларды пайдаланат жана тескейт.
7. Социалдык фонддун бюджети жана отчеттуулук
17. Социалдык фонд өз алдынча бюджетке ээ. Социалдык фонддун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өздүк киреше булагынын болушу Социалдык фонддун бюджетинин өз алдынчалыгынын негизи болуп эсептелет.
18. Социалдык фонддун бюджеттик системасын Пенсиялык фонддун, Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жана Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондунун бюджеттери түзөт.
19. Эсептик мезгил финансылык жылды жана ал аяктагандан кийинки бир айдан ашпаган мезгилди камтыйт, анын ичинде пенсиялык милдеттенмелерди кошпогондо, отчеттук жыл үчүн бюджетти аткаруунун алкагында кабыл алынган милдеттенмелер боюнча операциялар бүткөрүлөт.
20. Социалдык фонддун кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдонгон мезгилге бюджетинин долбоору жана анын аткарылышы жөнүндө отчету жыл сайын Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык иштелип чыгат.
21. Социалдык фонддун бюджетинин долбоору жана анын аткарылышы жөнүндө отчету Байкоочу кеңеш менен макулдашылат.
22. Социалдык фонддун бюджетинин аткарылышынын аудити Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан жүргүзүлөт.
23. Социалдык фонддун бекитилген бюджетин аткаруу процессине башка органдардын кийлигишүүсүнө жол берилбейт.
24. Өзүнүн ишинин ачыктыгын камсыз кылуу максатында Социалдык фонд квартал сайын жалпыга маалымдоо каражаттарына финансылык отчетторду жарыялап турат. Социалдык фонддун финансылык отчетторунун түзүмү, даярдоо жана жарыялоо тартиби Социалдык фонддун башкармасы тарабынан белгиленет.
8. Социалдык фонддун аудити
25. Социалдык фонддун ишинин аудитин Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жүргүзөт.
26. Байкоочу кеңеш Социалдык фонддун көз карандысыз финансылык аудитин жүргүзүүгө укуктуу.
Социалдык фонддун аудитин жүргүзүү жөнүндө чечим Байкоочу кеңеш тарабынан аудитке алынуучу жыл аяктаганга чейин кабыл алынат.
Аудитордук уюм тендер жүргүзүү аркылуу аныкталат жана Байкоочу кеңеш тарабынан бекитилет. Аудит боюнча кызматтар Социалдык фонддун каражаттарынын эсебинен төлөнөт.
27. Социалдык фонддун ички аудити "Ички аудит жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүргүзүлөт.
9. Социалдык фонддун ишин координациялоо
28. Социалдык фонддун ишин Байкоочу кеңеш координациялайт.
29. Байкоочу кеңеш мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасынын өз алдынча башкаруу органы болуп саналат.
30. Байкоочу кеңеш мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасынын бардык катышуучуларынын (мамлекет, жалдоочулар, кесиптик бирликтер, коомдук бирикмелер жана пенсиялык камсыздоо жана саламаттык сактоо боюнча жарандардын кызыкчылыктарын билдирген уюмдар) бирдей өкүлчүлүгүнүн принцибинде түзүлөт. Байкоочу кеңештин жеке курамы мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасынын катышуучуларынын сунуштары боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан бекитилет.
10. Социалдык фонддун ишин уюштуруу
31. Социалдык фонд өзүнүн ишин мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо боюнча мыйзамдарда жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген ыйгарым укуктардын чегинде өз алдынча уюштурат жана жүргүзөт.
32. Социалдык фонд өзүнө жүктөлгөн милдеттерди Байкоочу кеңештин чечимдерин жана сунуштамаларын жетекчиликке алып чечет.
33. Социалдык фонддун ишине жетекчиликти коллегиялуу орган - Социалдык фонддун башкармасы жүзөгө ашырат.
34. Социалдык фонддун башкармасынын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- Социалдык фонддун перспективдүү жана күндөлүк милдеттерин аныктоо;
- Социалдык фонддун тиешелүү бюджеттик жылга жана болжолдонгон мезгилге бюджетинин долбоорлорун жана бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетторун жактыруу;
- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин долбоорун жактыруу;
- пенсиялык жана социалдык камсыздандыруу саясатына ылайык иштелип чыккан ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун жактыруу;
- Социалдык фонддун түзүмүн бекитүү;
- Социалдык фонддун штаттык ырааттамасын, кызматкерлеринин эмгек акы төлөө формаларын, системасын жана өлчөмдөрүн бекитүү;
- Социалдык фонддун эсептеринин планын бекитүү;
- финансылык отчеттордун түзүмүн, аларды даярдоо жана жарыялоо тартибин аныктоо;
- Социалдык фонддун компетенциясына кирген актыларды бекитүү;
- Социалдык фонддун жана анын башкармасынын регламентин, ошондой эле Социалдык фонддун ички жол-жоболорун бекитүү;
- Социалдык фонддун региондук органдарын жана башка өз алдынча түзүмдүк бөлүмдөрүн түзүү жана жоюу;
- эл аралык кызматташтыкка катышуу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
- Социалдык фонддун ишин камсыздоо үчүн негизги каражаттарды сатып алуу жана сатуу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу. Ошол эле учурда негизги каражаттарды сатып алуу жана сатуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
Социалдык фонддун башкармасы Социалдык фонддун ишине тиешелүү ар кандай башка маселени кароого укуктуу.
