Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 3-декабрындагы № 292 токтомуна) |
Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды ишке ашырган юридикалык жактарды жана жеке ишкерлерди атайын эсепке алуу тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-октябрындагы № 662, 2026-жылдын 4-февралындагы № 59 токтомдорунун редакциялрына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо "Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына, 2019-жылдын 22-ноябрындагы Евразия экономикалык бирлигинин алкагында баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүүдөгү өзгөчөлүктөр тууралуу макулдашуунун 4-беренесине ылайык иштелип чыкты жана баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды ишке ашырган юридикалык жактарды жана жеке ишкерлерди атайын эсепке алуу тартибин (мындан ары - атайын эсепке алуу) аныктайт.
2. Баалуу металлдарды жана асыл таштарды, алардан жасалган буюмдарды өндүрүү (баалуу металлдарды жана асыл таштарды камтыган рудаларды казып алуу жана алгачкы кайра иштетүү менен байланышкан операцияларды кошпогондо), пайдалануу, жүгүртүү, эсепке алуу жана сактоо, аталган баалуулуктар менен Кыргыз Республикасынын аймагында операцияларды аткаруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) атайын эсепке алууну жүргүзөт.
3. Атайын эсепке алуу реестрге баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды ишке ашырган юридикалык жактарды жана жеке ишкерлерди (мындан ары - юридикалык жактар жана жеке ишкерлер) киргизүү аркылуу жүргүзүлөт.
4. Атайын эсепке төмөнкүлөргө байланыштуу баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды ишке ашырган юридикалык жактар жана жеке ишкерлер коюлууга тийиш:
- баалуу металлдарга жана асыл таштарга, алардан жасалган буюмдарга, анын ичинде аларды күрөө катары пайдаланууга менчик укугунун жана башка укуктардын өтүшүнө;
- сактоо жерине, фонддорго жана корлорго баалуу металлдардын жана асыл таштардын келип түшүүсүнө, ошондой эле баалуу металлдарды жана асыл таштарды сактоого жана берүүгө;
- баалуу металлдарды жана асыл таштарды өндүрүүдө, кайра иштетүүдө жана колдонууда алардын ар кандай буюмдарда жана материалдарда курамынын же физикалык абалынын өзгөрүшүнө;
- Кыргыз Республикасынын аймагына баалуу металлдарды жана асыл таштарды ташып кирүүгө жана аларды Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууга.
5. Атайын эсепке төмөнкүлөр коюлбайт:
1) өзүнүн ишинде анализ жүргүзүү үчүн баалуу металлдардын химиялык бирикмелерин колдонгон уюмдар;
2) баалуу металлдардын химиялык бирикмелерин камтыган, даяр формадагы фармацевтикалык, парфюмериялык жана косметикалык продукцияларды сатып алуучу-сатуучу жана (же) колдонуучу уюмдар;
3) билим берүү процесстерин ишке ашырууда баалуу металлдардын химиялык бирикмелерин өзүнүн ишинде колдонгон билим берүү уюмдары;
4) баалуу металлдар камтылган лак-сыр продукцияларды сатып алуучу-сатуучу жана (же) колдонуучу уюмдар;
5) баалуу металлдар камтылган машиналарды жана жабдууларды, приборлорду, аспаптарды, электрондук техникаларды, от алдыруучу-жөнгө салуучу түзүлмөлөрдү жана автоматика түзүлмөлөрүн, электр түзүлмөлөрүн, комплекттөөчү тетиктерди, түйүндөрдү колдонгон уюмдар, буга баалуу металлдардан жана алардын эритмелеринен жасалган айнек эритүүчү түзүлмөнү, тиглдерди, катализатордук торчолорду, лабораториялык идиштерди колдонгон уюмдар кирбейт;
6) машиналарды жана жабдууларды оңдоо үчүн баалуу металлдар камтылган приборлорду, аспаптарды, электрондук техникаларды, от алдыруучу-жөнгө салуучу түзүлмөлөрдү жана автоматика түзүлмөлөрүн, электр түзүлмөлөрүн, химиялык бирикмелерди, эритмелерди, данакерлерди колдонгон уюмдар;
7) табигый алмаздарды камтыган, өндүрүштүк-техникалык багыттагы аспаптарды жана (же) буюмдарды өз ишинде колдонгон жана (же) сатуучу-сатып алуучу уюмдар.
6. Юридикалык жактар жана жеке ишкерлер мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга атайын эсепке турууга милдеттүү.
