Загрузка документа…
| 7-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 302 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу
Баалуу металлдар департаменти жөнүндө
жобо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592, 2026-жылдын 12-февралындагы № 94 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаментинин (мындан ары ‒ Департамент) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. Департамент Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаментинин укук улантуучусу болуп саналат.
3. Департамент Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин (мындан ары – Министрлик) баалуу металлдарды жана асыл таштарды жүгүртүү жана эсепке алуу, алардан жасалган буюмдарды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фондунун жана Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар мамлекеттик запастарынын баалуулуктарын сактоо жана эсепке алуу, Кыргыз Республикасынын аймагында көрсөтүлгөн баалуулуктар менен операцияларды аткаруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруу боюнча ведомстволук бөлүм болуп саналат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Департамент өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерин, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Департамент өзүнүн ишин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык уюмдар, бизнес коомчулук, коомдук бирикмелер, илимий жана башка уюмдар менен бирге аракеттенүү аркылуу жүзөгө ашырат.
6. Департамент юридикалык жак болуп саналат, анын өз алдынча балансы, обочолонгон мүлкү, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн жана мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, башка мөөрлөрү, штамптары, белгилүү үлгүдөгү бланктары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык казыналыктын өздүк эсептери бар.
Уюштуруу укуктук формасы ‒ оперативдүү башкаруу укугунда түзүлгөн мамлекеттик мекеме. Департамент өзүнө бекитилген мүлккө карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугун жүзөгө ашырат.
7. Департаменттин толук фирмалык аталышы:
‒ мамлекеттик тилде: “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти”;
‒ расмий тилде: “Департамент драгоценных металлов при Министерстве финансов Кыргызской Республики”.
8. Департаменттин кыскартылган аталышы:
‒ мамлекеттик тилде: “Баалуу металлдар департаменти”;
‒ расмий тилде: “Департамент драгоценных металлов”.
9. Департаменттин юридикалык дареги: 720020, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Тазабек Саманчин көчөсү, 6.
2. Департаменттин ишинин максаты
10. Департаменттин ишинин максаты баалуу металлдарды жана асыл таштарды жүгүртүү жана эсепке алуу, алардан жасалган буюмдарды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фондунун жана Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар мамлекеттик запастарынын баалуулуктарын сактоо жана эсепке алуу, Кыргыз Республикасынын аймагында көрсөтүлгөн баалуулуктар менен операцияларды аткаруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу болуп саналат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Департаменттин милдеттери
11. Департаменттин негизги милдеттери:
1) Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фондун жана Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар мамлекеттик запастарын толуктоону жана түзүүнү камсыз кылуу;
2) Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фондунун, Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар мамлекеттик запастарынын баалуулуктарынын сакталышын жана эсебин жүргүзүүнү камсыз кылуу;
3) Евразия экономикалык бирлигине кирбеген өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүдө жана Кыргыз Республикасынын аймагынан ошол өлкөлөргө асыл таштарды, баалуу металлдарды жана баалуу металлдарды камтыган сырьелук товарларды алып чыгууда мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруу;
4) (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5) (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Департаменттин функциялары
12. Департамент өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөндөгү функцияларды аткарат:
1) тармактык саясатты ишке ашыруу функциялары:
‒ белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фондунун, Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар мамлекеттик запастарынын баалуулуктарын сатып алууну, кабыл алууну, эсепке алууну, сактоону жүргүзөт;
‒ баалуу металлдарды, баалуу таштарды жана алардан жасалган буюмдарды Кыргыз Республикасынын Баалуу металлдар жана баалуу таштар мамлекеттик фондусунан чыгарууну белгиленген тартипте жүзөгө ашырат;
