Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 227 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 192 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына
ОРТО МӨӨНӨТТҮҮ ТАРИФТИК САЯСАТЫ
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 299, 2021-жылдын 23-декабрындагы № 328, 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 198, 2022-жылдын 22-сентябрындагы № 517, 2022-жылдын 25-ноябрындагы N 657, 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 199, 2023-жылдын 12-декабрындагы № 665, 2024-жылдын 23-апрелиндеги № 190, 2024-жылдын 7-октябрындагы № 602, 2024-жылдын 10-декабрындагы № 752 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Киришүү
Ушул Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясаты (мындан ары - ОМТС) электр энергиясын пайдаланууну керектөөчүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн сактоо максатында иштелип чыккан.
Электр энергиясына ОМТС менен белгиленген тарифтерди колдонуу аны натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу, энергияны үнөмдөө боюнча чараларды киргизүү, ошондой эле жылытуу максатында энергиянын альтернативдүү булактарын пайдалануу боюнча керектөөчүлөргө түрткү берет. Бул багытта, ОМТСтин алкагында калктын көпчүлүк бөлүгү үчүн социалдык-багыттоо тарифтери боюнча электр энергиясын жеңилдик менен керектөөнүн ар айлык көлөмү сакталууда.
2-глава. Жалпы принциптер
Бул ОМТС төмөнкү принциптерге негизделген:
- наркынан төмөн белгиленген электр энергиясына карата социалдык- багыттоо тарифтери сакталып калышы керек;
- калк үчүн электр энергиясына карата тарифтер социалдык- багыттоочу электр энергиясын жеңилдетилген керектөөнүн кепилденген көлөмүнүн чегинде гана колдонулушу керек;
- (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-декабрындагы № 665 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- тарифтер электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга, энергияны үнөмдөөнү өнүктүрүүгө жана керектөөчүлөрдү энергия менен жабдуунун сапатын жакшыртууга түрткү берүүгө тийиш.
3-глава. Тарифтер
Калк
Электр энергиясына болгон төлөмдөрдү төлөөдө калк үчүн күтүүсүз экономикалык кыйынчылыктарды болтурбоо үчүн, ОМТС электр энергиясына болгон тарифтерди өткөн жылдагы иш жүзүндөгү инфляциянын деңгээлине жыл сайын түзөтүүнү карайт. Ошол эле учурда калк үчүн тарифтердин социалдык багытталышы электр энергиясын сарптоонун ай сайын 700 кВт саат көлөмүндө чектелген босогосун сактоо менен электр энергиясын үнөмдөөгө багытталган (бийик тоолуу аймактарда жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда жашаган тиричиликтик керектөөчүлөрдү кошпогондо). Катаал климаттык шарттарды жана узак күзгү-кышкы мезгилди эске алганда, бийик тоолуу райондордо жана жетүүгө кыйын болгон алыскы зоналарда жашаган тиричиликтик керектөөчүлөр үчүн 700 кВт саат өлчөмүндө электр энергиясын жеңилдетилген керектөөнүн ар айдагы көлөмүнүн чеги белгиленбейт.
16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпул алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө даректүү социалдык колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан берилген тизмеге ылайык айына 700 кВт саатка чейинки өлчөмдө керектөөдө электр энергиясына өзүнчө тарифтер белгиленет.
Керектөөнүн ар айдагы чегинен ашкан тиричиликтик керектөөчүлөр үчүн электр энергиясына болгон тарифтер 1 кВт саат үчүн 216 тыйын өлчөмүндө белгиленет, алар өткөн жылдагы иш жүзүндөгү инфляциянын деңгээлине түзөтүлүшү керек.
Электр энергиясын керектөөнү жана кубаттуулукту чектөөсүз пайдаланууну каалаган тиричиликтик керектөөчүлөр үчүн электр менен жабдуучу уюм менен түзүлгөн келишимге ылайык 1 кВт.с үчүн 327,6 тыйын өлчөмүндө электр энергиясына өзүнчө тариф белгиленет.
Насостук станциялар
Калкты ичүүчү суу, ошондой эле айыл чарба жерлерин сугаруу үчүн суу менен камсыз кылуучу насостук станциялар жана скважиналар үчүн электр энергиясына тариф 1 кВт.с үчүн 124,7 тыйын (салыктарды эске албаганда) өлчөмүндө белгиленет. Бул тариф жыл сайын өткөн жылдагы иш жүзүндөгү инфляциянын деңгээлине түзөтүлүп турат.
Электр транспорту
Муниципалдык троллейбустук деполор, ошондой эле жүргүнчүлөрдү ташуунун тиешелүү кызмат көрсөтүүлөрүн жүзөгө ашыруу үчүн электр транспортун (троллейбустар жана электр автобустар) пайдаланган жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканалары үчүн электр энергиясына тариф өткөн жылдагы иш жүзүндөгү инфляциянын деңгээлине жыл сайын түзөтүү менен 1 кВт.с үчүн 191,4 тыйынды түзөт (салыктарды эске албаганда).
Белгиленген кубаттуулугу 23 кВт чейинки электр мобилдерди кубаттоо боюнча станциялар үчүн электр энергиясына тариф электр менен жабдуучу уюм менен түзүлгөн келишимге ылайык өткөн жылдагы иш жүзүндөгү инфляциянын деңгээлине жыл сайын түзөтүү менен 1 кВт.с үчүн 287 тыйын өлчөмүндө белгиленет (салыктарды эсепке албаганда).
Электр энергиясын керектөөнү жана кубаттуулукту чектөөсүз пайдаланган электр мобилдерди кубаттоо боюнча станциялар үчүн электр энергиясына тариф электр менен жабдуучу уюм менен түзүлгөн келишимге ылайык 1 кВт.с үчүн 442,0 тыйын (салыктарды эсепке албаганда) өлчөмүндө белгиленет.";
Интернат тибиндеги балдар мекемелери, майыптар жана/же улгайган жарандар үчүн социалдык стационардык жана жарым стационардык мекемелер
Турмуштук оор кырдаалда турган балдарга социалдык кызматтарды көрсөтүүчү, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бул аккредитацияланган мекеменин белгиленген талаптарга ылайык келерин күбөлөндүргөн күбөлүгү бар менчигинин түрүнө карабастан интернат тибиндеги балдар мекемелери үчүн, ошондой эле майыптарга, улгайган жарандарга жана/же белгилүү бир жашаган жери жок жарандарга социалдык кызматтарды көрсөтүүчү менчигинин түрүнө карабастан социалдык стационардык жана жарым стационардык мекемелер үчүн, мекеменин ишинин социалдык багытталгандыгы жөнүндө эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ырастамасы бар болгондо, ОМТС электр энергиясына болгон тарифтерди мурдагы жылдагы иш жүзүндөгү инфляциянын деңгээлине жыл сайын түзөтүүнү караштырат. 2021-жылы тиешелүү тариф 1 кВт саат үчүн 168 тыйынды түзөт (салыктарды эске албастан).
Эскертүү: майыптар, улгайган жарандар жана/же белгилүү бир жашаган жери жок жарандар үчүн мамлекеттик эмес социалдык стационардык жана жарым стационардык мекемелер үчүн эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ырастамасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан стационардык жана жарым стационардык социалдык тейлөө мекемелерин аккредитациялоонун тартиби бекитилгенден кийин токтотулат.
Диний уюмдар
Бул ОМТСте өткөн жылдын мезгили үчүн иш жүзүндөгү жылдык инфляциянын деңгээлинде жыл сайын түзөтүү киргизүү менен 1 кВт саат үчүн 191,4 тыйындын (салыктарды эсепке албастан) деңгээлинде тарифти белгилөө менен диний уюмдарды керектөөчүлөрдүн өзүнчө тобуна бөлүү каралган.
Өнөр жай, айыл чарба, бюджеттик жана башка тиричиликтик эмес керектөөчүлөр
Өнөр жай, айыл чарба керектөөчүлөр үчүн керектелген электр энергиясына төлөм 1 кВт саат үчүн 287 тыйын өлчөмүндөгү тариф боюнча (салыктарды эсепке албастан) жүргүзүлөт.
