Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 23-июну № 315
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 315 "Теңдөөчү трансферттердин көлөмдөрүн аныктоо тартибин бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасында мамлекеттик финансыны башкаруу системасын жана теңдөөчү трансферттердин көлөмдөрүн аныктоо тартибин өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 54-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 315 "Теңдөөчү трансферттердин көлөмдөрүн аныктоо тартибин бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Теңдөөчү трансферттердин көлөмдөрүн аныктоо тартибинде:
1) 4-пункт "жыл ичинде" деген сөздөрдөн кийин "жалпы көлөмдө" деген сөздөр, "такталбайт" деген сөздөн кийин ", бирок бөлүнгөн каражаттардын чегинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү тарабынан такталышы мүмкүн" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 5-пункт "бюджеттин кирешелерин" деген сөздөрдөн мурда "ар бир районго" деген сөздөр менен толукталсын;
3) 8-пункттагы "ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү (мындан ары - аймактык бөлүм)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 9-пункттагы "ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү (мындан ары - аймактык бөлүм)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) төмөнкүдөй мазмундагы 91-пункт менен толукталсын:
"91. Аймактык бөлүм жергиликтүү мамлекеттик администрациянын чечимдерине ылайык ар бир айыл өкмөтүнө теңдөөчү трансферттерди бөлүштүрөт.";
6) 10-пункт "Трансферттердин көлөмдөрү" деген сөздөрдөн кийин "райондор жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн" деген сөздөр менен толукталсын;
7) 11-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ар бир район боюнча теңдөөчү трансферттерди бөлүштүрүүдө формула боюнча бөлүштүрөт жана 1,10 чейинки өлчөмдөгү түзөтүүчү коэффициентти өз алдынча белгилейт.";
8) төмөнкүдөй мазмундагы 111-пункт менен толукталсын:
"111. Аймактык бөлүмдөр жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары боюнча теңдөөчү трансферттерди бөлүштүрүүдө формула боюнча бөлүштүрөт жана ар бир жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы үчүн өзүнчө 1,20 чейинки өлчөмдөгү түзөтүүчү коэффициентти өз алдынча белгилейт.";
9) 12, 13-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 30-июнундагы № 52 (3501) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |