Загрузка документа…
|
| 9-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 302 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Финансы академиясы жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы N 150, 2026-жылдын 12-февралындагы № 94 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Финансы академиясы жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Финансы академиясынын (мындан ары - Финансы академиясы) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. Финансы академиясы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборунун укук улантуучусу болуп саналат.
3. Финансы академиясы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин (мындан ары - Финансы министрлиги) ведомстволук бөлүмү болуп саналат.
4. Финансы академиясы өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерин, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Финансы министрлигинин чечимдерин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Финансы академиясы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, жарандар, юридикалык жактар жана Финансы министрлигинин түзүмдүк, ведомстволук, аймактык бөлүмдөрү менен өз ара аракеттенет.
6. Финансы академиясы өз алдынча юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдердеги өзүнүн аталышы жазылган мөөрү бар.
Финансы академиясынын уюштуруу-укуктук формасы - оперативдүү башкаруу укугунда түзүлгөн мамлекеттик мекеме. Финансы академиясы ага бекитилген мүлккө карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугун жүзөгө ашырат.
7. Финансы академиясынын толук расмий аталышы:
1) мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Финансы академиясы";
2) расмий тилде: "Академия финансов Министерства финансов Кыргызской Республики";
3) англис тилинде: "Academy of Finance of the Ministry of Finance of the Kyrgyz Republic".
8. Финансы академиясынын кыскартылган аталышы:
1) мамлекеттик тилде: "КР ФМ Финансы академиясы";
2) расмий тилде: "Академия финансов МФ КР";
3) англис тилинде: "Academy of Finance of the MF KR".
9. Финансы академиясынын юридикалык дареги: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 58А.
2-глава. Финансы академиясынын максаты
10. Финансы академиясынын ишинин максаты Финансы министрлигинин системасынын, мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук, аймактык бөлүмдөрүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук жана жеке мекемелердин кызматкерлерин окутуу жана билим деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле мамлекеттик финансыны натыйжалуу башкаруу чөйрөсүндө илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү болуп саналат.
Финансы академиясы бирдиктүү окуу-илимий-өндүрүштүк комплекс катары иш алып барат.
3-глава. Финансы академиясынын милдеттери
11. Финансы академиясынын негизги милдеттери:
1) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин системасынын, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук жана жеке мекемелердин кызматкерлерин төмөнкү маселелер боюнча окутуу жана кайра даярдоо болуп саналат:
- мамлекеттик финансыны натыйжалуу башкаруу;
- финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары;
- мамлекеттик башкаруу секторунда ички аудиттин стандарттары;
- мамлекеттик сатып алууларды (уставдык капиталындагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын жана чарбакер коомдордун), эл аралык сатып алууларды, товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууларды башкаруу;
- Кыргыз Республикасынын бюджеттик мекемелеринин финансылык-чарбалык ишинин борборлоштурулган бухгалтердик эсебин автоматташтыруу;
- салык төлөөчүлөрдүн кабинети системасындагы эсепке алууну жана отчеттуулукту автоматташтыруу;
- мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жана Финансы министрлигинин компетенциясына кирген башка багыттар боюнча;
2) колдонмо илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү;
3) окутууда жаңы илимий жетишкендиктерди жана технологияларды колдонуу;
4) мамлекеттик финансы чөйрөсүндө илимий долбоорлорду иштеп чыгуу;
5) тажрыйба алмашуу жана илимий долбоорлорду бирге аткаруу үчүн өлкөнүн аймагындагы жана чет өлкөлөрдөгү башка билим берүүчү жана илимий мекемелер менен өнөктөштүк мамилелерди түзүү;
6) мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук бөлүмдөрүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук жана жеке мекемелердин суроо-талаптары боюнча максаттуу изилдөөлөрдү жүргүзүү;
7) мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук бөлүмдөрүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин жана мамлекеттик башкаруу секторунун, коомдук жана жеке мекемелердин башка кызматкерлерин даярдоо, кайра даярдоо, ошондой эле квалификациясын жогорулатуу үчүн илимий-изилдөө жана окуу-методикалык куралдарды иштеп чыгуу.