‒ жыл сайын Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фондунун, Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар мамлекеттик запастарынын баалуулуктарын инвентаризациялоодон өткөрөт;
‒ конфискацияланган жана башка негиздер боюнча мамлекеттин менчигине өткөн баалуу металлдарды, асыл таштарды, алардан жасалган буюмдарды, кенчтерди кабыл алууну, эсепке алууну, сактоону, баалоону белгиленген тартипте ишке ашырат;
‒ сырье түрүндө Мамлекеттик баалуулуктарды сактоочу жайга келип түшкөн кондициялык эмес баалуу металлдарды, алардан жасалган буюмдарды жана металл сыныктарын кайра иштетүүнү аффинаждоочу жана башка ишканалар менен келишимдик негизде жүргүзөт;
‒ (Жетинчи абзацы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
‒ белгиленген тартипте баалуу металлдардын жана асыл таштардын экспорту, импорту боюнча лицензияларды алууга эксперттик корутунду даярдайт;
‒ баалуу металлдар жана асыл таштар менен болгон операциялар боюнча эсепке алууну жүргүзүү тартибин, ошондой эле отчеттуулукту берүү тартибин иштеп чыгат;
‒ баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүзөгө ашырган юридикалык жактарды жана жеке ишкерлерди атайын каттоого алуу жана каттоого коюунун тартибин иштеп чыгат;
‒ (Он биринчи абзацы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
‒ (Он экинчи абзацы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
‒ (Он үчүнчү абзацы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
‒ (Он төртүнчү абзацы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
‒ (Он бешинчи абзацы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
‒ иштетилбеген табигый алмаздарды ташып чыгуунун сертификаттарынын бланктарын эсепке алуу, сактоо жана эсептен чыгаруу тартибин иштеп чыгат жана бекитет;
‒ (Он жетинчи абзацы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
‒ Кимберли процессинин сертификациялоо схемасын эске алуу менен иштетилбеген табигый алмаздарды ташып чыгууга сертификат берүү жана тариздөө тартибин иштеп чыгат жана бекитет;
‒ (Он тогузунчу абзацы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
‒ (Жыйырманчы абзацы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
‒ (Жыйырма биринчи абзацы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
‒ баалуу металлдарды жана асыл таштарды алып чыгууга жана ташып кирүүгө мамлекеттик контролдун эрежелерин иштеп чыгат жана бекитет;
‒ (Жыйырма үчүнчү абзацы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2) жөнгө салуу функциялары:
‒ (Экинчи абзацы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
‒ (Үчүнчү абзацы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
‒ Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары иштетилбеген баалуу металлдарды, баалуу металлдардын сыныктарын жана калдыктарын, кендерди жана баалуу металлдардын жана баалуу металлдарды камтыган сырьелук товарлардын концентраттарын чыгарууда баалуу металлдарды эсепке алууну ишке ашырат;
‒ мамлекеттик уюмдардан, ишканалардан жана мекемелерден, ошондой эле менчиктин мамлекеттик үлүшү бар уюмдардан, ишканалардан өндүрүү, аффинаждоо, сатып өткөрүү жөнүндө белгиленген формалар боюнча, приборлордо, жабдууларда жана реактивдерде камтылганы жөнүндө, металл калдыктары, түшүүлөр жана сарптоолор тууралуу, ошондой эле металл сыныктары жана металл калдыктары түрүндө кайра иштетүүгө тапшыруу жөнүндө белгиленген формалар боюнча баалуу металлдар жөнүндө отчётторду кабыл алат жана анализди жүргүзөт;
‒ көрсөтүлгөн жактарды реестрге киргизүү үчүн жыйым алынбаган баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүзөгө ашыруучу юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин реестрин жүргүзөт;
‒ асыл таштарды, баалуу металлдарды жана баалуу металлды камтыган сырьелук товарларды Евразия экономикалык бирлигине кирбеген өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүдө жана Кыргыз Республикасынын аймагынан ошол өлкөлөргө алып чыгууда Евразия экономикалык комиссиясынын чечимдерине жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик контролдоо актысын берет;
‒ (Сегизинчи абзацы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
‒ кум түрүндөгү алтынды (алтын камтылган концентратты) сатып алууга уруксат берет;
3) координациялоо, контролдоо жана мониторинг жүргүзүү функциялары:
‒ баалуу металлдардын чен, стандарт жана стандарттык эмес уютмаларын сатып алуу-сатуу бүтүмдөрүн жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоону камсыздайт;
