Загрузка документа…
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР!
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын
29-июнундагы № 445 токтому менен киргизилген өзгөртүүлөр
2026-жылдын 1-ноябрынан тартып күчүнө кирет
8-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана
метрология борбору жөнүндө жобо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 613, 2023-жылдын 17-февралындагы № 78, 2023-жылдын 28-февралындагы № 107, 2025-жылдын 27-февралындагы № 95, 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 217, 2025-жылдын 9-октябрындагы № 652 , 2026-жылдын 29-июнундагы № 445 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунун (мындан ары – Кыргызстандарт) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. Кыргызстандарт Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбордун укугун улантуучу болуп саналат.
3. Кыргызстандарт стандартташтыруу жана метрология боюнча улуттук органдын функцияларын ишке ашыруучу Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин (мындан ары – Министрлик) ведомстволук түзүмү статусунда иштөөчү Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп саналат.
4. Кыргызстандарт өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Министрликтин чечимдерин жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Кыргызстандарт мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык уюмдар, бизнес-коомчулук, коомдук бирикмелер, илимий жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенүү аркылуу иштейт.
6. Кыргызстандарт юридикалык жак болуп саналат, өз алдынча балансы, обочолонгон мүлкү, банктарда жана казыналык системасында алыш-бериш жана башка эсеби, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана расмий жана мамлекеттик тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, ошондой эле белгиленген үлгүдөгү башка мөөрлөрү, штамптары, бланктары бар.
Кыргызстандарттын уюштуруу укуктук формасы – оперативдүү башкаруу укугунда түзүлгөн мамлекеттик мекеме.
7. Кыргызстандарттын толук фирмалык аталышы:
– мамлекеттик тилде: «Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбор»;
– расмий тилде: «Центр по стандартизации и метрологии при Министерстве экономики и коммерции Кыргызской Республики».
8. Кыргызстандарттын кыскартылган фирмалык аталышы:
– мамлекеттик тилде: «Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбор»;
– расмий тилде: «Центр по стандартизации и метрологии».
9. Юридикалык дареги: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Панфилов көчөсү, 197.
2. Кыргызстандарттын ишинин максаттары
10. Кыргызстандарттын ишинин негизги максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) эл аралык эрежелерге жана сунуштарга ылайык стандартташтыруунун улуттук системасын түзүү жана өнүктүрүү;
2) өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу, улуттук эталондук базаны өнүктүрүү жана колдоо;
3) адамдардын өмүрүн жана ден соолугун, айлана-чөйрөнү, жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү коргоо максатында коомдун коопсуздугун камсыз кылууга көмөк көрсөтүү;
4) энергетикалык натыйжалуулукту жогорулатууга жана ресурстарды үнөмдөөгө көмөк көрсөтүү.
3. Кыргызстандарттын милдеттери
11. Кыргызстандарттын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) илимий-техникалык прогрессти өбөлгөлөө;
2) илимдин, техниканын жана технологиялардын өнүгүү деңгээлине ылайык продукциянын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу;
3) табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу кооптуулугунун даражасын эске алуу менен объекттердин коопсуздук деңгээлин жогорулатуу;
4) ресурстарды үнөмдүү жана сарамжалдуу пайдаланууга көмөк көрсөтүү;
5) техникалык регламенттердин талаптарын сактоого көмөк көрсөтүү;
6) техникалык жана маалыматтык шайкештикти, өлчөөлөрдүн жана сыноолордун натыйжаларын салыштырууну, продукциянын өз ара алмашуусун камсыз кылуу;
7) калктын өмүрүнүн, ден соолугунун, ошондой эле жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн саламаттыгынын жана өсүшүнүн, жеке жана юридикалык жактардын мүлкүнүн, мамлекеттик жана муниципалдык мүлктүн, айлана-чөйрөнүн коопсуздук деңгээлин жогорулатуу;
8) Кыргыз Республикасында өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу үчүн метрология боюнча иштерди жүргүзүү;
9) өлчөө системасын Эл аралык бирдик системасына (БС) шайкеш келтирүүнү камсыз кылуу.