Башка тиричиликтик эмес керектөөчүлөр үчүн керектелген электр энергиясына төлөм 1 кВт.с үчүн 376,7 тыйын өлчөмүндөгү тариф боюнча (салыктарды эсепке албастан) жүргүзүлөт.
Бюджеттик (республикалык/жергиликтүү бюджеттен каржылануучу бардык мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер) керектөөчүлөр үчүн керектелген электр энергиясына төлөм 1 кВт саат үчүн 340 тыйын өлчөмүндөгү тариф боюнча (салыктарды эсепке албастан) жүргүзүлөт.
(Абзац КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-декабрындагы № 665 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Майнинг (криптовалюта), алтын кен өнөр жайы, алкоголь өнөр жайы
Бул керектөөчүлөрдү электр менен жабдуу үчүн өтө көп энергетикалык кубаттуулук талап кылынат.
Ушуга байланыштуу ушул сыяктуу ишканалардын энергияны көп көлөмдө талап кылуусун жана электр энергиясы менен үзгүлтүксүз жабдуунун зарылдыгын эске алып, жогоруда аталган керектөөчүлөр электр энергиясына тариф 1 кВт.с үчүн 504,0 тыйынды (салыктарды эске албаганда) түзгөн өзүнчө топко бөлүндү. Ошентип, бул категориядагы керектөөчүлөр үчүн тариф керектөөчүгө чейин аны жеткирүүнү эске алуу менен ЖЭБде электр энергиясын иштеп чыгууга чыгымдарды компенсациялоонун деңгээлинде белгиленет.
Куюучу өндүрүш
Куюучу өндүрүш социалдык багытталган продукцияны өндүргөн, электр энергиясын негизги керектөөчүлөр болуп саналат.
Ушуга байланыштуу электр энергиясынын тартыштыгынын шартында аны үзгүлтүксүз жабдуу зарылдыгын эске алуу менен аталган керектөөчүлөр өзүнчө топко бөлүндү, алар үчүн электр энергиясынын тарифи 1 кВт.с үчүн 504,0 тыйынды (салыктарды эске албаганда) түзөт, башкача айтканда бул категориядагы керектөөчүлөр үчүн тариф ЖЭБде электр энергиясын өндүрүүгө кеткен чыгымдардын ордун толтуруу деңгээлинде жана аны керектөөчүгө жеткирүүнү эске алуу менен белгиленет.
Цемент өндүрүшү
Цемент продукциясын өндүрүү боюнча өнөр жай ишканалары социалдык багытталган продукцияны өндүргөн, электр энергиясынын негизги керектөөчүлөрү болуп саналат.
Ушуга байланыштуу электр энергиясынын тартыштыгынын шартында аны үзгүлтүксүз берүү зарылдыгын эске алуу менен аталган керектөөчүлөр өзүнчө топко бөлүнүшөт, алар үчүн электр энергиясынын тарифи 1 кВт.с үчүн 327,6 тыйын (салыктарды эске албаганда), башкача айтканда бул категориядагы керектөөчүлөр үчүн тариф ЖЭБде электр энергиясын өндүрүүгө кеткен чыгымдарды компенсациялоо деңгээлинде белгиленет.
Энергиянын кайра жаралуучу булактары
(Абзац КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-декабрындагы № 665 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен электр энергиясын өндүрүүчүлөр үчүн тариф ОМТСтин 2-1-тиркемесине ылайык жүргүзүлөт.
(Абзац КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 657 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4-глава. Корутунду
Ар бир эсептик жыл үчүн электр энергиясынын тарифи ушул ОМТСнын 1 жана 2-тиркемелерине ылайык өткөн жылдагы иш жүзүндөгү инфляциянын чоңдугуна түзөтүлөт.
| Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатына 1-тиркеме |
Акыркы керектөөчүлөр үчүн электр энергиясына (Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун "Калк" жана "Насостук станциялар" керектөөчүлөрүнүн топторунан тышкары) (салыктарды эске албаганда)
ТАРИФТЕР
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 199, 2023-жылдын 12-декабрындагы № 665, 2024-жылдын 23-апрелиндеги № 190, 2024-жылдын 7-октябрындагы № 602 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
№ | Керектөөчүлөрдүн топтору | Чен бирдиги | 2021-2022-ж. 01.06. | 2022-ж. 01.06. | 2023-ж. 01.05. | 2024-ж. 01.05. | 2025-ж. 01.06. |
1 | Калк, анын ичинде: |
|
|
|
|
|
|
1.1 | Айына 700 кВт.с чейин керектөөдө (бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда жашаган калктан тышкары) | тыйын/кВт.с | 77,0 | 77,0 | 100,0 | тариф + инфляция | тариф + инфляция |
Өсүш | % | - | - | 29,9 | инфляциянын деңгээлине | инфляциянын деңгээлине | |
1.2 | Айына 700 кВт.с ашык керектөөдө (бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда жашаган калктан тышкары) | тыйын/кВт.с | 216,0 | 216,0 | 216,0 | тариф + инфляция | тариф + инфляция |
Өсүш | % | - | - | - | инфляциянын деңгээлине | инфляциянын деңгээлине | |
1.3 | Бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда жашаган калк | тыйын/кВт.с | 77,0 | 77,0 | 100,0 | тариф + инфляция | тариф + инфляция |
Өсүш | % | - | - | 29,9 | инфляциянын деңгээлине | инфляциянын деңгээлине | |
1.4 | 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпул алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр айына 700 кВт.с чейин керектөөдө | тыйын/кВт.с | 50,0 | 50,0 | 50,0 | тариф + инфляция | тариф + инфляция |
Өсүш | % | - | - | - | инфляциянын деңгээлине | инфляциянын деңгээлине | |
1.5 | 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпул алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр айына 700 кВт.с ашык керектөөдө | тыйын/кВт.с | 216,0 | 216,0 | 216,0 | тариф + инфляция | тариф + инфляция |
Өсүш | % | - | - | - | инфляциянын деңгээлине | инфляциянын деңгээлине | |
1.6 | Электр энергиясын керектөөнү жана кубаттуулукту чектөөсүз пайдаланган калк | тыйын/кВт.с | - | 252,0 | 327,6 | тариф + инфляция | тариф + инфляция |
Өсүш | % | - | - | - | инфляциянын деңгээлине | инфляциянын деңгээлине | |
2 | Насостук станциялар | тыйын/кВт.с | 109,5 | 109,5 | 124,7 | тариф + инфляция | тариф + инфляция |
Өсүш | % | 40,6 | - | 13,9 | инфляциянын деңгээлине | инфляциянын деңгээлине | |
3 | Электр транспорту | тыйын/кВт.с | 168,0 | 168,0 | тариф + инфляция | тариф + инфляция | тариф + инфляция |
Өсүш | % | 6,3 | - | тариф + инфляция | инфляциянын деңгээлине | инфляциянын деңгээлине | |
3.1 | Белгиленген кубаттуулугу 23 кВт чейинки электр мобилдерди кубаттоо боюнча станциялар | тыйын/кВт.с | - | - | 287,0 | тариф + инфляция | тариф + инфляция |
| Өсүш | % | - | - | - | инфляциянын деңгээлине | инфляциянын деңгээлине |
3.2 | Электр энергиясын керектөөнү жана кубаттуулукту чектөөсүз пайдаланган электр мобилдерди кубаттоо боюнча станциялар | тыйын/кВт.с | - | - | 442,0 | тариф + инфляция | тариф + инфляция |
Өсүш | % | - | - | - | инфляциянын деңгээлине | инфляциянын деңгээлине | |
4 | Интернат тибиндеги балдар мекемелери, майыптар жана/же улгайган жарандар үчүн социалдык стационардык жана жарым стационардык мекемелер | тыйын/кВт.с | 168,0 | 168,0 | тариф + инфляция | тариф + инфляция | тариф + инфляция |
