Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-сентябрындагы № 604 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2014-жылдын 26-декабры № 738
Республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланган уюмдар тарабынан жумушкерлердин башка жерге ишке которулгандыгына байланыштуу алардын чыгымдарынын ордун жабуу тартибин бекитүү тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 3-декабрындагы № 289 токтомунун редакциясына ылайык)
Республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланган уюмдардын жумушкерлерин социалдык жактан коргоо максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 191-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланган уюмдар тарабынан жумушкерлердин башка жерге ишке которулгандыгына байланыштуу алардын чыгымдарынын ордун жабуу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Тиркеме
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 3-декабрындагы № 289 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланган уюмдардын (мындан ары - уюмдар) жумушкерлерине иш берүүчү менен алдын ала келишим түзүү боюнча которуу тартибинде Кыргыз Республикасынын аймагында башка жерге (башка калктуу конушка) ишке которулган учурда чыгымдардын ордун жабуу төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленсин:
1) жумушкердин жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча көчүү чыгымдары – жол кире документтери менен ырасталган иш жүзүндөгү чыгымдар өлчөмүндө, бирок жол кире наркынан жогору эмес:
- аба транспорту менен - экономикалык класс салонунда;
- автомобилдик транспорт менен - жалпы пайдалануудагы автотранспорт каражаттарында (таксиден тышкары).
Иш жүзүндөгү чыгымдарды ырастаган жол кире документтери жок учурда, чыгымдардын орду жабылбайт;
2) үй-бүлөгө 3000 (үч миң) килограмм салмакка чейинки мүлктү автомобиль транспорту (жалпы пайдалануудагы) менен ташуу боюнча чыгымдар - иш жүзүндө жумшалган чыгымдардын өлчөмүндө. Бул чыгымдардын орду жүктүн салмагы жана ташуу баасы жазылган белгилеген каттам боюнча мүлктү ташуу тууралуу товардык-транспорттук коштомо кагазы болгон учурда жабылат. Товардык-транспорттук коштомо кагазы жок болгон учурда мүлктү ташуу чыгымдары төлөнбөйт;
3) жаңы жерге жайгашуу боюнча чыгымдар жумушкерге төмөнкүдөй төлөнөт:
- жаңы жумуш орду боюнча кызматтык маянасынын (бир айлык тарифтик ставкасы) өлчөмүндө бир жолу;
- райондордун мамлекеттик администрацияларынын башчылары - акимдерге башка жерге (башка калктуу конушка - 100 км ашык) кызматка которулганда иштеген мезгилине, кызматтык турак жай жок болгон учурда - тиешелүү документтер менен ырасталган иш жүзүндөгү чыгымдарынын өлчөмүндө, бирок суткалык чыгымдардын ченеминин 80 пайызынан ашык эмес өлчөмдө.
Чыгымдардын орду райондордун мамлекеттик администрацияларынын башчылары - акимдер тарабынан бир айдын ичинде мекеменин финансылык органына убактылуу турак жайды (жашоо аянтын) ижарага алуу келишиминин көчүрмөсүн, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын анын жана аны менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнүн менчигинде бул жерде турак жайы (жашоо аянты) жоктугу тууралуу маалымкатын берүү менен арыз берүүсү аркылуу жабылат.
Райондордун мамлекеттик администрацияларынын башчылары - акимдердин убактылуу турак жайды жалдоо боюнча чыгымдарынын ордун жабуу мүлктү пайдалануу мөөнөтү башталган күндөн тартып ишке ашырылат.
Эгерде иш берүүчү жумушкерге тиешелүү кыймыл каражаттарын берсе, ушул пункттун 1 жана 2-пунктчаларында каралган чыгымдардын орду жабылбайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 3-декабрындагы № 289 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Жумушкерге, эгерде анын башка жердеги жумушка кетүүсү менен байланышкан чыгымдарынын ордун табуунун өлчөмүн алдын ала так аныктоо мүмкүн болбогон учурда, иш берүүчү менен алдын ала түзүлгөн келишим боюнча аванс берилет. Жумушкер жол кире документтери менен ырасталбаган жол жүрүүгө жана мүлктү ташууга арналган аванстын бир бөлүгүн иш берүүчүгө кайтарып бериши керек.
3. Жумушкердин үй-бүлө мүчөлөрүнүн көчүүсү жана алардын мүлкүн ташуу боюнча, ошондой эле алардын жаңы жерге жайгашуусу боюнча чыгымдарынын орду, эгерде алар жумушкердин жаңы жашаган жерине жумушкер ошол жерде иштеп баштаган күндөн тартып бир жыл өткөнгө чейин көчүп барышса гана жабылат. Ошону менен бирге, жумушкердин мурда жашаган жеринен каттоодон чыккандыгы, жаңы жашаган жери боюнча катталуусу жөнүндө, ошондой эле үй башкармалыгынын же турак жай-эксплуатациялык кеңсесинин үй-бүлөсү келген калктуу конушту жана келген датасын көрсөтүү менен үй-бүлөсүнүн курамы (балдарынын, ата-энесинин, асырап алгандардын туулган даталарын көрсөтүү менен) жөнүндө маалымкаты берилет.
4. Эгерде жумушкер башка жердеги кызматка өзүнүн каалоосу боюнча которулса, которулууга байланышкан чыгымдардын орду жабылбайт.
5. Ушул тартиптин 1-пунктунда белгиленген өлчөмдөрдө чыгымдардын ордун жабуу, жумушкерди которуу зарылдыгы жөнүндө чечим кабыл алган уюмдун иш берүүчүсү тарабынан жумушкерлердин башка жерге жумушка которулуусу менен байланышкан иш-чараларды жүзөгө ашыруу үчүн республикалык бюджеттен ушул уюмга бөлүнгөн каражаттардын чегинде же болбосо каражаттарды үнөмдөөнүн эсебинен ишке ашырылат.
6. Жумушкер башка жерге ишке которулгандыгына байланыштуу төлөнүп берилген каражаттарды толугу менен кайтарып берүүгө милдеттүү, эгерде:
- ал белгиленген мөөнөттө жүйөлүү себептерсиз ишке киришпесе;
- ал эмгек келишиминде аныкталган иш мөөнөтү бүткөнгө чейин, ал эми мөөнөтү аныкталбаган учурда- бир жыл толгонго чейин жумуштан өз каалоосу боюнча жүйөлүү себептерсиз иштен бошосо же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эмгек келишимин токтотууга негиз болгон күнөөлүү аракеттерди жасагандыгы үчүн иштен бошотулса.
7. Ушул тартипте каралган кепилдиктер жана компенсациялар жумушкерге негизги жумуш орду боюнча гана берилет.
8. Ушул тартип Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка жерге ишке которулган учурда чыгымдардын ордун жабуунун башка өлчөмдөрү каралган жумушкерлердин категорияларына карата колдонулбайт.