4. Кыргызстандарттын функциялары
12. Кыргызстандарт өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн төмөнкүдөй функцияларды ишке ашырат:
1) стандартташтыруу жаатында:
– стандартташтыруунун улуттук системасын улуттук экономиканын кызыкчылыктарына, илимди, техниканы жана технологияларды өнүктүрүү деңгээлине шайкеш келтирүүнү камсыздоо боюнча иштерди жүргүзүү;
– стандартташтыруу жаатында ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу;
– стандарттарды иштеп чыгууга, бекитүүгө жана колдонууга ылайыктуу Жоопкерчиликтүү практика кодексинин негизинде, Соодадагы техникалык тоскоолдуктар боюнча макулдашууга (Марракеш шаары, 1994-жылдын 15-апрели) ылайык стандарттарды, эрежелерди, жол-жоболорду жана сунуштарды иштеп чыгуу, кабыл алуу жана колдонуу тартибин белгилөө;
– башка мамлекеттердин эл аралык, региондук жана улуттук стандарттарын, эрежелердин региондук жыйнактарын жана башка мамлекеттердин эрежелеринин жыйнактарын, башка мамлекеттердин региондук классификаторлорун (анын ичинде мамлекеттер аралык) жана улуттук классификаторлорун стандартташтыруу боюнча улуттук документтер катары кабыл алуунун методдорун белгилөө;
– стандартташтыруу боюнча документтерди иштеп чыгуунун (кабыл алуунун) ар жылдык программасын түзүү жана бекитүү;
– улуттук стандарттарды, алдын ала улуттук стандарттарды, мамлекеттик классификаторлорду, стандартташтыруу боюнча эрежелерди жана сунуштарды белгиленген тартипте бекитүү жана жокко чыгаруу;
– Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттер аралык стандарттарын, техникалык регламенттерин жана Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарын сактоону камсыздоочу стандарттардын тизмесин иштеп чыгууга жана аларга экспертиза жүргүзүүгө катышуу;
– стандартташтыруу боюнча документтерди эл аралык жана региондук ченемдерге шайкеш келтирүү;
– стандартташтыруу, метрология, сертификациялоо жаатында макулдашуулардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышуу;
– улуттук стандарттардын жана стандартташтыруу боюнча башка документтердин долбоорлорун иштеп чыгууну жана аларга экспертиза жүргүзүүнү уюштуруу;
– улуттук стандарттарды, эрежелерди жана стандартташтыруу боюнча сунуштарды, эл аралык жана региондук стандарттарды, башка өлкөлөрдүн улуттук стандарттарын жана алдын ала улуттук стандарттарды, мамлекеттик классификаторлорду, региондук классификаторлорду (анын ичинде мамлекеттер аралык), ошондой эле башка мамлекеттердин улуттук классификаторлорун эсепке алуу жана кызыкдар жактар үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыздоо;
– стандартташтыруу боюнча техникалык комитеттерди түзүү жана алардын иштөө тартибин бекитүү, алардын ишин уюштуруу жана ишин координациялоо;
– улуттук стандарттарга шайкештик белгисинин сүрөтүн иштеп чыгуу жана бекитүү;
– башка мамлекеттердин эл аралык, региондук стандарттарын (анын ичинде мамлекеттер аралык) жана улуттук стандарттарын, башка мамлекеттердин региондук классификаторлорун (анын ичинде мамлекеттер аралык) жана улуттук классификаторлорун Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу боюнча улуттук документтери катары кабыл алуу;
