Загрузка документа…
1-тиркеме
КР Министрлер Кабинетинин
2021-жылдын 24-декабрындагы № 351 токтомуна ылайык
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Ченем жаратуу жана мыйзамдын үстөмдүгү институту жөнүндө
жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-январындагы № 42 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Ченем жаратуу жана мыйзамдын үстөмдүгү институту (мындан ары – Институт) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин (мындан ары – Юстиция министрлиги) ведомстволук бөлүмү болуп саналат.
2. Институт өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарына, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдоруна жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерине, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына, Юстиция министрлигинин чечимдерине жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, ошондой эле ушул Жобого таянат.
3. Институт юридикалык жак болуп саналат, өз алдынча баланска жана ага бекитилип берилген мүлккө, Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык өздүк казыналык эсептерге ээ, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, белгиленген үлгүдөгү штамптары, бланктары бар.
4. Уюштуруу-укуктук формасы – оперативдүү башкаруу укугунда түзүлгөн мекеме.
5. Институт өз атынан келишимдерди түзөт, бүтүмдөрдү жасайт, мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарга ээ болот, милдеттерди алат, сотто доогер жана жоопкер катары чыгат.
6. Институт өзүнүн компетенциясына берилген функцияларды аткарууда өз алдынча болот.
Институттун ишин Юстиция министрлиги контролдойт.
7. Институттун фирмалык толук аталышы:
– мамлекеттик тилде: «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Ченем жаратуу жана мыйзамдын үстөмдүгү институту»;
– расмий тилде: «Институт нормотворчества и верховенства права при Министерстве юстиции Кыргызской Республики»;
– англис тилинде: «Institute for Rule-making and the Rule of Law under the Ministry of Justice of the Kyrgyz Republic».
Институттун кыскартылган фирмалык аталышы:
– мамлекеттик тилде: «Институт»;
– расмий тилде: «Институт»;
– англис тилинде: «Institute».
8. Институттун юридикалык дареги: 72010, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Жаш гвардия бульвары, 32.
2-глава. Институттун максаты жана милдеттери
9. Институт Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченем жаратуучу ишинин сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатуу, ченем жаратуу ишине илимий ыкмаларды киргизүү максатында түзүлгөн.
10. Институттун милдеттери төмөнкүдөй:
1) талдоо жүргүзүү жана Министрлер Кабинетинин ченем жаратуу ишин өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдоо;
2) талдоо жүргүзүү жана мыйзамдык жөнгө салууну, ченемдик укуктук актыларды ишке ашыруу механизмин жана укуктук мониторингди оптималдаштыруу боюнча сунуштарды даярдоо;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын колдонуу практикасына талдоо жүргүзүү;
4) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин программалык жана стратегиялык документтеринен келип чыгуучу ченемдик укуктук актылардын концепциялык долбоорлорун даярдоо;
5) мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу, ошондой эле ченемдик укуктук актылардын концепциялык жана стратегиялык долбоорлоруна сунуштарды даярдоо;
6) ченем жаратуучу иштин жана аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары тарабынан ишке ашырылуучу мыйзам долбоорлоо иштеринин сапатын жогорулатуу.
