Загрузка документа…
| 1-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 300 токтомуна ылайык) |
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы жөнүндө
жобо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 440, 2022-жылдын 16-сентябрындагы № 514, 2024-жылдын 30-январындагы № 36, 2024-жылдын 3-сентябрындагы № 539, 2025-жылдын 17-февралындагы № 74, 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625, 2025-жылдын 9-октябрындагы № 652 , 2026-жылдын 1-июлундагы № 455, 2026-жылдын 30-июлундагы № 516 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул жобо Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын (мындан ары – Финкөзөмөл) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. Финкөзөмөл Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын укук улантуучусу болуп саналат.
3. Финкөзөмөл Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине (мындан ары – Министрлик) караштуу ведомстволук бөлүмдүн статусунда иштеген, банктык эмес финансы рыногун, бухгалтердик эсепке алууну жана финансылык отчеттуулукту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, ошондой эле виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп саналат.
Банктык эмес финансылык рынок деп Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүнө баалуу кагаздар рыногун; камсыздандыруу ишин; аудитордук ишти; мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун ишин; пенсиялык активдерди башкарган компаниялардын ишин; товардык жана фондулук биржалардын ишин, биржалык сооданы; лоторея жана күрөөкана ишин; оюн-зоок, анын ичинде онлайн-казино, электрондук (виртуалдык) казино ишин, лизинг ишин (Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүндөгү юридикалык жактардын лизинг ишин кошпогондо) камтыган Кыргыз Республикасынын финансы рыногунун бөлүгү түшүнүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 440, 2024-жылдын 30-январындагы № 36, 2024-жылдын 3-сентябрындагы № 539, 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625, 2026-жылдын 30-июлундагы № 516 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. Финкөзөмөл өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Министрликтин чечимдерин жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Финкөзөмөл өз ишин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер жана башка юридикалык, жеке жактар менен өз ара аракеттенүү менен жүргүзөт.
6. Финкөзөмөл юридикалык жак болуп саналат, анын өз алдынча балансы жана обочолонгон мүлкү, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, башка мөөрлөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык казыналык системасында жана коммерциялык банктарда алыш-бериш жана башка эсептери бар.
Финкөзөмөлдүн уюштуруу-укуктук формасы – оперативдүү башкаруу укугунда түзүлгөн мамлекеттик мекеме.
7. Финкөзөмөлдүн толук фирмалык аталышы:
– мамлекеттик тилде: «Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы»;
– расмий тилде: «Служба регулирования и надзора за финансовым рынком при Министерстве экономики и коммерции Кыргызской Республики»;
8. Финкөзөмөлдүн фирмалык кыскартылган аталышы:
– мамлекеттик тилде: «Финкөзөмөл»;
– расмий тилде: «Финнадзор».
9. Финкөзөмөлдүн юридикалык дареги: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чүй проспекти, 114.
2. Финкөзөмөлдүн ишинин максаты
10. Финкөзөмөлдүн ишинин максаты мамлекеттин туруктуу экономикалык өсүшү үчүн, банктык эмес финансы рыногун, бухгалтердик эсепке алуу жана финансылык отчеттуулук системасын өнүктүрүү аркылуу инвестициялык климатты жакшыртуу, ошондой эле банктык эмес финансы рыногунун субъекттеринин, банктык эмес финансы рыногунун субъекттеринин кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчүлөрдүн жана баалуу кагаздарды кармоочулардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.
3. Финкөзөмөлдүн милдеттери
11. Финкөзөмөлдүн милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүү, банктык эмес финансы рыногун, бухгалтердик эсепке алуу жана финансылык отчеттуулук системасын өнүктүрүүнүн стратегиясын жана артыкчылыктарын аныктоо;
2) банктык эмес финансы рыногун, бухгалтердик эсепке алууну жана финансылык отчеттуулукту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу маселелери боюнча ченемдик-укуктук базаны иштеп чыгуу;
3) банктык эмес финансы рыногун, бухгалтердик эсепке алуу жана финансылык отчеттуулук системасын мамлекеттик жөнгө салуу;
4) Кыргыз Республикасында корпоративдик башкаруу принциптерин өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
5) дүйнөлүк финансы рыногуна, ошондой эле эл аралык бухгалтердик жана аудитордук коомдоштукка интеграциялоо үчүн шарттарды түзүү;
6) банктык эмес финансы рыногунун, виртуалдык активдер рыногунун субъекттерине алардын иштерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо боюнча белгиленген тартипте көзөмөлдү камсыз кылуу;
7) финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарын, аудиттин эл аралык стандарттарын киргизүү үчүн шарттарды камсыз кылуу жана финансылык отчеттуулуктун жана аудиттин эл аралык стандарттарынын талаптарынын сакталышын контролдоо механизмин түзүү;
8) банктык эмес финансы рыногунун, виртуалдык активдер рыногунун финансылык кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчүлөрдүн укуктарын жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын коргоо;
9) банктык эмес финансы рыногу жаатында лицензиялоону жүзөгө ашыруу;
10) финансылык отчеттуулуктун Ачык депозитарийин түзүү жана иштетүү үчүн шарттарды камсыз кылуу.