– Кыргыз Республикасы иштеп чыгууга катышкан мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуу программаларын түзүүгө жана ишке ашырууга катышуу жана Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарынын сакталышын камсыздоо максатында улуттук стандарттарды мамлекеттер аралык стандарттарга ылайыктап кайра иштеп чыгууну уюштуруу;
– продукциялардын каталогдук баракчаларынын формаларын, аларды толтуруу, берүү жана каттоо эрежелерин белгилөө;
– продукциянын каталогун түзүүнүн жана продукциялардын каталогдук баракчаларын каттоо жана экспертиза жүргүзүү боюнча иштерди уюштуруунун мамлекеттик системасын өнүктүрүү боюнча иштерди координациялоо;
– улуттук стандарттарды, алдын ала улуттук стандарттарды жана мамлекеттик классификаторлорду иштеп чыгуу, макулдашуу, эсепке алуу, бекитүү, экспертиза жүргүзүү, өзгөртүү, жокко чыгаруу жана ишке киргизүү тартибин белгилөө;
– белгиленген тартипке ылайык техникалык-экономикалык жана социалдык маалыматты, мамлекеттик классификаторлордун, статистикалык классификаторлордун, региондук классификаторлордун, мамлекеттер аралык классификаторлордун, башка мамлекеттердин жүргүзүүгө тийиш болгон улуттук классификаторлорунун тизмесин, ошондой эле классификаторлорду иштеп чыккан, жүргүзгөн, актуалдаштырган жана колдонгон Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана административдик ведомстволорунун тизмесин классификациялоо жана код коюу системасын өнүктүрүү жана колдонуу боюнча иштерди ведомстволор аралык координациялоо;
– транспорт каражаттарын даярдап чыгаруучуларга эл аралык идентификациялык код (VIN/WMI кодун) ыйгаруу;
– ЕАЭБ/ББ техникалык регламенттерине стандарттардын тизмесине анализ жүргүзүү жана Кыргыз Республикасынын улуттук стандарттарын ЕАЭБ/ББ техникалык регламенттерине стандарттардын тизмесине киргизүү боюнча иштерди жүргүзүү;
– ЕАЭБ/ББ техникалык регламенттерине стандартташтыруу боюнча колдонулбаган документтерди Кыргыз Республикасынын аймагында кабыл алуу;
– стандартташтыруу боюнча мамлекеттер аралык техникалык комитеттерге (МТК) Кыргыз Республикасынан кызыкдар тараптардын катышуусу боюнча иштерди координациялоо;
– Кыргыз Республикасынын улуттук стандарттарынын негизинде мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуу боюнча иштерди координациялоо;
– Евразия экономикалык комиссиясынын, Стандартташтыруу, метрология жана сертификациялоо боюнча мамлекеттер аралык кеңештин (МАК), Стандартташтыруу маселелери боюнча өкмөттөр аралык комиссиялардын (ӨАК) чечимдерин, протоколдорун ишке ашыруу;
- техникалык регламенттердин айрым талаптарына карата колдонулуучу региондук топтомдорду, чет мамлекеттердин эрежелерин Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу боюнча улуттук документтери катары кабыл алуу;
– стандартташтыруунун улуттук системасын өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу;
– стандартташтыруу чөйрөсүндөгү ишти илимий жана методикалык колдоону камсыз кылуу;
– өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде чет мамлекеттердин стандартташтыруу боюнча улуттук органдарынын ортосунда, анын ичинде бул мамлекеттердин улуттук стандарттарын Кыргыз Республикасынын аймагында колдонуу боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын улуттук стандарттарын бул мамлекеттердин аймагында колдонуу боюнча, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген келишимдерди (макулдашууларды, меморандумдарды) түзүү.