35. Социалдык фонддун башкармасынын чечими токтом түрүндө кабыл алынат жана Социалдык фонддун бардык органдары жана кызматкерлери тарабынан аткаруу үчүн милдеттүү болуп саналат.
36. Социалдык фонддун башкармасы бир жыныстагы адамдардын жетимиш пайызынан көп эмес өкүлдөрүн эске алуу менен жети адамдан турат. Башкарманын курамына кызмат орду боюнча Социалдык фонддун төрагасы жана анын орун басарлары кирет. Башкарманын калган мүчөлөрү Социалдык фонддун башка жооптуу кызматкерлеринин ичинен Социалдык фонддун төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
37. Социалдык фонддун башкармасы өзүнүн жыйындарын зарылчылыгы боюнча, бирок айына бир жолудан кем эмес өткөрөт.
38. Башкарманын жыйынынын кворуму башкарманын беш мүчөсүнөн турат. Эгерде мүчөлөрүнүн кеминде төртөө бул чечимге добуш берсе, башкарманын чечими кабыл алынат.
39. Социалдык фонддун башкармасынын ишин жетектөөнү жана анын жыйындарын алып барууну Социалдык фонддун төрагасы, ал жок болгон учурда аны алмаштырган адам жүргүзөт.
40. Социалдык фонддун төрагасын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот. Социалдык фонддун төрагасынын орун басарлары Социалдык фонддун төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат. Социалдык фонддун төрагасынын орун басарлары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын демилгеси боюнча кызмат орундарынан бошотулушу мүмкүн.
41. Социалдык фонддун төрагасы:
- Социалдык фондго жүктөлгөн милдеттерди аткарууга жеке жоопкерчилик тартат;
- Социалдык фонддун башкармасын башкарат жана анын ишин уюштурат;
- Социалдык фонддун атынан аракеттенет;
- Кыргыз Республикасында жана чет өлкөлөрдө мамлекеттик органдар, банктар, кредиттик, эл аралык жана башка мекемелер жана уюмдар менен болгон мамилелерде Социалдык фонддун кызыкчылыгын көздөйт;
- ушул Жобого ылайык башкарманын компетенциясына кирген маселелерден тышкары Социалдык фонддун ишинин бардык маселелери боюнча чечим кабыл алат;
- башкарманын жыйындарынын чечимдерине, протоколдоруна, ошондой эле Социалдык фонд түзгөн макулдашуулар менен келишимдерге кол коёт;
- орун басарларынын милдеттерин жана жоопкерчиликтерин аныктайт;
- борбордук аппараттын кызматкерлерин, региондук органдардын (Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте) жана өз алдынча түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот, аталган адамдарга тартиптик жазаны колдонууга жана аларды сыйлоого укуктуу;
- Социалдык фонддун бардык кызматкерлери тарабынан аткарылышы милдеттүү болгон буйруктарды, тескемелерди чыгарат жана көрсөтмө берет.
42. Социалдык фонддун кызматкерлери үчүн ишке кабыл алуунун шарты, кызматтык милдеттери жана укуктары, сыйлоо жана тартиптик жазаны колдонуу системасы Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Социалдык фонддун башкармасы тарабынан аныкталат.
11. Социалдык фонддун иши жөнүндө маалымат
43. Социалдык фонд өзүнүн ишин айкындык принцибинин негизинде жүргүзөт.
44. Социалдык фонд купуя жана мыйзам менен корголгон башка маалыматтардан сырткары, өзүнүн иши жөнүндө маалыматтарды камсыздандыруучуларга жана камсыздандырылган адамдарга, ошондой эле мамлекеттик органдарга дайыма берип турат.
12. Социалдык фонддун региондук органдары жана ведомстволук мекемелери
45. Социалдык фонддун региондук органдары жана ведомстволук мекемелери Социалдык фонддун башкармасынын чечими менен түзүлөт, кайра уюштурулат жана ишин токтотот.
46. Социалдык фонддун региондук органдары жана ведомстволук мекемелери юридикалык жак болуп эсептелет.
47. Социалдык фонддун региондук органдары аймактык принцип боюнча түзүлөт. Социалдык фонд өз ишин региондордо Кыргыз Республикасынын бардык аймагы боюнча региондук органдар аркылуу ишке ашырат.
48. Социалдык фонддун региондук органдарынын жана ведомстволук мекемелеринин ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздери Социалдык фонддун башкармасы тарабынан аныкталат.
Региондук органдар жана ведомстволук мекемелер жөнүндө жоболор Социалдык фонддун башкармасы тарабынан бекитилет.
49. Региондук органдардын жана ведомстволук мекемелердин иши Социалдык фонд тарабынан белгиленген тартипте контролдонот.
50. Башкарманын чечимдери, Социалдык фонддун төрагасынын буйруктары жана тескемелери Социалдык фонддун региондук органдары жана ведомстволук мекемелери тарабынан милдеттүү түрдө аткарылат.
13. Социалдык фонддун ишин кайра уюштуруу жана токтотуу тартиби
51. Социалдык фонддун, анын региондук органдарынын жана ведомстволук мекемелеринин ишин кайра уюштуруу жана токтотуу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
52. Социалдык фонддун ишин жүргүзүүдө келип чыккан документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат.

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-сентябрындагы № 591 токтомунун редациясына ылайык)

- Социалдык фондго жүктөлгөн милдеттерди аткарууга, ошондой эле коррупцияны алдын алуунун ички системасын түзүү боюнча чаралар көрүлбөгөндүгү үчүн жеке жоопкерчилик тартат;