4-глава. Финансы академиясынын функциялары
12. Финансы академиясы көрсөтүлгөн милдеттерин ишке ашыруу максатында төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
1) төмөнкүлөрдүн кызматкерлерин окутат жана квалификациясын жогорулатат;
- Финансы министрлигинин борбордук аппаратынын, аймактык, ведомстволук бөлүмдөрүнүн;
- мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук жана жеке мекемелердин;
2) төмөнкүлөрдү иштеп чыгат:
- Финансы академиясын өнүктүрүүнүн натыйжалуулугунун негизги индикаторлоруна мониторинг жүргүзүүнүн жана талдоонун натыйжаларынын негизинде Финансы академиясынын ишин өркүндөтүү жана оптималдаштыруу боюнча сунуштамаларды жана сунуштарды;
- окутуу стратегиясын (кыска мөөнөттүү, орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү), окуу программаларын, окуу куралдарын, маалымдама адабияттарын жана методикалык материалдарды;
3) окуу-билим берүү процессине инновациялык технологияларды жана изилдөөлөрдүн натыйжаларын киргизет;
4) тренингдерди, курстарды, семинарларды, тегерек столдорду, конференцияларды, форумдарды, консультацияларды өткөрөт жана кошумча кесиптик билим берүү жаатындагы ар түрдүү кызматтарды көрсөтөт;
5) окутуучулук курамын жогорку окуу жайларынын профессордук-окутуучулук курамынан (мындан ары - ПОК), мамлекеттик органдардын, жеке мекемелердин, эл аралык уюмдардын кызматкерлеринен, эксперттерден жана башка адистерден түзөт;
6) мамлекеттик, коомдук, жеке мекемелер жана уюмдар менен байланыш түзөт жана аны өнүктүрөт;
7) финансы министринин тапшырмасы боюнча Финансы академиясы тарабынан өткөрүлүүчү ар кандай иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө катышат;
8) жүктөлгөн милдеттердин алкагында эл аралык уюмдар жана долбоорлор менен кызматташат.
13. Финансы академиясына жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу үчүн зарыл болгон башка функцияларды аткарат.
5-глава. Финансы академиясынын укуктары жана милдеттери
14. Финансы академиясы милдеттерин аткаруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Финансы академиясынын каражаттарынын эсебинен мөөнөтсүз жана мөөнөттүү эмгек келишимдеринин шарттарында мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жеке мекемелердин, эл аралык уюмдардын эксперттерин (консультанттарын) жана адистерин, ошондой эле физикалык жана юридикалык жактарды тартууга;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык изилдөөчүлүк, маалыматтык-укуктук жана башка акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүгө;
3) мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, муниципалдык, коомдук жана жеке мекемелерден белгиленген тартипте маалыматтарды, документтерди жана материалдарды суроого жана алууга.
15. Финансы академиясы төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) оперативдүү башкаруу укугунун негизинде өткөрүп берилген мүлктүн сакталышын камсыздоо боюнча зарыл чараларды көрүүгө;
2) бардык иштегендер үчүн коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылууга жана алардын ден соолугуна жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян үчүн белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
3) өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык жана өз компетенциясынын чегинде мыйзам менен корголгон мамлекеттик сыр болуп саналган мамлекеттик жана кызматтык маалыматтарды сактоону камсыз кылууга;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте финансылык эсепти жүргүзүүгө жана финансылык отчеттуулукту берүүгө.
6-глава. Окутууну өткөрүү тартиби
16. Окутуу Финансы министрлигинин түзүмдүк, ведомстволук бөлүмдөрү, ошондой эле мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук жана жеке мекемелер менен биргеликте түзүлгөн окуу планы жана программасы боюнча жүргүзүлөт.
Окутуунун тили: Финансы академиясынын мүмкүнчүлүгүнө жана угуучулардын талабына жараша кыргыз, орус, англис тилдеринде.
Окутуунун узактыгы бекитилген окуу программалары боюнча аныкталат.
Окутуу жана квалификацияны жогорулатуу төлөмдүк негизде (Финансы министрлигинин буйругу менен бекитилген билим берүүнүн акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрүнүн тарифтеринин прейскурантына ылайык) жүргүзүлөт.
Финансы министрлигинин системасынын кызматкерлери үчүн окутуу жана квалификацияны жогорулатуу акысыз негизде (Финансы министрлигинин буйругу менен бекитилген окуу планына ылайык) жүргүзүлөт.
17. Финансы академиясында окуудан жана квалификацияны жогорулатуудан өткөн угуучулар белгиленген үлгүдөгү документтерди (сертификат, күбөлүк ж.б.) алышат.
7-глава. Изилдөө иштерин өнүктүрүү
18. Изилдөө иштери финансы, менеджмент жана бизнес жаатында жүргүзүлөт жана төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана башка мамлекеттик органдары үчүн маалыматтык жана аналитикалык материалдарды, ошондой эле сунуштамаларды даярдоо;
2) колдонмо изилдөөлөр жана илимий форумдарды өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин илимий, билим берүү жана методикалык борборлору менен кызматташуу.
19. Финансы министрлиги менен макулдашуу боюнча Финансы академиясы төмөнкүлөрдү аткара алат:
1) тикелей эки тараптуу жана көп тараптуу илимий байланыштарды түзүү, изилдөөлөрдүн ар кандай түрлөрүн жүргүзүү;
2) изилдөө борборлорун түзүү, аткарылуучу иштин көлөмүнө жана формасына жараша изилдөөчү персоналдын штатын аныктоо.