2) метрология жаатында:
– республиканын экономикасын өнүктүрүүдө өлчөөнүн жана стандарттардын ролун чыңдоо үчүн Эл аралык бирдик системасына (БС) өлчөө системасын шайкеш келтирүүнү камсыздоо боюнча иштерди жүргүзүү;
– чоңдук бирдиктеринин улуттук эталондорун сактоо жана өркүндөтүү, Эл аралык бирдик системасынын (БС) негизги жана туунду чоңдук бирдиктеринин өлчөмдөрүн чыгаруу жана берүү;
– эл аралык практикага ылайык улуттук эталондук лабораторияларда менеджмент системасынын туруктуу иштөөсүн колдоо;
– өлчөө каражаттарынын тибин текшерүү, калибровкалоо, бекитүү, өлчөөнү аткаруу методикаларын аттестациялоо боюнча чарбалык субъекттерге метрологиялык кызматтарды көрсөтүү;
– стандарттык үлгүлөрдү бекитүү;
– өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыздоо жаатында маалыматтык фондду жүргүзүү;
– Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык метрологиялык иштердин жыйынтыктарын таануу боюнча иштерди жүргүзүү;
– калибровкалоонун жана өлчөөнүн улуттук эталондорун жана сертификаттарын эл аралык таанууну камсыздоо үчүн эл аралык, региондук жана улуттук деңгээлде эталондорду салыштырып текшерүүгө катышуу;
– аккредитацияланган текшерүү жана калибрлөөчү лабораториялардын тармагы үчүн улуттук деңгээлде салыштырууларды уюштуруу;
– өлчөө каражаттарынын тибин бекитүү же текшерүү максатында өлчөө каражаттарына сыноо жүргүзүү же стандарттык үлгүлөрдү аттестациялоо укугун берүү жана кайра чакыртып алуу боюнча иштерге катышуу;
– калибрлөө жана текшерүү лабораторияларын аккредитациялоо боюнча иштерге катышуу;
– стандартташтыруу боюнча документтерге метрологиялык экспертиза жүргүзүү;
– текшерүүчүлөргө аттестация өткөрүүнү жана текшерүү эн тамгалары менен камсыз кылууну уюштуруу;
– метрология жана шайкештикти баалоо боюнча органдардын менеджмент системалары жаатындагы консалтинг боюнча кызматтарды көрсөтүү;
– метрология жаатындагы илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү;
– метрология боюнча эл аралык жана региондук уюмдар жана чет өлкөлөрдүн улуттук метрологиялык органдары, анын ичинде эки тараптуу жана көп тараптуу макулдашуулар менен келишимдердин негизинде кызматташтыкты жүзөгө ашыруу;
3) шайкештикти баалоо жаатында:
– продукцияны, кызмат көрсөтүүлөрдү, персоналды жана менеджмент системасын сертификациялоо боюнча органдын функцияларын ишке ашыруу;
– шайкештикти ырастоо боюнча иштерди жүргүзүүдө продукцияны (кызмат көрсөтүүнү) сыноо;
– мамлекеттик органдарды, юридикалык жана жеке жактарды изилденүүчү объектилердин (материалдардын, продуктулардын, процесстердин) шайкештикти баалоо чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын, техникалык регламенттердин, стандарттардын, эрежелердин же контракттардын талаптарына шайкеш келиши (шайкеш эместиги) жөнүндө маалыматтар менен камсыздоо максатында алардын өтүнмөлөрүнүн негизинде сандын, сапаттын, коопсуздуктун параметрлери боюнча изилдөөлөрдү, сыноолорду, экспертизаларды жүргүзүү;
– мамлекеттик башкаруу органдарынын, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча коомдук уюмдардын, ошондой эле жеке жана юридикалык жактардын өтүнмөлөрү жана суроо-талаптары боюнча келишимдик негизде тестирлөө боюнча кызматтарды жана башка технологиялык кызматтарды көрсөтүү;
– тиешелүү сыноолорду, экспертизаларды, өлчөөлөрдү жүргүзүү менен тобокелдиктерди талдоо жана критикалык контролдук чекиттерди аныктоо принциптеринин (ХАССП) системасынын элементтери киргизилүүгө тийиш болгон тамак-аш азыктарын даярдоо боюнча ишканалардын өндүрүштүк процесстерине келишимдик негизде катышуу;
– сапат боюнча Кыргыз Республикасынын сыйлыктарынын талапкерлигине конкурс өткөрүү боюнча иштерди уюштуруу;
– Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жаатындагы жетишкендиктер үчүн сыйлыгынын талапкерлигине конкурс өткөрүү боюнча иштерге катышуу;