11) жөнгө салынуучу/көзөмөлдөгү субьекттерге карата лицензиялык контролду жүзөгө ашыруу;
12) көзөмөлдөгү субъекттер тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарынын, анын ичинде максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу боюнча талаптардын сакталышына мониторинг жүргүзүү.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-сентябрындагы № 514, 2026-жылдын 30-июлундагы № 516 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
12. Бул Жободогу бухгалтердик эсепке алууну, финансылык отчеттуулукту жана аудитти жөнгө салуу маселелери жеке сектордогу жөнгө салууга кирет.
4. Финкөзөмөлдүн функциялары
13. Финкөзөмөл төмөнкүдөй функцияларды ишке ашырат:
1) тармактык саясаттын функциялары:
– банктык эмес финансы рыногун өнүктүрүү, анын ичинде банктык эмес финансы рыногу, бухгалтердик эсепке алуу жана финансылык отчеттуулук системасы жаатындагы тобокелдиктерди башкаруу боюнча саясатты аныктоо боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгат жана ишке ашырат;
– банктык эмес финансы рыногунун субъекттери үчүн бухгалтердик эсепке алууга жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүүгө талаптарды иштеп чыгат;
– банктык эмес финансы рыногун жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынуучу/ көзөмөлдөгү субъекттер тарабынан алардын ишинин алкагындагы маалыматтарды ачыкка чыгаруу боюнча талаптарды иштеп чыгат жана алардын аткарылышын контролдойт;
– ачык компаниялардын жана кесипкөй катышуучулардын финансылык отчетторуна аудит жүргүзүү боюнча аудитордук уюмдарга жана жеке аудиторлорго карата талаптарды иштеп чыгат;
– аудитордук иш чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты жана аудиторлордун, аудитордук уюмдардын, кесипкөй аудитордук бирикмелердин ишине карата талаптарды иштеп чыгат;
– аудитордук иш, аудиттин сапатын тышкы контролдоо, аудиторго кесиптик квалификация ыйгаруу жана аудиторлорго үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү, аудитордун кесиптик квалификациясы жана аудиторлорго үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү программалары боюнча жогорку окуу жайларынын жана кесипкөй аудитордук бирикмелердин окуу программаларын аккредитациялоо чөйрөлөрүндөгү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгат;
– виртуалдык активдер рыногун көзөмөлдөө жана мониторинг жүргүзүү боюнча башка мамлекеттик органдар, эл аралык институттар жана уюмдар менен өз ара аракеттенет жана координациялоону жүзөгө ашырат;
– виртуалдык активдер чөйрөсүндө сунушталып жаткан жөнгө салуучу чечимдердин көзөмөлдөө жана комплаенс-тобокелдиктерин баалоону жүргүзөт;
– виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө практикасынын негизинде виртуалдык активдер чөйрөсүндө саясатты ишке ашыруу жана жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органга мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдайт;
– виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү көзөмөл маселелери боюнча эл аралык аянтчаларда Кыргыз Республикасынын өкүлү болот;
– виртуалдык активдер чөйрөсүндө саясатты ишке ашыруу жана жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган менен өз ара аракеттенүүдө виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү чет элдик көзөмөл органдары менен маалымат алмашууну жүзөгө ашырат;
– өзүнүн компетенциясынын чегинде кызматташуу жөнүндө макулдашууларды түзөт;
2) жөнгө салуу функциялары:
– баалуу кагаздардын чыгарылышын карайт, каттоого алат, чыгарылган баалуу кагаздардын шарттарын жана Кыргыз Республикасынын эмитенттеринин жана чет өлкөлүк эмитенттеринин баалуу кагаздарынын проспектилерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каттоого алат;
– жөнгө салынуучу субъекттерге карата жазылган арыздарды жана даттанууларды карайт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү чараларды көрөт;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банктык эмес финансылык рынокто иш жүргүзүүгө лицензияларды жана/же уруксаттарды берет;
– банктык эмес финансы рыногунун жөнгө салынуучу субъекттеринин кызмат адамдарын дайындоого, банктык эмес финансы рыногунун, виртуалдык активдер рыногунун жөнгө салынуучу субъекттеринин филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн ачылышына байланыштуу уюштуруу документтерине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө макулдук берет;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда лицензиялардын жана/же уруксаттардын колдонулушун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте токтотуп турат, калыбына келтирет, жокко чыгарат;
– белгиленген тартипте банктык эмес финансы рыногунун өзүн-өзү жөнгө салган уюмдардын реестрин жүргүзөт;
– Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздарынын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзөт;
– банктык эмес финансы рыногунда берилген, токтотулуп турган, калыбына келтирилген, токтотулган жана жокко чыгарылган лицензиялардын жана уруксат берүүчү документтердин реестрин жүргүзөт;
– инвестициялык кеңеш берүүчүлөрдүн реестрин жүргүзөт.