Өсүш | % | 6,3 | - | инфляциянын деңгээлине | инфляциянын деңгээлине | инфляциянын деңгээлине | |
5 | Диний уюмдар | тыйын/кВт.с | 168,0 | 168,0 | тариф + инфляция | тариф + инфляция | тариф + инфляция |
Өсүш | % | - | - | инфляциянын деңгээлине | инфляциянын деңгээлине | инфляциянын деңгээлине | |
6 | Бюджеттик керектөөчүлөр | тыйын/кВт.с | 252,0 | 340,0 | 340,0 | тариф + инфляция | тариф + инфляция |
Өсүш | % | 12,5 | - | - | инфляциянын деңгээлине | инфляциянын деңгээлине | |
7 | Айыл чарба | тыйын/кВт.с | 252,0 | 252,0 | тариф + инфляция | тариф + инфляция | тариф + инфляция |
Өсүш | % | 12,5 | - | инфляциянын деңгээлине | инфляциянын деңгээлине | инфляциянын деңгээлине | |
8 | Өнөр жай | тыйын/кВт.с | 252,0 | 252,0 | тариф + инфляция | тариф + инфляция | тариф + инфляция |
Өсүш | % | 12,5 | - | инфляциянын деңгээлине | инфляциянын деңгээлине | инфляциянын деңгээлине | |
9 | Башка керектөөчүлөр | тыйын/кВт.с | 252,0 | 252,0 | тариф + инфляция | 376,7 | тариф + инфляция |
Өсүш | % | 12,5 | - | инфляциянын деңгээлине | 18,5 | инфляциянын деңгээлине | |
10 | Майнинг (крипто-валюта) | тыйын/кВт.с | 252,0 | 252,0 | 504,0 | тариф + инфляция | тариф + инфляция |
Өсүш | % | 12,5 | - | - | инфляциянын деңгээлине | инфляциянын деңгээлине | |
11 | Алтын кен өнөр жайы | тыйын/кВт.с | 252,0 | 252,0 | 504,0 | тариф + инфляция | тариф + инфляция |
Өсүш | % | 12,5 | - | - | инфляциянын деңгээлине | инфляциянын деңгээлине | |
12 | Куюучу өндүрүш | тыйын/кВт.с | 252,0 | 252,0 | 504,0 | тариф + инфляция | тариф + инфляция |
Өсүш | % | 12,5 | - | - | инфляциянын деңгээлине | инфляциянын деңгээлине | |
13 | Алкоголь өнөр жайы | тыйын/кВт.с | 252,0 | 252,0 | 504,0 | тариф + инфляция | тариф + инфляция |
Өсүш | % | 12,5 | - | - | инфляциянын деңгээлине | инфляциянын деңгээлине | |
14 | Цемент өндүрүшү | тыйын/кВт.с | 252,0 | 252,0 | 327,6 | тариф + инфляция | тариф + инфляция |
Өсүш | % | 12,5 | - | - | инфляциянын деңгээлине | инфляциянын деңгээлине |
| Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатына 2-тиркеме |
Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын жана Кара-Көл шаарынын "Калк" жана "Насостук станциялар" керектөөчүлөрүнүн топтору үчүн электр энергиясына (салыктарды эсепке албаганда)
ТАРИФТЕР
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 199, 2023-жылдын 12-декабрындагы № 665, 2024-жылдын 23-апрелиндеги № 190 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
№ | Керектөөчүлөрдүн топтору | Чен бирдиги | 2021-2022-ж. 01.06. | 2022-ж. 01.06. | 2023-ж. 01.05. | 2024-ж. 01.05. | 2025-ж. 01.06. |
1 | Калк, анын ичинде: |
|
|
|
|
|
|
1.1 | Айына 150 кВт.с чейин керектөөдө | тыйын/кВт.с | 13,3 | 13,3 | Өздүк наркы боюнча | Өздүк наркы боюнча | Өздүк наркы боюнча |
Өсүш | % | 33,8 | - | - | - | - | |
1.2 | Айына 150 кВт.с ашык 700 кВт.с чейин керектөөдө (бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда жашаган калкты кошпогондо) | тыйын/кВт.с | 77,0 | 77,0 | 100,0 | тариф + инфляция | тариф + инфляция |
Өсүш | % | - | - | 29,9 | инфляциянын деңгээлине | инфляциянын деңгээлине | |
1.3 | Айына 700 кВт.с ашык керектөөдө (бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда жашаган калкты кошпогондо) | тыйын/кВт.с | 216,0 | 216,0 | 216,0 | тариф + инфляция | тариф + инфляция |