– сапат менеджменти системаларын, анын ичинде тамак-аш азыктарынын коопсуздук менеджменти системаларын сертификациялоо боюнча органдын ишин уюштуруу;
– транспорт каражатынын тибин жактырууну (шассинин тибин жактыруу) бекитүү, каттоо, жокко чыгаруу;
– Кыргызстандарттын расмий басылмасында “Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламентке (ББ ТР 018/2011) шайкештигин күбөлөндүрүүчү документти колдонууну токтотуу жөнүндө маалыматты жарыялоо, документти колдонууну токтотуу жөнүндө кабарламаларды каттоо жана бирдиктүү реестрин жүргүзүү;
– транспорт каражатынын тибин жактырууларды (шассинин тибин жактырууларды), ошондой эле шайкештик сертификаттарын каттоо жана реестрин жүргүзүү;
- сертификациялоо боюнча эксперттердин (эксперт-аудиторлордун) компетенттүүлүгүн ырастоо;
- (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 445 токтомуна ылайык күчүн жоготтот)
4) маалыматтык камсыздоо жаатында:
– белгиленген тартипте Техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалыматтык фондун (мындан ары – фонд) түзүү жана жүргүзүү, техникалык регламенттерди, стандартташтыруу боюнча документтерди жана фонддун маалыматтык продукцияларын чыгаруу, жайылтуу жана пайдалануучуларды алар менен камсыздоо;
– улуттук стандарттарды жана стандартташтыруу, метрология, шайкештикти баалоо боюнча башка документтерди, башка өлкөлөрдүн улуттук стандарттарын басып чыгаруу жана кайра басып чыгаруу, анын ичинде чет тилдерине которуу, көчүрмөсүн чыгаруу жана таркатуу, ошондой эле юридикалык жактарга ушул иштерди жүргүзүүгө укук берүү;
– эл аралык, региондук уюмдардын жана чет мамлекеттердин улуттук органдарынын стандарттарын, жол-жоболук документтеринин жетектөөчү принциптерин которуу;
– Соодадагы техникалык тоскоолдуктар боюнча макулдашуунун (Марракеш шаары, 1994-жылдын 15-апрели) жана “Алиментариус кодекси” ведомстволор аралык комиссиясынын маалыматтык кызматынын (Улуттук байланыш пунктунун) жоболорун аткарууну камсыз кылуу үчүн стандартташтыруу боюнча улуттук маалымдамалык-маалыматтык кызматтын функцияларын аткаруу;
– стандартташтыруу, метрология, менеджмент системасы жана шайкештикти баалоо жаатындагы консалтинг боюнча кызматтарды көрсөтүү;
– стандартташтыруу, метрология, шайкештикти баалоо (ырастоо) жаатындагы иштерди жүргүзүү жана Кыргызстандарттын компетенциясына кирген жана башка маселелер боюнча кызматтарды көрсөтүү;
– документтер менен маалыматтык камсыздоо, кызматтарды көрсөтүү жана Кыргызстандарттын иши менен байланышкан маселелер боюнча окутуу;
– стандартташтыруу, метрология жана коопсуздук менеджменти жана сапат маселелери, ошондой эле бул тармакка тиешелүү башка маселелер боюнча адистердин квалификациясын жогорулатуу курстарын уюштуруу жана бардык тараптар – мамлекеттик, ошондой эле жеке сектордун өкүлдөрү үчүн башка окутуучу сабактарды өткөрүү;
– стандартташтыруу, метрология, менеджмент системасы, сыноо жана шайкештикти баалоо жаатында адистердин стажировкаларын уюштуруу жана өткөрүү;
5) эл аралык кызматташтык жаатында:
– стандартташтыруу, метрология жаатында жана бул багыттарга байланышкан башка тармактарда, анын ичинде Министрлик менен макулдашуу боюнча эки тараптуу жана көп тараптуу макулдашуулардын жана келишимдердин негизинде иштеген эл аралык, региондук уюмдар жана чет мамлекеттердин улуттук органдары менен кызматташуу;
– Министрлик менен макулдашуу боюнча, Кыргызстандарттын ыйгарым укуктарынын чегинде стандартташтыруу жана метрология боюнча региондук жана эл аралык уюмдарда Кыргыз Республикасынын атынан чыгуу.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 613, 2023-жылдын 17-февралындагы № 78, 2023-жылдын 28-февралындагы № 107, 2025-жылдын 27-февралындагы № 95, 2026-жылдын 29-июнундагы № 445 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5. Кыргызстандарттын укуктары
13. Милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу үчүн Кыргызстандарт өз компетенциясынын чегинде төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Кыргызстандарттын компетенциясына кирген маселелер боюнча ченемдик укуктук базасын өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүүгө;
2) Кыргызстандартка жүктөлгөн милдеттерди чечүү үчүн Министрлик менен макулдашуу боюнча координациялык жана кеңешүүчү (кеңештерди, комиссияларды, топторду), анын ичинде ведомстволук органдарды түзүүгө;
3) Министрлик менен макулдашуу боюнча экспертизаларды, сыноолорду жана консультацияларды жүргүзүү үчүн мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийлик органдарынын, эл аралык, өкмөттүк эмес жана коомдук уюмдардын адистерин, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди тартууга;
4) белгиленген тартипте жарандардын өмүрүнүн, ден соолугунун же мүлкүнүн коопсуздугун, айлана-чөйрөнү коргоону камсыз кылуу боюнча талаптарга жооп бербеген ченемдик укуктук актыларды жокко чыгаруу, колдонуу мөөнөтүн чектөө же кайра кароо жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
5) келишимдердин жана келишимдик күчкө ээ болгон башка документтердин негизинде шайкештикти ырастоо, өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу, сыноолорду жүргүзүү, адистерди даярдоо жаатында чарбалык субъекттерге акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүгө;
6) бөлүнгөн мамлекеттик бюджеттик каражаттарды чыгымдардын түрлөрү боюнча алардын багытталышына ылайык бөлүштүрүүгө;
7) Кыргызстандарттын компетенциясына кирген маселелер боюнча эл аралык, улуттук жана региондук уюмдар менен келишимдерди түзүү жөнүндө Министрликке сунуштарды киргизүүгө;
8) Министрлик менен макулдашуу боюнча чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен эл аралык келишимдердин, макулдашуулардын жана башка документтердин долбоорлорун белгиленген тартипте иштеп чыгууга жана аларга кол коюуга катышууга;
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлгөн иштерге (кызмат көрсөтүүлөргө) бааларды жана тарифтерди иштеп чыгууга жана колдонууга;
10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, эл аралык стандарттарга, ченемдерге жана эрежелерге каршы келбеген негизги функцияларды аткарууда коштолуучу башка иштерди жүргүзүүгө жана кызматтарды көрсөтүүгө;
11) стандартташтыруу, сертификациялоо жана метрология жаатында тренингдерди, семинарларды, стажировкаларды жана адистерди окутуунун башка түрлөрүн келишимдик негизде жүргүзүүгө;
12) Кыргызстандарттын башкаруу схемасына кирген аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрдү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө сунуштарды Министрликке киргизүүгө, ошондой эле алардын ишин жетектөөгө жана контролдоого;
13) транспорт каражатынын тибин жактырууну (шассинин тибин жактырууну) тариздөөнүн тууралыгын жана негиздүүлүгүн текшерүү үчүн техникалык катчылыктын функцияларын аткаруучу компетенттүү уюмду белгиленген тартипте дайындоого;
14) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка укуктарды ишке ашырууга.
6. Кыргызстандарттын ишин уюштуруу
14. Кыргызстандартты Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин (мындан ары – экономика жана коммерция министри) сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу директор жетектейт.
Кыргызстандарттын директору түздөн-түз экономика жана коммерция министрине баш иет.
15. Директордун бир орун басары болот, ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган белгиленген тартипте кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Директордун орун басары директорго түздөн-түз баш иет жана өзүнө жүктөлгөн милдеттердин чегинде ишин жүргүзөт.