– банктык эмес финансы рыногу, виртуалдык активдер рыногу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка функцияларды жүзөгө ашырат;
– аудиторлордун, аудитордук уюмдардын жана кесипкөй аудитордук бирикмелердин бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзөт, ошондой эле бирдиктүү мамлекеттик реестрде камтылган маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте берет;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте Ачык депозитарийдин финансылык отчеттуулугун түзөт жана башкарат;
– оюн-зоок бизнесинин, анын ичинде онлайн-казинонун, электрондук (виртуалдык) казинонун бардык субъекттери үчүн оюндун эрежелерине карата минималдуу талаптарды белгилейт, ошондой эле кумар оюндарын жана онлайн кумар оюндарын уюштуруу жана өткөрүү эрежелерин макулдашат;
- (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-июлундагы № 516 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-июлундагы № 516 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-июлундагы № 516 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-июлундагы № 516 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-июлундагы № 516 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
-(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-июлундагы № 516 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3) колдоо функциялары:
– банктык эмес финансы рыногун, бухгалтердик эсепке алуу жана финансылык отчеттуулук системасын өнүктүрүү жана жөнгө салуу маселелери боюнча чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдар менен кызматташууларды жүзөгө ашырат;
– жөнгө салынуучу субъекттердин жана инвесторлордун арасына натыйжалуу жана ачык финансы рыногунун принциптерин киргизет;
– өз функцияларын жана ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун алкагында жөнгө салынуучу субъекттер менен кызматташат;
– банктык эмес финансы рыногунун жөнгө салынуучу субъекттеринин кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчүлөрдүн жана баалуу кагаздардын ээлеринин укуктарын коргоо маселелери боюнча сотко доолор менен кайрылат;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банктык эмес финансы рыногунун катышуучуларына окуу жана сертификациялоо өткөрөт, аудитордун квалификациялык сертификатын, баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун квалификациялык күбөлүгүн алуу укугуна талапкерлерди аттестациялайт;
– (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-июлундагы № 516 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Финкөзөмөлдүн ишинин процессинде түзүлгөн архивдик документтерди комплекттөө, сактоо, эсепке алуу жана пайдалануу боюнча чараларды жүзөгө ашырат;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Финкөзөмөлдүн муктаждыктары үчүн товарларды жеткирүүгө, жумуштарды аткарууга, кызматтарды көрсөтүүгө заказдарды жайгаштырууга конкурстарды өткөрүүнү жана мамлекеттик контракттарды түзүүнү уюштурат;
– кесипкөй аудитордук бирикме сунуш кылган аудиторлорго үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү программасына макулдук берет;
– аудиттин стандарттарын, сапатты контролдоо стандарттарын, коштомо стандарттарды, Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарын, Чакан жана орто ишкердиктин субъекттери үчүн финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарын, Этика кодексин мамлекеттик тилге которууну уюштурат;
– аудиттин стандарттарын, сапатты контролдоо стандарттарын, коштомо стандарттарды, Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарын, Чакан жана орто ишкердиктин субъекттери үчүн финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарын, Этика кодексин расмий сайтка жарыялайт;
– аудиторго кесиптик квалификация ыйгарат;
– аудитордун кесиптик квалификациясы жана аудиторлорго үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү программалары боюнча жогорку окуу жайларынын жана кесипкөй аудитордук бирикмелердин окуу программаларын аккредитациялайт;
– ФОЭАСтын жоболоруна ылайык финансылык отчеттуулукту түзүүнү талап кылган ачык кызыкчылыктары бар субъекттердин, ири ишкердик субъекттердин финансылык отчетторун жана Ачык депозитарийдин финансылык отчету аркылуу чыгарылган аудитордук корутундуну жарыялайт;
– (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-июлундагы № 516 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
– (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-июлундагы № 516 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4) координациялоо, контролдоо жана мониторинг жүргүзүү функциялары:
– ишкердик субъекттерди текшерүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынуучу субъекттерге текшерүү жүргүзөт, анын ичинде алардын финансылык жана чарбалык иштеринин банктык эмес финансы рыногун, виртуалдык активдер рыногун жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына шайкештигин текшерет;
– материалдарды укук коргоо органдарына жиберет жана Финкөзөмөлдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча сотко доо менен кайрылат;
– «Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсиялык топтолмо каражаттарын инвестициялоо чөйрөсүн жөнгө салат, контролдойт жана көзөмөлдөйт;
– аудитордук иш, аудиттин стандарттары, сапатты контролдоо стандарттары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Этика кодексинин аудиторлор, аудитордук уюмдар жана кесипкөй аудитордук бирикмелер тарабынан сакталышын контролдойт;
– аудиторлорго үзгүлтүксүз кесиптик билим берүүгө мониторинг жүргүзөт;
– аудитордук уюмдардын, кесипкөй аудитордук бирикмелердин отчетторун карайт;
– аудиттин сапатына тышкы контролду жүргүзөт жана анын жыйынтыктарын карайт;
– банктык эмес финансы рыногунун, виртуалдык активдер рыногунун жөнгө салынуучу субъекттери, ачык кызыкчылыктары бар субъекттер, ири ишкердик субъекттери жана орто ишкердик субъекттери берген финансылык отчеттордун жана аудитордук корутундулардын толук жана өз убагында берилишин текшерет.
– өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында суроо-талаптарды жөнөтөт жана жөнгө салынуучу/көзөмөлдөгү субъекттерден зарыл болгон маалыматтарды жана материалдарды алат;
– виртуалдык активдер рыногунун абалы жана кабыл алынган көзөмөлдөө чаралары жөнүндө жылдык отчетторду даярдайт жана расмий сайтка жарыялайт;
– виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүнө талаптагыдай көзөмөл механизмдерин, анын ичинде виртуалдык активдер менен байланышкан блокчейн-талдоо операцияларынын куралдарын ишке киргизет жана колдонот;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган өзүнүн көзөмөлдөө жана контролдоо ыйгарым укуктарынын чегинде башка функцияларды жана милдеттерди жүзөгө ашырат;
– жөнгө салынуучу/көзөмөлдөгү субъекттердин ишине туруктуу мониторинг жүргүзөт;
– тобокелдикке багытталган мамилеге ылайык виртуалдык активдер рыногунун субьекттеринин тобокелдиктерди баалоо системасын түзөт;
– виртуалдык активдер рыногунун субьекттерин кошпогондо, жөнгө салынуучу/көзөмөлүндөгү субъекттердин менчик түзүмүндөгү, катышуучулардын (акционерлердин), бенефициардык ээлик кылуучулардын жана жөнгө салынуучу/көзөмөлүндөгү субьекттердин жетекчи адамдарынын курамындагы өзгөрүүлөрдү контролдоону жүзөгө ашырат;
– виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү көзөмөлүндөгү субьекттердин жана алардын кызмат адамдарынын ишкер беделдерине көзөмөл функцияларынын алкагында талдоолорду жүргүзөт;
– виртуалдык активдер рыногунун субьекттерин кошпогондо, жөнгө салынуучу/көзөмөлүндөгү субъекттердин уставдык капиталынын жетиштүүлүгүнө жана аны түзгөн булактардын мыйзамдуулугуна контроль жүргүзөт;
– виртуалдык активдер рыногу чөйрөсүндөгү маалыматтарды жөнгө салынуучу/көзөмөлүндөгү субьекттердин толук жана анык ачып берүүсүн контролдойт;
– виртуалдык активдерди жайгаштырууга жана платформаларда жүгүртүүгө мониторинг жана текшерүү жүргүзөт;
– тышкы же инспектордук текшерүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча отчетту даярдайт жана виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү саясатты жана жөнгө салууну ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу органга жөнөтөт;
– майнинг-пулдарынын ишине мониторинг жүргүзөт;
– майнинг ишинин билдирилген жана иш жүзүндөгү кубаттуулугуна талдоо жүргүзөт;
– жөнгө салынуучу/көзөмөлүндөгү субъекттерди Кыргыз Республикасынын кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарын, анын ичинде максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу боюнча талаптардын сактоо боюнча текшерүүлөрдү жүзөгө ашырат;
– жөнгө салынуучу/көзөмөлүндөгү субъекттердин тобокелдик даражасын түзөт;
– финансылык чалгындоо органы менен өз ара аракеттенет жана Кыргыз Республикасынын кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген учурларда, тартипте жана мөөнөттөрдө ага маалыматтарды жана материалдарды жөнөтөт;
– тобокелдиктери жогору жөнгө салынуучу/көзөмөлүндөгү субъекттерге карата күчөтүлгөн көзөмөл чараларын колдонот.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 440, 2022-жылдын 16-сентябрындагы № 514, 2024-жылдын 30-январындагы № 36, 2026-жылдын 1-июлундагы № 455, 2026-жылдын 30-июлундагы № 516 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5. Жөнгө салынуучу субъекттерге карата
Финкөзөмөлдүн ыйгарым укуктары
14. Өз функцияларын ишке ашыруу максатында Финкөзөмөл төмөнкүлөргө укуктуу:
1) лицензияларды, уруксаттарды берүүгө, кайра тариздөөгө, токтото турууга, токтотууга, жокко чыгаруу үчүн материалдарды сот органдарына жөнөтүүгө;
2) аудиторго кесиптик квалификация ыйгарууга, аудитордун квалификациялык сертификатын жана/же баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын квалификациялык күбөлүгүн берүүгө;
3) берилген лицензиялардын жана уруксаттардын реестрлерин жүргүзүүгө;
4) жөнгө салынуучу субъекттерден катышуучулардын/ уюштуруучулардын курамы, уставдык капиталдагы үлүшү жөнүндө маалыматтарды, отчетторду, алардын финансы-экономикалык иши жөнүндө маалыматтарды, иши жөнүндө учурдагы отчетторду жана функцияларын аткаруу максатында башка маалыматтарды суроого жана алууга;
5) жөнгө салынуучу субъекттер тарабынан банктык эмес финансы рыногун, виртуалдык активдер рыногун, бухгалтердик эсепке алуу жана финансылык отчеттуулук маселелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын сакталышына мониторинг жүргүзүүгө;
6) ишкердик субъекттерди текшерүү тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банктык эмес финансы рыногун, виртуалдык активдер рыногун жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболорунун сакталышына карата жөнгө салынуучу субъекттерге, анын ичинде алардын финансылык жана чарбалык иштерине текшерүү жүргүзүүгө;
7) жөнгө салынуучу субъекттер тарабынан банктык эмес финансы рыногун, виртуалдык активдер рыногун жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптар сакталбаган жана/же бузулган учурда, алар үчүн аткарууга милдеттүү жазма буйрукту жана эскертүүнү жөнөтүүгө;
8) жөнгө салынуучу субъекттер тарабынан банктык эмес финансы рыногун, виртуалдык активдер рыногун жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптар сакталбаган жана/же бузулган учурда, алардан мыйзамдарда белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө бузууларды четтетүүнү талап кылууга;
9) жөнгө салынуучу/көзөмөлдөгү субъекттер тарабынан Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансы рыногун жөнгө салуучу мыйзамдарында белгиленген талаптарды аткарууну жана бузууларды жоюуну камсыз кылуу, банктык эмес финансы рыногунун субъекттеринин кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчүлөрдүн жана баалуу кагаздардын кармоочулардын кызыкчылыктарын коргоо максатында сот органдарына кайрылуу;
10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда баалуу кагаздар менен операцияларды токтото туруу жана/же баалуу кагаздарды кармоочулардын эсепке алуу жана сактоо системасындагы жеке эсептеринде баалуу кагаздардын кыймылын бөгөттөө;
11) банктык эмес финансы рыногун жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактысы боюнча текшерүү же соттук териштирүү жүргүзүлүп жаткан жөнгө салынуучу субъекттердин активдерин тескөөнү чектөө жөнүндө талап менен сот органдарына кайрылууга. Банктык эмес финансы рыногун жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактысы боюнча текшерүү же соттук териштирүү жүргүзүлүп жаткан жөнгө салынуучу субъекттин активдеринин башкаруучусу болуп саналган башка жакка карата активдерди тескөөнү чектөө жөнүндө ушундай эле талап менен сот органдарына кайрылууга болот;
12) банктык эмес финансы рыногу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн сот тарабынан күнөөлүү деп таанылган жөнгө салынуучу субъекттин кирешелерин мамлекеттик бюджетке алуу жана аталган жактын банктык эмес финансы рыногу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгынын натыйжасында жабыр тарткан юридикалык жана жеке жактардын чыгымдарынын ордун толтуруу жөнүндө талап менен сот органдарына кайрылууга;
13) укук бузуунун куралы же түздөн-түз объектиси болуп саналган буюмду конфискациялоо жөнүндө талап менен сот органдарына кайрылууга;
14) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда жана тартипте жаза чараларын берүүгө;
15) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда жана тартипте жөнгө салынуучу субъекттерден комиссиялык жана башка жыйымдарды алууга;
16) бухгалтердик эсепке алуу, финансылык отчеттуулук жана аудит, банктык эмес финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө жаатындагы эл аралык форумдарга катышууга жана Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын коргоого;
17) биргелешкен иштердин алкагында коомдук жана башка маалыматтарды алмашуу максатында банктык эмес финансы рыногун, бухгалтердик эсепке алууну жана аудитордук ишти жөнгө салуу боюнча, анын ичинен жөнгө салынуучу субъекттер тарабынан банктык эмес финансы рыногун, бухгалтердик эсепке алууну жана финансылык отчеттуулукту жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын сакталышына текшерүү жүргүзүүдө белгиленген тартипте чет өлкөлүк органдар менен кызматташууга;