2. Юридикалык жактарды жана жеке ишкерлерди атайын эсепке алуу тартиби
7. Юридикалык жактарды жана жеке ишкерлерди атайын эсепке алуу үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкүдөй документтер берилет:
1) юридикалык жактын жетекчиси же жеке ишкер тарабынан кол коюлган эркин формадагы атайын эсепке коюу жөнүндө арыз;
2) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилүүчү форма боюнча толтурулган эки нускадагы атайын эсепке туруу картасы;
3) юридикалык жакты же жеке ишкерди мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү,
Чет өлкөлүк юридикалык жактардын филиалдары, алардын аккредитацияланган өкүлчүлүктөрү, чет өлкөлүк инвестициялары бар уюмдар Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик каттоо жөнүндө төмөнкү документтердин көчүрмөлөрүн берет:
4) өздүгүн күбөлөндүргөн документтин көчүрмөсү;
5) арыз ээсинин катталган жери боюнча салык органдарында катталганын ырастаган документтин көчүрмөсү;
6) юридикалык жактар үчүн - уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү:
- юридикалык жакты түзүү жөнүндө чечим;
- юридикалык жактын уставы;
- уруксат берүүчү документтердин көчүрмөлөрү (лицензия, эгерде иштин бул түрү лицензиялык-уруксат берүү системасы чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык лицензияланса);
- юридикалык жактын бенефициардык ээси жөнүндө маалымат;
7) баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон жайга менчик укугун же башка мыйзамдуу негизде ээлик кылуу укугун ырастаган документтин көчүрмөсү (менчик укугуна, ыкчам башкаруу, ижара, субижара укуктарына);
8) адамдын жазык жоопкерчилигине тартылгандыгы, Кыргыз Республикасынын аймагында соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалымдама (жеке ишкерлер үчүн).
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-октябрындагы № 662 токтомунун редакциясына ылайык)
71. Баалуу металлдардан жана асыл таштардан зер буюмдарын жасоо боюнча операцияларды жүргүзүүчү юридикалык жактарды жана жеке ишкерлерди атайын эсепке алууга коюу үчүн юридикалык жактар жана жеке ишкерлер ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамына ушул Жобонун 7-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди, ошондой эле төмөнкүлөрдү берет:
– зер буюмдарын өндүрүү үчүн зарыл болгон жабдууларга менчик укугун же ээлик кылуунун башка мыйзамдуу укугун ырастоочу документтин көчүрмөсүн;
– жалданган кызматкерлердин тизмесин же жаңы түзүлгөн жумуш орундары жөнүндө маалыматтарды;
– жылдык пландаштырылган өндүрүш көлөмүн.
72. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамы 3 (үч) жумуш күндүн ичинде юридикалык жактар жана жеке ишкерлер тарабынан берилген маалыматтардын шайкештигине текшерүү жүргүзөт, анын натыйжалары изилдөө актысында таризделет жана чагылдырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-февралындагы № 59 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Атайын эсепке туруу жөнүндө арызга жана берилген документтердин көчүрмөлөрүнүн ар бир барагына уюмдун жетекчиси тарабынан кол коюлат жана мөөр менен күбөлөндүрөт.
9. Арыз ээсинен ушул Жободо каралбаган башка документтерди берүүнү талап кылууга тыюу салынат.
10. Документтер ыйгарым укуктуу жак (жетекчи, ишкер) тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.
Бул Жобонун 7-пунктунда көрсөтүлгөн документтер ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу электрондук форматта берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-октябрындагы № 662 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга атайын эсепке алууда юридикалык жактар жана жеке ишкерлер террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык Санкциялык тизмек боюнча текшерилет.
12. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган юридикалык жакты же жеке ишкерди атайын эсепке алуу жана ага эсептик номер ыйгаруу жөнүндө же болбосо юридикалык жакты же жеке ишкерди атайын эсепке алуудан баш тартуу жөнүндө чечимди ушул Жобонун 7-пунктунда көрсөтүлгөн документтер алынган күндөн тартып үч жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөттө кабыл алат.
13. Оң чечим кабыл алынган учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган юридикалык жакка же жеке ишкерге атайын эсепке алуу жөнүндө күбөлүктү жана ага тиркелген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен форма боюнча атайын эсепке алуунун күбөлөндүрүлгөн картасын бир нускада берет.
14. Атайын эсепке алуу жөнүндө күбөлүккө эсепке алуу номери берилет, ага ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси же аны алмаштыруучу кызмат адамы кол коёт жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
15. Атайын эсепке алуу жөнүндө күбөлүктө акы алуу каралбайт жана мөөнөтсүз (колдонуу мөөнөтү чектелбеген) берилет.
16. Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүзөгө ашыруу токтотулганда юридикалык жак же жеке ишкер ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга юридикалык жактын ыйгарым укуктуу адамы, жеке ишкер же анын ыйгарым укуктуу өкүлү кол койгон, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ишинин токтотулганын ырастаган тиешелүү документтерди милдеттүү түрдө тиркөө менен атайын эсептен чыгаруу жөнүндө эркин формада арыз жиберет.
17. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган атайын эсепке алуудан баш тартуу жөнүндө же атайын эсептен чыгаруу жөнүндө чечимди төмөнкүдөй учурларда кабыл алат:
- жеке аткаруу органынын ыйгарым укугун жүзөгө ашырган же болбосо баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүзөгө ашырган юридикалык жактын бенефициардык ээси болуп саналган адамда же баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүзөгө ашырган жеке ишкер катары катталган жеке адамда кылмыш жасагандыгы үчүн алып салынбаган (жоюлбаган) соттуулугу болгондо;
- Санкциялык тизмекте арыз ээси же юридикалык жактын бенефициардык ээси болгондо;
- юридикалык жактан же жеке ишкерден атайын эсептен чыгаруу жөнүндө арызды, арыз ээси тарабынан баалуу металлдарды жана баалуу таштарды өндүрүү, кайра иштетүү жана жүгүртүү менен байланышкан экономикалык иштин жүргүзүлүшүнүн токтотулушун ырастоочу Юридикалык жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестринен же Жеке ишкердин бирдиктүү мамлекеттик реестринен көчүрмөлөрдү алганда;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамы тарабынан Юридикалык жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде юридикалык жактын жоюлушу жөнүндө жазуу аныкталганда;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамы тарабынан Жеке ишкерлердин бирдиктүү мамлекеттик реестринде жеке ишкер катары жеке адамдын ишин токтотушу жөнүндө жазуу аныкталганда;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамы тарабынан маалыматты контролдоо боюнча иш-чараларды өткөрүүдө жеке ишкер өз ишин каза болгондугуна байланыштуу жүргүзбөгөндүгүн күбөлөндүргөн, бирок жеке ишкер катары иши токтотулгандыгы жөнүндө жазуу Жеке ишкерлердин бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилбеген учур аныкталганда;
- юридикалык жак же жеке ишкер тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан атайын эсепке алуу картасында камтылган маалыматтардын Юридикалык жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде же Жеке ишкерлердин бирдиктүү мамлекеттик реестринде көрсөтүлгөн маалыматтарга шайкеш келбегендиги жөнүндө билдирүүнү алган күндөн тартып жети календардык күндүн ичинде баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүзөгө ашыруучу юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн зарылдыгы жөнүндө маалыматтар, же болбосо көрсөтүлгөн маалыматтардын шайкеш келбешине карата түшүндүрмөлөр ыйгарым укуктуу органга берилбегенде;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамы тарабынан текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн жүрүшүндө белгиленген юридикалык жактын же жеке ишкердин иши иш жүзүндө токтотулганда;
- ушул Жобонун 7-пунктунда аталган бир же бир нече документ жок болгондо же туура эмес таризделгенде (мыйзамга шайкеш келбегенде);
- атайын эсепке алуу үчүн берилген документтерде туура эмес же бурмаланган маалыматтар табылганда.
– ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамы тарабынан юридикалык жак же жеке ишкер баалуу металлдардан жана асыл таштардан зер буюмдарын даярдоо боюнча иш жүзүндө иш жүргүзбөгөнүн же Баалуу металлдар мамлекеттик фондунан алынган чийки затты максатсыз пайдалангандыгын күбөлөндүрүүчү фактылар, документтер аныкталганда же маалымат алынганда.
Атайын эсепке алуудан баш тартуу жөнүндө чечим арыз ээсине документ кабыл алынгандан кийин баш тартуунун себептерин көрсөтүү менен, үч жумуш күнүнүн ичинде жазуу жүзүндө жиберилет.
Аталган себептерди жойгондо арыз ээси документтерди ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрадан бере алат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-февралындагы № 59 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган атайын эсептен чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 15 календардык күндүн ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен форма боюнча, электрондук кол коюлган электрондук документ формасында атайын эсептен чыгаруу жөнүндө билдирүүнү тапшырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-октябрындагы № 662 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Атайын эсепке алуу картасына киргизилген маалыматтар өзгөргөн учурда, атайын эсепке алынган юридикалык жактар жана жеке ишкерлер он күндүк мөөнөттө күбөлүктү берген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өзгөртүүлөр жөнүндө билдиришет.
Ошол эле мезгилде ушул Жобонун 7-пунктунда аталган документтердин ичинен маалыматтары өзгөргөн документтер берилиши керек.
Атайын эсепке алуу жөнүндө күбөлүктү кайра тариздөө күбөлүктө келтирилген маалыматтар өзгөргөн учурда гана жүргүзүлөт.
20. Атайын эсепке алуу күбөлүгү жоголгондо юридикалык жак же жеке ишкер ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга атайын эсепке алуу жөнүндө күбөлүктүн дубликатын берүү тууралуу арыз менен кайрылууга тийиш. Күбөлүктүн дубликатын берүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда болгон документтердин көчүрмөлөрүнүн негизинде жүргүзүлөт.
21. Документтерди кабыл алуу, каттоо, жана берүү тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен аныкталат.