16. Кыргызстандарттын директору:
1) Кыргызстандарттын, анын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн ишин жалпы жетектейт;
2) Кыргызстандартка жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
3) эмгек акы төлөө фондунун жана белгиленген штаттык сандын чегинде Кыргызстандарттын түзүмүн жана штаттык ырааттамасынын долбоорлорун экономика жана коммерция министрине бекитүүгө киргизет;
4) белгиленген тартипте Кыргызстандарттын кызматкерлерин, ведомстволук жана аймактык бөлүктөрүнүн жетекчилерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
5) Кыргызстандарттын, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин белгиленген тартипте тартиптик жазага тартат;
6) белгиленген тартипте Кыргызстандарттын, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн айырмаланган кызматкерлерин сыйлайт, ошондой эле мындай кызматкерлерге ардак наамдарды ыйгаруу, Кыргыз Республикасынын ведомстволук жана мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө Министрликке сунуштарды киргизет;
7) өз компетенциясынын чегинде Кыргызстандарттын кызматкерлеринин аткаруусу үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат жана тапшырмаларды берет;
8) Министрликке квартал сайын Кыргызстандарттын аткарган иштери жөнүндө отчетторду жиберет;
9) мамлекеттик органдарда жана башка уюмдарда Кыргызстандарттын кызыкчылыктарын коргойт;
10) Кыргызстандарттын ведомстволук жана аймактык чарбалык эсептеги бөлүмдөрүнүн жобосун, түзүмүн жана штаттык ырааттамасын бекитет;
101) коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана анын иштешин камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык Кыргызстандарттын ишин жетектөө боюнча башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-октябрындагы № 652 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Кыргызстандарттын түзүмү жана штаттык ырааттамасы бекитилген штаттык бирдиктин жана эмгек акы төлөө фондунун чегинде экономика жана коммерция министри тарабынан бекитилет, ал Кыргызстандарттын милдеттеринин жана функцияларынын өзгөрүшүнө байланыштуу гана өзгөрүшү мүмкүн. Ошол эле учурда директордун дайындалышы Кыргызстандарттын түзүмүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбайт.
18. Кыргызстандартка жүктөлгөн маселелерди аткаруу менен байланышкан маселелерди коллегиалдуу карап чыгуу жана анын компетенциясына кирүүчү илимий-техникалык проблемаларды чечүү үчүн илимий-техникалык кеңеш түзүлөт.
Илимий-техникалык кеңеш жөнүндө жобону жана анын персоналдык курамын Кыргызстандарттын директору бекитет.
19. Кыргызстандартта башка кеңеш берүүчү жана консультативдик органдар түзүлүшү мүмкүн.
20. Кыргызстандарттын алдында Кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кесиптик кайра даярдоо борбору жана толук чарбалык эсептеги аймактык бөлүмдөр иштейт.
7. Кыргызстандарттын мүлкү жана финансылык-чарбалык иши
21. Кыргызстандарттын карамагында турган мамлекеттик мүлк ага оперативдүү башкаруу укугунда бекитип берилет, ал эми чарбалык иштин эсебинен сатып алынган мүлк Кыргызстандарттын өз алдынча тескөөсүнө келип түшөт жана өзүнчө баланска эсепке алынат.
22. Кыргызстандарттын каржылоо булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
– республикалык бюджеттин каражаттары;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген сертификаттоо, метрология, стандартташтыруу жана башка өндүрүштүк-чарбалык иштер боюнча чарбалык субъекттерге акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүдөн түшкөн каражаттар;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген гранттар, кредиттер жана башка булактар.
23. Кыргызстандарт Министрликтин макулдашуусу боюнча чарбалык субъекттерге кызмат көрсөтүүлөрдөн жана башка өндүрүштүк иштен түшкөн кирешелерди, ошондой эле ушул кирешелердин эсебинен алынган мүлктү тескейт.
24. Кыргызстандарттын бухгалтердик эсеп жана финансылык отчеттуулук чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык статистикалык отчеттуулукту жүргүзөт жана өз ишинин жыйынтыгынын бухгалтердик эсебин жүргүзөт.
8. Корутунду жоболор
25. Кыргызстандарт өз ишинде Министрликке отчет берет.
26. Кыргызстандартты кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
27. Кыргызстандарттын иши токтотулганда иштин жүрүшүндө пайда болгон документтер «Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат.