Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 6-декабры № 294
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жер участогуна укуктарды күбөлөндүрүүчү документтерди тариздөө жана кыймылсыз мүлк бирдиктерине техникалык изилдөө жүргүзүү чөйрөсүндө мамлекеттик кызмат көрсөтүү маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-ноябрындагы № 733, 2026-жылдын 10-апрелиндеги № 234 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Жер участогуна укуктарды күбөлөндүрүүчү документтерди тариздөө жана кыймылсыз мүлк бирдиктерине техникалык изилдөө жүргүзүү чөйрөсүндө мамлекеттик кызмат көрсөтүү жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 25-апрелиндеги № 246 "Ысык-Көл курорттук-туристтик районунда жер пайдаланууну, курулуш курууну, көрктөндүрүүнү тартипке салуу жана табигый чөйрөнүн корголушун камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 6-пункту күчүн жоготту деп табылсын;
2) 7-пунктундагы "жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агентствонун" деген сөздөр алып салынсын.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-апрелиндеги № 234 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-декабрындагы № 311 "Жер участогуна укуктарды күбөлөндүрүүчү документтерди тариздөөнүн жана берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жер участогуна укуктарды күбөлөндүрүүчү документтерди тариздөөнүн жана берүүнүн тартиби жөнүндө жобо:
1) төмөнкүдөй мазмундагы 141-пункт менен толукталсын:
"141. Жер участогунун иш жүзүндөгү аянты укук белгилөөчү документте көрсөтүлгөн аянт менен дал келбегендиги аныкталганда, эгерде арыз ээси укук белгилөөчү документтеги аянттан аз жер участогунун иш жүзүндөгү аянты менен макул болсо, анда арыз ээсинин жазуу жүзүндөгү макулдугу менен жер участогунун иш жүзүндөгү аянтын көрсөтүү менен укук күбөлөндүрүүчү документ таризделет.";
2) 16-пунктунда:
- он экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"үчүнчү графага жер участогунун жайгашкан жери - калктуу конуштарда так почта дареги жазылат. Кыймылсыз мүлк бирдигинин почта дареги өзгөргөндө, укук күбөлөндүрүүчү документ алмаштырылбайт, мында эски почта дареги чийип салынат жана жаңы почта дарегин ыйгаруу менен жазуу жазылат, ал мөөр менен күбөлөндүрүлөт.";
- он үчүнчү абзацы "аткаруучусу тарабынан кол коюлат" деген сөздөрдөн кийин "(анын ичинде укуктарды күбөлөндүрүүчү документтин архивдик нускасына жергиликтүү каттоо органынын тийиштүү түзүмдүк бөлүмүнүн башчысы менен картографы кол коёт)" деген сөздөр менен толукталсын;
3) төмөнкүдөй мазмундагы 194-пункт менен толукталсын:
"194. Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана алар менен бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык кошумча документтерди берүү зарылчылыгы келип чыккан учурда жер кадастры боюнча ишти жүзөгө ашырган жергиликтүү каттоо органынын тийиштүү түзүмдүк бөлүмүнүн аткаруучусу жерге жайгаштыруу иштерин жана жер участогуна укукту күбөлөндүрүүчү документтерди тариздөөнү 30 күнгө чейинки мөөнөткө токтотот жана жетишпеген документтерди же болбосо карама-каршылыктардын жоюлгандыгын тастыктаган документтерди арыз ээсине билдирилген күндөн тартып 30 күндүн ичинде берүү зарылдыгы тууралуу жергиликтүү каттоо органынын жетекчисинин колу коюлган белгиленген формадагы бланкта арыз ээсине билдирет.
Эгерде арыз ээси билдирилген күндөн тартып 30 күндүн ичинде зарыл документтерди бербесе, анда жерге жайгаштыруу иштерин жана жер участогуна укукту күбөлөндүрүүчү документтерди тариздөөдөн баш тартылат.".
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-ноябрындагы № 733 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-октябрындагы № 610 "Кыргыз Республикасында даректерди ыйгаруу жана Даректүү каттоону жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-пунктундагы "Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы" деген сөздөр "Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында даректерди ыйгаруу жана Даректүү каттоону жүргүзүү тартиби жөнүндө жободо:
- 6-пунктундагы "Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаменти" деген сөздөр "Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
- 21-пункту күчүн жоготту деп табылсын.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.У. Жапаров |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 6-декабры № 294
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жер участогуна укуктарды күбөлөндүрүүчү документтерди тариздөө жана кыймылсыз мүлк бирдиктерине техникалык изилдөө жүргүзүү чөйрөсүндө мамлекеттик кызмат көрсөтүү маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-ноябрындагы № 733, 2026-жылдын 10-апрелиндеги № 234, 2026-жылдын 19-майындагы № 353 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Жер участогуна укуктарды күбөлөндүрүүчү документтерди тариздөө жана кыймылсыз мүлк бирдиктерине техникалык изилдөө жүргүзүү чөйрөсүндө мамлекеттик кызмат көрсөтүү жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 25-апрелиндеги № 246 "Ысык-Көл курорттук-туристтик районунда жер пайдаланууну, курулуш курууну, көрктөндүрүүнү тартипке салуу жана табигый чөйрөнүн корголушун камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 6-пункту күчүн жоготту деп табылсын;
2) 7-пунктундагы "жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агентствонун" деген сөздөр алып салынсын.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-апрелиндеги № 234 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-майындагы № 353 токтомуна ылайык күчүн жоготту)