8-глава. Финансы академиясынын ишин уюштуруу жана башкаруу
20. Финансы академиясын директор жетектейт, ал Кыргыз Республикасынын финансы министринин (мындан ары - министр) сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
21. Директор:
1) белгиленген эмгек акы төлөө фондунун чегинде жана штаттык сандын чегинде Финансы академиясынын түзүмүнүн жана штаттык санынын долбоорун министрдин бекитүүсүнө киргизет;
2) Финансы академиясынын кызматкерлерин белгиленген тартипте кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
3) Финансы академиясынын окуу-методикалык, өндүрүштүк ишин уюштурат;
4) Финансы академиясына жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
41) коррупцияны алдын алуунун ички системасын түзүүгө жана натыйжалуу иштешине багытталган чараларды көрбөгөндүгү же талаптагыдай көрбөгөндүгү үчүн жана коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактабагандыгы үчүн жоопкерчилик тартат;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык Финансы академиясынын ишин жетектөө боюнча башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 12-февралындагы № 94 токтомунун редакциясына ылайык)
22. Финансы академиясынын директору төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Финансы министрлигинин жетекчилигине окуу процессин, окуу-методикалык ишти жана материалдык-техникалык базаны өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүүгө;
2) Финансы академиясынын атынан ишеним катсыз иштөөгө, анын кызыкчылыктарын коргоого;
3) Финансы академиясынын атынан юридикалык жактар жана жеке жактар менен келишимдерди түзүүгө, Финансы академиясынын кызматкерлерине ишеним каттарды берүүгө;
4) компетенциясынын чегинде Финансы академиясынын бардык кызматкерлеринин аткаруусу үчүн милдеттүү болгон буйруктарды, тескемелерди чыгарууга, тапшырмаларды жана көрсөтмөлөрдү берүүгө;
5) Финансы академиясынын ишине тиешелүү маселелер боюнча уюмдар жана мекемелер менен кат алышууга;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо менен жана белгиленген эмгек акы төлөө фондунун чегинде окуу-көмөкчү жана административдик-чарбалык персоналдын эмгек акысын төлөө шарттарын белгилөөгө;
7) белгиленген тартипте кызматкерлерин кызматтык иш сапарларга жөнөтүүгө;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Финансы академиясынын штаттык кызматкерлерин которууга, сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын көрүүгө, ошондой эле атайын эсептин каражаттарынын эсебинен материалдык жардам көрсөтүүгө;
9) Финансы академиясынын атынан аракеттенүүгө жана мамлекеттик органдар, эл аралык уюмдар, Кыргыз Республикасындагы жана чет мамлекеттердеги мекемелер жана уюмдар менен мамиле түзүүдө анын кызыкчылыктарын коргоого;
10) Финансы академиясынын эксперттери (консультанттары) менен контракттык келишимдерди түзүү жана бузуу иштерин жүргүзүүгө;
11) Финансы академиясынын ишин жетектөө боюнча башка ыйгарым укуктарды ишке ашырууга.
23. Финансы академиясынын түзүмү жана штаттык расписаниеси министр тарабынан бекитилген штаттык сандын жана эмгек акы төлөө фондунун чегинде бекитилет, аларды Финансы академиясынын милдеттеринин жана функцияларынын өзгөргөнүнө байланыштуу гана өзгөртүүгө мүмкүн болот. Мында директорду дайындоо Финансы академиясынын түзүмүн өзгөртүү үчүн негиз болбойт.
24. Профессордук-окутуучулук курамды тартуу эмгек келишими (контракт) боюнча ишке ашырылат. Эмгек келишими (контракт) конкурстук тандоодон кийин түзүлөт.
25. Профессордук-окутуучулук курамдын эмгек акысын төлөө аткарылган окуу жүктөмүнүн көлөмүнө ылайык белгиленген тартипте аныкталат.
26. Эксперттерди (консультанттарды) тандоо процесси эл аралык уюмдардын жол-жоболоруна ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын ченемдерин сактоо менен ишке ашырылат.
27. Контракттык негиздеги эксперттер (консультанттар) эл аралык өнөктөштөрдүн каражаттарынын эсебинен (имараттын ижарасы, эмгек акы, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр, транспорттук жана башка чыгымдар) камсыздалат.
28. Финансы академиясынын ишин каржылоо белгиленген тартипте төмөнкүлөрдүн эсебинен жүргүзүлөт:
1) окутуу үчүн акы төлөө түрүндө түшкөн каражаттардын;
2) мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын;
3) юридикалык жана жеке жактардын адистерин даярдоо жана кайра даярдоо келишимдерин аткаргандыгы үчүн алынган каражаттардын;
4) юридикалык жана жеке жактардын, анын ичинде чет мамлекеттердин кайтарымсыз берилүүчү каражаттарынын;
5) илимий-изилдөө, басма, өндүрүштүк жана коммерциялык иштен түшкөн өздүк каражаттардын;
6) эл аралык уюмдардын илимий-изилдөө иштерин биргелешип жүргүзүү үчүн бөлүнгөн каражаттарынын;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка булактардын.
9-глава. Корутунду жоболор
29. Финансы академиясынын ишин кайра уюштуруу жана токтотуу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган тартипте жүргүзүлөт.
30. Финансы академиясынын иши токтотулган учурда Финансы академиясынын документтери "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.