Загрузка документа…
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 315 токтомуна) |
Теңдөөчү трансферттердин көлөмдөрүн аныктоо
тартиби
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 315, 2024-жылдын 22-августундагы № 490 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Теңдөөчү трансферттердин көлөмдөрүн аныктоо тартиби (мындан ары – Тартип) кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдоо мезгилине жергиликтүү бюджеттерге теңдөөчү трансферттерди эсептөөнүн жана бөлүштүрүүнүн тартибин белгилейт.
2. Теңдөөчү трансферттер республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттердин тең салмактуулугун камсыздоо боюнча чараларды колдоого, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өзүнүн функцияларын жана ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча финансылык керектөөлөрүн камсыздоо максатында берилет.
3. Республикалык бюджеттен теңдөөчү трансферттердин жалпы көлөмү Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен жыл сайын бекитилет.
4. Теңдөөчү трансферттердин бекитилген көлөмү жыл ичинде жалпы көлөмдө такталбайт, бирок бөлүнгөн каражаттардын чегинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү тарабынан такталышы мүмкүн.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 315 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Теңдөөчү трансферттер ушул Тартипке ылайык бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу орган (мындан ары – ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) тарабынан жергиликтүү бюджеттерге бөлүштүрүлөт жана ар бир районго бюджеттин кирешелерин жана чыгымдарын кезектеги финансылык жылга кварталдык бөлүштүрүүгө ылайык берилет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 315 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Теңдөөчү трансферттердин каражаттары артыкчылыктуу тартипте корголгон беренелерди, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын биринчи кезектеги милдеттерин аткаруу менен байланышкан учурдагы чыгымдарын, алардын ичинде төмөнкүлөрдү каржылоого багытталат:
1) муниципалдык мекемелердин, мектеп жана мектепке чейинки мекемелердин коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрүн (электр энергиясынан тышкары), анын ичинде мазутту, көмүрдү жана катуу отунду сатып алууну;
2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өзүнүн функцияларын аткаруу менен байланышкан чыгымдарын: иш сапарлар чыгымдары, канцелярдык товарлар, байланыш, интернет кызмат көрсөтүүлөрү, транспорттук чыгымдар.
2. Теңдөөчү трансферттердин көлөмдөрүн аныктоонун эсеби
7. Теңдөөчү трансферттер жергиликтүү бюджеттерди пландоодо пландалган кирешелердин көлөмү учурдагы пландык жылдын милдеттемелеринин суммалык чыгымдарынын көлөмүнөн төмөн болгон учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилет.
8. Жергиликтүү бюджеттерди түзүүнүн тууралыгы жана негиздүүлүгү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү (мындан ары - аймактык бөлүм) тарабынан жергиликтүү бюджеттердин чыгымдарына жана кирешелерине талдоо жана мониторинг жүргүзүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 315 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Теңдөөчү трансферттердин көлөмдөрүн аныктоо үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү (мындан ары - аймактык бөлүм) тарабынан жергиликтүү бюджеттердин суммалык чыгымдарынын милдеттенмелерине жана кирешелерине баалоо жүргүзүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 315 токтомунун редакциясына ылайык)
91. Аймактык бөлүм жергиликтүү мамлекеттик администрациянын чечимдерине ылайык ар бир айыл өкмөтүнө теңдөөчү трансферттерди бөлүштүрөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 315 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Трансферттердин көлөмдөрү райондор жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:
BTi=Pi-Дi,
мында:
BTi - кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдоо мезгилине i-жергиликтүү бюджетке трансферттердин көлөмү;
Pi – учурдагы жылдын пландык көрсөткүчтөрүнө ылайык i-жергиликтүү бюджеттин суммалык чыгымдарынын милдеттенмелерин баалоо (электр энергиясын эске албаганда);
Дi – кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдоо мезгилинин долбооруна ылайык i-жергиликтүү бюджеттин суммалык кирешелерин баалоо.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 315 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ар бир район (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы) боюнча теңдөөчү трансферттердин көлөмдөрүн формула боюнча эсептейт жана ага кошумча 1,10 чегинде түзөтүүчү коэффициентти белгилейт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 315, 2024-жылдын 22-августундагы № 490 токтомунун редакциясына ылайык)
111. Аймактык бөлүмдөр жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары боюнча теңдөөчү трансферттерди формула боюнча эсептейт жана ар бир жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы үчүн өз алдынча бөлүштүрөт.".
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 315, 2024-жылдын 22-августундагы № 490 токтомунун редакциясына ылайык)
12. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 315 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
13. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 315 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Жергиликтүү бюджеттердин эсептөөлөрүн
түзүүдөгү жоопкерчилик
14. Жергиликтүү бюджеттердин чыгымдарынын жана кирешелеринин долбоорлорун түзүүнүн тууралыгы жана өз убагындалыгы үчүн жоопкерчиликти жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тартат.
| |
|