18) Министрлик менен макулдашуу боюнча чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен түзүлүүчү эл аралык келишимдердин жана макулдашуулардын долбоорлорун жана башка документтерди иштеп чыгууга жана кол коюуга белгиленген тартипте катышууга;
19) мамлекеттик органдардан маалыматтарды (анын ичинде купуялуу) белгиленген тартипте суроого жана алууга жана Финкөзөмөлгө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көмөк көрсөтүүгө;
20) Финкөзөмөлдүн аймактык органдарын түзүү жана жоюу боюнча сунуштарды белгиленген тартипте киргизүүгө, ошондой эле алардын иштерин жүргүзүүнүн тартибин аныктоого;
21) сунуштарды алуу үчүн банктык эмес финансы рыногун жөнгө салуу иши менен байланышкан мамлекеттик органдардын жана уюмдардын өкүлдөрүнүн, жөнгө салынуучу субъекттердин, алардын бирликтеринин, ассоциациялардын, коомдук бирикмелердин өкүлдөрүнүн жана көз карандысыз эксперттердин курамында консультациялык кеңешүүчү органды – эксперттик кеңешти түзүүгө;
22) жумушчу топторду түзүүгө жана мамлекеттик органдардын, банктык эмес финансы рыногунун жөнгө салынуучу субъекттеринин өкүлдөрүн, бухгалтердик эсепке алуу жана аудит боюнча адистерди, илимий мекемелердин, жогорку окуу жайларынын, коомдук уюмдардын жана/же жөнгө салынуучу субъекттердин адистерин, ошондой эле эксперттерди банктык эмес финансы рыногу, бухгалтердик эсепке алуу жана финансылык отчеттуулук чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды, методикалык көрсөтмөлөрдү иштеп чыгууга, изилдөөлөрдү жана окутууларды жүргүзүүгө катышуу үчүн (анын ичинде акы төлөөнүн негизинде) тартууга;
23) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте Финкөзөмөлдүн алдында мамлекеттик мекемелерди түзүү боюнча Министрликке сунуштарды киргизүүгө;
24) өз милдеттерин жана функцияларын ишке ашыруу максатында жалдоонун мөөнөттөрү жана шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген көз карандысыз эксперттерди акы төлөө менен тартууга;
25) натыйжалуу мониторинг жүргүзүү аркылуу банктык эмес финансы рыногунун, виртуалдык активдер рыногунун бардык субъекттеринин/катышуучуларынын жана кызыкдар тараптарынын мыйзамдуу кызыкчылыктарын белгиленген тартипте коргоого;
26) баалуу кагаздардын интеграцияланган улуттук рыногун түзүүгө;
27) жөнгө салынуучу субъекттер тарабынан финансылык отчеттуулуктун жана аудиттин кабыл алынган стандарттарынын сакталышы үчүн шарттарды камсыз кылууга;
28) лицензиясы токтотулуп турган же жокко чыгарылган кесипкөй катышуучуну төмөнкүлөргө милдеттендирүүгө:
– лицензиялардын токтотулуп турганы, жокко чыгарылганы жөнүндө кардарларга кабарлоого;
– кесипкөй катышуучунун башкаруусунда турган жана кардарларга таандык акчаларды жана/же башка мүлктөрдү кардарларга кайтарып берүүгө;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жана/же кардар менен макулдашууда белгиленген учурларда жана тартипте кардарлардын колдонуудагы тапшырмаларын же операцияларын аткарууга же жокко чыгарууга же болбосо кардарлардын колдонуудагы тапшырмаларын же операцияларын башка кесипкөй катышуучунун аткаруусуна өткөрүп берүүгө;
29) эмитент же мындай баалуу кагаздарды ачык сунуштаган жак Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансы рыногун жөнгө салуучу мыйзамдарын бузган учурда баалуу кагаздарды ачык сунуштоонун жыйынтыктары болду деп таанылганга чейин баалуу кагаздардын ачык сунушталышын каттоону жокко чыгарууга;
30) Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансы рыногун жөнгө салуучу мыйзамдары эмитент тарабынан бузулган учурда жеке эмиссияда баалуу кагаздарды чыгаруунун жыйынтыктары таанылганга чейин жеке эмиссиядагы баалуу кагаздардын чыгарылышын каттоону жокко чыгарууга;
31) эмитенттен баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндө шартка/чечимге, проспектке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү же аны каттоо үчүн толук жаңы маалыматтар менен алмаштыруучу проспектти берүүнү төмөнкү учурларда талап кылуу:
– проспектте ачыкталууга тийиш болгон жаңы маанилүү маалымат пайда болгондо;
– проспектте жалган же адаштыруучу маалыматтар аныкталганда же эгерде проспектте маалыматты ачыкка чыгарууда олуттуу кемчиликтер болсо;
– Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансы рыногун жөнгө салуучу мыйзамдарына карама-каршы келген фактылар жана маалыматтар аныкталса;
32) эгерде баалуу кагаздарды ачык сунуштоо жокко чыгарылса же баалуу кагаздарды ачык түрдө сунуштап жаткан эмитент Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансы рыногун жөнгө салуучу мыйзамдарына ылайык проспектке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизбесе же аны каттоо үчүн толук жаңы маалыматтар менен алмаштыруучу проспектти бербесе, баалуу кагаздарды ачык түрдө сунуштап жаткан эмитенттен инвесторлорго каражаттарды кайтарып берүүнү талап кылуу;
33) мындай баалуу кагаздардын/виртуалдык активдердин эмитентин жоюунун натыйжасында баалуу кагаздардын чыгарылышын жана/же ачык сунушталышын жокко чыгарууга;
34) (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-сентябрындагы № 514 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
35) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу аркылуу баалуу кагаздар менен жасалган бүтүмдөрдү жараксыз деп таануу жөнүндө доо менен сот органдарына кайрылууга;
36) чыгарылган баалуу кагаздарды жараксыз деп таануу жөнүндө доо менен сот органдарына кайрылууга;
37) аудиторлордун, аудитордук уюмдардын жана кесипкөй аудитордук бирикмелердин мамлекеттик бирдиктүү реестрин жүргүзүүгө;
38) аудиторлорду, аудитордук уюмдарды жана кесипкөй аудитордук бирикмелерди мамлекеттик бирдиктүү реестрге каттоодон баш тартууга;
39) аудиторлорду, аудитордук уюмдарды жана кесипкөй аудитордук бирикмелерди мамлекеттик бирдиктүү реестрден Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте чыгарып салууга;
40) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте аудитордун ишин токтотуп турууга;
41) аудиторлорго үзгүлтүксүз кесиптик билим берүүгө мониторинг жүргүзүүгө;
42) аудиттин сапатына тышкы контролду жүргүзүүгө жана анын жыйынтыктарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кароого;
43) аудиттин стандарттарын, сапатты контролдоо стандарттарын, Этика кодексинин жана аудит чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аудиторлор жана/же аудитордук уюмдар тарабынан бузуу фактыларын аныктоого;
44) аудитордук уюмдардан, аудиторлордон, кесипкөй аудитордук бирикмелерден аудитордук ишке жана/же кесипкөй аудитордук бирикмелердин иштерине тиешелүү керектүү документтерди жана/же маалыматтарды суроого;
45) аудитордун кесиптик квалификациясын ыйгаруу максатында аудитордун кесиптик квалификациясынын программасы боюнча экзамендерди кабыл алууга;
46) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аудиторду квалификациялык сертификатынан ажыратуу (чакырып алуу) жөнүндө чечимди кабыл алууга;
47) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аудиттин үстүнөн коомдук көзөмөл жүргүзүүчү Кеңештин жеке курамын бекитүүгө;
48) аудит, аудиттин стандарттары, сапатты контролдоо стандарттары чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Этика кодекси бузулган учурларда аудиторлорго, аудитордук уюмдарга жана кесипкөй аудитордук бирикмелерге таасир этүү чараларын колдонууга.
49) (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-июлундагы № 516 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
50) виртуалдык активдердин кызмат көрсөтүүчүлөрүнө мониторинг жүргүзүүнүн жана текшерүүнүн жүрүшүндө зарылдыгына жараша ушул максаттар үчүн түзүлгөн адистештирилген фонддун каражаттарынын эсебинен виртуалдык активдерди контролдук сатып алууну жүргүзүүгө;
51) инвестициялык кеңеш берүүчүлөрдүн реестринде каттоо же каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алууга.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-сентябрындагы № 514, 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625, 2026-жылдын 1-июлундагы № 455, 2026-жылдын 30-июлундагы № 516 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
6. Финкөзөмөлдүн ишин уюштуруу
15. Финкөзөмөлдү Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин (мындан ары – министр) сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу төрага башкарат.
Финкөзөмөлдүн төрагасы министрге түздөн-түз баш иет.
