Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-майындагы № 282 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2021-жылдын 29-декабрындагы № 355
токтому менен бекитилген
"Кыргыз Республикасынын Инвестициялар жана өнүктүрүү боюнча агенттиги "KADI" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо "Кыргыз Республикасынын Инвестициялар жана өнүктүрүү боюнча агенттиги "KADI" мамлекеттик мекемесинин (мындан ары - Агенттик) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. Агенттик инвестицияларды тартуу, коргоо жана коштоо, экспортту илгерилетүү боюнча функцияларды ишке ашыруучу, ошондой эле инвестициялык долбоорлорду жана программаларды ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын, мамлекеттик ишканалардын, мекемелердин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине көмөк көрсөтүүчү мамлекеттик мекеме болуп саналат.
3. Агенттик Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигинин инвестицияларды тартуу, коргоо жана коштоо маселелери боюнча укугун улантуучу болуп саналат.
4. Агенттик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Агенттик өз ишин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык уюмдар, бизнес-коомчулук, коомдук бирикмелер, илимий жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенүүдө жүзөгө ашырат.
6. Агенттик юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү бар. Агенттик жеке өзүнүн атынан жарандык-укуктук мамилелерге кирет.
7. Агенттиктин обочолонгон мүлкү, казыналык системасында жана банк мекемелеринде өз алдынча балансы, алыш-бериш жана башка эсептери, анын ичинде валюталык эсептери бар, өзүнүн атынан мүлктүк укуктарга ээ боло алат, сотто доогер жана жоопкер катары чыга алат.
8. Агенттиктин толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Инвестициялар жана өнүктүрүү боюнча агенттиги "KADI" мамлекеттик мекемеси;
- расмий тилде: государственное учреждение "Агентство по инвестициям и развитию Кыргызской Республики "KADI".
9. Агенттиктин кыскартылган фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "ИӨА";
- расмий тилде: "АИР".
10. Агенттиктин юридикалык дареги: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Раззаков көчөсү, 8/1.
2. Агенттиктин максаттары жана милдеттери
11. Агенттиктин максаттары мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына Кыргыз Республикасынын экономикасына инвестицияларды тартууга, экспорттоочуларга товарларды тышкы рынокторго илгерилетүүгө көмөк көрсөтүү, ошондой эле инвесторлордун ишин колдоо болуп саналат.
12. Агенттиктин негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- инвестициялык активдүүлүктү, экспортту өбөлгөлөө боюнча чараларды ишке ашыруу;
- сапаттуу инвестициялык долбоорлорду жана сунуштарды даярдоо максатында ички жана тышкы рынокту талдоо, ошондой эле тийиштүү сунуштары менен потенциалдуу сатуу рынокторун аныктоо;
- инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгуу;
- инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана коштоо, экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү, ошондой эле инвестициялык талаш -тартышты чечүү менен байланышкан маселелер боюнча мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, эл аралык уюмдарга, бизнес-коомчулукка, коомдук бирикмелерге, илимий жана башка уюмдарга көмөк көрсөтүү;
- чет элдик түз инвестициялардын пайдаланылышына системалуу мониторинг жүргүзүү жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине киргизүү үчүн тиешелүү сунуштарды иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын аймагында инвестициялык ишти жүргүзүүдө келип чыгуучу инвестициялык талаш-тартыштарды чечүүгө көмөктөшүү;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине киргизүү үчүн инвестицияларды жана экспортту илгерилетүү жаатында Кыргыз Республикасынын эл аралык жана региондор аралык тышкы экономикалык байланыштарын өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.
3. Агенттиктин функциялары жана укуктары
13. Агенттик жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкү функцияларды аткарат:
- инвестициялык долбоорлорду жана программаларды ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына сунуштарды иштеп чыгат жана киргизет;
- инвесторлорду, импорттоочуларды максаттуу издейт;
- чет элден келген түз инвестицияларга талдоо жүргүзөт;
- тышкы рынокторго талдоо жүргүзөт, максаттуу рыноктордун профилин жана потенциалдуу жана учурда иштеп жаткан экспорттоочулар үчүн рыноктогу мүмкүнчүлүктөр тууралуу материалдарды даярдайт;
- инвестициялык долбоорлорду демилгелөө жөнүндө сунуштарды даярдоо үчүн көз карандысыз консультанттарды тартат;
- келечектүү инвестициялык сунуштарды, тизерлерди жана алдын ала болжолдуу финансылык эсептери менен долбоорлорду даярдайт;
- чет элдик рынокко чет элдик инвестицияларды тартуу жана экспортту илгерилетүү боюнча иш-чараларды жана кампанияларды өткөрөт;
- тиешелүү инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча учурда иштеп жаткан жана потенциалдуу инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү уюштурат жана жүргүзөт;
- конкреттүү ишке карата юридикалык, экономикалык жана башка маселелер боюнча потенциалдуу инвесторлорго консультация берет;
- экспорт маселеси боюнча ата мекендик өндүрүүчүлөргө, потенциалдуу жана иштеп жаткан экспорттоочуларга базалык консультация берет;
- инвесторлорго ишти жүргүзүүгө уруксат берүү тартибине байланышкан керектүү маалыматтарды берет жана тийиштүү жардам көрсөтөт;
- "бирдиктүү терезе" принциби боюнча артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруучу инвесторлор менен өз ара аракеттенет;
- инвесторлордун, инвестициялык долбоорлордун, иштеп жаткан экспорттоочулардын, кызмат көрсөтүүчүлөрдүн жана чет өлкөлүк импорттоочулардын маалымат базасын түзөт;
- капиталдаштыруу, активдердин өтүмдүүлүгү, тажрыйбасы жана бедели (компаниялардын рейтингдери) боюнча инвестициялык долбоорлорго экспертиза жүргүзөт;
- экономикалык жактан максатка ылайыктыгынын, экономиканын өнүгүшүнө кошкон салымынын негизинде чет элдик инвесторлордун инвестициялык сунуштарына экспертиза жүргүзөт, андан кийин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алардын ишке ашуусуна мониторингди жана экономикалык натыйжалуулугун баалоону ишке ашырат;
- инвестициялык циклдин ар бир этабында инвесторлорду коштоо боюнча ишти уюштурат, бюрократиялык көрүнүштөргө жол бербөө, анын ичинде инвестициядан кийинки мезгилде жол бербөө жаатында келип чыккан уюштуруу маселелерин чечүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт;
- эгерде иштеп жаткан инвесторлор, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле алардын кызмат адамдарынын жана өкүлдөрүнүн мыйзамсыз же тоскоол болуучу иш-аракеттерине туш болушса, мамлекеттик органдардагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы расмий өкүлчүлүгү аркылуу алардын проблемаларын чечүүгө көмөк көрсөтөт;
- мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын инвесторлор менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат, алардын чечимдеринин объективдүүлүгүн жана мыйзамдуулугун инвесторлордун укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо позициясында талдайт;
- Европа бирлигинин комиссиясынын 2015-жылдын 24-ноябрындагы № 2015/2447 аткаруучу регламентине ылайык экспорттоочулардын мүмкүнчүлүктөрүнө экспорттук диагностика жүргүзөт жана баалайт;
- Европа бирлигинин комиссиясынын 2015-жылдын 24-ноябрындагы № 2015/2447 аткаруучу регламентине ылайык чет өлкөлүк импорттоочуларга ата мекендик продукциялар жөнүндө маалымат берет;
- ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн товардык белгилерин алдыга жылдыруу боюнча иш-чараларды жүргүзөт;
- катталган экспорттоочулардын системасын (REX) администрациялайт, ошондой эле ушул системанын маалымат базасында ата мекендик экспорттоочуларды каттайт;
- өзүнүн демилгеси менен же импорттоочу тараптын компетенттүү органдарынын суроо-талабы боюнча келип чыгуу жөнүндө декларацияда/арызда көрсөтүлгөн товарларды келип чыгуу шайкештигине верификациялайт, анын ичинде жеринде текшерүүлөрдү жүргүзөт;
- инвестициялар чөйрөсүндө мамлекетик саясатты жүзөгө ашырууга байланышкан консультацияларды, жолугушууларды, конференцияларды, семинарларды, форумдарды, коомдук талкууларды жана башка уюштуруучулук жана маалыматтык иш-чараларды уюштурат жана өткөрөт;
- экспортту илгерилетүү, Кыргыз Республикасынын инвестициялык потенциалын жогорулатуу жана инвестициялык долбоорлорун ишке ашыруу максатында Агенттиктин ишине байланышкан басма сөз жана аудиожазуу продукцияларын, жарнамалык, маалыматтык жана башка материалдарды, анын ичинде Интернет түйүндөрүндө даярдайт, чыгарат, жайылтат жана ишке ашырат;
- Агенттик Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча тиешелүү келишимдерди жана макулдашууларды түзөт;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынан келип чыгуучу башка функцияларды аткарат.