3-глава. Институттун функциялары
11. Институт тапшырылган милдеттерине ылайык төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин программалык, стратегиялык жана концепциялык актыларынан жана чечимдеринен келип чыгуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгат;
2) ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышат жана аларды жылдырууга жардам көрсөтөт;
3) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин программалык, стратегиялык жана концепциялык документтеринен келип чыгуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна экспертизанын көз карандысыз адистештирилген түрлөрүн жүргүзөт;
4) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамына ылайык, ошондой эле жеке жана юридикалык жактар, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен түзүлгөн келишимдердин негизинде ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана долбоорлорго экспертизанын көз карандысыз адистештирилген түрлөрүн жүргүзүү, ченем жаратуу ишинин маселелери боюнча консультациялык кызматтарды көрсөтөт;
5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мыйзам долбоорлоо ишин пландоого катышат;
6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченем жаратуучу ишинин учурдагы абалы жана өнүгүүсү боюнча аналитикалык жана маалыматтык баяндамаларды түзөт;
7) укуктук мониторинг жүргүзөт, анын жыйынтыгында мыйзамдарды өркүндөтүү жана кабыл алынуучу ченемдик укуктук актылардын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча концепцияларды даярдоого катышат;
8) белгиленген тартипте басма ишин жүргүзөт, басма продукцияны таркатат, мыйзамдык маалымат маселеси боюнча илимий китепкананы түзөт;
9) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан башка уюмдардын кызматкерлери үчүн алардын суроо-талабы боюнча окутуучу иш-чараларды уюштурат;
10) Институттун компетенциясына кирген маселелер боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдар, башка юридикалык жана жеке жактар, эл аралык уюмдар менен өз ара байланышта иштешет;
11) Кыргыз Республикасынын илимий мекемелери жана жогорку окуу жайлары менен байланыштарды өнүктүрөт, алар менен кызматташуу жөнүндө белгиленген тартипте макулдашууларды (меморандумдарды) түзөт, зарыл болсо ата мекендик жана чет өлкөлүк окумуштууларды, улуттук жана эл аралык эксперттерди ишке тартат;
12) илимий жана илимий-практикалык конференцияларды, симпозиумдарды, семинарларды, тегерек столдорду жана башка иш-чараларды уюштурат, өткөрөт жана аларга катышат;
13) өзүнүн ишинин алкагында жарандык-укуктук келишимдерди жана макулдашууларды, мөөнөтсүз жана мөөнөттүү эмгек келишимдерин (контракттарды) түзөт, өзгөртөт жана токтотот;
14) Юстиция министрлиги тарабынан аныкталуучу башка функцияларды аткарат.
12. Институт өзүнүн түзүлгөн максаттарына жетүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган иштин башка түрлөрүн жүргүзүүгө укуктуу.
4-глава. Институттун укуктары жана милдеттери
13. Маселелерди чечүү үчүн Институт төмөнкүдөй укуктарга ээ:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мөөнөтсүз жана мөөнөттүү эмгек келишимдеринин шарттарында штаттык кызматкерлерди ишке тартууга;
2) айрым жумуштарды аткаруу үчүн жарандык-укуктук келишимдердин негизинде Институттун каражаттарынын эсебинен эксперттерди, адистерди ишке тартууга;
3) өзүнүн максаттарына, милдеттерине жараша, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акы төлөнүүчү консультация берүүгө, изилдөөчү, маалыматтык-укуктук жана башка акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүгө;
4) изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды биргелешип жүргүзүү жана координациялоо, иштерди жүргүзүү жана кызматтарды көрсөтүү, органдарда жана уюмдарда, ошондой эле эл аралык уюмдарда жалпы кызыкчылыктарды билдирүү максатында башка уюмдар, анын ичинде чет өлкөлүк уюмдар менен өз ара байланышта иштешүүгө;
5) Институттун компетенциясына кирген милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана материалдарды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ошондой эле жеке жана юридикалык жактардан белгиленген тартипте суроого жана алууга;
6) өзүнүн компетенциясынын чегинде эл аралык кызматташууга;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Институттун кызматкерлерин социалдык колдоо чараларын көрүүгө;
8) өзүнүн ишин мамлекеттик бюджеттин каражатынын эсебинен каржылоонун зарыл көлөмдөрү боюнча сунуштарды белгиленген тартипте иштеп чыгууга жана киргизүүгө;
9) кайрымдуулук жардам Институттун ишинин максаттарына шайкеш келген шартта жеке жана юридикалык жактардан акчалай жана башка жардамдарды кабыл алууга, ошондой эле гранттарды алууга.
