Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-сентябрындагы № 604 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 3-декабры № 289
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-декабрындагы № 738 "Республикалык бюджеттик каражаттарынын эсебинен каржыланган уюмдар тарабынан жумушкерлердин башка жерге ишке которулгандыгына байланыштуу алардын чыгымдарынын ордун жабуу тартибин бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Райондордун мамлекеттик администрацияларынын башчылары - акимдер башка жерге кызматка которулган учурда убактылуу турак жай жалдоо боюнча чыгымдарынын ордун жабуу максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 191-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-декабрындагы № 738 "Республикалык бюджеттик каражаттарынын эсебинен каржыланган уюмдар тарабынан жумушкерлердин башка жерге ишке которулгандыгына байланыштуу алардын чыгымдарынын ордун жабуу тартибин бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланган уюмдар тарабынан жумушкерлердин башка жерге ишке которулгандыгына байланыштуу алардын чыгымдарынын ордун жабуу тартибинде:
- 1-пунктунун 3-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) жаңы жерге жайгашуу боюнча чыгымдар жумушкерге төмөнкүдөй төлөнөт:
- жаңы жумуш орду боюнча кызматтык маянасынын (бир айлык тарифтик ставкасы) өлчөмүндө бир жолу;
- райондордун мамлекеттик администрацияларынын башчылары - акимдерге башка жерге (башка калктуу конушка - 100 км ашык) кызматка которулганда иштеген мезгилине, кызматтык турак жай жок болгон учурда - тиешелүү документтер менен ырасталган иш жүзүндөгү чыгымдарынын өлчөмүндө, бирок суткалык чыгымдардын ченеминин 80 пайызынан ашык эмес өлчөмдө.
Чыгымдардын орду райондордун мамлекеттик администрацияларынын башчылары - акимдер тарабынан бир айдын ичинде мекеменин финансылык органына убактылуу турак жайды (жашоо аянтын) ижарага алуу келишиминин көчүрмөсүн, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын анын жана аны менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнүн менчигинде бул жерде турак жайы (жашоо аянты) жоктугу тууралуу маалымкатын берүү менен арыз берүүсү аркылуу жабылат.
Райондордун мамлекеттик администрацияларынын башчылары - акимдердин убактылуу турак жайды жалдоо боюнча чыгымдарынын ордун жабуу мүлктү пайдалануу мөөнөтү башталган күндөн тартып ишке ашырылат.".
2. Бул токтом 2021-жылдын 1-июнунан тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.У. Жапаров |