14. Агенттик төмөнкүлөрго укуктуу:
- инвестиция жана экспорт чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга аталган чөйрөлөрдөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- өз компетенциясынын алкагында инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгуу жана инвестициялык иш-чараларды уюштуруу боюнча эл аралык уюмдар жана институттар менен белгиленген тартипте кызматташууга;
иштеп жаткан инвестициялык долбоорлордун, эксиорттун ишке ашуусуна мониторинг жүргүзүү жана жыйынтыгынын экономикалык натыйжалуулугун баалоо үчүн мамлекеттик органдардан, ишканалардан жана мекемелерден маалыматты суроого жана алууга;
- белгиленген тартипте, келишимдик негизде кредиттик уюмдарды, фондцорду жана башка юридикалык жактарды инвестициялык долбоорлор жана инвестициялык ишти өнүктүрүүнүн максаттуу программалары, экспорт боюнча каржылоо, кредиттөө, гарантияларды жана кепилдиктерди берүү үчүн тартууга;
- жумуштарды аткарууга заказдарды жайгаштырууда мамлекеттик заказчы катары чыгууга;
- Агенттиктин компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана информацияны суроого жана алууга;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде белгиленген тартипте бүтүмдөрдү жасоого;
- материалдык ресурстарды жана башка мүлктөрдү сатып алуу боюнча жеке жана юридикалык жактар менен накталай эмес жана накталай эсептешүүлөрдү белгиленген тартипте жүргүзүүгө;
- кызматкерлерди конференцияга, семинарларга жана башка иш-чараларга катышуу үчүн, анын ичинде чет мамлекеттердин аймагына иш сапарга жиберүүгө;
- кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу максатында, анын ичинен Агенттиктин каражаттарынын эсебинен аларды окутууга;
- эл аралык уюмдардан, институттардан жана донор өлкөлөрдөн гранттарды жана техникалык жардамдарды алууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка укуктарды ишке ашырууга.
15. Агенттик өзүнө бекитилген мүлктү, ошондой эле смета боюнча ага бөлүнгөн каражаттардын эсебинен сатып алынган мүлктү ээликтен ажыратууга же башка жол менен тескөөгө укуксуз.
16. Агенттик келишимдик, эсептик жана башка милдеттенмелерди бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
4. Агенттиктин ишин уюштуруу
17. Агенттиктин ишин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу директор жетектейт.
Агенттиктин директору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Торагасына отчет берет.
18. Агенттикте директордун орун басарларынын кызмат орундары каралган, аларды Агенттиктин директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Агенттиктин директорунун сунушу жок эле директордун орун басарларын кызмат орундарынан бошотууга укуктуу.
Директордун орун басарлары түздөн-түз директорго баш иет жана өз ишин ага жүктөлгөн милдеттердин чегинде уюштурат.
19. Агенттиктин директору жок учурда, анын милдеттерин директордун орун басарларынын бири аткарат.
20. Агенттиктин кызматкерлери, анын ичинде директор жана директордун орун басарлары мамлекеттик кызматкерлер болуп саналбайт.
21. Агенттиктин директору:
Агенттиктин жалпы ишин жетектейт;
- өз ыйгарым укуктарынын чегинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюмдары жана ишканалары менен өз компетенциясынын чегинде чет мамлекеттердин тиешелүү мамлекеттик органдары жана эл аралык уюмдары менен сүйлошүүлордү жүргүзөт жана Агенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча келишимдерге кол коёт;
- белгиленген чектүү штаттык сандын чегинде Агенттиктин штаттык ырааттамасын жана түзүмүн бекитет;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде Агенттиктин кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышын контролдоону уюштурат;
- белгиленген тартипте Агенттиктин кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
- Агенттиктин кызматкерлерине тартиптик жаза жана сыйлоо чараларын көрөт;
- Агенттиктин түзүмдүк бөлүмдөрү, кызматкерлердин кызматтык нускамалары жөнүндө жоболорду бекитет;
- Агенттиктин жылдык иш планын бекитет;
- Агенттикке жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартат;
- Агенттиктин мүлкүн жана каражаттарын белгиленген тартипте башкарат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык Агенттиктин ишин жетектөө боюнча башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
5. Финансылык жана чарбалык иш
22. Агенттик өз ишин жүзөгө ашыруу максатында төмөнкүлөрдү пайдаланат:
- ыкчам башкаруу укугунда ага бекитилип берилген, мамлекеттии менчигиндеги мүлктү;
- финансылык каражаттарды, мүлктү жана башка объекттерди, анын ишинин натыйжасы болгон интеллектуалдык жана чыгармачыл эмгектин продуктулары түрүндөгү материалдык эмес баалуулуктарды.
23. Агенттиктин ишин каржылоо, материалдык сыйлоо жана социалдык толөмдөр, материалдык-техникалык базаны күтүү жана өнүктүрүү республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
24. Агенттиктин финансы каражаттарынын булактары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттары;
- гранттык негизде, юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төлөмдорүнүн эсебинен алынган каражаттар;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар.
6. Корутунду жоболор
25. Агенттикти кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
26. Агенттиктин ишинин жүрүшүндө пайда болгон документгер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык колдонулат жана сакталат.