Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-майындагы № 282 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 29-декабры № 355
"Кыргыз Республикасынын Инвестициялар жана өнүктүрүү боюнча агенттиги "KADI" мамлекеттик мекемесинин маселелери тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17 жана 26-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинета токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- "Кыргыз Республикасынын Инвестициялар жана өнүктүрүү боюнча агенттиги "KADI" мамлекеттик мекемеси (мындан ары -Агенттик) жөнүндө жобо 1 -тиркемеге ылайык;
- Агенттиктин кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрү 2-тиркемеге ылайык;
- Агенттиктин техникалык жана кенже тейлөөчү персоналынын кызматтык маяналарынын өлчөмдөрү 3-тиркемеге ылайык;
- Агенттиктин техникалык тейлөөчү кызматкерлеринин иштеген жылдары үчүн үстөк акылардын өлчөмдөрү 4-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- Агенттиктин кызматкерлерине эмгектик өргүүгө чыгууда саламаттыгын чындоого эки айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө жөлөкпул төлөнөөрү;
- Агенттиктин техникалык жана кенже тейлөөчү персоналына календардык жылдын аягында орточо бир айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө он үчүнчү эмгек акы төлөнөөрү.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 7-июнундагы № 24 "Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигинин маселелери жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул токтомду ишке ашыруу бекитилген штаттык санга жана тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте Агенттикке каралган каражаттардын чегинде ишке ашырылат деп белгиленсин.
Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага | А.У. Жапаров |