14. Институт төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) оперативдүү башкаруу укугунда өткөрүп берилген мүлктүн сакталышын камсыздоо боюнча зарыл чараларды көрүүгө;
2) бардык кызматкерлер үчүн эмгектин коопсуз шарттарын камсыз кылууга жана алардын ден соолугуна жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян үчүн белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
3) өзүнө тапшырылган милдеттерге ылайык жана өзүнүн компетенциясынын чегинде мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды түзгөн маалыматтардын сакталышын мыйзамда белгиленген тартипте камсыз кылууга;
4) белгиленген тартипте бюджеттин эсебин жүргүзүүгө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бюджеттик отчетту берүүгө.
5-глава. Институттун ишин уюштуруу жана башкаруу
15. .Институттун директору жана эксперттери Кыргыз Республикасынын юстиция министри тарабынан кызматка дайындалышат жана мамлекеттик кызматчы болуп эсептелишпейт.
16. Директордун жана эксперттердин иштери эмгек мыйзамдары менен жөнгө салынат.
17. .Институттун штаттык санын Кыргыз Республикасынын юстиция министри бекитет.
18.. Институттун директорунун жана эксперттеринин эмгек акысы алар менен Институттун ортосундагы эмгектик макулдашуунун негизинде, республикалык бюджетте эмгек акы төлөө үчүн тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде төлөнөт.
Институттун штаттан тышкаркы кызматкерлеринин, ошондой эле ишке тартылуучу эксперттердин (адистердин) эмгек акысы гранттардын жана башка булактардын эсебинен, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте төлөнөт.
19..Институттун директору:
1) Институттун ишин пландаштырат жана анын аткарылышын камсыз кылат, Институтка тапшырылган милдеттердин аткарылышы үчүн жоопкерчиликте болот;
2) өзүнүн компетенциясынын чегинде Институттун бардык кызматкерлери аткарышы үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет;
3) кызматкерлер үчүн зарыл шарттарды түзөт, Институтту материалдык-техникалык жактан камсыздайт, жабдууларды коопсуз техникалык эксплуатациялоо эрежелеринин сакталышын контролдойт;
4) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, башка уюмдар жана адамдар менен Институттун ишинин маселелери боюнча өз ара байланышта иштешет;
5) мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, башка түзүмдөрдө, ошондой эле жарандык коомдун алдында Институттун кызыкчылыгын коргойт;
6) Институттун иши жөнүндө отчётторду даярдайт жана берет;
61) коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү боюнча милдеттердин аткарылышын контролдоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт;
7) Институттун ишин жетектөө боюнча башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-январындагы № 42 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Институттун директору жокто анын милдеттерин Кыргыз Республикасынын юстиция министри аныктоочу эксперттердин бири аткарат.
6-глава. Институттун мүлкү жана финансылык камсыздалышы
21. Институтка бекитип берилген мүлк мамлекеттик менчик болуп эсептелет.
22. Мүлк Институтка оперативдүү башкаруу укугунда бекитип берилет жана анын арналышына ылайык пайдаланылат.
23. Институтту жана анын ишин каржылоого чыгымдар төмөнкүлөрдүн эсебинен каржыланат:
1) республикалык бюджеттин каражаттарынан;
2) юридикалык, жеке жактардан жана эл аралык уюмдардан эки же көп тараптуу келишимдердин жана макулдашуулардын негизинде түшкөн каражаттардан;
3) гранттар жана жардамдар түрүндө түшкөн каражаттардан;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген каржылоонун башка булактарынан.
24. Институт чарбалык иш жүргүзүүгө укуктуу. Мындай иштен алынган кирешелер жана бул кирешелердин эсебинен алынган мүлк Институттун өз алдынча тескөөсүнө өтөт жана өзүнчө баланста эсепке алынат.
7-глава. Институтту өзгөртүп түзүүнүн жана жоюунун тартиби
25. Институтту өзгөртүп түзүү жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган тартипте ишке ашырылат.
26. Институттун иши токтотулганда анын ишинин жүрүшүндө пайда болгон документтер “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.