16. Төраганын орун басары болот, ал Министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы министрдин сунушусуз төраганын орун басарын ээлеген кызмат ордунан бошотууга укуктуу.
Төраганын орун басары түздөн-түз Финкөзөмөлдүн төрагасына баш иет жана ага жүктөлгөн милдеттердин чектеринде өз ишин жүзөгө ашырат.
( КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-февралындагы № 74 токтомунун редакциясына ылайык )
17. Финкөзөмөлдүн түзүмүнө борбордук аппарат жана аймактык бөлүм кирет.
Финкөзөмөлдүн борбордук аппаратынын түзүмү жана штаттык ырааттамасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен штаттык сандын жана эмгек акы фондунун чегинде министр тарабынан бекитилет, аларды өзгөртүүгө Финкөзөмөлдүн милдеттери жана функциялары өзгөргөндүгүнө байланыштуу гана жол берилет. Мында Финкөзөмөлгө жаңы төраганы дайындоо Финкөзөмөлдүн түзүмүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбайт.
Финкөзөмөлдүн аймактык бөлүмүнүн түзүмүн жана штаттык ырааттамасын Финкөзөмөлдүн төрагасы бекитет.
18. Финкөзөмөлдүн төрагасы (мындан ары – төрага):
1) Финкөзөмөлдүн ишин жалпы жетектейт жана ага жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ишканалары, мекемелери жана уюмдары менен болгон мамилелерде Финкөзөмөлдүн атынан чыгат, өз ыйгарым укуктарынын чектеринде сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, Финкөзөмөлдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча келишимдерге белгиленген тартипте кол коёт;
3) Финкөзөмөлдүн атынан расмий документтерге кол коёт;
4) Финкөзөмөлдүн атынан жазма буйруктарды жөнөтөт;
5) Финкөзөмөлдүн чечимдеринин аткарылышын контролдойт;
6) Финкөзөмөлдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузуу үчүн тиешелүү жоопкерчилик чараларын колдонуу жөнүндө чечимдерди кабыл алат;
7) Финкөзөмөлдүн төрагасынын орун басарына өткөрүп берүүгө тийиш болгон функциялардын жана милдеттердин тизмесин бекитет;
8) белгиленген штаттык сандын жана эмгек акы фондунун чегинде Финкөзөмөлдүн түзүмүнүн жана штаттык ырааттамасынын долбоорун министрдин бекитүүсүнө киргизет;
9) Финкөзөмөлдүн кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот, аларга сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот;
10) Финкөзөмөлдүн атынан ишеним кат берет;
11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Финкөзөмөлдүн мүлкүн жана каражаттарын тескейт;
12) тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин жана төраганын орун басарынын сунушу боюнча аудиторго квалификация сертификат берүү жана аны чакырып алуу (ажыратуу) жөнүндө чечимди кабыл алат;
13) тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин жана төраганын орун басарынын сунушу боюнча банктык эмес финансы рыногунда иш жүргүзүү укугуна лицензияларды берүү, токтото туруу, калыбына келтирүү жөнүндө чечимди кабыл алат;
14) ачык компанияларга, банктык эмес финансы рыногунун кесипкөй катышуучуларына жана алардын кызмат адамдарына банктык эмес финансы рыногун жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу үчүн жаза чараларын колдонот, анын ичинде айыптарды салат;
141) коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана анын иштешин камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
15) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка функцияларды жүзөгө ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-октябрындагы № 652 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Финкөзөмөлдүн ишине коомдук мониторинг жүргүзүү максатында коомдук кеңеш түзүлөт, ал коомдук негизде иштеген консультативдик-байкоочу орган болуп саналат.
7. Финкөзөмөлдүн финансылары жана чарбалык иши
20. Финкөзөмөлдүн ишин каржылоо, материалдык сыйлоо жана социалдык төлөмдөр, материалдык-техникалык базасын күтүү жана өнүктүрүү төмөнкүлөрдүн эсебинен жүзөгө ашырылат:
– республикалык бюджеттин каражаттарынын;
– гранттардын, эл аралык жана башка уюмдардын жардамдарынын, уюмдардын жана жеке жактардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыктыярдуу төгүмдөрүнүн;
– виртуалдык активдердин кызмат көрсөтүүчүлөрүнөн виртуалдык активдерди контролдук сатып алуу максатында түзүлгөн фонддун каражаттарынын;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каржылоо булактарынын.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 625 токтомунун редакциясына ылайык
8. Корутунду жоболор
21. Финкөзөмөл өзүнүн иши жөнүндө отчетту министрликке берет.
22. Финкөзөмөлдү кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
23. Финкөзөмөлдү жоюуда иш процессинде пайда болгон документтер «Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат.