Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
токтом
2021-жылдын 10-декабры, № 300
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын маселелери жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майы № 266, 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 524, 2022-жылдын 7-октябрындагы № 556, 2022-жылдын 27-октябрындагы № 589, 2022-жылдын 16-декабрындагы № 701, 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 189, 2023-жылдын 29-майындагы № 291, 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675, 2024-жылдын 25-мартындагы № 136, 2025-жылдын 12-июнундагы № 334, 2026-жылдын 18-майындагы № 348 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органдарын реформалоого байланыштуу уюштуруу чараларын көрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 425 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жөнүндө” Жарлыгына ылайык, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык;
3) Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы жөнүндө жобо 3-тиркемеге ылайык;
4) Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын башкаруу схемасы 4-тиркемеге ылайык;
5) Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Банкроттук иштер боюнча департамент жөнүндө жобо 5-тиркемеге ылайык;
6) (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 291 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7) (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 291 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8) Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору жөнүндө жобо 8-тиркемеге ылайык;
9) Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунун башкаруу схемасы 9-тиркемеге ылайык;
10) Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борбору жөнүндө жобо 10-тиркемеге ылайык;
11) Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборунун башкаруу схемасы 11-тиркемеге ылайык;
12) Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу “Адал-индустриясын өнүктүрүү боюнча борбор” мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо 12-тиркемеге ылайык;
13) (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 556 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
14) (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 291 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
15) (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-июнундагы № 334 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
16) (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-мартындагы № 136 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
17) (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-майындагы № 348 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 556, 2022-жылдын 27-октябрындагы № 589, 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 189, 2023-жылдын 29-майындагы № 291, 2024-жылдын 25-мартындагы № 136, 2025-жылдын 12-июнундагы № 334, 2026-жылдын 18-майындагы № 348 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-сентябрындагы № 616 “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органдарды аныктоо жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– 1-пунктунун биринчи жана экинчи абзацтарындагы “Инвестициялар” деген сөз “Экономика жана коммерция” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-июнундагы № 333 “Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору” мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
– 2-пунктунун үчүнчү абзацындагы жана 4-пунктундагы “Инвестициялар” деген сөз “Экономика жана коммерция” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
– жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинин аталышындагы “Инвестициялар” деген сөз “Экономика жана коммерция” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 18-августундагы № 146 “Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн маселелери жөнүндө” токтомунун 2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
7. Бул токтом бекитилген штаттык сандын жана республикалык бюджетте Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине жана өткөрүлүп берилип жаткан ведомстволук мекемелерге тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга каралган каражаттардын чегинде ишке ашырылат деп белгиленсин.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
9. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага | А.У. Жапаров |
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын башкаруу схемасы
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы
| |
|
|
Борбордук аппарат
| |
|
|
Түштүк аймактык башкармалык
| |
4-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын башкаруу схемасы
9-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунун башкаруу схемасы
11-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборунун башкаруу схемасы