‒ (Үчүнчү абзацы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
‒ (Төртүнчү абзацы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
‒ (Бешинчи абзацы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
‒ (Алтынчы абзацы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4) колдоо функциялары:
‒ баалуу металлдарга жана асыл таштарга, аларды колдонуу менен даярдалган буюмдарга мамлекеттер аралык, улуттук стандарттардын жана техникалык шарттардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышат;
‒ алтын кен казып алуучу тармакты, зергердик өндүрүштү өнүктүрүү жана республиканын баалуу металлдар рыногун калыптандыруу программаларынын долбоорлорун жана болжолдорун иштеп чыгууга катышат;
5) кызмат көрсөтүү функциялары:
‒ кум түрүндөгү алтынды, алтын камтыган концентратты сатып алууга уруксат берүүчү бланктарды даярдайт, эсепке алат жана сактайт;
‒ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка функцияларды аткарат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Департаменттин укуктары жана жоопкерчилиги
13. Функцияларды жана милдеттерди ишке ашыруу үчүн Департамент төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фондунун жана Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар мамлекеттик запастарынын баалуулуктарын толуктоо үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган, аффинаждалган баалуу металлдарды артыкчылыктуу сатып алууга;
2) баалуу металлдар, асыл таштар менен болгон операциялардын чөйрөсүндө мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштарды белгиленген тартипте Министрликке киргизүүгө;
3) бекитилген сметанын чегинде негизги фонддорго таандык болгон жабдууларды жана башка материалдык баалуулуктарды жеткирип берүү үчүн чарбалык келишимдерди түзүүгө;
4) Министрлик менен, тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен эл аралык келишимдердин, макулдашуулардын жана башка документтердин долбоорлорун иштеп чыгууга жана белгиленген тартипте кол коюуга катышууга;
5) адистерди Департаменттин ишине байланыштуу маселелер боюнча кызматтык иш сапарларга, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу курстарына жиберүүгө.
6. Департаменттин ишин уюштуруу
14. Департаментти Кыргыз Республикасынын финансы министринин (мындан ары ‒ министр) сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу директор башкарат.
Департаменттин директору түздөн-түз министрге баш иет.
15. Директордун орун басары министр тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Директордун орун басары түздөн-түз директорго баш иет жана ишин өзүнө жүктөлгөн милдеттердин чегинде жүзөгө ашырат.
16. Департаменттин директору:
1) Департаменттин ишин уюштурат жана Департаментке жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткарууга жекече жоопкерчилик тартат;
2) белгиленген эмгек акы фондунун жана чектүү штаттык сандын чегинде Департаменттин түзүмүнүн жана штаттык ырааттамасынын долбоорлорун министрге бекитүүгө киргизет;
3) белгиленген тартипте Департаменттин кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот, аларга сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот;
4) Департаменттин ишинин ар жылдык планын бекитет;
5) өз компетенциясынын чегинде жогору турган органдар менен кийин макулдашып, иш үчүн буйруктарды, нускамаларды чыгарат.
6) коррупцияны алдын алуунун ички системасын түзүүгө жана натыйжалуу иштешине багытталган чараларды көрбөгөндүгү же талаптагыдай көрбөгөндүгү үчүн жана коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактабагандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 12-февралындагы № 94 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Департаменттин ишин каржылоо Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде каралган каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен белгиленген тартипте ишке ашырылат.
18. Департаменттин түзүмүн жана штаттык ырааттамасын бекитилген штаттык сандын жана эмгек акы фондунун чегинде министр бекитет, ал Департаменттин милдеттеринин жана функцияларынын өзгөрүшүнө байланыштуу гана өзгөрүшү мүмкүн. Мында жаңы директордун дайындалышы Департаменттин түзүмүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбайт.
19. Департамент өзүнүн ишинде Министрликке отчет берет.
7. Корутунду жоболор
20. Департаменттин ишин кайра уюштуруу жана токтотуу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
21. Департаменттин иши токтотулган учурда Департаменттин документтери “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.