Өсүш | % | - | - | - | инфляциянын деңгээлине | инфляциянын деңгээлине | |
1.4 | Бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда жашаган калк | тыйын/кВт.с | 77,0 | 77,0 | 100,0 | тариф + инфляция | тариф + инфляция |
Өсүш | % | - | - | 29,9 | инфляциянын деңгээлине | инфляциянын деңгээлине | |
1.5 | 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпул алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр айына 150 кВт.с ашык 700 кВт.с чейин керектөөдө | тыйын/кВт.с | 50,0 | 50,0 | 50,0 | тариф + инфляция | тариф + инфляция |
Өсүш | % | - | - | - | инфляциянын деңгээлине | инфляциянын деңгээлине | |
1.6 | Электр энергиясын керектөөнү жана кубаттуулукту чектөөсүз пайдаланган калк | тыйын/кВт.с | - | 252,0 | 327,6 | тариф + инфляция | тариф + инфляция |
Өсүш | % | - | - | - | инфляциянын деңгээлине | инфляциянын деңгээлине | |
2 | Насостук станциялар | тыйын/кВт.с | 13,3 | Өздүк наркы боюнча | Өздүк наркы боюнча | Өздүк наркы боюнча | Өздүк наркы боюнча |
Өсүш | % | 33,8 | - | - | - | - |
Эскертүү.
"Жалал-Абад областындагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазыкечүү айылынын аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычын курууда келтирилген зыяндарды компенсациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-статьясына ылайык Токтогул районундагы жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылындагы калк пайдаланган жана насостук станцияларды иштетүүгө керектелген электр энергиясы үчүн төлөмдөр Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген керектөө ченемдерин эске алуу менен Токтогул ГЭСинде иштелип чыккан электр энергиясынын өздүк наркы боюнча жүргүзүлөт.
Жеңилдиктердин кайталанышын болтурбоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-апрелиндеги № 206 "Бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарда жашаган адамдарды мамлекеттик колдоонун кошумча чаралары жөнүндө" токтомуна ылайык белгиленген электр энергиясына төлөмдүн 50% өлчөмүндөгү компенсация ушул тиркеменин 1.2-пунктчасында көрсөтүлгөн тарифке колдонулат.
| Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатына 2-1-тиркеме |
Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен иштелип чыгуучу электр энергиясын өндүрүүчүлөр үчүн ТАРИФТИН ЧЕКТҮҮ ДЕҢГЭЭЛИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-декабрындагы № 665 , 2024-жылдын 10-декабрындагы № 752 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Керектөөчүлөрдүн топтору | Ченөө бирдиги | 2023-ж. | 2024-ж. 01.06. | 2025-ж. 01.06. |
Энергиянын кайра жаралуу булактары | тыйын/кВт.с | 340 | 340 | 340 |
Эскертүү:
1. Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен иштелип чыккан электр энергиясын өндүрүүчүлөр үчүн тарифтин чектүү деңгээли орнотмонун ар бир түрү боюнча тиешелүү коэффициентке төмөнкүдөй өлчөмдөрдө көбөйтүлөт:
1) суунун энергиясын пайдаланган орнотмолор үчүн коэффициент 1,3кө барабар;
2) күндүн энергиясын пайдаланган орнотмолор үчүн коэффициент 1,3кө барабар;
3) биомассанын энергиясын пайдаланган орнотмолор үчүн коэффициент 1,3кө барабар;
4) шамалдын энергиясын пайдаланган орнотмолор үчүн коэффициент 1,3кө барабар;
5) жердин энергиясын пайдаланган орнотмолор үчүн коэффициент 1,3кө барабар.
2. Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен иштелип чыккан электр энергиясын өндүрүүчүлөр үчүн тарифтин чектүү деңгээли жеңилдик берилген мезгилдин колдонуу мөөнөтүнүн ичинде колдонулат.